СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Химиялык формулалар боюнча эсептөөлөрдү жүргүзүү. Салыштырмалуу молекулалык масса.

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Химиялык формулалар — заттар курамын химиялык белгилер (символдор) жардамы менен туюнтуу. Xимиялык  формула элемент атомунун символунан түзүлүп, ар бир элемент канча атому бар экендиги бүтүн сан менен берилип, молекуладагы атомдор өз ара байланышын көрсөтөт.

Просмотр содержимого документа
«Химиялык формулалар боюнча эсептөөлөрдү жүргүзүү. Салыштырмалуу молекулалык масса.»

Сабакка чейин

Сабактын темасы: Химиялык формулалар боюнча эсептөөлөрдү жүргүзүү. Салыштырмалуу молекулалык масса.

Сабактын методу: Айтып берүү

Сабактын тиби: Аралаш

Сабактын формасы: Жаңы теманы түшүндүрүү


Сабактын максаты

Көрсөткүчтөрү

А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Химиялык формулалар боюнча эсептөөлөрдү жүргүзүүнү, салыштырмалуу молекулалык массаны эсептеп чыгарууну окуп үйрөнүшөт.

  • Химиялык формулалар боюнча эсептөөлөрдү өз алдынча жүргүзө алышса;

  • салыштырмалуу молекулалык массаны эсептеп чыгаруу боюнча көнүгүүлөрдү өз алдынча аткара алышса.

Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук):

Химиялык формула, валенттүүлүк, эсептөөлөрдү жүргүзүү жолдору, татаал заттардагы химиялык элементтердин массалык үлүштөрүн эсептөө боюнча түшүнүгү өнүгөт. Жоопкерчиликтүү болууга тарбияланышат.

тапшырмаларды жана көнүгүүлөрдү аткарууда

  • Химиялык формула;

  • Валенттүүлүк;

  • эсептөөлөрдү жүргүзүү жолдору;

  • татаал заттардагы химиялык элементтердин массалык үлүштөрүн эсептөө деген түшүнүктөрдү туура өз орду менен пайдалана алышса;

  • химиялык формуланы туура так жаза алышса;

  • эсептөөлөрдү жүргүзө алышса.

Күтүлүүчү натыйжа:

  • Химиялык формулалар боюнча эсептөөлөрдү өз алдынча жүргүзө алышат;

  • салыштырмалуу молекулалык массаны эсептеп чыгаруу боюнча көнүгүүлөрдү өз алдынча аткара алышат.

Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет): Химиялык формулалар боюнча эсептөөлөрдү жүргүзүүнү, салыштырмалуу молекулалык массаны эсептеп чыгарууну боюнча маалымат алышат.

Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими (мурунку билими)): Химиялык формула, валенттүүлүк, эсептөөлөрдү жүргүзүү жолдору боюнча түшүнүгү бар.

Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.

Убакыт: 45 минута

Убакытты бѳлүштүрүү:Чакыруу этабы:6-8мин

Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):22-25 мин

Ойлонуу этабы (сабакты бышыктоо):12-12 мин

Сабак

Сабактын жүрүшү:

Чакыруу этабы:

Сабактын чөйрөсү: Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.

Жагымдуу маанай түзүү:

Комплимент баштыкчасындагы комплимент жазылган барактарды алып ошушат (ар бир окуучу бирден).

Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:

1. Элемент валенттүүлүгүн кычкылтек жана суутек боюнча аныктагыла:

FеО, Fе2O3, N205, NO2, NO,

Түшүнүү этабы(сабактын негизги болүгү):

Химиялык формулалар — заттар курамын химиялык белгилер (символдор) жардамы менен туюнтуу. Xимиялык формула элемент атомунун символунан түзүлүп, ар бир элемент канча атому бар экендиги бүтүн сан менен берилип, молекуладагы атомдор өз ара байланышын көрсөтөт. Зат курамына кирген атомдор жана алардын сандык катышын гана көрсөткөн, ал эми ортосундагы химиялык байланыш жаратылышын көрсөтпөгөн формула эмпирикалык формула деп аталат.

Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):


Мугалимдин иш аракети:

Суроо-жооп, аӊгемелешүү менен сабак лекция түрүндө өтүлөт.


1. Эгерде курамында: а) темир атому жана хлор үч атому; б) алюминий эки атому жана кычкылтек үч атому; в) кальций, көмүртек атому жана кычкылтек үч атомунан турган заттын хи-миялык формуласын жазгыла, алардын салыштырмалуу молеку-лалык массаларын эсептеп чыгаргыла.



Үйгѳ тапшырма:

1. Массалык процент менен алганда курамы К - 39,7%, Мn - 27,9% жана O - 32,4% турган бирикменин жөнөкөй формуласын аныктагыла.

Баалоо:




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!