Просмотр содержимого документа
«Катуу нерселер жөнүндө оюн»
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети Физика жана электроника факультети Физиканы окутуунун технологиялары кафедрасы
Катуу нерселер боюнча оюн сабак
Усенова Ширин
Ф(С)-1-12 группасы
Сабактын темасы: Аморфтук жана кристаллдык катуу нерселер
- Сабактын максаты:окуучуларга катуу нерселер боюнча жана алардын түрлөрү жөнүндө кененирээк түшүндүрүү.
- Сабактын тиби: арлаш типтеги сабак.
- Сабактын жабдылышы: 10-класстын окуу китеби, карточкалар,сүрөттөр,ж.б.
- Сабактын жүрүшү:
- Алгач окуучуларды 3 командага бөлүп, алардын капитанын шайлаттырып,команданын ураанын билип алабыз.
- 1-команда “Механика”
- 2-команда “Молекула”
- 3-команда “Атом”
Сабактын экинчи бөлүгүнө өтөбүз. Жаңы теманы жалпы класска кыскача түшүндүрүп беребиз.
Аморфтук жана кристаллдык катуу нерселер
Катуу нерселер суюктуктар менен газдардан айырмаланып, формасын жана көлөмүн актайт.Катуу нерселер эки топко бөлүнөт:
1) Кристаллдык катуу нерселер.
2) Аморфтук катуу нерселер.
Кристаллдык катуу нерселерге суюк металл,сымаптан башка бардык металлдар: кайнатма туз, тоо хрусталы, алмаз,изумруд, рубин, кумшекер ж.б.аморфтук катуу нерселерге пласимассалар, чайыр, айнек, нават, мом ж.б мисал болушат.
Кристаллдык катуу нерселер
Кристаллдык жана аморфтук катуу нерселер
Сабактын үчүнчү этабы: “Чыржырлуу аракет”
- Бул бөлүмдө мугалим өтүлүп жаткан темага байланыштуу бир сөз айтат,айтылган сөздүн акыркы тамгасы кайсы тамга менен бүтсө, ошол тамгадан кайра физикага байланыштуу бир сөз айтат.Ошонтип ал окуучу кийинкисине айтып, чынжыр үзүлбөшү керек.
- Мисалы: айнек –кумшекер—рубин—нават—туз—закон---ж.б
“ Тапкычтар” Бул катуу нерселердин кайсы түрү?
Ал эми бул...?
Кристаллдык жана аморфтук катуу нерселер эмнеси менен айырмаланышат?
Аморфтук катуу нерселерди отко койсо эмне болот?
- Кристаллдын ички түзүлүшүн изилдөөнү сунуш кылган окумуштуу ким?
- Поликристалл менен монокристаллдын айырмасы эмнеде?
- Катуу нерселер турмушта кайсыл жерлерде колдонулат?
- Аморфтук заттардын эрүү температурасы канча градуска барабар?
- Биз жеген кумшекер кандай нерсе?