СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кемтик сүйлөмдүн грамматикалык түзүлүшү

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кемтик сүйлөмдүн грамматикалык түзүлүшү»

Сабактын темасы - Кемтик сүйлөм

Сабактын максаты:

а) билим берүүчүлүк максаты: Окуучулардын атама сүйлөм боюнча алган билимдерин бышыктоо менен, кемтик сүйлөм боюнча түшүнүк алышат.

б) өнүктүрүүчүлүк максаты: Кемтик сүйлөмдөрдүн түзүлүшү, семантикасы жана аткарган милдеттери боюнча маалымат алышат.

3) тарбия берүүчүлүк максаты: Топтордо бири-бирин угуп, өз ара сыйлаша билишет.

Жогорудагы максаттарга жетти деп эсептейбиз, эгерде окуучу

а) кемтик сүйлөм боюнча түшүнүк алса;

б) кемтик сүйлөмдөрдүн түзүлүшү, семантикасы жана аткарган милдеттерин айырмалашса;

в) топтордо иштөөдө бири-бирин угуп, өз ара сыйлашса.

Сабактын тиби: Жаңы билимди берүү сабагы.

Сабактын методу: Интерактивдүү методдор.

Сабактын жабдылышы: Дидактикалык карточкалар жана методикалык колдонмолор.

Сабактын жүрүшү:

1) Уюштуруу;

2) Өтүлгөн теманы кайталоо,

үйгө берилген тапшырманы текшерүү. Үй тапшырманы текшерүүдө класс 3 топко бөлүнөт, доскада илинген ватмандагы конверттерде катылган суроолорду ар бир окуучу чыгып, тандап алып берилген суроосуна жооп берет, ошонун негизинде канчалык деңгээлде түшүнгөндүгүн аныктап алабыз. (Бул үчүн классака 3 минута убакыт берилет).

I топ үчүн:

Атама сүйлөм деген эмне? Грамматикалык түзүлүшү боюнча кандай түрдө колдонулат (жалаң, жайылма) мисал келтиргиле.

3) Атама сүйлөмдүн семантикасы, айтылыш максаты түрдүүчө болот. Ушул өзгөчөлүгүнө карай атама сүйлөмдөр бир нече түргө бөлүнөт, кайсы түрлөрү санап бергиле.(1.Зат, окуя, кубулуш. Мезгилдик.Орундук. 3. Заттын сандык кыймылдык атоо иретинде. 4. Табышты, элести атоо (тарстарс). 5. Эмоциялык. )

II топ үчүн:

1. Атама сүйлөмдү уюштурууну негизин кайсы сөздөр түзөт? (атооч сөздөр, зат атооч).

2. Бир тутумдуу сүйлөмдүн башка түрлөрү сыяктуу атама сүйлөмдөр да, татаал сүйлөм түзүлүшүндө кездешет кайсы учурда? (Поэзиялык чыгармаларда, табышмактарда)

3. Атама сүйлөм түзгүлө.

I II топ үчүн:

1. Жаз жана түн деген сөздөрдү катыштырып текст түзгүлө.

2. Капчыгай. Эки өйүзүндө тең карагай четин, арча калың өскөн. Атама сүйлөмдүн кайсы түрүнө кирет? (Зат, окуя, кубулуш)

3. Поэзияда жалаң жана атама сүйлөмдөн уюшулган татаал сүйлөмдөр барбы? Мисал келтиргиле. М.: Белен – белен, белен ат, бели жоон күрөң ат, аштан тойдон калбаган, арам өлгөн күрөң ат (үбөлүк.)

Класс иштеп жаткан учурда мугалим доскага числону, теманы жазат. М: (бирдин айынын он жетиси, күнгө дүйшөмбү.

Тема:) Демек, балдар атама сүйлөм деп кубулуштардын, окуянын, мезгилдин, орун-мейкиндиктин аттарын жалпы атоо иретинде айтылган бир тутумдуу сүйлөмдөр болуп эсептелет. Атама сүйлөм боюнча жакшы маалымат алыптырсыңар, эми биз бүгүн силер менен өтө турган темабыз – Кемтик сүйлөм.

Жаңы тема:

Мугалимдин сөзү: Кемтик сүйлөмдөр оозеки кепте жана көркөм адабий чыгармаларда көп кездешет. Алар ойду кыскача, эркин жана көркөм баяндоого мүмкүнчүлүк берет. Мисалы: - Окуучулар кайда кетишти? - Китепканага. Бул диалогдук кептин экинчи сүйлөмүндө ээси да, баяндоочу да айтылган жок. Ошондой болсо да, ээси «окуучулар», баяндоочу «кетишти» деген этиш сөз экендиги алдындагы толук сүйлөм аркылуу белгилүү болуп турат. Демек, китепканага деген – кемтик сүйлөм болуп эсептелет.

- Кана эмесе, кемтик сүйлөм кандай деп кандай сүйлөмдү айтабыз? Өзүңөр эреже чыгарып көргүлөчү? (окуучулар кемтик сүйлөм тууралуу эреже чыгарышат.) Мугалим алардын айткандарын толуктайт.

- Туура айтасыңар, балдар. Сүйлөмдүн баш же айкындооч мүчөлөрүнүн бирөө же экөө айтыблай калган, бирок анын кайсы сөз экендиги контексттен, жалпы жагдайдан белгилүү болуп турган сүйлөмдү кемтик сүйлөм деп айтабыз. Эгерде кемтик сүйлөмдү контекст менен, өзүнөн мурунку сүйлөм менен байланыштырбай, алардан бөлүп карасак, берилип жаткан ой таптакыр түшүнүксүз болуп калат.

Мисалы: «Андан бери айдалбаптыр» деген сүйлөмдү өзүнчө бөлүп алсак, толук түшүнүк ала албайбыз. Эми ушул сүйлөмдү контекст менен бирдикте алып көрөлү: Илгери бир кездерде Ак-Сайда кошчулар эгин эккен экен. Андан бери айдалбаптыр (Ч.А.)

Мында, биринчиден көптөн бери айдалбай жаткан жер Ак-Сай талаасы экендиги алдыңкы сүйлөмдөн белгилүү болуп турат. Экинчиден, жогоруда аталган кемтик сүйлөмдү өзүнөн мурунку толук сүйлөм менен бирдикте алганда, Аксайдын көптөн бери айдалбай жаткандыгы тууралуу ачык маалымат берип турат. Демек, кемтик сүйлөмдөр дайыма өзүнөн мурунку толук сүйлөмдөр дайыма өзүнөн мурунку толук сүйлөмдөр менен байланышта айтылат. Кемтик сүйлөмдөр монологдук кепте (бир киши тарабынан айтылган кепте) көп кездешет.

Мисалы: Бала андан ары кетти. Суу жээгине түштү.Ошо бойдон токтобостон сууга кирди. (Бул кимдин кайсы чыгармасынан алынгандыгы окуучулардан сурап койсо да ашык болбойт).

-Туура айтасыңар, Ч.Айтматовдун «Ак кеме» повестинен алынган. Бул үч жөнөкөй сүйлөм маани жагынан бири-бири менен байланыштуу. Үч сүйлөмдүн тең грамматикалык ээси бала деген сөз, бирок буга карап үч сүйлөмдө тең ээни катыштырып айтсак, алар стилдик жагынан начарлайт. Ошондуктан грамматикалык ээ 1-сүйлөмдө гана айтылды (Мугалим үч сүйлөмгө тең бала деген грамматикалык ээни катыштырып сүйлөмдөрдү окуп берет). Кемтик сүйлөмдөр диалогдук кепте (эки же бир нече кишинин сүйлөшүүсү) да көп кездешет. Диалогдук кептеги кемтик сүйлөмдөрдө, адатта, өзүнөн мурунку сүйлөмдө колдонулган сөздөр кайталанбайт, ошол себептүү алар түзүлүшү жагынан көбүнчө кыска келет. Мааниси жагынан болсо, угуучуга кандайдыр бир маанилүү, жаңы нерсе тууралуу кабар берет.

Мисалы:

- Алар кайра качан келишет?

- Бүрсүгүнү кечинде.

Бул диалогдогу 1-сүйлөм - толук сүйлөм. Ага жооп катары айтылган 2-сүйлөм - кемтик сүйлөм болуп эсептелет. Демек, диалогдук кептеги кемтик сүйлөмдөрдү да өзүнөн мурунку толук сүйлөмдөн бөлүп кароого болбойт. Бөлүп алсак, алар кандайдыр бир тыянактуу ойду билдире албай калат. Диалогдук кептеги кемтик сүйлөмдөрдө сүйлөмдүн баш жана айкындооч мүчөлөрүнүн айрымдары айтылбай калган учурлары

кездешет. Мисалы: (ушул жерден мугалим төмөнкү таблицаны илет да, ошонун негизинде түшүндүрөт ).

- Бүгүн чогулуш болобу? ⇦ Бул кемтик сүйлөмдөрдө ээси - Болот. } тушурулуп колдонулду.

- Тарбиячы кайда кетти?

- Окуучуларга кетти.

- Силерге ким керек эле, балдар?

Бул кемтик сүйлөмдөрдө → -Директор. баяндооч

-Класста канча окучу бар? түшүрүлүп айтылды - Отуз.

-Сен эрежени билесиңби? } ← Бул кемтик сүйлөмдө толуктооч - Билем. (эрежени) түшүрүлүп айтылды.

Дагы бир эске алуучу нерсе, диалогдун тутумундагы толук сүйлөм да, кемтик сүйлөм да жаңы солдон башталып жазылат. Алардын ар биринин алдына сызыкча коюлат. Мисалы:

- Сиздерде ылайыктуу жумуш табылабы?

- Табылат.

- Ата, биздикин көздөй чоңдор келе жатат.

- Келе берсин (Ч.А.)

- Балдар, кемтик сүйлөм тууралуу маалымат ала алдыңарбы? Анда азыр төмөнкүдөй тапшырмаларды аткарабыз. Мен силерге азыр текст таратып берем, силер диалог иретинде сүйлөшөсүңөр кемтик сүйлөмбү же толук сүйлөм экендигин аныктайсыңар.

1) - Аныңды кое тур, окуунун бизге кереги эмне? Дүйшөн кандай дээрин билбей, көзү алаңдай түштү.

- Баса, туура айтат! – деп, бери жактагылар да жабыла козголо берди. Биз жер кетмендеп, жер менен эле оокат кылган дыйканбыз. А биздин балдар окуу окуп эл сурап, өкмөт болот беле?

- Силер балдарды окутууга каршысыңарбы? – деп сурады.

- А каршы болгонду сен зордойсуңбу? Азыр элдин өз эрки, боштондукка чыкканбыз.

- Силер жер, суу бөлүп берген кеңеш өкмөтүнүн бала окутсун деп

мөөрүн баскан ушул кагазына каршы чыгасыңарбы?

- Мейли эмесе, кылар ишиң болбосо, окутсаң окутарсың – деп койду.

- Мен силерди жардам бергиле деп жатам. Тээ тиги байдан калган жаман аткананы оңдойлу көпүрө салыш керек, отун керек…

- Ой, жигит, кое турчу! – Сатымкул кераяк дагы да чырт түкүрүнүп, жумулган көзүн ымдап-ымдап алды.

- Тигини кара, ушулар да жыйындын четине келчү болуп алыптыр… Ч.Айтматов «Биринчи мугалим»

2) - Эмне, Шаке? Эмнеге кыйкырдың? – деди.

- Көрдүңбү, Бөкө! Тигине!.. Тигине түз эле мени көздөй чуркап келе жатып токтоп калды, - деп сөөмөйү менен корумдун арасындагы белгисиз бир жандыкты көрсөттү.

- Ал эмне экен? – деди Бөлөк.

- Билбедим, Бөкө, мени көздөй бет алып келе жатып, токтоп калды, - деди.

- Кантебиз, жүргүн, жакындап барып абайлап көрөлү, - деди Бөлөк.

- Аюу турбайбы, - деди.

- Эмне кылабыз Бөкө эми? – деди Шарше

- Бөлөк да токтой калып, ар жагын дагы акырындап басып келе жаткан аюуга тура калды.

- Жок айланайын Шаршеке, коркпо, коркпосоң ого бетер өнүгөт.

Кусеин Эсенкожоев «Саякатчы бала».

3) Көрүшпөгөнүбүзгө канча жыл болду…

Жыйырма бешпи, отузбу…

Азыр кандай болду экен?

- Кандай болмок эле. Кайра жашарды дейсиңби?!

- Капастан чыкты деп эбак эле уктум эле, андан кийин дайыны жок… Кайсы бир жерде иштеп жүрөт дейби… Аны көргөн киши бар бекен деги?

- Мен аябай эле издедим, бирок жолуктура албадым… Кайран талант, болбогон жерден күйүп кетти. Болбосо бу күндө мыкты акындарыбыздан болмок. Аны келечектин чоң таланты деп мен дайыма айтчы эмес белеем.

- Азыр бирдеме жазар бекен?

- Ал эмне кечикти? Чогулуп атканыбызды билбейби ал?

- Э, Мамбет, кээде тагдыр дегенге да ишенгим келет. Сабыр ошондой болот деп үч уктаса кимдин түшүнө кириптир.

- Өзүнөн көрсүн. Жел жүрбөй чөптүн башы кыймылдабайт.

- Анча эле эмне күйпөлөктөйсүң… Бөрү жеди дейсиңби… Келатат көрөр көзүң… Гүл терет имиш а киши…

Класс окуп чыгышат андан соң мугалимдин жыйынтыктоочу сөзү:

демек, балдар, толук жана кемтик сүйлөмдөр өз ара маанилик жактан ажырагыс тыгыз байланышта болот. Ошол себептүү биринин маанисин экинчиси толуктап турат.

Үйгө тапшырма берүү: «Бүгүн сабактан эмнелерди билдим?» деген темада кат жазуу

Окуучулардын билимин баалоо

Сабакты жыйынтыктоо


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!