СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Карылар күнүн өткөрүү

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Карылар күнүн өткөрүү»

1-октябрь

карылар күну











Тема: Карысы бардын ырысы бар!





Максаты:

1.Балдар 1-октябрь карылар күну тууралуу

билим алышат.

2.Балдардын ой жүгуртүүсу өнүгөт.карыларга деген жылуу ой сезимдери өнугөт.

3.Карыларды терен урматтап сыйлоого адептүүлүккө мээримдүүлүккө тарбияланышат.





























1.Саламдашуу

2.Доклад

3.Гимн

4.Декломация(Карылар тууралуу)

5.Суроо жооптор

6.Бий.(Кара жорго)

7.Сценнарий(Карылар батасы)

8.Макал лакап

9.Жеке номер.

10.Оюн .Класстер.

11.Жалпы вальс.





















Мен энемди корбөй калсам сагынам,

Миң эркелеп чыккым келбейт жанынан.

Оо адамдар биз энени сыйлайлы,

Эне кымбат,эне ыйык баарынан.



Атакелеп чыккан элем бал тилим,

Атаке деп эркеледи жан дилим,

Ата ата, оорубачы атаке

Кубатымсың,жанымда бол ар дайым!



1.Саламатсыздарбы урматтуу бүгунку карылар күну кечебиздин коноктору.Баарңыздарга ден соолук, узун өмүр жана бактылуу карылыкты каалаймын.Ар дайым сый урматта болуңуздар.



2. Доклад.

1-октябрь Карылар күну деп 1990 жылы Эл аралык статусту алган.

Ошол күндөн ушул күнгө чейин бул күн майрам катары белгиленип келе жатат.

Алгач бул күндү Европаларда,андан кийин бүткул дүйнө элдери белгилей баштаган.Албетте ар бир адам улгайган кезге жетээрин билишетжана сезишет эмеспи.Бул күн улгайган адамдардын укугун коргоо,аларга көмөк көрсөтуу үчуношондой эле карылардын эмгектерин сыйлоо үчун жасалат.Ар бир мамлекеттерде бул күну карыларды ар кандай белектер менен сыйлашат.Карылар үчүн атайын фестивалдар ыр майрам,салтанаттар өткөрулөт.

Кыргызстанда мамлекет башчысы да ар дайым карылар күну менен биздин карыларды куттуктап ар кандай белектер жана жылуу создөр менен куттуктайт.

Малекетибизде бааардык областтарда мекеме ишканалар

мектеп,бала бакчалар баарысы бул күндү өзгөчө кызуу белгилешет.

Бизде 1941-1945 жылкы дүйнөлук согуштун ардагерлерин о.э “Чернобль” ардагерлерин сыймыктануу менен куттукташат.

Эмесе биздин чакан сиздерге арналган концерттик программабызды кабыл алыңыздар.

3.Гимн:

1.Ак мөңгүлүү аска зоолор, талаалар,
Элибиздин жаны менен барабар.
Сансыз кылым Ала-Тоосун мекендеп,
Сактап келди биздин ата-бабалар.

Алгалай бер, кыргыз эл,
Азаттыктын жолунда.
Өркүндөй бер, өсө бер,
Өз тагдырың колунда.

Байыртадан бүткөн мүнөз элиме,
Досторуна даяр дилин берүүгө.
Бул ынтымак эл бирдигин ширетип,
Бейкуттукту берет кыргыз жерине.

Алгалай бер, кыргыз эл,
Азаттыктын жолунда.
Өркүндөй бер, өсө бер,
Өз тагдырың колунда.

Аткарылып элдин үмүт, тилеги,
Желбиреди эркиндиктин желеги.
Бизге жеткен ата салтын, мурасын,
Ыйык сактап урпактарга берели.


4. Декломация.

Бар болсо ар бир үйдүн карысы,

Ошол болот бар байлыгы,ырысы.



Кары кебин жүрөгунө сактасан,

Кут куйулуп,өйдо жылат жумушу.



Эне сага кандай мактоо жарашат,

Эне сенден ким сыймыкты талашат.

Эне менен тендеше албайт эч бир жан,

Баардык мактоо сага гана жарашат.

Жакыным жаным апам,

Жарыгым жалгыз апам.

Жашоомдо жөлөп жүргөн

Ал менин алтын Атам.





























5. Суроо жооптор

1.Кимдин чоң атасы жомок айтып берет?

2.Карыя болуп ким бата берет?

3.Кимдин атасы намаз окуйт?

4.Ким чоң атасына белек камдады?

Баардык балдар колдорундагы белектерин беришет.



6. Бий “Сардал кыз”.Кара жорго



Көк боз аттын куйругу да,

Күмүш десем кылга окшойт.

Экөөбүздүн ортобуз,

Күнчүлүк десем айга окшойт.

Ак боз аттын куйругу,

Алтын десем кылга окшойт.

Экөөбүздүн ортобуз,

Айчылык десем жылга окшойт.

 

Ак боз аттын куйругу,

Алтын десем кылга окшойт.

Экөөбүздүн ортобуз,

Айчылык десем жылга окшойт.

 

Көк өгүздү кубалап мен,

Оолукканмын, Сардал кыз.

Көк белестин жанынан,

Жолуккамын, Сардал кыз

Ак өгүзүм кубалап,

Оолукканмын, Сардал кыз.

Ак белестин жанынан,

Жолукканмын, Сардал кыз.

 

Ак өгүзүм кубалап,

Оолукканмын, Сардал кыз.

Ак белестин жанынан,

Жолукканмын, Сардал кыз.

 

Кашка суулуу булактан,

Суу аласың, Сардал кыз.

Карала да моюн катардай,

Чубаласың, Сардал кы





7. Карыя

Жолдо улгайып таяк кармап араң эле басып келе жаткан

Карыя сүйлөп жатат:

Айиий ушул жолдон аман эсен өтуп эртерээк үйүмо жетип, неберелеримди жыттап олтурсам экен- деп колуна алган таттууларын кубанып кармалап аран келе жатат.Бүгун жакшы болбодубу пенсиям тийип калып баарын кубандыра турган

болдум. Деп жолдун аркы бетине өтүүго камынып жатты.

Бир кезде жолдон эки бала жарыша жүгүрүп карыны дегдеңдете

сүзүп өтүшту.Эмне болуп кеткенин байкай албай бираз башы ка-

раңгылаша тушту да.Отуруп калды.

Ары жактан келе жаткан Асан:

-Балдар токтогула! Бул эмне кылганыңар? Атаны көрбөй жатасыңарбы –деп.

Ыйламсырап атаны тургуза баштады.

-Туруңуз атаке деп ордунан тургузду.

-Жолдоштору да эмне кылаарын билбей асанга жардамга келишти.

-Атаке кечирип крюнузчу .Биз байкабай калыптырбыз деп кечирим сурашты.Ошондо ата.

Оо балдарым,силерди мен албетте кечирем.Мен эле эмес өзүңөр да жолдо абайлап жүргүлө.Силерди ата-энеңер ыймандуу жана

адептүү болсун деп тарбиялап жатат деди.

Келгиле анда мен силерге бата берейин деди.



Ак бата.

Балдарым силер ар дайым ден соолукта болгула.Ыймандуу адептүү жана кыргыз элине керектүү инсан болгула.



Ата-эненерди сыйлагыла.Бактылуу келечегиңер кең болсун деп,

батасын берди.

Атанын батасын алган балдар карыяны жолдун аркы бетине өткөрүп коюшту.

8. Макал лакаптар



1.Атаны сыйлаган абийийр табат.

2.Карынын созун,капка сал.

3.Энени сыйлаган, элине жагат.

4.Алты кун ачка калсан да атанды сыйла

5.Атасы үчүн баласын айыпка салбайт.

6.Кары келсе ашка,жаш келсе ишке.

7.Ата каргышы ок болот.

8.Атаны күп уул өсөт,

9.Энени көрүп кыз өсөт көрүп.

10.Карысы бардын,ырысы бар.



9.Жеке номер АПАКЕМ


Ойнотуп бизди жетелеп,

Оорутпай бактың бөпөлөп.

Калкалайт мээрим, жамалың,

Карызбыз сизге эселеп.


Кайгымды тарттың теңселип,

Карыздар ким бар менчелик.

Жүк болгон күнүм эстесем,

Жүрөгүм ооруйт өйкөлүп.

Ааламды нурга бөлөйсүң,

Ак көйнөк кийсең көйкөлүп.

Ааламда бир да аялзат,

Ажарлуу эмес сенчелик,

Сулуу эмес апа сенчелик.


Үмүттүн отун жандырган,

Үй ичин майрам, шаң кылган.

Өмүргө бизди алып келген,

Энелер үчүн жан курман.


Кайгымды тарттың теңселип,

Карыздар ким бар менчелик.

Жүк болгон күнүм эстесем,

Жүрөгүм ооруйт өйкөлүп.

Ааламды нурга бөлөйсүң,

Ак көйнөк кийсең көйкөлүп.

Ааламда бир да аялзат,

Ажарлуу эмес сенчелик,

Сулуу эмес апа сенчелик.


Өмүрдө канча арман бар,

Өзүң бар, демек майрам бар.

"Бейиш" деп сенин таманың,

Белгилеп айткан пайгамбар.




10. Оюн.

Баладар класттер тузүшот.

Жакшы бала Тентек бала.

Ата созун угам. Айтканын укпайм

Колуна суу куюп берем Тентектик кылам

Жомокторун угам Кулак салбай жүгүро берем.





















Эмгек менен жер көгөрөт,

Бата менен эл көгөрөт









































































Ата энеге кылган урмат,

Эртеңки озүңө кылган кызмат.

Жакшы мамиле

Кайтаар дүйнө


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!