СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Калктын курамы 10-класс

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Калктын курамы 10-класс»

Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык орто мектеби

Предмет: География

10-класс

Текшерген ОББ: Ниматилла кызы Багдаг\л

К\н\: 03.02.20

Мугалим:Жусупова Айжамал


Сабактын темасы: Калктын курамы.

Сабактын максаты: Д\йнъ ж\з\ндъг\ калктын курамын окуп билишет.

Сабактын милдеттери:

Таанып бил\\ч\л\к(когнитивдик)

Калктын саны жана ъс\ш\ боюнча окуп \йрън\шът.

Ишмерд\\л\к(ън\кт\р\\ч\)

Карта менен иштъъ жъндъмд\\л\ктър\ артат,ъз оюн далилд\\ айта бил\\гъ машыгышат жана алган билимдерин практикада колдоно алышат.

Баалуулук(тарбиялык)

Окуучулар бирин-бири укканга,топто,жупта иштъъгъ,эркин с\йлъъгъ тарбияланышат.

Негизги компетентт\\л\к:

Маалыматтык

Социалдык-коммуникативдик

Ъз алдынча уюштуруу жана къйгъйлърд\ чеч\\

Демография боюнча окуу китебинен жаёы маалымат алышат.

Интернет булактарынан ъз алдынча жаны маалыматтарды табууга кън\г\шът.

Окуучулар жергиликт\\ суу къйгъйлър\н жазып ъз алдынча ой толгоп,булгануудан сактап калуу проблемаларын чечишет.




Предметтик компетентт\\л\к:

Географиялык

Геоэкологиялык

Социалдык инсандык

Диаграмма жана класстердин \ст\ндъ иштешет.

Калкты изилдъън\н зарылдыгы жън\ндъ ой ж\г\рт\шът.

Аймактык жана д\йнъдъг\ калкты бири-бири менен байланыштырат.

Сабактын кърсътк\чтър\:

1-кърсътк\ч

2-кърсътк\ч

3-кърсътк\ч

Демография жън\ндъ маалымат ала алышса

Бири-бири менен топто,жупта иштей алышса

Ъз алдынча калкы къп жана аз ълкълърд\ табышса

К\т\л\\ч\ натыйжасы:

1-натыйжа

2-натыйжа

3-натыйжа

Ълкъдъг\жана д\йнъдъг\ калкты биле алышат

Азайуу жана къбъй\\ факторлорду талкуулашат

Д\йнъл\к жана жергиликт\\ калктын къбъй\\с\н салышытырат







Сабактын тиби: Аралаш сабак

Усулдар : Мээге чабуул жана диспут

Ресурстар: Окуу китеби,с\ръттър,компьютер,интер.доска

Сабактын с\ръттъл\ш\:

Этап

Убакыт

Мугалимдин иш аракети

Окуучунун иш аракети

Уюштуруу

3 мин

Саламдашат. Жагымдуу маанай т\зът(логикалык суроо) Сабактын жабдылышын карайт.

Саламдашат.жагымдуу маанайда сабакка киришет.Окуу куралдарын толуктап сабакка къё\л бълът.

Уй тапшырмасын текшеруу



12 мин

/йгъ берилген тапшырманы тешер\\,окуучулардын дептерлерин текшер\\,суроолорду бер\\.

/й тапшырмасын кайталашат.Суроолорго жооп беришет.Тапшырманы аткаруу боюнча жоопкерчиликке ээ болушат.

Жаны теманы тушундуруу



20 мин

Д\йнъдъг\ калктын саны жана ъс\ш\ ,жашоо турмушу,курамы тууралуу айтып берет.

Окуучулар ой ж\г\рт\п жооп беришет.Т\рд\\ жоопторду айтышат.Кайсы жооп туура экендигине ъздър\ ынанышат.

Бышыктоо



4 мин

Суроолор берилет.Проблемалар коюлат. Адамдык факторлорго жалпы м\нъздъмъ берет.

Жооп беришет.Талкуулашат,предмет аралык байланышытырышат.Суроолорду т\з\шът.

Баалоо



4 мин

Китептен тапшырма берет.Окуучуларды баалайт.

/йгъ берилген тапшырманы эсине сактап к\ндъл\гънъ жазып алат.

Жаёы тема: Калк – белгилүү бир өлкөдө, же дүйнөнүн, же жердин бөлүгүндө жашаган адамдардын бүтүндөй жыйындысы (адамзат).

Калк атайын демография (гр. demos – калк жана графия - эл) илиминин предмети. Бул термин 1855-жылы француз окумуштуусу А. Гийар тарабынан киргизилген. Бул илим калктын өнүгүшүнүн структурасынын, жайгашуусунун жана динамикасынын мыйзам-ченемин үйрөтүүчү илим, калк теориясын, саясатын иштеп чыгып, анын санын болжолдуу чамалайт. Ошону менен катар демография төрөлүүнүн, никелешүүнү, ажырашууну, өлүм-житимди, билимдүүлүктү социалдык-таптык түзүмү структураны, расалык, тилдик, улуттук составды, калктын миграциясын, урбанизациясын карайт.

Калктын буржуазиялык теориясы калктын өнүгүшүнүн бардык процесстери биологиялык жана географиялык факторлор менен детерминацияланышын таанууга негизделген. Мындай окуулардын көпкө таанымал малтузианчылык теория адамдардын жакырчылыгын анын дүркүрөп өсүшү менен туюндурат. Калктын марксисттик теориясы демографиялык процесстерге социалдык экономикалык факторлордун чечүүчү таасири бар экенин танбайт.

Калктын жыштыгы (Орусия‎, 2012).

Калк негизги мыйзамынын маңызы калктын толук жана рационалдык түрдө коомдук эмгек менен алектенишин жана анын санын оптималдуу түрдө өстүрүү болгон. Калк мыйзамынын толук жүзөгө ашырылышын камсыз кылуу үчүн тиешелүү демографиялык саясат жүргүзүүнү, жаратылышты рационалдык пайдалануу менен айкаштыруу зарыл. Мындай көз караштан калктын эмгекке жарамдуу бөлүгү коомдун негизги өндүрүш күчтөрү болушат, калктын жаш курагы да белгилүү мааниге ээ. Бул калктын контингентинде калктын жумушка жараганга чейинки, жумушка жарамдуу, жумушка жарамдуулуктан өткөн курактарын аныктоого мүмкүндүк берет. Экономикалык өнүккөн өлкөлөрдө калктын ичинде жашы 60-тан ашкандардын көбөйгөнү басымдуулук кылып, калктын картаюу процессин туюндурат.

Демографиялык саясат төрөлүү деңгээлин оптималдаштырууга, никелешүүлөрдүн деңгээлин жогорулатып, ажырашууларды азайтуу, өлүм-житимди кыскартуу, миграция процессин рационалдаштыруу, урбанизацияны жөнгө салууга багытталат. Жер калкынын өсүш темпи 20-кылымдын 70-жылдары 2%-ке жетип, андан ары өсүп келет. Азыркы учурдагы адамзаттын мындай сандык өсүшү жер шарынын ойлондуруп, «өсүүнүн пределин» аныктоону талап кылып калды. Андыктан үй-бүлөнү пландоо саясаты жүргүзүлөт.

Жер калкынын динамикасы: Алгачкы палеолит доорунда жер калкы 100–200 миң, соңку палеолитте 1 млн., а неолит доорунун башында – 10 млн-ду, анын акырында 50 млнду түзгөн. Жер иштетүүгө байланыштуу өсүү темптин ыкчамдоосу башталган. Биздин доордун башында жалпы Жер калкы – 230 млн, а 19-кылымдын башында – 1 млрд, адам, 1930-ж. – 2 млрд, 1961-ж. – 3 млрд, 1976-ж. – 4 млрд., 1980-ж.

Жер калкынын саны 4,4 млрд. адамды түзгөн. 20-кылымда 70-жылдан баштап жер калкынын жылдык өсүшү көбөйүп, «демографиялык жарылуу» жөнүндө ойлондура баштады. Үй-бүлөдө балдардын санын жөнгө салуу, башкача айтканда аң-сезимдүүлүк менен ата-эне болууга алып келген социалдык-экономикалык факторлордун (индустриалаштыруу, урбанизацияштыруу, аялдардын коомдук иштерге тартылуусунун артышы менен, маданияттын жалпы өнүгүшү) таасири астында калктын өсүш темпинин төмөндөөсү башталат. Үчүнчү миң жылдыктын башынан тартып үй-бүлөнү пландоо бүткүл Жер калкына жайылтылат. Эгер ар бир никелешкен түгөйгө 2,2–2,5 бала туура келгендей деңгээлде пландаштыруу ишке ашса, 21-кылымдын аягында калктын саны 11–12 млрд., адамга жетет деген божомолдун негизи бар.

Демография (гр. demos – калк жана grapho – жазамын) – калктын коомдук-тарыхый шартка жараша өнүгүү мыйзам ченеми жөнүндөгү илим; коомдук илимдерге кирет. Ал негизинен калктын өсүшүн, муун алмашуусунун негизинде элдин жаңыланып турушун изилдейт. Элдин саны өлүм-житим, жаңы төрөлгөндөр жана башкалардын натыйжасында өзгөрүп турат: айрым аймактын калкына эл кошулат (иммиграция), башка жакка көчүп кетет (эмиграция). Андан тышкары: адам үйлөнөт, ажырашат, балалуу болот, улгаят, билими жогорулайт, адистиги, социалдык абалы алмашат. Демография калктын жана анын айрым топторунун жаңыланышынын динамикасын демографиялык процесстерди (калктын табигый кыймыл процесстери) талдоо аркылуу айкындайт. Ошондой эле демография калктын курактык-жыныстык, нике жана үй-бүлөлүк түзүлүштөгү өзгөрүүлөрүн, калк санынын жалпы мыйзам ченемдүү өзгөрүүлөрүн да изилдейт. Демография илиминин негиздөөчүсү англиялык илимпоз Жон Граунт (1620-74) болгон. Россияда биринчи демографиялык эмгек Д. Бернуллиге таандык. Демографиялык изилдөөлөр анда жүрүп турган процесстердин тенденциялары менен факторлорун белгилүү аймакта жана түрдүү мезгилде изилдөөгө багытталган. Демография төрөлгөндөр менен өлгөндөрдүн санынын өзгөчөлүктөрүн изилдеп, прогноз түзөт. Калктын саны менен түзүлүшү жөнүндө болжолдуу жана чыныгы материалдар демографиялык саясаттын өзөгүн түзөт. Демографияда калк жөнүндө маалыматты топтоп, аны тандап жана өзгөчө бөлүмдү (демографиялык статистика) түзгөн статистикалык ыкмалар негизги орунга ээ. Демографиялык процесстердин байланышы жөнүндө сандык мүнөздөмөлөр матем. түрдүү ыкмалар менен жүзөгө ашат. Ошондой эле графиктик ыкмалар кеңири колдонулат.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!