СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Китептин кадыр баркы канчалык

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кайра-кайра окуган сайын кайрат-күч кошулуп, шык пайда болуп, идеялар жанданып, жүрөктө баатыр от сезим күчөп, жашоонун тереңиндеги мазмунду адамдык бийиктик түзөөрүнө түшүнүп калууга жетсек, мындай керемет күчтүн ээси – жакшы китеп болуп саналат. “Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы” да публицистикалык стилде жазылган дал ошондой мазмундуу жана маанилүү китеп. Өнүгүүнү өздөрүнөн өзгөчөлөнтүп баштаган адамдардын аз эле сабы улам көбөйүп, бир өлкөнүн деңгээлин ар тараптуу көтөрүп, жаңыча жакшы нукка бургандыгына ушул китептеги окуялар далил болуп берет.

Просмотр содержимого документа
«Китептин кадыр баркы канчалык»

Китептин кадыры канчалык?

Кайра-кайра окуган сайын кайрат-күч кошулуп, шык пайда болуп, идеялар жанданып, жүрөктө баатыр от сезим күчөп, жашоонун тереңиндеги мазмунду адамдык бийиктик түзөөрүнө түшүнүп калууга жетсек, мындай керемет күчтүн ээси – жакшы китеп болуп саналат. “Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы” да публицистикалык стилде жазылган дал ошондой мазмундуу жана маанилүү китеп. Өнүгүүнү өздөрүнөн өзгөчөлөнтүп баштаган адамдардын аз эле сабы улам көбөйүп, бир өлкөнүн деңгээлин ар тараптуу көтөрүп, жаңыча жакшы нукка бургандыгына ушул китептеги окуялар далил болуп берет. Бул китеп мындан 90 жыл мурда, т. а. 1923-жылы орус тилинде жазылган. Ошол эле жылы колжазмасынан серп тилине которулуп, китеп болуп чыгарылган. Серп тилинен болгар тилине которулган. Орус тилиндегиси биринчи жолу 2004-жылы «Страна белых лилий» деген аталышта басылып чыккан жана бетачары Хелсинки шаарында өткөрүлгөн. Окуя баяндалган мамлекеттеги элдин тилине - финчеге 1978-жылы чыгарманын түпнускасы болгон орус тилинен эмес, түрк тилинен которушкан. Мына кызык! Көптөгөн тилдерге байма-бай которулуп, бир нече басылышта жарык көргөн. Болгар тилинде 14 жолу, түрк тилинде 16 жолу жарыкка чыккан. Автору Григорий Спиридонович Петров (1866-1925) китепти жазгандан 2 жылдан соң каза тапкан. Китептеги каармандардын бири тууралуу кыскача белгилеп өтөлү ...Дарыгер атак үчүн иштебеди, ак дилинен иштеди, акы алууну да эңсебеди. Элдин баары анын атынын ким экенин билбеди, бирок аты ДАРЫГЕР деп коюлган сындуу өзгөчө урмат менен дарыгер деп атап жүрүштү. Ал каза болгондон кийин да эң жакын адамы, атасы каза тапкандай унутпай эскеришти. Алар армияны кантип оңдоду? Элдин жашоо жагдайын кантип жакшыртты? Маданий деңгээлди кандай жолдор менен көтөрө алды? Өлкөнү өнүктүрүүнү эмнеден баштап, кантип бүгүнкү өркүндөгөн турмушун түптөй алышты? Биз деле, кыргызстандыктар, өлкөбүздү ошол окшош эл сыяктуу алдыга көтөрүп чыгарсак болбойбу?! Ушул суроолордун баарынын жообун Финляндиянын өнүгүү тарыхындагы сырларды камтыган ушул китептен орошон окуялары менен кошо таба алабыз. Кимде-ким өлкөнүн өнүгүшүнө же болбосо кичимекенинин, а балким кичинекей мамлекети деп аталган үй-бүлөсүнүн гүлдөп өнүгүшүн кааласа, бул китепти маани берип окуп, мазмунунан сабак алууга тийиш. Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!