СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Карыялар күнүнө карата тарбиялык саат

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Карыялар күнүнө карата тарбиялык саат

Просмотр содержимого документа
«Карыялар күнүнө карата тарбиялык саат»

Лейлек райондук “Баластан” балдардын билим берүү чыгармачылык борбору

Компьютердик сабаттуулук ийрими

Жетекчиси: Маанова Чынарар Пирмановна


Сабактын темасы: Карыялар үйү керекпи?

Сабактын максаттары:

  • Карыялар жана карылык тууралуу маалымат алышат.

  • Омоктуу ойлорду айтуу менен логикалык ой жүгүртүүсү өнүгөт.

  • Окуучулар улууну урматтоого, кичүүнү сыйлоого тарбияланышат.

  • Эл ичиндеги карыялардан өрнөк алышат.

Сабак аралык байланыш: кыргыз тили жана адабияты, тарых, сүрөт, адеп жана элдик педагогика.

Сабактын жабдылышы:

  1. Кыргыз адабияты 9-класстар үчүн кыргыз адабиятынын хрестоматия-окуу китеби. А.Муратов, Б.Кыдырбаева. Бишкек 2007.

  2. Кыргыздын көрөнөлүү мурастары. Бердикожо Бийназаров. Бишкек 2014.

  3. Интернет булактары.

  4. Телефон, музыкалык апаратуралар, үн күчөткүчтөр.

  1. Сабакка чейин:

Бул сабак эмне берет?

-карылык жөнүндө түшчнүк алышат;

-карыганда тынчтыкта жашоосун тилек кылышат;

-бактылуу карылыкка моюн сунууну пландаштырат.

Топтоштуруу:

  • Карыялар үйүн жактыргандар

  • Карыялар үйүн жактырбагандар

  • Арсар ойдогулар (нейтралдуу ойдогулар)


  1. Сабак

Сабактын жүрүшү Уюштуруу (класста жагымдуу жагдай түзүү)


Мугалим: Балдар мен төмөнкү каттарды оку берейин. Силер маани берип угуп тургула, өз оюнар менен бөлүшүүгө аракет кылгыла.


Кары атанын уулуна жазган каты:

Уулум: өзүндүн, неберем менен келинимдин дени-карды таза, эсенчиликте турасынарбы? Мен болсом мындан үч жыл мурда алып келип таштаган карыялар үйүндө өлбөй-житпей жашап жатамын. Ошондон бери бир кайрылып келбегенинден, кырсыкка кабылып калдыбы деп, оюм онго, санаам санга бөлүнүп жүрөт. «Бала-боор этин менен тен»-деген сөздүн калети жок белем. Нечен ирет мас болуп келип., теридей тепкилегенинде, апан байкуш арачалап калчу эле. Өз колум менен салган тамдан кубалап, малга да ээ болдун. Суук сөздөрүндү ошондон кийин да албадыӊ. Эми ошонун баарын унутуп, силердин жүзүнөрдү бир көрсөм деп кусадар болуп отурам. Башка бирөөдөн ушундай кордук көрсөм унута алат белем. Жаткан жерим жумшак, кийимим бүтүн, курсагым ток, мамлекетке чоӊ рахматымды айтып коюп жатам. Жалгыз арманым эл журтту, силерди сагындым.

-Аксакал, сизге эч ким келбейт. Туугандарыныз жокпу?-деп сурап калышат. Ошондо эмне деп айтаарымды билбейм. Өтөөр иш өттү, жок дегенде неберелеримди бир көрсөтүп кетсеӊ боло. Канчалык жаман болсом деле атаӊмын го. Кокус ары карап кетсем, сөөгүмдү ушул жерге калтырбай айылга алып бары пата-бабаларымдын мүрзөсүнүн жанына көөмп кой. Бул менин сенден суранаар аталык акыркы өтүнүчүм.

Атасынын катына уулунун жообу

Ата, катынды алдым. Бизди унутпаганына чоӊ рахмат. Өзүӊ бардагыдай эсенчиликте турабыз. Мага таарынба, ата. Жаткан жериӊ ак шейшеп, ичкениӊ үч маал тамак, бекер кийим жыргап эле калгандырсыӊ. Ушундай бейишке алып келип таштаганыма ыраазы болбой, нараазы болосун, жарыктык. Карылыгын жетип алжып калгансын го. Анын үстүнө келиниӊ менен тил табыша албай койдуӊ го. Пенсияӊ тийгенде 5-10 сом катып албай, баарын алаканына салып турбайт белеӊ? Үч маал, үч чыны чай ичпей эле «эт жебесем сууктап кетемин» дегениӊ жөндүү ишпи?

Азыр өлүк коюу машакаттуу иш болуп калды. Бизди чыгым кылып кууратпай, ошол жерге коюлуп калсаӊ кайра жакшы. Жолдун бою, ары-бери өткөндө куран окутуп турабыз. Ар кайсыны ойлоп башыӊды маӊ кылбай жата бер.

Талкуулоо үчүн суроолор: (дебрифинг):

  1. Кары атанын уулуна жазган катын уккандан кийин кандай ойдосуӊар?

  2. Эгер силер кары атанын ордунда болсоӊор эмне кылмаксыӊар?

  3. Уулунун катка жазган жообуна макулсунарбы? Эмне үчүн?

  4. Силер ата-эненерди кантип карайсыӊар?


Ата-энелерге арналган видео клиптерди көрүшөт. Мисалы: Сапар Эркебаевдин «Атага кат», казакча «Ана жүрегi» күү жана Кайрат Пиримбердиевдин «Эмне кылдым апам үчүн» видео клиптер көрсөтүлөт.

Окуучулар арасында талкуу. Бул клиптерден кийин силерде кандай ойлор пайда болду?

«Ак тилек» деген обондуу ырды аткаруу менен сабакты жыйынтыкташат.

Ак тилек

Ар үйдө аксакалдуу кары болсо,

Балпайган байбичеси дагы болсо.

Баласы баар табып эмгегинен,

Жанында жаркылдаган жары болсо.


Чоӊ ата балдарына калыс болсо,

Чоӊ эне суук сөздөн алыс болсо.

Келини кербезденип бой көтөрбөй

Уулунда уят менен намыс болсо.


Жакшылык эсеби жок эчен болсо,

Жоогазын өмүр сүрүп эсен болсо.

Бейкуттук ырыс тилеп ар бир үйгө,

Элибиз ынтымактуу элден болсо.


Үй тапшырма: «Мен карыя болгонумда…» деген темада дил баян жазып келүү.


Баалоо: Сабакка активдүү катышкан окуучуларды мугалим баса белгилеп кетет.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!