СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Химиялык байланыштын типтери. Коваленттик байланыш . Донордук-акцептордук байланыш

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Химиялык  байланыштардын  негизинде  элементтердин  атомдору  бири-бири  менен кошулуп молекулаларды, иондорду жана эркин радикалдарды пайда кылат.

Просмотр содержимого документа
«Химиялык байланыштын типтери. Коваленттик байланыш . Донордук-акцептордук байланыш»

Сабакка чейин

Сабактын темасы: Химиялык байланыштын типтери. Коваленттик байланыш . Донордук-акцептордук байланыш

Сабактын методу: Репродуктивдүү

Сабактын тиби: Аралаш

Сабактын формасы: Аӊгемелешүү


Сабактын максаты

Көрсөткүчтөрү

А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Химиялык байланыштын типтери, коваленттик байланыш, донордук-акцептордук байланыш, заттардын түзүлүшүн окуп үйрөнүшөт.

  • Химиялык байланыштын түрлөрү;

  • химиялык байланыштын пайда болушун түшүндүрүп бере алышса.

Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук): Зат, заттын түзүлүшү, терс электрдүүлүк, атомдун түзүлүшү боюнча түшүнүгү өнүгөт. Ар бир айтылган ойду баалоого тарбияланышат.

  • Заттын курамын;

  • атом менен атом;

  • молекула менен молекулалардын ортосундагы тартылуу күчүн түшүндүрүп бере алышса жана ар бир айтылган ойду баамдай алышса.

Күтүлүүчү натыйжа:

  • Химиялык байланыштын пайда болушун билишет

  • Химиялык байланыштын түрлөрүн айырмалап билип, касиеттерин айырмалап билишет,

  • Химиялык байланыштын түрлөрү менен байланышкан заттарды айырмалап билишет.

  • химиялык байланыштын биологиялык маанисин билишет.

Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет?): Заттардын түзүлүшү жана химиялык байланыштар жөнүндө түшүнүгү бекемделет жана өнүктүрүлөт.

Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими(мурунку билими): Заттар, алардын түзүлүшү, химиялык байланыштардын түрлөрү боюнча түшүнүгү бар.

Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.

Убакыт: 45 минута

Убакытты бѳлүштүрүү:Чакыруу этабы:6-8мин

Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):22-25 мин

Ойлонуу этабы (сабакты бышыктоо):12-12 мин

Сабак

Сабактын жүрүшү:

Чакыруу этабы:

Сабактын чөйрөсү: Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.

Жагымдуу маанай түзүү:

Адамдын баш мүчөсүнүн сөлөкөтүнө окшогон сүрөт таратылат.

Адамдын сүрөтүн толуктап же жанына кайра тартуу керек.

Сүрөттү чечмелөө:Эгерде сүроттү толуктап тартса бул адамдар теорияга негиздеп иш кылат ишине так адамдар болушат.

Эгерде сүрөттүн жанына кайра тартса бул адамдар ойлоп тапкыч чыгармачыл адамдар болушат бул адамдар эркиндикти сүйүшөт өз алдынча чечим чыгара алышат.Интуциясы күчтүү адамдар

Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:

1. Химиялык байланыштардын бекемдиги эмне менен аныкталат.

Түшүнүү этабы(сабактын негизги бөлүгү):

1.Заттардын түзүлүшү, химиялык байланыш.

Зат – бул тынч абалында белгилүү бир массага ээ болуп, биздин аӊ сезимибизен тышкары жашап, сезим органдарыбызда туюну пайда кылуучу материанын бир түрү. Мисалы;суу, кант, туз ж.б.

ХИМИЯЛЫК БАЙЛАНЫШ

Химиялык элементтер жаратылышта атом түрүндө эмес, негизинен жөнөкөй жана татаал заттар түрүндө кездешет. Асыл газдар гана - гелий, неон, аргон, криптон жана ксенон табиятта атомдук абалда кездешет. Бул асыл газдардын атомдорунун электрондук катмарларынын туруктуулугу менен түшүндүрүлөт. Башка бардык жөнөкөй жана татаалзаттарда атомдор бири-бири менен химиялык байланыштар аркылуу бириккен абалда болот. Химиялык байланыштардын негизинде элементтердин атомдору бири-бири менен кошулуп молекулаларды, иондорду жана эркин радикалдарды пайда кылат.

Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):

Мугалимдин иш аракети:

Суроо-жооп, аӊгемелешүү менен сабак лекция түрүндө өтүлөт.

1.Кандай химиялык байланыштарды билесиӊер?

2. Коваленттик байланыш кандай байланыш ? К.б менен кандай заттардын молекуласы байланышат?

3.Иондук байланыш менен кандай заттар байланышат ?


Үйгѳ тапшырма:

Төмөнкү суроолорго жооп берүү

1. Төмөндөгү заттардын кайсыларынын молекулалары уюлсуз коваленттик байланышта?

а) HCl, Cl2, H2O;

б) H2, O2, CH4;

Баалоо:




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!