СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

«Химия кабинетинде иштөөдө техникалык коопсуздук эрежелерин сактоо. Лабораториялык идиштер менен таанышуу» Практикалык иш №1

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Көпчүлүк химиялык заттар уулуу, жегич келет, күйгүзүп жибериши мүмкүн. Кээ бир заттар оңой от алат же жарылып кетүү коркунучун туудурат.

Ошондуктан заттар менен иштегенде коопсуздук техника эрежесин так сактоо керек. Алар баяндалып жазылгандар тууралуу ар бир химиялык кабинетте бар, кээ бирлери менен кыскача таанышып өтөбүз.

Просмотр содержимого документа
««Химия кабинетинде иштөөдө техникалык коопсуздук эрежелерин сактоо. Лабораториялык идиштер менен таанышуу» Практикалык иш №1»


Сабакка чейин

Сабактын темасы: «Химия кабинетинде иштөөдө техникалык коопсуздук эрежелерин сактоо. Лабораториялык идиштер менен таанышуу» Практикалык иш №1

Сабактын методу: көрсөтмөлүү

Сабактын тиби: Аралаш

Сабактын формасы: практикалык сабак

Сабактын максаты

Көрсөткүчтөрү

А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Химия кабинетинде иштөөдө техникалык коопсуздук эрежелерин, химия кабинетиндеги лабораториялык идиштерди окуп үйрөнүшөт.

  • Химия кабинетинде иштөөдө техникалык коопсуздук эрежелерин айтып түшүндүрүп бере алышса.

  • химия кабинетиндеги лабораториялык идиштердин аттарын атап бере алышса.

Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук):

зат, заттардын касиеттери, химиялык идиштердин түрлөрү жана аны туура пайдалануу боюнча түшүнүгү өнүгөт. Заттарга туура, жоопкерчиликтүү мамиле жасоого тарбияланышат.

  • Заттардын адамдын организимине тийгизген таасирин айтып бере алышса.

  • Практикалык же лаборатория иш жасоодо идиштерди туура пайдалана алышса.

  • Заттарды бири-бирине куюштуруудагы коопсуздук эрежелерин айтып бере алышса.

Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет): Химия кабинетинде иштөөдө техникалык коопсуздук эрежелерин, химия кабинетиндеги лабораториялык идиштер, химиялык идиштердин түрлөрү жана аны туура пайдалануу боюнча маалымат алышат.

Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими (мурунку билими)): зат, заттардын касиеттери, айрым химиялык идиштер (пробирка, стакан ), кислотанын адамга терс таасири боюнча түшүнүгү бар.

Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.

Убакыт: 45 минута

Убакытты бѳлүштүрүү:Чакыруу этабы:6-8мин

Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):22-25 мин

Ойлонуу этабы (сабакты бышыктоо):12-12 мин

Сабак

Сабактын жүрүшү:

Чакыруу этабы:

Сабактын чөйрөсү: Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.

Жагымдуу маанай түзүү:

Yйдүн сүрөт толук эмес тартылган барактар тартылат.Бул сүрөттү толуктап тарткыла.Тартылган сүрөттөргө карата мүнөздөмө берилет. Окуучулардын ойлору менен бөлүшүү.

Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:

Жергиликтүү химия өнөр жайлары жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча маалымат таап келүү

Болжолдуу жооп:

Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүгүшүнүн бирден-бир ири багыты – жергиликтүү кен байлыктарды, металлургиялык комбинаттарды (алтын, сурьма, сымап, сейрек кездешүүчү металлдар, коргошун, калай ж. б.) химия өнөр жайларын ж. б. жандандырып иштетүү болуп эсептелет.

Химиялык өнөр жайларды иштетүүдөн калган зыяндуу заттарды атайын жасалган жайларда топтоо, алардын агын сууларга, көлмөлөргө агып кирбөөсүн камсыз кылуу, зыяндуу заттарды нейтралдаштыруу иштерин пландуу түрдө ишке ашыруу бүгүнкү күндүн талабы. Биз келечек муундарга жаратылыш байлыктарын сарамжалдуу пайдаланып, экологиялык жактан таза жаратылышты тартуулоого милдеттүүбүз.


Түшүнүү этабы(сабактын негизги болүгү):

Химиялык кабинеттиндеги иштөөнүн техникалык коопсуздук эрежелери

Көпчүлүк химиялык заттар уулуу, жегич келет, күйгүзүп жибериши мүмкүн. Кээ бир заттар оңой от алат же жарылып кетүү коркунучун туудурат.

Ошондуктан заттар менен иштегенде коопсуздук техника эрежесин так сактоо керек. Алар баяндалып жазылгандар тууралуу ар бир химиялык кабинетте бар, кээ бирлери менен кыскача таанышып өтөбүз.

1. Затты кол менен кармап, алардын даамын татып тек-шерүүгө болбойт.

2. Заттын жытын билүүдө идишти бетке жакын алып барбоо керек, буулар жана газдар дем алуу жолдорун дүүлүк-турүшу мүмкүн. Жытты билүү үчүн идиштин оозунан алакан менен бетти көздөй желпүү керек (1.1-сүрөт).

3. Мугалимдин көрсөтмөсү жок өзүңөргө белгисиз заттарды аралаштырбагыла.

4. Тажрыйбаларды аткарууда заттын аз үлүштөрүн алып пайдалангыла. Эгерде лабораториялык иштердин түшүндүр-мөсүндө берилген заттан анча-мынча алуу сунуш этилсе, анда катуу заттан болжол менен чай кашыктын 1/4 бөлүгүн, ал эми суюктуктан 1-2 мл алуу зарыл.

5. Кислоталар жана щелочтор менен иштегенде өзгөчө этият болгула. Алар жегич келишет. Эгерде кокустан кислота же щелочь колго же кийимге тийип калса анда аларды сууну мол агызып дароо жуугула.

6. Кислоталарга сууну кошкондо дайыма төмөндөгү эрежени эсиңерге сактагыла: кислотаны сызылтып, сууга жай куюп, сууну акырын аралаштырып туруу керек, тескерисинче жасоого болбойт (1.2-сүрөт).

7. Дайыма лабораториялык таза идишти жана дистирленген сууну гана пайдалангыла.

8. Заттардын калдыктарын таза заттар салынган идиштерге салбагыла жана куйбагыла.

9. Спирт шамын жана электр ысыткычтарын пайдаланып иштөөдө төмөндөгү эрежени сактагыла:

- Спирт шамын күйгүзүү үчүн күйгөн ширеңкени спирт шамынын оозуна алып келгиле.

- Спирт шамын пайдаланганда аны башка спирт шамынан күйгүзүүгө болбойт, анткени спирт куюлуп кетип, өрт чыгышы мүмкүн.

- Спирт шамынын жалынын өчүрүү үчүн, аны калпагы менен жабуу керек.

10. Электр ысыткычын тармакка кошуудан мурда, анын зымдарынын изоляциясын, зыянга учурабагандыгын текшергиле.

11. Эгерде электр ысыткычын тармакка кошкон убакта ысыганы билинсе, бул жөнүндө мугалимге билдиргиле.

12. Электр ысыткычы менен иштөөдө анын булганышына жол бербегиле.

13. Ишти аяктагандан кийин электр ысыткычын тармактан сөзсүз чыгарып койгула.

Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):

Сүрөттөгү химиялык идиштерди атагыла



Үйгѳ тапшырма:

Химия кабинетиндеги техникалык коопсуздук эрежелерин жана химиялык идиштердин аттарын жаттоо. Химиялык идиштердин сүрөтүн тартып аталышын жазуу.

Баалоо:


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!