СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Класстан тышкаркы иштер

Категория: Физика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Класстан тышкаркы иштер»

Окуучулардын физика боюнча илимий коому,жогорку класстарга өтүлүүчү конференциялар жана диспуттар.


Мында окуучуларга билим жана тарбия талим процессинин физика боюнча класстан тышкары иштерин жүргүүзүнүн милдеттери, формалалары жана мазмуну каралган, ошондой эле окуу иш аракеттерди калыптандыруу аркылуу алардын өз алдынча өнүгүп-өркүндөтүү жаатында актуалдуу маселелер көрсөтүлгөн.

Негизги сөздөр: орто мектеп, класстан тышкары иштер, өз алдынча иштер, активдештирүү.

Азыркы мезгилде мектептерибизде жыл өткөн сайын окуучулардын физика предметине болгон кызыгуусу солгундап барат. Мындай абалдын келип чыгышынын себептеринин бири – окуучулардын физиканы түшүнө бербегендигинин натыйжасы, анткени физика түшүнүктөрү абстракту берилет.Физика предмети азыркы илимий-техникалык прогресстин өркүндөшү, ошондой эле адамзаттын ар тараптан интелектуалдуу өнүгүп өсүүсү үчүн эң зарыл жана чоң роль ойнойт. Бардык мугалимдер менен катар физика мугалиминин алдындагы маанилүү маселе: окуучуларга белгиленген билимдердин суммасын маалыматтоо, алардын билгичтиктерин,көндүмдөрүн өнүктүрүү гана эмеc, алган билимдерин практикада колдонууга үйрөтүү. Муну жүзөөгө ашырууга предмет боюнча класстан тышкаркы сааттарда ыңгайлуу шарт түзүлөт. Анткени сабак учурунда убакыт чектелүү болгондуктан мугалим программанын чегинен чыкпайт. Бул учурда окуучулардын талаптарын алып, ошого жараша ар бир окуучу менен жекече иш алып барууга мүмкүн эмес.Класстан тышкаркы иштер окуучулардын сабак учурунда алган билимдерин тереңдетүү жана кеңейтүү менен бирге, алардын предметке болгон кызыгуусун жогорулатат. Окуучулардын предметке кызыгуусун ойготмоюн эффективдүү билим берүүгө мүмкүн

эмес. Мисалы, окуучулар ийримдин сабактарында, конференцияларда жана кечелерде тигил же бул кубулуш менен түздөн-түз таанышып, анын маңызын

терең түшүнүүгө аракет кылат. Ал боюнча кошумча адабияттарды да окугусу келет.

Класстан тышкаркы иштер окуучуларды өз алдынча чыгармачыл иштөөгө көнүктүрүп, алардын иштерине илимий изилдөөчүлүктүн элементтерин

киргизет, келечектеги кесибин тандоосуна таасир берет. Ошондой эле, окуучунун инсанын коллективдин мүчөсү катары калыптандырууга шарт түзүп, анын тапшырылган ишке карата жоопкерчилик сезимин тарбиялайт, эмгек ишмердүүлүгүнө даярдайт.

Класстан тышкары иштер мугалимге өз окуучуларынын жеке жөндөмдүүлүктөрүн жакшылап билүүсүнө, физикага кызыккан окуучуларды аныктоосуна жана кызыгууларын ар тараптуу өнүктүрүүсүнө жардам берет. Класстан тышкары иштин класстык жана класстан тышкаркы формаларынын айкалышы сабакты байытып, аны окуучулар үчүн кызыктуу болгон жаңы мазмун менен толуктайт.

Мектепте физика боюнча класстан тышкары иштердин уюштууручулары жана жетекчилери болуп физика мугалимдери эсептелет. Мугалим класстан тышкары ишти жетектөөгө даярданууда баарынан мурда предмет боюнча класстан тышкаркы иштерди алып баруунун ар кандай ыкмалары жана

формалары менен тааныш болушу керек. Ошондой эле бул ишти аткаруунун ар кандай формаларын колдонуу менен ар бир окуучу сыртта калбастан өз

күчүн, өз мүмкүнчүлүгүн, жөндөмүн көрсөтө билгидей шарт түзүү мугалимдин педагогдук милдети. Буга жогорку окуу жайында окуунун бүтүндөй процессинде, атайын психологиялык-педагогикалык

дисциплиналар, педагогикалык практикалар аркылуу даярдык көрүлөт.

Биз орто мектепте класстан тышкаркы иштерди жүргүзүү боюнча практика учурунда, атайын курстар, атайын семинар сабактары аркылуу билебиз.

Сабактардын учурунда биз алгачкы ык көнүмүштөргө жана билимдерге ээ болобуз.

Орто мектепте физика боюнча класстан тышкары иштерди өткөрүү пайдалануу натыйжалуу шарттарды түзөт.Өсүп келе жаткан жаш муундарга билим жана тарбия берүүдө класстан тышкары иштердин системасы чоң роль ойнойт.

Класстан тышкаркы иштер – окуудан тышкары убакытта окуучулардын билим, билгичтик жана көндүмдөрүн өркүндөтүү жана тереңдетүү, өз алдынчалыгын жана жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү, ошондой эле алардын акыл-эстүү эс алуусун камсыздоо үчүн мектеп тарабынан уюштурулган максаттуу иш-чаралар, башкача айтканда класстан тышкары иш бул

класс жетекчилер, предметтик сабактын мугалимдери тарабынан сабактан кийинки убактарда окуучунун инсанын калыптандырууга багытталган иштердин системасы. Сабактарга караганда класстан тыш-

кары иштер бир катар артыкчылыкка ээ. Аларга төмөндөгүлөр кирет:

1. Ар түрдүү формада өткөн класстан тышкары иштер окуучунун жекече өзгөчөлүгүн ачып көрсөтүүгө шарт түзөт.

2. Окуучунун сабактарда алган билимдерин тереңдетүүгө, жеке тажрыйбасын байытууга мүмкүнчүлүк түзөт.

3. Окуучунун шык жөндөмүн өстүрүүгө жардам берет.

4. Ар түрдүү формада өтүлгөн класстан тышкары иштин формалары окуучуну коллективде иштөөгө үйрөтөт.

Мектепте иштөөнүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, предметке болгон кызыгуунун өнүгүшүн жалаң эле окулуп жаткан материалдын мазмунуна толук боюнча оодарып коюуга жарабайт. Материалдын мазмунуна карата гана таанып-билүүчүлүккө байланышкан булактар боюнча маалыматтарга кызыгуу, сабактагы кырдаалдык жагдайга болгон кызыгууга алып келиши ыктымал. Эгерде окуучулар активдүү иш аракеттерге тартылбаса, анда каалагандай мазмундуу эсептелген материал аларда предметке болгон үстүртөн кызыгууну пайда кылат да, таанып-билүүчүлүк кызыгууну пайда кылбайт. Ошондуктан, окуучуларда таанып билүүчүлүк кызыгууну калыптандырууда өзгөчө орун – эффективдүү педагогикалык каражат болуп эсептелген предмет боюнча класстан тышкары иш чаралар эсептелинет.

Класстан тышкаркы иштер мугалимге да, окуучулардын жеке өзгөчөлүктөрүн, жөндөмдүүлүктөрүн ачып, алардын физикага болгон кызыгууларын аныктап, анын андан ары өнүгүшүнө көмөк түзүүгө шарт

түзөт.

Класстан тышкары иштер мектептин окуу-тарбия иштеринин негизги элементи жана органикалык бир бөлүгү болуп эсептелет. Анын негизги максаты окуучулардын илим, техника, искусство боюнча чыгармачыл жөндөмдүүлүктөрүн жана өз алдынчалуулугун өнүктүрүү.




Класстан тышкаркы иштердин формалары




Объектиге таасир этүүсүнө жараша:

Тарбиялык иштин багытына, мазмунуна жана милдетине жараша:









Груп-палык

Масса-лык

Же-кече

Адеп-тик

Эстети-калык

Экология-лык ж.б.у.с







Класстан тышкары иштердин формасы – бул анын мазмунунун ишке ашыруу шарты. Мектеп практикасында колдонулуп келе жаткан класстан

тышкары иштердин формалары педагогикалык адабияттарда төмөндөгүдөй классификацияланган. Мектептердеги класстан тышкары иштер ар түрдүү формада уюштурулуп, окуучулардын кеңири катмарын камтыйт.

Класстан тышкаркы иштерди уюштуруу формаларына:

а) Мектептеги окуучулар кружоктору (предметтик).

б) Идеялык-массалык иштер (докладдар, аңгемелер, лекциялар, окуу конференциялары, мамлекеттик, улуттук, мектеп майрамдары, диспуттар, конкурстар, кароолор, көргөзмөлөр, экскурсиялар, мелдештер,жолугушуулар, тематикалык кечелер, фильмдерди көрсөтүү жана башкалар).

в) окуучулар менен жекече иштөө (китеп окуу,техникалык,) ж.б. кирет.

Булардын баары негизинен ата-энелердин катышуусу менен ишке ашууга тийиш.

Класстан тышкаркы иштер өз кезегинде окутуу процессиндегидей эле билим берүүчүлүк, өстүрүүчүлүк, тарбиялоочулук функцияларды аткаруу менен төмөндөгүдөй милдеттерди чечүүгө багытталган:

1. Окуучунун инсандык асыл сапаттарын, дүйнөгө көз карашын калыптандыруу.

2. Окуучунун таанып билүү кызыгуусун өстүрүү.

3. Ар түрдүү чыгармачыл иш аракетке болгон муктаждыгын пайда кылуу.

4. Кызматташтык коллективизм сезимин калыптандыруу.

5. Окуучунун оң жагдайды көздөгөн “Мен” концепциясын калыптандыруу.

Ал эми физика боюнча класстан тышкаркы иштердин милдеттери 1-таблицада берилди.



Физика сабагы боюнча класстан тышкары иштердин милдеттери




















Окуучулардын физикалык теориялар, кубулуштар,

закондор, илим менен техниканын өнүгүш тарыхы боюнча билимдерин тереңдетүү;


Окуучуларды физикалык

Эксперименттерди аткарууга, куралдарды конструкциялоого,

изилдөөчүлүк ишке кызыктыруу;




Илим менен техниканын

жетишкендиктерин

даңазалоо;


Окуучуларды илимий адабияттар менен өзалдынча иштөөгө үйрөтүү;

Жоопкерчиликти

арттыруу, кечелерге, өргө

даярдануу окуучулардын

коллективдүү түрдө

иштөөсүн талап кылат,

аларды жеке кызыкчылы-

гынан коллективдин

кызыкчылыгын жогору

коюга үйрөтөт;


Таланттуу окуучуларды

мектептеги

окуучулардын арасында

даназалоо;




Физика кабинетинин

курал-жабдыктарын

жакшыртуу;





Окуучулар менен кесип

тандоо багытында иш

жүргүзүү ж.б.







Окуучулар менен кесип тандоо багытында иш жүргүзүү ж.б.

Бул милдеттерди аткаруу менен класстан тышкары сабактар класстагы сабакка оң, таасирин тийгизет. Анткени, ийримдин мүчөлөрү материалды тереңирээк, толугураак окушат, андан сырткары кошумча адабияттарды да окушат, алган билимдери жөнүндө класстагы окуучулар менен пикир алмашып, аларды да кызыгууга тартышат, мугалимдин тигил

же бул экспериментти коюусуна, приборлорду чогултуусуна, алардын бузулган жерлерин оңдоосуна жардам беришет.

Класстан тышкары иштердин системасы ар түрдүү формаларда, жагдайларда ситуацияларда, шарттарда өткөрүлсө дагы аларды уюштурууга төмөндөгүдөй принциптер коюлат:

- окуучулардын ыктыярдуу, өз каалоосу менен катышуусу;

- окуучулардын өз алдынчалыгына, демилгелүүлүгүнө негизделиши;

- окуучулардын чыгармачылык мүнөзгө ээ болгон иш аракетинин болушу;

- окуучунун жекече жана жаш өзгөчөлүктөрүнүн эске алынышы;

- класстан тышкаркы иштердин уюштурулушу, ырааттуулугу, биримдиги, өз ара байланышта болушу;

- класстан тышкаркы иштердин системасы окуучунун оң эмоциясын пайда кылышы.

Мектеп практикасында физика боюнча класстан тышкаркы иштердин түрдүү формалары түзүлдү.

Алардын негизгилери: физикалык жана физика-техникалык ийримдер, кечелер жана конференциялар, окуучулардын докладдары жана рефераттары, физика жана техника боюнча класстан тышкаркы окуулар, физикалык олимпиадалар жана конкурстар, физикалык лекторийлер, физика жана техника боюнча көргөзмөлөр, дубал газеталарды, бюллетендерди

жана журналдарды чыгаруу, илимий популярдуу жана окууга арналган фильмдерди көрсөтүү, программадан тышкары экскурсиялар, физикалык жумалыктар, декадалар ж.б. Демек, окуучулардын чыгармачыл ишмердүүлүк менен алынган билимдери бышык болот жана көп убакытка сакталат.
















Адабияттар:


1. Койчуманов М.К., Мурзаибраимова Б.Б., Дөөлөталиева А.С. «Мектеп физикасы боюнча класстан тышкаркы иштер». Мугалимдер жана студенттер үчүн кошумча окуу куралы. - Бишкек, 2009.

2. Койчуманов М., Исаева Р. У. «Физика мугалимдерин класстан тышкаркы иштерди өткөрүүгө даярдоо». -Бишкек, 2014.

3. Койчуманов М.К. «Окуучулардын физикадан билим сапаттарын жогорулатуунун рационалдуу жолдору». -Бишкек, 2007.

4. Койчуманов М.К., Анарбекова М. «Орто мектептерде физика боюнча класстан тышкаркы иштерди уюштуруунун ролу жана мазмуну». Журнал «Эл агартуу» №3-4, 2015. 12-15-беттер.

5. Ланина И.Я. Внеклассная работа по физике. М.:«Просвещение», 1877.

6. Мамбетакунов Э. «Физиканы окутуунун теориясы жана пратикасы». -Бишкек, 2004.

7. Шамырканова З.Б., Джаналиева Ж.Р., Анарбекова М.А.«Физика боюнча демонстрациялык тажрыйбалар». –Бишкек - 2012


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!