ОшТУнун академик Б. Мурзубраимов атындагы эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун Укук жана коомдук илимдер кафедрасынын доценти, т.и.к. Г. Т.Темиралиева Тема: Карахандар мамлекети
Тема: Карахандар мамлекети
План:
1. Карахандар мамлекетинин негизделиши
2. Карахандар мамлекетинде илим-билимдин, маданияттын өсүшү
3. Караханиддердин мезгилиндеги исламдашуу
4. Мамлекеттин кулашы
1
Күтүлүүчү натыйжалар:
1.Карахандар мамлекети тууралуу билимдерге ээ болушат. Көрсөткүчтөр:
-Мамлекеттин ээлеген чыгыш жана батыш аймактарын, алардын бүгүнкү күндө кайсы жерде экендигин көрсөтүп беришет;
-Каратылган аймактарда ислам динин орнотулушу жана жайылтылышы, максаттарын билишет;
-XI-XII кылымдарда Карахандар мамлекетине тиешелүү болгон аймактардагы архитектуралык-эстеликтерди аташат жана баяндай алышат.
2.Тарыхый карталар менен иштөө, өз пикир-ойлорун айтуу көндүмдөрүн өнүктүрүшөт. Көрсөткүчтөр:
- хандыктын социалдык-экономикалык абалын талдай алышат;
-Карахандардын Орто Азия элдерине анын ичинде кыргыздарга тийгизген таасирин аныкташат.
3.Карахандар мамлекетинин тушундагы илим-билимдин өнүгүүсүн үйрөнүшөт. Көрсөткүчтөр:
-Чынчылдык, эмгекчилдик менен жашоого;
-Башкаларды урматтоого жана баалоого тарбияланышат.
1
Карахандар мамлекетинин негизделиши
Карахандар мамлекети орто кылымда (940-1212-жж.) жалпы Борбордук Азиядагы эң белгилүү болгон мамлекеттердин бири. Мамлекет жашаган доор өзгөчө илим-билимдин өнүгүүсү, көрүнүктүү аалымдардын ишмердиги менен тарыхта калган. Көрсөтүлгөн мезгилде Борбордук Теңиртоодо жашаган чигил, ягма, карлук, аз, тухси уруулары мамлекеттин калыптануусунда маанилүү роль ойногон. Дөөлөт биринчи башкаруучусу Сатук Абд ал-Керим Карахандын ысымынан аталган. «Карахандар» же «караханийлер» термини илимий адабиятка XIX кылымдарда орус чыгыш таануучулары тарабынан киргизилген жана түрк династиясы үчүн жалпы кабыл алынган термин болуп калган.
Илимий адабияттарда династиянын кайсы урууларга таандык экендиги боюнча түрдүү пикирлер бар. Профессор 3. Эралиев Караханиддер мамлекетинде жетектөөчү ролду ойногон чигилдер — кыргыз уруусу болгон деп эсептейт. XIX кылымда кыргыздын бугу уруусунун чон манабы Боромбай да казактын улуу окумупггуусу Ч. Валиханов менен жолукканда түпкү тегибиз чигилдер деп айткан.
1
1
Башынан эле майда энчилердин акимдери Карахандар династиясынын эки бутагынын: Хасан Богра хандын («Хасанилердин») урпактарынын жана Али ибн Сулеймандын («Алилер») урпактарынын айланасында топтошкон. Карахандардын мамлекети иш жүзүндө башчыларынын өзүнчө наамдары жана баш калаалары бар өз алдынча эки кагандык Чыгыш жана Батыш кагандыктарга бөлүнгөн. Ошентип, Чыгыш кагандыгынын баш калаасы Баласагын (Токмок шаарына жакын жердеги Бурананын урандылары) кийинчерээк Кашкар, Батыштыкы болсо Өзгөн ( кийинчерээк Самарканд) болгон.
Кыргызстандын тарыхында караханиддердин мезгилинин маанилүү бөтөнчөлүгү жаңы шаарлардын, эски шаарлардын өсүшү болгон. Ысык-Көл өрөөнүндө майда жана ири шаарлардын саны 70ке чейин, Талас өрөөнүндө 50гө жакын шаар жана кыштактар болгон. Ал эми Фергана өрөөнүндө болсо Ош жана Медва шаарлары чоң шаарлардан болгон. Медва – Түштүк Кыргызстандагы орто кылымдарга таандык шаар. Ош-Гүлчө авто жолунун боюнда жайгашкан. Бул шаар Оштон 12 км. чыгыш тараптагы Мады шаар чалдыбарына окшоштурулат.
1
Бурана мунарасы X к. аягы XI к.башында Баласагун шаарында курулган.
1
1
1
Бурана мунарасы реставрация болгонго чейинки жана ички көрүнүшү
1
Бир мезгил Баласагун ушундай болгон деген божомол менен тартылган сүрөт.
1
Мавзолей. Өзгөн мунарасы (бийиктиги мурда 44,7м. азыр 27,4м. (XI-XIIкк.)
1
1
1
2.Карахандар мамлекетинде илим-билимдин, маданияттын өсүшү
Мамлекетте араб алфавитинин таралышы эң маанилүү жетишкендик болгон. Ал мезгилдеги маданияттын эң белгилүү эстелиги катары Баласагун жазган “Кутадгу Билиг”, Махмуд Кашгаринин “Түрк тилдеринин сөздүгү” чыгармаларын эсептөөгө болот.
Махмуд Кашгари – (Барскани) Махмуд ибн Хусейн ибн Мухамед –XI кылымдагы энциклопедиячы аалым. 1029-ж. 1038-ж. аралыгында Көл кылаасында Барскан (азыркы Барскоон) шаарында туулган. XI к. 50-жылдардын экинчи жарымынан тартып түрк элдери мекендеген жерлерди кыдырып, алардын тилинин диалектикалык өзгөчөлүктөрүн жана жалпылыктарын изилдеген. 1072-1077-жж. аралыгында жазган эмгеги “Түрк тилдеринин сөздүгү” “Диван лугат ат-түрк” деп аталат. Чыгарма сөздүк түрүндө иштелип, түрктөрдүн өз алфавити менен алардын негизги калкы, уруулар аттары, кайсы аймакта жашагандары жазылат. Ошондой эле чыгармада дүйнөнүн тегерек картасы тиркелген. Картада жердин чордону катары Барскан шаары орун алган аймак көрсөтүлөт. Бул алгачкы картографиялык чыгарма болуп эсептелип калды.
1
1
1
Жусуп Баласагын ( Баласагун) – акын, илимпоз, ойчул 1010-1016-жж. же, 1018-ж. Баласагун шаарында туулган. “Кут алчу билим” поэмасын Кашкар шаарынын башкаруучусу Тавгач Буура Карахан Абу-Али-Хасанга тартуу кылып, “Хас Хажиб” наамы ыйгарылган. Кут алчу билим поэмасында акыйкаттык, бакыт, акылмандык, сабырдуулук жанан жөнөкөйлүк, билимдин, илимдин улуулугу тууралуу жазылат. Насаатчылык чыгарма деп атоого болот.
Мисалы, бала кичинесинен зирек, тырышчаак болсо, кийин жетилип киши болгондо ой-максаттарына жетээри жөнүндө минтип баяндайт.
Ким жашынан көп окуп билим алат
Бойго жетсе тилеги орундалат
Илим, билим-дөөлөткө кенен өрүш
Байкап көрсөнң калети жок бул сөз ак
Илим-билим алган адам акыйкат
Кимде ким окуй билсе, олжо табар
Кимде ким билим алса-бек аталар
1
Караханиддердин мезгилиндеги исламдашуу .
Ислам дини Абдулкерим Сатук Буура Хандын мезгилинде өтө тездик менен жайылган. Ал өлөр алдында (955-ж.) исламды кабыл алат. Кыска убакытка өкүмдарлык кылган анын уулу Муса Тонга Илиг исламды мамлекеттик дин катары жарыялаган. Кагандын аалымдарды жана шайыктарды топтогондугу, калкы үчүн мектеп, мечит курдургандыгы мусулман тарыхчыларынын маалыматтарында айтылып, 94-ж. 200 миң түтүн түрк тайпалары ислам динин кабыл алганы жазылат. Бул уруулар ягма, карлук, тухси, чигил уруулары экени талашсыз. Ошолордун ичинде Теңир-Тоо, Памир тоолорунун этегинде, Ысык-Көлдүн жээктеринде, Талас суусунун боюнда жашаган көптөгөн кыргыз уруулары болгон.
Ислам дини жаңыдан каратылган аймактарда саясий үстөмдүк жана соода аркылуу да жайылтылган. Муса Тонга Илигден кийин Караханид тактысына олтурган Сатук Буура Хандын кийинки уулу Байташ Арслан Хан (Сулайман) Караханид мамлекетин аймактарды мусулман аймагына айлантууга жетишкен. Караханид өкүмдарлары ислам динин бир гана үстөмдүк куралы катары гана карашкан эмес. Өкүмдарлардын жашоосунда диндин орду чоң болгон. Андыктан ислам дининде келтирилген буйруктарды аткаруу алар үчүн да парз экендигин жакшы билишкен.
1
Мамлекеттин кулашы
Экономикалык жана маданий жагынан өнүгүүнүн олуттуу ийгиликтерине карабастан Караханиддердин мамлекети бекем эмес мамлекеттик бирикме болгон. Мамлекет түзүлгөндөн кулаганга чейин эле хан тактысын талашкан ички согуштар жүрүп турган. XI кылымдын башталышынан тарта Орто Азиядагы караханиддердин тышкы саясий абалы негизинен сельджуктар менен болгон мамилелери менен аныкталган. XI к. аягы XII к. башында Карахандардын экиге бөлүнгөн мамлекети тең терең кризисти баштарынан өткөрүшөт . Ибрагим Табгач хандын небереси Ахмад мамлекетти борбордоштурууга умтулат. Андан натыйжа чыкпайт. XI к. аягында Батыш караханийлер селжук башкаруучуларына көз каранды болуп калышат. Баласагын менен Таласты ээлеп турган Чыгыш карахандарынын бири Кадыр хан Жебраил Мавереннахрга (Амудайра менен Сырдайранын ортосундагы жерлер) жортуул жасап, Аму Дарыяга чейин жеткени менен бирок талкаланып, селжук султаны Санжар тарабынан өлтүрүлүп, натыйжада Карахандар селжуктардын (Көчмөн огуздардын бир бутагы. Жол башчы Селжуктун ысымынан коюлган) вассалдары болуп калышат.
1
Ал эми 1130-жылдын башында кара кидандар (кара кытайлар) Чыгыш караханийлерди, 1141-жылы Батыш караханийлердин кагандыктарын басып алышат. Болуп өткөн ушул окуялардан кийин караханиддер Орто Азиянын түштүк батышында өзүнүн үстөмдүгүн жоготуп, XII кылымдын 30-жылдарында алардын мамлекети биротоло кулайт .
Колдонулган адабияттар:
1.Бернштам А. Кыргызстан тарыхы боюнча тандалган эмгектер. Б., 1998.
2.Горячева В.Д. Кыргызстандагы орто кылымдагы шаардык борборлор Ф., 1983.
3.Караев О. Караханид хандыгынын тарыхы. Ф., 1983.
4.Караев О.К. Араб-перс булактарында түрк элдери жөнүндөгү маалыматтар. Ф., 1973.
5. Ред.кеңеш. Ө.Ж.Осмонов, Т.Н.Өмүрбеков, А.Ж.Жуманалиев, Ж.Ж.Жунушалиев, Э.Ж.Маанаев, В.М.Плоских, К.Ш.Табалдиев, З.Э.Эралиев. «Кыргызстан тарыхы Энциклопедия» Б.-2003.
6. Чоротегин Т. М.Кашгари жана анын «Түрк сөздөр жыйнагы». Б., 1997. Ж.Баласагын «Кут билим». Б., 1993.
1
1
1
1
1
1
1
1
1
1
1
1
Лекциянын планы:
1. Киришүү
2. «Манас» эпосун изилдөө иштери
3. «Манас» эпосунун жаралуу мезгили
4. Манасчылар
5. «Манас» эпосундагы каармандар
1
Күтүлүүчү натыйжалар:
1.Тема боюнча студенттердин билимдери тереңделет.
Мында:
-Манас эпосу тууралуу жаңы билимдерге ээ болушат
- Эпостогу бөлүктөр тууралуу баяндай алышат.
-Тарыхый географиялык жерлердин атын, кайсы жерде жайгашкандыгын тактай алышат.
2. Студенттердин өз алдынча изденүүлөрүнө, ачылыштарга багыты камсыз кылынат. Өзүн өзү өркүндөтүү сапаттары калыптанат.
3.Жерине, элине болгон мекенчилдик сезимдери күчөйт.
1
1
“ Манас” эпосу боюнча алгачкы иликтөөлөрдү жүргүзгөн чет элдик изилдөөчүлөр
Чокан Валиханов – (1835-1865-жж.)
1
Чокан Валиханов – (Шокан) Чыңгызович, Мухамед Хана–фия (1835-1865-жж.) Казакстан Республикасынын Кустанай облусуна караштуу Кушмурун айылында туулган. Казак элинин туңгуч окумуштуусу, агартуучу-демократ, тарыхчы, этнограф, фольклорчу жана саякатчы. Абылай хандын чөбөрөсү. Омскидеги кадеттер корпусун аяктагандан кийин Батыш Сибирь генерал губаернаторлугунда кызмат өтөгөн. Орто Азия, Казакстан, Чыгыш Түркестан элдеринин тарыхын, этнографиясын, фольклорун жана маданиятын изилдеген.манас эпосун кагаз бетине биринчи түшүргөн. Кыргызстанда 1856-57-58-жж. келип изилдөөлөрүн жүргүзгөн. Эпостун “Көкөтөйдүн ашы” эпизодун жазып алган.
Манас эпосуна биринчи илимий пикир айткан адам да Ч.Валихханов болгон. Окумуштуу Манас эпосунун “Көкөтөйдүн ашы” бөлүгүн жазып алып, анын зор көркөм эстелик экендигин белгилеген. Аталган бөлүк 1904-жылы кара сөз түрүндө которуп, “Жунгария очерктери” деген эмгегинде орус тилинде басылып чыккан. Эпостун жаралыш мезгили жөнүндө алгачкы пикирлерин айткан.
1
Радлов Василий Васильевич (1837-1918-жж.)
1
Радлов Василий Васильевич , Фридрих Вильгелм (1837, Берлин-1918, Петроград) – чыгыш таануучу, түрколог, этнограф, археолог. Орто жана Чыгыш Азияны изилдөөчү орус комитетин түзүү демилгесин көтөтрүп, аны башкаргандардын бири.1860-70-жж. Алтайга, Сибирге, Казакстанга, Орто Азияга бир нече ирет экспедиция жасап, түрк элдеринин тили, фольклору, этнография жана археология боюнча материалдарды жыйнаган. Кыргызстанга 1862-64-69-жж. келип кеткен. “Манас” эпопеясынын 3 бөлүгүн тең жазып алган. Тексттин жалпы көлөмү 12 454 сап ыр, анын 9 449 сабы “Манас” эпосуна, калган 3005 сабы “Семетей” менен “Сейтек” эпосуна таандык болгон. Илимий түрдө талдоо жүргүзүүгө аракет жасаган окумуштуу В.В.Радлов материалдын илимий баалуулугунун бөтөнчө экендигин жана бир катар илимий пикирлерин билдирген. В.В.Радлов жазып алган эпостун үзүндүлөрү өзүнүн котормосунда 1885-жылы немис тилинде Лейпцигде 1885-жылы жарык көргөн. Санкт-Петербургда кыргызчасы жарык көргөн .
В.В.Радлов Радлов Василий Васильевич, Фридрих Вильгелм (1837, Берлин-1918, Петроград) – чыгыш таануучу, түрколог, этнограф, археолог. Орто жана Чыгыш Азияны изилдөөчү орус комитетин түзүү демилгесин көтөтрүп, аны башкаргандардын бири.1860-70-жж. Алтайга, Сибирге, Казакстанга, Орто Азияга бир нече ирет экспедиция жасап, түрк элдеринин тили, фольклору, этнография жана археология боюнча материалдарды жыйнаган. Кыргызстанга 1862-64-69-жж. келип кеткен. “Манас” эпопеясынын 3 бөлүгүн тең жазып алган. Тексттин жалпы көлөмү 12 454 сап ыр, анын 9 449 сабы “Манас” эпосуна, калган 3005 сабы “Семетей” менен “Сейтек” эпосуна таандык болгон. Илимий түрдө талдоо жүргүзүүгө аракет жасаган окумуштуу В.В.Радлов материалдын илимий баалуулугунун бөтөнчө экендигин жана бир катар илимий пикирлерин билдирген. В.В.Радлов жазып алган эпостун үзүндүлөрү өзүнүн котормосунда 1885-жылы немис тилинде Лейпцигде 1885-жылы жарык көргөн. Санкт-Петербургда кыргызчасы жарык көргөн .
Чокан Валиханов – (1835-1865-жж.)
1
- “ Манас” эпосунун башка тилдерде алгачкы ирет баяндалышы XVI кылымдагы Сайф ад-дин Ахсикентинин Манас жана анын жортуулдары жөнүндө “Мажму ат-таварих” “Тарыхтардын жыйнагы” айтууга болот. Ушул чыгармада эпостун айрым окуялары тажик тилинде берилген.
1
“ Манас” эпосу боюнча изилдеген кыргыз изилдөөчүлөрү
Ыбырайым Абдрахманов (1888-1967-жж.)
1
Манасчы, жомокчу, акын, этнограф, педагог Ыбырайым Абдрахманов 1888-жылы Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз тарабындагы Чырак айылында орто дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. 1905-жылы Караколдогу “Жаңы тартип” мекте бин бүтүрүп, Жети-Өгүздө мугалим болуп иштеген. Улуу Октябрь революциясынын жеңиши менен эркиндик, теңдикке жеткен Ыбырайым Абдрахманов билимин өркүндөтүп, Алмата, Фрунзеде ачылган мугалимдик бөлүмдө окуган. 1939-жылы Фрунзедеги педагогикалык институтунун эки жылдык адабий факультетин бүтүргөн. Ал бүткүл өмүрүн кыргыз фольклорун, асыресе “Манасты” жыйноого, иликтөөгө, аны аткарып, өз вариантын түзүүгө арнаган.
Ыбырайым Абдрахманов 1922-жылдан тартып ардактуу эс алууга чыкканга чейин (1960-жылдар) чыгармачылык ишмердүүлүгүн бүтүндөй кыргыз фольклоруна, анын ичинде “Манас” эпосуна арнайт. Анын элдик мурасты жыйноого киришүүсү улуу манасчы Сагынбай Орозбак уулунун айтуусундагы “Манас” эпосун кагаз бетине түшүрүү менен башталган. Ыбырайым Абдрахманов Сагынбай Орозбак уулунун оозунан 1922-1926-жылдары “Манас” эпосунун көркөм вариаттарын толук жазып алган.
1
A PICTURE IS WORTH A THOUSAND WORDS
A complex idea can be conveyed with just a single still image, namely making it possible to absorb large amounts of data quickly.
1
Want big impact? USE BIG IMAGE
1
USE CHARTS TO EXPLAIN YOUR IDEAS
Gray
Whitтe
Black
1
AND TABLES TO COMPARE DATA
Yellow
A
10
Blue
B
C
Orange
30
20
5
7
15
10
24
16
MAPS
OUR OFFICE
89,526,124
Whoa! That’s a big number, aren’t you proud?
47
89,526,124$
That’s a lot of money
185,244 users
And a lot of users
100%
Total success!
47
OUR PROCESS IS EASY
first
second
last
47
LET’S REVIEW SOME CONCEPTS
Red
Yellow
Blue
Is the color of gold, butter and ripe lemons. In the spectrum of visible light, yellow is found between green and orange.
Is the colour of the clear sky and the deep sea. It is located between violet and green on the optical spectrum.
Is the color of blood, and because of this it has historically been associated with sacrifice, danger and courage.
Blue
Red
Yellow
Is the color of blood, and because of this it has historically been associated with sacrifice, danger and courage.
Is the color of gold, butter and ripe lemons. In the spectrum of visible light, yellow is found between green and orange.
Is the colour of the clear sky and the deep sea. It is located between violet and green on the optical spectrum.
50
GRAPH TITLE
You can insert graphs from Google Sheets
50
Place your screenshot here
ANDROID PROJECT
Show and explain your web, app or software projects using these gadget templates.
50
Place your screenshot here
iPHONE PROJECT
Show and explain your web, app or software projects using these gadget templates.
50
Place your screenshot here
TABLET PROJECT
Show and explain your web, app or software projects using these gadget templates.
50
Place your screenshot here
DESKTOP PROJECT
Show and explain your web, app or software projects using these gadget templates.
50
THANKS!
Any questions?
You can find me at
@username & [email protected]
50
CREDITS
Special thanks to all the people who made and released these awesome resources for free:
- Presentation template by SlidesCarnival
- Photographs by Startup Stock Photos
50
PRESENTATION DESIGN
This presentation uses the following typographies and colors:
- Titles: Roboto Condensed
- Body copy: Roboto Condensed
You can download the fonts on this page:
https://material.io/guidelines/resources/roboto-noto-fonts.html
Navy #3f5378 · Dark navy #263248 · Yellow #ff9800
You don’t need to keep this slide in your presentation. It’s only here to serve you as a design guide if you need to create new slides or download the fonts to edit the presentation in PowerPoint®
50
SlidesCarnival icons are editable shapes .
This means that you can:
- Resize them without losing quality.
- Change line color, width and style.
Isn’t that nice? :)
Examples:
50
😉
Now you can use any emoji as an icon!
And of course it resizes without losing quality and you can change the color.
How? Follow Google instructions https://twitter.com/googledocs/status/730087240156643328
✋👆👉👍👤👦👧👨👩👪💃🏃💑❤😂😉😋😒😭👶😸🐟🍒🍔💣📌📖🔨🎃🎈🎨🏈🏰🌏🔌🔑 and many more...
50
Free templates for all your presentation needs
Ready to use, professional and customizable
100% free for personal or commercial use
Blow your audience away with attractive visuals
For PowerPoint and Google Slides