СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кереметтин керемети-мыкты тарбия алган адам(А.А.Сухомлинский)

Категория: Завучу

Нажмите, чтобы узнать подробности

“Мугалим-адам  жан  дүйнөсүнүн  инженери”деген  керемет  накыл  кеп  айтылып  келет  элибизде. Мен  бул кесипти жан  дүйнөмдөгү  терең ишеним  менен адам  баласына  болгон  изги  сүйүүм менен  тандап  алганмын.

Просмотр содержимого документа
«Кереметтин керемети-мыкты тарбия алган адам(А.А.Сухомлинский)»

Кереметтин керемети-мыкты тарбия алган адам

А.А.Сухомлинский

Тарбиянын күчү керемет!

Мени ата-энем төрөлгөндө эле мугалим болуп төрөлгөнсүң -деп ушул күнгө чейин айтып келишет. Себеби алты жашымдан баштап өзүмөн кичүү бөбөктөрүмө тамгаларды, ыр бийлерди, үйрөткөнгө абдан шыктуу экем. Оюнчуктарымды тизип алып, аларды окуучум деп элестетим ойногон күндөрүм али бүгүнкү күнгө чейин эсимде.

“Мугалим-адам жан дүйнөсүнүн инженери”деген керемет накыл кеп айтылып келет элибизде. Мен бул кесипти жан дүйнөмдөгү терең ишеним менен адам баласына болгон изги сүйүүм менен тандап алганмын. Өзүмдүн мугалимдик өмүрүмдө жазып жүргөн жазма китепчелеримде көптөгөн барактар бар. Алардын ар бир бети бир гана-менин окуучуларыма арналган. Кечээ жакында эле бул беттерди барактап көргүм келди. Ар бир бала таптакыр бөтөнчө, сейрек учуроочу дүйнө. Балдарды тарбиялоо улуу чыгармачылык болуп саналат.

Менин өмүрүмдө башкы нерсе эмнеде? Ойлонбостон эле балдарды сүйүү деп жооп берем. Адамдын бакты таалай жөнүндө тушүнүгү кандай болсо,анын ошондой экенине терең ишенгендик менин педагогикалык ынынымдын каны-жаны болуп саналат.

Чыныгы тарбиялоо-бул баарынан мурда чыныгы адамдын бакты таалайы жөнүндө б.а. идеа,идеал үчүн жашоо жөнүндө камкордук көрүү. Биз тарбиялап жаткан адамда адептик жактан тазалык,рухий жактан байлык,дене жактан жетилгендик айкалышып турууга тийиш. Дүйнөдө адамдын инсанынан татаал жана бай эч нерсе жок,анын ар тараптан өнүгүшү, адептик жактан жетилиши-тарбиянын башкы максаты. Бул максатка жетүүнүн жолу адамдын өзү сыяктуу эле татаал.Тарбиянын алдыга коюлган максатына жетүүнүн жолу, б.а. тарбияланууда белгилүү бир адамдын сапатын калыптандыруу үчүн анын аң сезимине эркин таасир кылуунун амалы ”Манас”эпосунда айтылгандай,тарбиялануучунун “жүлүнүнө жетээр кеп айтуу, жүрөгүн өрттөп бек айтуу, ”б. а. ийкемдүү методика зарыл деп ойлойм. Кургак насаат менен чектелбей, аңгеме, түшүндүрүү, этикалык маек,өзүн-өзү тарбиялоо,адептик үлгү-өрнөк көрсөтүү, тапшырма берүү, талап коюу, материалдык жана моралдык кызыктыруу, мелдеш, сынчыл ойлом”мээ чабуулу”ж.б.у.с.турмуштун сыноосунан өткөн усулдук ыкма, айла амалдарды колдонуу керек. Мындай методдор тарбия ишин үзүрлүү натыйжага алып келет.

Педагогикалык иштин алгачкы жылдарында эле чыныгы мектеп-бул балдар билимге жана ыктарга ээ болуучу гана жай эмес экендигине түшүнгөм. Окуу бул баланын рухий турмушунун эң маанилүү, бирок жападан жалгыз чөйросү эмес. Биздин баардыгыбызга көндүм болуп,окуу тарбия процесси деп аталып калган нерсеге мен канчалык жакыныраак байкоо жүргүзгөн сайын, чыныгы мектеп-бул тарбиялануучу менен тарбиячыны көптөгөн таламдар жана кызыгуулар баш коштурган балдар коллективинин көп кырдуу рухий турмушу экендигине ошончолук көбүрөөк ынандым.

Биз ар бирибиз педагогикалык акылмандуулукту абстрактуу ишке ашыруучу болбостон,жандуу инсан болууга тийишпиз, өспүрүмгө дүйнөнү гана эмес о.э. өзүн да таанып билүүгө жардам беребиз.Биз өспүрүмдөр үчүн рухий турмуштун байлыгынын өрнөгү болууга тийишбиз.Өспүрүмдү акылман,интеллектуалдык жактан бай жана март адамчалык эч ким таң калтырып,артынан ээрчитип,эч бир күч мыкты адам болууну каалоо сезимин ойгото албайт. Биздин тарбиялануучуларда таланттуу математиктердин, физиктердин, тарыхчылардын, биологдордун, филологдордун, инженерлердин шыктары көмүскөдө жатат. Бул таланттар ар бир өспүрүм ансыз шык солуп жана алсырап кала турган”мүрөктүн суусун”тарбиячыдан кезиктиргенде гана ачылат.

Мен тарбиялоонун кубаттуу күчүнө – А. С. Макаренко, А. А. Сухомлинский жана башка көрүнүктүү педагогдор ишенген нерселерге бекем ишенем.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!