СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Калыптандыруучу баалоо тесттер

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Калыптандыруучу баалоо тесттер»

Тексттин негизинде окутулган материалдар боюнча компетенттүүлүктөрдү текшерүү үчүн тесттер. (Калыптандыруучу баалоо үчүн)


«Күз» тексти боюнча:


I вариант.

1. Күз айлары кайсылар?

а) май, июнь, июль.

б) октябрь, ноябрь, декабрь.

в) сентябрь, октябрь, ноябрь.

2. «Күз» деген ырдын автору ким?

а) Абзий Кыдыров

б) Токуш Айтикеев

в) Токтосун Самудинов

3. «Коон» деген сөздө канча үндүү тыбыш бар?

а) бир б) эки в) үч

4. Кайсы ташымалдоо туура?

а) сам-оор б) са–моор в) са-мо-ор

5. «Төрт мезгил» деген сөздөгү үндүүлөр кандай?

а) созулма үнүүлөр

б) жоон үндүүлөр

в) ичке үндүүлөр.


II вариант.

1. Күз айларына кандай боёк жагат?

а) кызыл б) сары в) жашыл

2. Кыштоолордо кышында эмнелер багылат?

а) малдар

б) канаттуу куштар

в) жапайы жаныбарлар

3. «Даярдап» деген сөздө канча тыбыш жана тамгалар бар?

а) 7 тыбыш, 7 тамга

б) 7 тыбыш, 8 тамга

в) 8 тыбыш, 7 тамга

4. Кайсы сүйлөм туура?

а) Кубанышат малчылар айдап мал семиз-семиз.

б) Мал айдап семиз-семиз малчылар кубанышат.

в) Малчылар семиз-семиз мал айдап кубанышат.

5. Кайсынысы сүйлөм?

а) Күз, келди, да.

б) Күз да келди.

в) Күз.











«Төрт каалоо» тексти боюнча:

I вариант.

1. Кайсы тамганын баш тамгасы жок?

а) в

б) ң

в) р

2. Кайсы тамга үндүүлөргө карай эки тыбыш болуп өзгөрөт?

а) в

б) д

в) г

3. «Төрт каалоо» текстинде кайсы мезгилдер жөнүндө сөз болот?

а) Жаз, жай, күз

б) Жай, күз, кыш

в) Жаз, жай, күз, кыш

4. «Төрт каалоо» деген чыгарманы ким жазган?

1. К.Ушинский

2. А.С. Пушкин

3. А. Кыдыров

5. Тыбыш боло албаган тамгалар канчоо?

а) бирөө

б) экөө

в) үчөө


II вариант

1. Митя гүлдү кайсы мезгилде терип келди?

а) жазында

б) жайында

в) күзүндө

2. «Төрт каалоо» деген тема кайсыга карата коюлган?

а) Митяга

б) атасына

в) мезгилдерге

3. «Каалоосу» деген сөздө канча тыбыш бар?

а) алты б) жети в) сегиз

4. Кыска үндүүлөр канчоо, созулма үндүүлөр канча?

а) 6 кыска, 6 созулма

б) 8 кыска, 6 созулма

в) 8 кыска, 8 созулма

5. Кайсы сөз муунга ажырабайт?

а) уя

б) конок

в) таан











«Үч көпөлөк» тексти боюнча:

I вариант

1. Үч көпөлөк кандай?

а) таш боор

б) боорукер

в) көрө албас

2. Лилия, жоогазын, роза гүлдөрү кандай?

а) аккөңүл

б) кичи пейил

в) ичи тар

3. Кайсы сөз туура эмес жазылган?

а) наңга

б) сүткө

в) бүгүнкү

4. Туюк муун кандайча белгиленет?

а)

б)

в) V

5. Сөздөр муундарга эмнеге карата бөлүнөт?

а) үндүүлөргө

б) үнсүздөргө

в) тамгаларга



II вариант

1. Жоогазын гүлүнүн өңү кандай эле?

а) кызыл

б) ак

в) сары

2. Көпөлөктөрдү ким мактады?

а) Лилия, жоогазын

б) күн

в) роза

3. Туюк муундуу сөз кайсы?

а) ат

б) ата

в) чач

4. Кайсы сөз ташымалданбайт?

а) эгин

б) бото

в) куурай

5.Кайсы сөз туура эмес жазылган?

а) сумма

б) балон

в) Жанна








«Эне тили» тексти боюнча:

I вариант

1. Элди эл кылган, улутту улут катары тааныткан эмне?

а) өң-түс

б) кийим

в) тил

2. Эмне үчүн кээ бирөөлөр эне тилин билишпейт?

а) чет элде жүрүп

б) башка тилди окуп

в) сүйбөсө

3. Уңгулаш зат атоочтор кандай болот?

а) зат атооч сөздөрдүн уңгулары окшош

б) зат атооч сөздөрдүн мүчөлөрү окшош

в) зат атооч сөздөр болот

4. «Эл» деген сөздүн уңгулашы кайсы сөз?

а) калк

б) элдер

в) жер

5. Уңгулаш сөздөр кайсылар?

а) балдар, кыздар

б) балдар, кишилер

в) бала, балдар



II вариант

1. Эне тилин кайдан үйрөндүң эле?

а) элден

б) энеден

в) мугалимден

2. Улут энесинен таанылат?

а) кийиминен

б) өңүнөн

в) тилинен

3. «Тил» деген сөздүн уңгулашы кайсы?

а) тирөөч

б) тилмеч

в) тырмооч

4. Уңгулаш сөздөр кайсылар?

а) оттук, оймок

б) от, оттук

в) от, оймо

5. Уңгулаш сан атооч сөздөр кайсы?

а) сабак, сабактан

б) беш, бешинчи

в) сары, сарыраак








«Сөздөр жана алардын мааниси» темасы боюнча:

I вариант

1. Текстте канча адам катышты?

а) 1

б) 2

в) 3

2. Ким акылсыздык кылды?

а) киши

б) биринчи кошуна

в) экинчи кошуна

3. Зат атооч эмнени билдирет?

а) заттын кыймыл-аракетин

б) заттын атын

в) заттын санын

4. Кайсы сөз заттын атын билдирет?

а) карады

б) карга

в) кара

5. Жансыз зат кайсы сөз?

а) курт

б) курут

в) куш

II вариант

1. Киши кимге ыраазы болду?

а) өзүнө

б) биринчи кошунага

в) экинчи кошунага

2. Окуя кайсы жерде башталган?

а) талаада

б) үйдө

в) жолдо

3. Зат атооч кандай суроого жооп берет?

а) канча?

б) каерде?

в) ким?

4. Жандуу зат кайсы сөз?

а) жору

б) жоолук

в) жомок

5. Кайсы сөз заттын атын билдирет?

а) топу

б) тору

в) толук










«Манастын Аккуланы сатып алышы» темасы боюнча:


I вариант.

1. Манас Аккуланы кантип сатып алды?

а) атасынын малына

б) буудайга

в) акчага

2. Манаска ким жолукту?

а) Жакып атасы

б) думана

в) бала

3. Зат атоочтун канча жөндөмөсү бар?

а) 5

б) 6

в) 7

4. Заттардын жеке атын билдирген сөз кайсы?

а) Аккула

б) байтал

в) өгүз

5. Атооч жөндөмөсүндөгү сөз кайсы?

а) Карача

б) Манаска

в) Аккуланы


II вариант

1. Манастын атасы ким?

а) Баба дыйкан

б) Жакып

в) чал

2. Атооч жөндөмөсүнүн суроосу кайсы?

а) кимдин?

б) ким?

в) кимге?

3. Заттардын жалпы аты кайсы сөз?

а) Манас

б) эгин

в) Талас

4. Манастын минген аты кайсы?

а) Чалкуйрук

б) Телтору

в) Аккула

5. «Жакып» деген ат кайсы жөндөмөдө турат?

а) атооч

б) илик

в) барыш








«Аяз атадан кат» тексти боюнча:


I вариант.

1. «Аяз атадан кат» деген чыгарманы ким жазган?

а) А.Токомбаев

б) Ч.Айтматов

в) К.Баялинов

2. Эрмек менен Даул кимдин балдары?

а) Абуталип

б) Эдигей

в) Боронду

3. –нын кайсы жөндөмөнүн мүчөсү?

а) атооч

б) илик

в) барыш

4. Кайсы сөздө илик жөндөмөсүнүн мүчөсү көмүскөдө турат?

а) баланын тили

б) Оштун жолу

в) ата салты

5. Кыргыз тилинде канча жөндөмө бар?

а) 4

б) 5

в) 6

II вариант

1. «Итиңди урбай жүр», - деп Аяз ата кимге айтыптыр?

а) Эрмекке

б) Даулга

в) атасына

2. Катты ким жазды деп ойлойсуң?

а) Аяз ата

б) Абдуталип

в) Эдигей

3. –га кайсы жөндөмөнүн мүчөсү?

а) атооч

б) илик

в) барыш

4. Жатыш жөндөмөдөгү сөздү таап бергиле.

а) шаарга

б) шаарда

в) шаардан

5. Кайсы жөндөмөнүн мүчөсү жок болот?

а) атооч

б) илик

в) барыш








«Бөжөңдөгөн бөжөгүм» тексти боюнча:

I вариант

1. «Бөжөңдөгөн бөжөгүм» темасындагы окуя кайсы мезгилде болгон?

а) кышында

б) жазында

в) күзүндө

2. Ыңаалагандай үн эмненин үнү эле?

а) жыландын

б) баланын

в) бөжөктүн

3. Сын атооч сөз кайсы?

а) акча

б) салкын

в) баштык

4. Сын атооч кайсы суроого жооп берет?

а) ким?

б) эмне?

в) кандай?

5. Өң-түстү кайсы сөз билдирет?

а) жылуу

б) бозомук

в) ачуу


II вариант

1. Жылан коёндун бөжөгүн эмне кылды?

а) өлтүрдү

б) муунтту

в) жутту

2. Бөжөк эмнеге жыла алган жок?

а) коркту

б) чарчады

в) жөн эле

3. Сын атооч сөз кайсы?

а) бөжөк

б) жоон

в) жылан

4. Кандай? деген суроо эмнеге берилет?

а) зат атоочко

б) этишке

в) сын атоочко

5. Заттын жытын кайсы сөз билдирет?

а) таттуу

б) жыттуу

в) жакшы









«Тиштердин чатагы» тексти боюнча:

I вариант

1. Айдар кандай бала эле?

а) тыкан

б) жүдөө

в) таза жүргөн

2. Кимдер чатак салышты?

а) Айдар

б) энеси

в) тиштер

3. «Сөзсүз жууп турам!» - деген сөздү ким айтты?

а) тиштер

б) Айдар

в) энеси

4. Этиш сөз түркүмү эмнени билдирет?

а) заттын атын

б) кыймыл-аракетти

в) санды

5. Кыймыл-аракетти билдирген сөздөр эмненин маанисин толуктайт?

а) сөздүн

б) сүйлөмдүн

в) муундун

6. Учур чак этиштин суроосун тапкыла.

а) эмне болду? б) эмне болуп жатат? в) эмне болот?

II вариант

1. Тиштер кимге таарынышты?

а) энеге

б) Айдарга

в) өздөрүнө

2. Айдар кимдердин сөзүнөн кийин ыйлабай калды?

а) энесинин

б) өзүнүн

в) тиштердин

3. Айдар тиштерин канча маал жууп калды?

а) бир

б) эки

в) үч

4. Этиш сөздөр көбүнчө сүйлөмдөрдүн кайсы жагында кездешет?

а) башында

б) ортосунда

в) аягында

5. Кайсы сүйлөм толук түшүнүктүү болгон?

а) Мен эжекеме

б) Эжекем мага карады

в) Ал акырын

6. Этиштин өткөн чагындагы сөз кайсы?

а) келе жатат б) келет в) келди






«Тиш сүргүч» темасы боюнча:


I вариант

1. «Тиш сүргүч» деген ырдын автору ким?

а) А.Кыдыров

б) Т.Самудинов

в) Э.Ибраев

2. Тишти эмне менен тазалабайт?

а) кол менен

б) тиш сүргүч

в) тиш щётка

3. Тишти тазалабай койсо эмне болот?

а) жыттанат

б) жалтырайт

в) түшпөйт

4. Көптүк түрдө айтылган этиш сөз кайсы?

а) жасабайм

б) билебиз

в) билет

5. Буйрук этиш сөз кайсы?

а) жасабайм

б) жасады

в) жаса

II вариант

1. Тиш сүргүчтү дагы эмне деп аташат?

а) тиш тазалагыч

б) тиш жуугуч

в) тиш оңдогуч

2. Тишти канча жолу жууп туруш керек?

а) бир

б) эки

в) үч

3. Тиш таза болсо, эмне болот?

а) ооруйт

б) кирдейт

в) оорубайт

4. Жекелик түрдө айтылган этиш сөз кайсы?

а) жасайм

б) жасайбыз

в) тазалайбыз

5. Буйрук этиш болбогон сөз кайсы?

а) жуу

б) жууба

в) жуунат










«Акыра менен кодолек» темасы боюнча:

I вариант

1. Акыра менен кодолек каякка келишти?

а) көлгө

б) чөлгө

в) талаага

2. Акыра, коделек эмнеге туш болушту?

а) чөпкө

б) даракка

в) сууга

3. Коделек акырадан эмне сурады?

а) чөп

б) жалбырак

в) моюнун

4. Сүйлөмдөрдүн канча түрү бар?

а) 1

б) 2

в) 3

5. Кайсынысы сүйлөм болот?

а) Азамат!

б) Азамат келди

в) Азамат, аюу, күн

II вариант

1. Коделек эмне үчүн акырадан кечирим сурады?

а) коркуп

б) уялып

в) орунсуз суроо үчүн

2. Акыра менен коделек эмне болушту?

а) дос

б) тууган

в) душман

3. Мен моюнумду бере албайм! деген ким эле?

а) коделек

б) акыра

в) дарак

4. Жай сүйлөм кандайча айтылат?

а) күчтүү сезим менен

б) жайынча

в) суроо маанисинде

5. Сүйлөмдүн ээси көбүнчө сүйлөмдүн каеринде болот?

а) ортосунда

б) аягында

в) башында










«Кичинекей Асан жана энеси» темасы боюнча:

I вариант

1. Асан бөлмөсүнө эмнеге жүгүрүп кирди?

а) ойноп

б) акы сурасам болот деп

в) жөн эле

2. Асандын жакшы бала болуп бергени канча куруш болду?

а) 40 куруш

б) 50 куруш

в) 60 куруш

3. Асанга 250 курушту ким берди?

а) энеси

б) атасы

в) досу

4. Суроолуу сүйлөм кайсы?

а) Китеп окуйт

б) Китеп окудуңбу?

в) Бул сонун китеп!

5. Жайылма сүйлөм кайсы?

а) Тоок жем жеди.

б) Тоок, жеди, жем.

в) Тоок жеди.

II вариант

1. Асан 250 курушту эмне үчүн алды?

а) акым деп

б) билбей

в) көрсөтпөй

2. Эне эмне үчүн акы албайт?

а) билбейт

б) мээримдүү

в) коркуп

3.Асан кандай бала?

а) акылдуу

б) акылсыз

в) алдамчы

4. Жалаң сүйлөм кайсы?

а) Жашыл

б) Жай келди

в) Жарык

5. Баш мүчөлөрдөн турган сүйлөмдү тапкыла.

а) Марат.

б) Марат ырдады.

в) Марат комуз чертти.









Бөлүмдөр боюнча өтүлгөн материалдар боюнча компетентүүлүктөрдү

текшерүү үчүн тесттер.

(Жыйынтыктоочу баалоо үчүн)

«Менин айлана-чөйрөм бөлүмү боюнча:

I вариант

1. «Төрт» деген сөздө канча үнсүз тыбыш бар?

а) бир б) эки в) үч

2. Сүйлөм эмнелерден түзүлөт?

а) тыбыштардан б) тамгалардан в) сөздөрдөн

3. Кайсы сөз жабык муун болот?

а) эч б) араа в) кут

4. Кайсы сөздө жалаң жоон үндүүлөр катышат?

а) өрнөк б) сүйүнчү в) казык

5. Кайсы сөздө окшош катар үнсүз жок?

а) металл б) медаль в) көккө

6. Кайсы сөз күз мезгилин билдирет?

а) коон-дарбыз б) муз в) жамгыр

7. Митянын биринчи каалоосу кайсы?

а) Мен жайдын бүтпөшүн каалар элем!

б) Мен дайыма жаз болушун каалар элем!

в) Мен дайыма кыш болушун каалар элем!

8. Жоогазын кайсы көпөлөктү коргогусу келди?

а) сары көпөлөктү

б) ак көпөлөктү

в) кызыл көпөлөктү

9. «Ай, көпөлөктөр, силер аябай ынтымактуу экенсиңер» - деп эмне айтты?

а) булут б) күн в) гүлдөр

10. Көпөлөктөр эмнеге рахмат айтышты?

а) гүлдөргө б) булутка в) күнгө

II вариант

1. Йоттошкон тамгалар канчоо?

а) бир б) үч в) төрт

2. Кайсы сөздө ката бар?

а) көг алма б) кооз көйнөк в) узун шым

3. Кайсы сөз ачык муун болот?

а) жаа б) тон в) керт

4. «Кыштоо» деген сөздө канча тыбыш бар?

а) төрт б) беш в) алты

5. Кайсы сөздө катар үнсүз бар?

а) класс б) ваза в) тоок

6. Кайсы түс кыш мезгилин билдирет?

а) жашыл б) ак в) күрөң

7. Митянын төртүнчү каалоосу кайсы мезгил эле?

а) жай б) күз в) кыш

8. Чөнтөк дептер кимдики эле?

а) Митянын б) апасыныкы в) атасыныкы

9. Лилия гүлү кайсы көпөлөктү коргогусу келди?

а) ак көпөлөктү

б) сары көпөлөктү

в) кызыл көпөлөктү

10. Көпөлөктөр менен гүлдөрдүн маегин ким укту?

а) булут б) жер в) күн

«Баалуулуктарыбыз» бөлүмү боюнча:

I вариант

1. Эне тил эне сүтү менен эмнеге сиңген?

а) Башыңабы? б) Каныңабы? в) Чачыңабы?

2. Кыргыз тилин кимден үйрөнгөнсүң?

а) мектептен б) эшиктен в) энеңден

3. «Эне тилин билбеген, Эси жогун аныктайт.» деген ыр саптарын ким жазган?

а) А.Өмүрканов б) А.Осмонов в) Б.Сарногоев

4. Буудайдын ээси кайсы кошунасына жини келди?

а) биринчи кошунасына

б) экинчи кошунасына

в) өзүнө

5. Таласка Жакып келгени кандай атка конгон?

а) бай б) кан в) кедей

6. Суу, айран, суусун, сүт, сууса деген сөздөрдө канча уңгулаш сөз бар?

а) бир б) эки в) үч

7. Кайсы сөздөр уңгулаш сан атооч сөздөр болот?

а) боз, бозомук, бозураак

б) он, ондой, онунчу

в) көл, көлгө, көлчүк

8. Ал, акын, ага, анда деген сөздөрдүн уңгулаш сөзү кайсы?

а) мен б) сен в) ал

9. Зат атооч сөздөр кайсы сөздөр?

а) мен, сен, ал

б) ага, ини, сиңди

в) беш, бешинчи, бештей

10. Энчилүү аттар кандай тамга менен башталып жазылат?

а) баш тамга б) кичине тамга в) үндүү тамга


II вариант

1. Уңгулаш сөздөрдөн мааниси өзгөргөнү кайсы сөз?

а) сүрөткө б) сүрөтчү в) сүрөттөн

2. Баланын тили эмне? Макалды толукта. Баланын тили ....

а) узун б) кыска в) бал

3. Чет өлкөдөгү кыргыз эмнесинен таанылат?

а) өңүнөн б) кийиминен в) кебинен

4. Буудайды ээси кайсы кошунасына ыраазы болду?

а) биринчи б) экинчи в) үчүнчү

5. Манас кимге таарынды?

а) Баба дыйканга б) атасына в) элге

6. Манаска Аккуланы ким берген?

а) атасы б) Каракан в) Карача

7. Манасты ким айтат?

а) акын б) ырчы в) манасчы

8. Кайсы сөздөр уңгулаш зат атооч сөздөр?

а) беш, бешке, бешинчи

б) көл, көлчүк, көлдүн

в) ак, агыш, аппак

9. Энчилүү зат атооч сөз кайсы?

а) ага-ини б) эне в) Эркин

10. Зат атоочтун канча жөндөмөсү бар?

а) 5 б) 6 в) 7


«Чыңгыз Айтматов» бөлүмү боюнча:

I вариант

1. Кайсы жөндөмөнүн мүчөсү жок?

а) Атооч б) илик в) барыш

2. Жатыш жөндөмөнүн суроосун тапкыла.

а) кимге? б) кимден? в) кимде?

3. Чыгыш жөндөмөнүн мүчөсү кайсы?

а) –нын б) –дан в) –ны

4. Окшош катар «кк» кайсы жөндөмөдө кездешет?

а) илик б) барыш в) табыш

5. Окшош катар үнсүз кайсы сөздө бар?

а) атка б) аткыч в) атта

6. «Аяз атадан кат» деген чыгарманы ким жазган?

а) Ч.Айтматов. б) К.Каимов. в) К. Жантошев

7. Ч.Айтматовдун чыгармасы кайсы?

а) Манас эпосу б) Ак кеме в) Бөдөнөнүн түлкүнү алдаганы.

8. «Аяз атадан кат» деген чыгармада канча бала катышат?

а) Бир б) экөө в) үчөө

9. Бөжөңдөгөн бөжөктү эмне жегени жаткан эле?

а) карышкыр б) жылан в) түлкү

10. Жыланды өлтүрүүгө болобу?

а) ооба б) жок в) мүмкүн


II вариант

1. Кайсы жөндөмөнүн мүчөсү жок?

а) табыш б) атооч в) чыгыш

2. Чыгыш жөндөмөнүн мүчөсү кайсы?

а) –нан б) –да в) –нын

3. Окшош катар келген «тт» кайсы жөндөмөдөгү сөздөрдө кездешпейт?

а) барыш б) табыш в) жатыш

4. Табыш жөндөмөсүнүн мүчөсү кайсы?

а) –ды б) –ны в) –га

5. Сын атоочту билдире албаган сөз кайсы?

а) жашыл б) жака в) жылтырак

6. Сын атооч кайсы суроого жооп берет?

а) канча? б) качан? в) кандай?

7. «Бөжөңдөгөн бөжөк» чыгармасын ким жазган?

а) А.Токомбаев б) Ч.Айтматов в) М.Элебаев

8. «Аяз атадан кат» деген чыгармада катты балдарга ким жазган?

а) атасы б) Аяз ата в) Эдигей

9. «Аяз атадан кат» деген чыгармадагы окуя кайсы мезгилде болгон?

а) жай б) күз в) кыш

10. «Бөжөңдөгөн бөжөгүмдөгү» окуя кайсы мезгилде болгон?

а) күзүндө б) кышында в) жазында








«Биринчи байлык – ден соолук» бөлүмү боюнча:

I вариант

1. Эгерде жууп-тазалабасаң анда алар таарынып, түшө башташат, - деп ким айтты?

а) Айдар б) энеси в) тиштер

2. Тиштер кантип аппак болуп калышты?

а) таарынышып б) жуубай койгондо в) жууганда

3. Тиш эмне үчүн ооруйт?

а) көп чайкаса б) таза болбосо в) жөн эле

4. Тиш сүргүчкө эмне керек?

а) самын б) паста в) кир жуугуч порошок

5. Тиш паста эмнеге сүйүнөт деп ойлойсуң?

а) кутуда жатканына

б) тиштерди тазалаганда

в) эс алып жүргөнүнө

6. Кыймыл-аракетти кайсы сөз түркүмү билдирет?

а) Зат атооч б) Сын атооч в) Этиш

7. Этиштин жекелик түрүндөгү сөз кайсы?

а) ойнойм б) ойношту в) ойноп жатышат

8. Өткөн чак этиш сөзүн тапкыла.

а) билет б) билди в) билгени жатат

9. Этиштин канча чагы бар?

а) 1 б) 2 в)3

10. Кайсынысы зат атооч менен этиштин сөз айкашынан турат?

а) жашыл жалбырак

б) он беш китеп

в) Марат сүйлөдү.


II вариант

1. Мурда Айдар кандай бала эле?

а) жакшы б) таза жүргөн в) жүдөө

2. Пастанын мээнети эмнеге текке кетпейт?

а) жата берсе б) иштебесе в) тишке сүртүлсө

3. Тиш сүргүч эмнени тазалайт?

а) кийимди б) тишти в) бут кийимди

4. Оорунун булагы эмне?

а) уйку б) тамак в) кир суу

5. Чатакты чыгаргандар кимдер эле?

а) тиштер б) Айдар в) энеси

6. Кайсы суроо кыймыл-аракетти билдирет?

а) Эмне? б) Эмне кылды? в) Канча?

7. Этиштин көптүк түрүндөгү сөз кайсы?

а) учушту б) учту в) учуп бара жатат

8. Келер чак этиш сөз кайсы?

а) келди б) келет в) келе жатат

9. Кайсы сөз этиш менен этиштен турган сөз айкаштары болот?

а) бийик дубал б) көп конок в) ырдап жиберди

10. Этиш сөздөр көбүнчө сүйлөмдүн кайсы жагында кездешет?

а) башында б) ортосунда в) аягында





«Оюн жана спорт» бөлүмү боюнча:

I вариант

1. Сан атооч сөз кайсы?

а) төө б) жетөө в) сүйлөө

2. Иреттик санды тапкыла.

а) бирге б) бирөө в) биринчи

3. Эсептик сандын суроосу кайсы?

а) кандай б) силер в) булар

4. Кайсы сөз 3-жактын көптүк түрүн билдирет?

а) алар б) аңгеме в) ыр

5. Ат атооч сөз кайсы?

а) санга б) сага в) садага

6. Трамплинден эмне кылат?

а) учат б) ырдайт в) секирет

7. «Ташбака менен бугу» жомогунда ташбака жүгүрдүбү?

а) ооба б) жок в) билбейм

8. Бугу ташбакага эмне үчүн жетпей калды?

а) жүгүрө албай б) алданып в) атайлап

9. Мунарага канча жаныбар чогулду?

а) 3 б) 4 в) 5

10. Мунарадагы тосток көз эмне эле?

а) коён б) чычкан в) бака


II вариант

  1. Сын атооч заттын эмнесин билдирет?

а) өңү-түсүн б) атын в) санын

2. Иреттик сан кайсы?

а) жети б) жетинчи в) жетөө

3. Ат атооч сөз кайсы?

а) ал б) Асел в) анар

4. «Трамплин» деген чыгарма эмне?

а) жомок б) аңгеме в) ыр

5. «Ташбака менен бугу» жомогунда кимиси акылдуу?

а) ташбака б)бугу в) достору

6. «Ташбака менен бугу» - эмне?

а) ыр б) аңгеме в) жомок

7. Сан атоочко кайсы суроо берилет?

а) ким? б) канча? в) кандай?

8. Эсептик сан кайсы?

а) бешөө б) экинчи в) онунчу

9. Кайсы ат атооч сөз санды билдирет?

а) ал б) ошол в) ошончо

10. «Мунара» деген жомоктогу аюу кандай экен?

а) акылдуу б) аңкоо в) боорукер









«Тарбия жана турмуш» бөлүмү боюнча:

I вариант

1. Коделек кайда жашаган?

а) Россияда б) Африкада в) Кыргызстанда

2. Африкада акыраны эмне деп аташат?

а) коделек б) буйвол в) жираф

3. Асан кагазды окуп, эмне үчүн ыйлады?

а) уялып б) сагынып в) 250 курушту берип

4. Суроолуу сүйлөмгө кайсы белги коюлат?

а) ! б)? в) .

5. Сүйлөмгө баяндооч боло ала турган сөз кайсы?

а) Аймончок б) китептер в) келишти

6. Асандын 250 курушту энесине бергени туурабы?

а) ооба б) жок в) туура эмес

7. Акыра эмне үчүн дарактын жалбырагын жакшы жейт?

а) моюну кыска б) моюну узун в) бою жапыз

8. Сүйлөмдүн баш мүчөлөрү кайсылар?

а) ээ, баяндооч б) айкындооч в) ээ

9. Жай сүйлөм кайсы?

а) Бах, жыттуу тура! б) Жыттуу алма экен. в) Жыттуу гүл бекен?

10. Сүйлөмдүн мүчөлөрү канчоо?

а) 1 б)2 в) 3

II вариант

1. Коделек эмне үчүн даамдуу жалбырак жеген жок?

а) бою жетпей б) жегиси келбей в) көргөн жок

2. «Кичинекей Асан менен энеси» деген чыгарма кимдики?

а) С.Рысбаев б) Рыза Акдемир в) Ш.Руставели

3. Асан 250 курушту эмнеге алган жок?

а) коркуп б) уялып в) аз деп

4. Кайсы сүйлөм илептүү сүйлөм?

а) Жакында жай келет.

б) Жайында сууга түшөсүңбү?

в) Ура-а! Суу сонун экен!

5. Сүйлөмгө кайсы сөз ээ боло алат?

а) ырдады б) бийлейт в) Бермет

6. Жираф деген эмне?

а) коделек б) акыра в) бугу

7. Эне эмне үчүн Асанга карыз болдум деп, 250 куруш төлөдү?

а) карыз болчу б) эне эмгегин билсин деп в) жөн эле

8. Сүйлөмдүн баш мүчөлөрү кайсы?

а) ээ, баяндооч б) ээ, айкындооч в) баяндооч, айкындооч

9. Кайсы сүйлөмдө айкындооч болбойт?

а) жайылма сүйлөм б) жалаң сүйлөм в) татаал сүйлөм

10. Илептүү сүйлөмгө кайсы белги коюлат?

а) ? б) . в) !



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Похожие файлы

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!