Просмотр содержимого документа
«Химиялык байланыш жөнүндө түшүнүктөр. Химиялык элементтердин терс электрдүүлүгү.»
Сабакка чейин
Сабактын темасы: Химиялык байланыш жөнүндө түшүнүктөр. Химиялык элементтердин терс электрдүүлүгү.
Сабактын методу: иллюстрациялап түшүндүрүү
Сабактын тиби: Аралаш
Сабактын формасы: Жаңы теманы түшүндүрүү
Сабактын максаты | Көрсөткүчтөрү |
А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Химиялык байланыш жөнүндө түшүнүктөр, химиялык элементтердин терс электрдүүлүгүн окуп үйрөнүшөт. | Химиялык байланыш; химиялык элементтердин терс электрдүүлүк; химиялык байланыштын түрлөрү; химиялык байланыштын пайда болушун айтып бере алышса. |
Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук): Атом, атомдун электрондук формуласы, мезгилдик система, жөнөкөй жана татаал зат, химиялык элемент боюнча түшүнүгү өнүгөт. Жаратылышты сүйүүгө, коргоого тарбияланышат. | Атом; атомдун электрондук формуласы; мезгилдик система; жөнөкөй жана татаал зат; химиялык элемент боюнча алган билимине таянуу менен химиялык байланыштын пайда болушун далилдүү жазып, көрсөтүп, түшүндүрүп бере алышса. |
Күтүлүүчү натыйжа:
Химиялык байланыш;
химиялык элементтердин терс электрдүүлүк;
химиялык байланыштын түрлөрү;
химиялык байланыштын пайда болушун айтып бере алышат.
Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет): Химиялык байланыш жөнүндө түшүнүктөр, химиялык элементтердин терс электрдүүлүгү боюнча маалымат алышат.
Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими (мурунку билими)): Атом, атомдун электрондук формуласы, мезгилдик система, жөнөкөй жана татаал зат, химиялык элемент боюнча билими бар
Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.
Убакыт: 45 минута
Убакытты бѳлүштүрүү:Чакыруу этабы:6-8мин
Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):22-25 мин
Ойлонуу этабы (сабакты бышыктоо):12-12 мин
Сабак
Сабактын жүрүшү:
Чакыруу этабы:
Сабактын чөйрөсү: Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.
Жагымдуу маанай түзүү: Комплимент дарагы
Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:
1.Төмөндөгү айлануулардын реакцияларынын теңдемелерин түзгүлө:
C → CO2 → H2CO3 → CaCO3 → CaHPO4
Түшүнүү этабы(сабактын негизги бөлүгү):
1.Заттардын түзүлүшү, химиялык байланыш.
Зат – бул тынч абалында белгилүү бир массага ээ болуп, биздин аӊ сезимибизен тышкары жашап, сезим органдарыбызда туюну пайда кылуучу материанын бир түрү. Мисалы;суу, кант, туз ж.б.
Химиялык байланыш - химиялык жактан туруктуу болгон молекула, кристаллдар, комплекстер ж. б. заттарды түзүүнү шарттаган атомдордун өз ара тартылуусу.
Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):
Мугалимдин иш аракети: | Суроо-жооп, аӊгемелешүү менен сабак лекция түрүндө өтүлөт. |
1.Уюлдуу коваленттик байланыш деген эмне? 2. Уюлсуз коваленттик байланыш деген эмне? 3. Иондук байланыш деген эмне? | |
Үйгѳ тапшырма:
1. Химиялык байланыштардын бекемдиги эмне менен аныкталат.
Баалоо: