Химия 8-класс
Тема: Физикалык жана химиялык кубулуштар
Физикалык кубулуштар
Ар бир зат физикалык касиеттерге ээ болуу менен бирге, башка заттарга айлануу жөндөмдүүлүгүнө да ээ болот. Заттардын айланышы деген эмне?
Элестетип көрөлүчү, биз сууну ысытсак, ал буулана баштайт. Бул учурда зат башка затка айландыбы? Жок, суунун бууланышы – бул физикалык кубулуш. Суунун буусу– бул суюктук түрүндө эмес, газ абалындагы химиялык зат, суу болуп саналат.
Физикалык кубулуштар – бул баштапкы зат башка жаңы затка айланбай, анын агрегаттык абалы же формасы гана өзгөргөн кубулуштар.
Химиялык кубулуштар же химиялык реакциялар
Темирдин дат басышын карап көрөлү. Темир нымдуу аба менен тийишкенде, аны дат басат. Темирдин даты – күрөң түстөгү морт зат. Демек, темир, кычкылтек жана суу менен аракеттенишип, темирдин датын пайда кылды, б.а. бир зат башка жаңы затка айланды. Бул кубулуш химиялык кубулуш болуп саналат. Ал эми химиялык кубулушту химиялык реакция деп аташат.
Химиялык кубулуштар же химиялык реакциялар – бул баштапкы заттардан курамдары, касиеттери боюнча айрымаланган жаңы заттарды пайда кылуучу кубулуштар.
Химиялык реакцияга катышкан заттар (мисалы: темир, кычкылтек жана суу), баштапкы заттар деп аталат.
Реакциянын натыйжасында пайда болгон заттар (темирдин даты), реакциянын продуктусу деп атал ат.
Ар бир химиялык затты физикалык жактан мүнөздөөгө болот
1. Агрегаттык абалы. Катуу, суюк, газ абалында жана плазма түрүндө болот. (Токамак– плазманы алуучу курал ).
2. Өңү–түсү. Металлдар күмүш сымал ачык түстөн, күңүрт–боз түскө чейин, көгүлтүр же кызгылт–сары өңдө кубулуп турат. Металл эместер түссүз (кычкылтек, азот), ак түстө (фосфор), сары, (күкүрт, хлор) кызгылт (фосфор), жашыл (фтор) же кочкул–боз (иод) түстө болушат.
3. Тыгыздыгы. Металлдардын ичинен эң жеңили – литий – 0,53 г/см 3 , эң оору – осмий – 22,7 г/см 3 .
Тыгыздыгы 5 г/см 3 чейин болсо жеңил металл, 5 г/см 3 оор болсо, оор металл деп эсептелинет
4. Жылуулукту жана электр тогун өткөргүчтүгү. Күмүш жана алтын башка металлдарга караганда электр тогун жана жылуулукту жакшы өткөрсɵ да, алардын кымбат болгондугуна байланыштуу күндөлүк турмушта жез жана алюминий кеңири колдонулат.
5. Балкуу жана кайноо температуралары . Физикалык касиеттерге кирет
Жыйынтык
Физикалык кубулуш учурунда заттардын курамы өзгөрбөйт, алардын агрегаттык абалы же формасы гана өзгөрөт. Ал эми химиялык реакциянын натыйжасында, баштапкы заттар жаңы заттарды пайда кылат.
Үй тапшырма
1. Төмөндө берилген кубулуштардын кайсынысы физикалык, кайсынысы химиялык экендигин аныктап, ар биринин жанына жазып чыккыла:
Чычаланын күйүшү-______________________
Туздун сууда эриши-_______________________
Ысытуудан жездин карарышы-_____________
Сүттүн ириши-_____________________________
Суунун бууланышы-________________________
Муздун эриши-_____________________________
Канттын кыпынга айланышы-___________ ____
2. параграф 21. 64-беттеги текшерүү үчүн суроолор, өз алдынча иштөө үчүн көнүгүүлөр