СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Карысы бардын - ырысы бар.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Карысы бардын - ырысы бар.»

Тема: Карысы бардын ырысы бар.

Билим буруучулук: Окуучуларга карылык бул кордук эмес, сыймык экенин тушундуруу.

Онуктуруучулук: «Сен да картаясын, ошондо балдарынан эмнени кутосун?» деген суроо беруу менен, ой-жугуртуусун остуруу.

Тарбиялык: Улууларга урмат,сый корсотууго тарбияланышат.

Сабактын жабдылышы: сурот,макал-лакаптар, буклеттер, акылдуу доска

Сабакта колдонулуучу ыкма: Интерактивдуу

Сабактын журушу: Саламдашуу, жагымдуу маанай, топторго болуу.

Балдар бугун биз силер менен

Жаманды жашырган,

Жакшылыгын ашырган.

Капилетте соз тапкан,

Капысынан коз тапкан,

Ойдодо обок, ылдыйда жолок болгон. Акылын айтып кенешин берген кадырман каарыларыбыздын майрамына арналган «Карысы бардын ырысы бар» деген темада ачык сабак отмокчубуз.

Силер билгендей кыргыз эли нарктуу, кадырлуу, туптуу эл экендиги тарыхтын карт барактарында сакталып, айтылып келет. Тубу туптуу, салттуу байыркы элибиздин жошоо шартында улуу адамдарга озгочо сый-урмат тиешелуу болуп келген. «Карысы бардын ырысы бар» деген кеп бекеринен айтылбагандыр. Мындай улуу салтыбыз кылымдардан кылымдарга чейин сакталып, оз маани манызын жоготпой бугунку кунго чейин келип жетти. Карылыр куну биринчи жолу Европада белгилей башташкан. 1990-жылы 14-декабрда Бириккен Улуттар Уюумунун Генералдык Ассамблеясында 1-октябрь «Карылырдын эл аралык куну» деп белгилешкен. Официалдуу турдо биз дагы белгилеп келебиз. Бирок, биз уюткулуу кыргыз эли кылымдар бою улууну урматтап келебиз

Кана балдар айткылачы: силер менен чогу уйдо чон ата, чон эне, таята, тайэнелеринер жашайбы? Аларга силер кандай мамиле кыласынар?

Окуучулар ойлорун айтышат:

-Мен чон атамдын колунан жетелеп сейилдетип келем.

-Кочодо колунда буюмдары болсо которушуп келем.

-Чон атам тамактан ооз тиймейинче эч кимибиз жебей турабыз. Коомдук жайлардан, маршруткалардан орун бошотуш керек.

Азаматсынар балдар мени аябай кубандырып койдунар ушунунардан жазбагылы деп алкыштайм.

Качан адам каарылыкка моюн суна баштаганда, анда социалдык-психологиялык маселелер коп жарала баштайт. Мисалы: эске тутуму, угуусу, коруусу начарлай баштайт. Мындай абалдан, жаштар аларды тушунбостон, таарынтып же туура эмес суйлошу толук мумкун. « Адам каарыса, жаш баланыкындай мунозго ээ болуп калат». Деп бекеринен айтылбаса керек. Андыктан жаш балдарга кандай аяр мамиле кылсак карыларга дагы ошондой мамиле жасоого туура келет.

Балдар андан силердин конулунорду томондогу видео тасмага бурам.

Мына балдар силер коргрндой убакыттын отушу менен биз баарыбыз каарылыкка моюн сунабыз.Кааласакта каалабасакта мындай нерсе биздин башыбызга келет. Ошондуктан. аларга жакшы мамиле жасап турсак, карыганда биз да ошончолук сый-урмат коробуз. Биз кары адамдарга каруу куч болуп, маанайларын которуп, алардын каарылыгынын бейпил отушуно, узак жашашына жардам берели балдар!!!

Балдар азыркы учурда копчулук ата-энелер чет жерде иштеп жургонуно байланыштуу ббиздин ардагер каарыларыбыз торобуздо сый-урмат коруп отургандын ордуно небере карап, алардын эжоопкерчилигин мойюна алып туйшук тартып олтурушат. Бугунку кундо бул олуттуу маселеге айланууда. Мисалы: силердин дагы копчулугунор чон ата, чон эне же таята, тайэнелеринер менен жашап жатасынар. Ошол апаларыбыздын ордуно апа, аталарыбыздын ордуна болуп олтурган каарыларыбызга майрамда кандай белектерди берет эленер?- деп мен сураганда

Жылдыздар тобунан: Калмырзаева Жумагул Чон энесине томондогудой ыр арнаганын окуп берди:

Энем менин асмандагы айга тен,

Энем менин гулдоп турган гулго тен.

Энем менин чалкып турган дениздей,

Жарык берген, жашоо берген кунго тен.

Шамдагайлар тобунан Болотбек кызы Нуриза тайэнесине арнаган томонку ыр саптарын айтып отту:

Энелик наамын актап балтыр бешик,

Баласын боорго кыскан эне кандай.

Балага, баласынын баласына,

Ал эне ырыс чачып аткан тандай.

Кыялкечтер тобунан Каратаев Нургазы тогондогудой ыр айтты:

Эне сага кандай мактоо жарашат,

Эне сенден ким сыймыкты талашат.

Эне менен тендеше албайт эч бир жан

Баардык мактоо сага гана жарашат.

Эмесе балдар, «Макал- создун гана корку» болбостон, тарбиянын башаты, манызы деп ойлойм.

Анда баарыбыз «Акыл кемесине» тушуп, досканын башындагы желбиреген желекке жетишишибиз керек. Желекке чейин алдыбыздан ушунчалык зор айсбергдер, тоскоолдуктар жолугат аларды макал айтуу менен дельфиндерге айландырыбыз. Дельфин-акылдуу, акылмандыктын, шамдагайлыктын символу катары каралат. Желекте: «Уул- кызы дайым сыйлап турса эгер, ата-эненин жузу жайнап нур себээр» деген Жусуп Баласагындын созу жазылып турат.

Окуучулар кызыл желеке жетиш учун макал айтышат.

Карынын кебин капка сал.

Улууга урмат, кичууго ызат

Ата намысын арсыз уул кетирет.

Атанды сыйласан абийир табасын, эненди сыйласан

элге жагасын.

Жылдыздар тобу коп макал айтып, биринчилерден болуп желекке т

жетишти. Мен аларга артыкча карточка берем.

Балдар бир куну кичинекей Асан атасынын толой турган карыздарын эсептеп жатканын коруп болмосуно жугуруп кетет. Мен деле чон энеме жардам бергеним учун акча алсам болот турбайбы деген ой келет дагы бир кагазга дуконго барып келгендигим учун 5 сом, гулдорго суу куйгандыгым учун 10 сом, короо шыпыргандыыгым учун 15 сом. баардыгы биригип 35 сом деп жазып ашканадагы столдун устуно коюп коёт. Чон энеси кагазды окугандан кийин эч нерсе дебей туруп 35 сомду кагаздын устуно коёт. Аны коргон Асан кудундап суйунуп акчаны алып чонтогуно салат. Бирок акчанын жанында энесинин жазган кагазына козу тушот. Ал кагазда Асандын энесине толой турган карыздары жазылган экен. Сени уч жылдан бери карап жатканым учун эч нерсе, сага тамак жасап бергеним учун эч нерсе, сен ооруганда караганым учун эч нерсе-баардыгы биригип эч нерсе деп жазып коюлган экен. Асан ал кагазды окугандан кийин чон энесинен кечирим сурап акчасын кайтарып берет. Кордунорбу балдар- эненин суйуусу баарынан кучту, ыйык суйуу экен. Ал-эч нерсеге алмашылбайт, эч нерсеге баганбайт. Бул дуйнодо силереге куйо турган адамдар- ата-эненер, чон ата, чон эненер, таята, тайэнелеринер гана.

Бар болсо ар бир уйдун каарысы,

Ошол болот бар байгыгы, ырысы.

Кары кебин журогундо сактагандын,

Кут куюлуп ойдо жылат жумушу . Демекчи кимдин уйундо каарысы болсо – кут,береке, ырыс, доолот, бакыт ошол уйдо болот экен. Балдар ошондрн улам карысы бардын ырысы бар деген накыл соз келип чыккан экен. Эми балдар сабагымдын аягында силер топтогон тустордон биз жол чырагын эмес жашоо чырагын жандырып алсак.

Кызыл тус- «Токто эсине кел» деген белги болсун.

Сары тус- «Дайымы жардамга даяр, тур» деген белги болсун.

Жашыл тус- «Азаматсынар дайыма акылдуу болгула» деген белги болсун.

Жыйынтыктоо: Жашыл тусту коп топтогон жылдыздар тобу женишке ээ болду.

Уй тапшырма: «Чон энемдин жомогу»


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!