СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Класстык саат 8-класс

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Класстык саат 8-класс»

САБАКТЫН ТЕМАСЫ: Текст менен иштөө. Улуттук оюндар.

САБАКТЫН МАКСАТЫ:

БИЛИМ БЕРҮҮЧҮЛҮК:

Окуучулар кыргыз элинин улуттук оюндары жөнүндө маалымат алышат.Текст менен иштешет.

ӨНҮКТҮРҮҮЧҮЛҮК:



Кеп ишмердүүлүгүн, коммуникативдик компоненттүүлүгүн өстүрүү

ТАРБИЯ БЕРҮҮЧҮЛҮК:

Улуттук оюндар менен таанышуу, оюндар жөнүндө ой жүгүртүү, улуттук салттарды сыйлоого тарбиялоо.


КӨРСӨТКҮЧТӨР:

ЖОГОРУДА КОЮЛГАН МАКСАТТАРГА ЖЕТТИ ДЕЙБИЗ,ЭГЕРДЕ ОКУУЧУЛАР…



а)улуттук оюндар жөнүндө түшүнүктөрүн тереңдете алса жана текст менен туура иштей жана тапшырмаларын аткара алса;




б) окуучулар ойлорун кыргызча туура түшүндүрө алышса;



в)өз оюн эркин, толук айта алса, улуттук салттарды сыйлаша билсе;







САБАКТЫН ТИБИ: өз алдынча иштөө

САБАКТЫН МЕТОДДОРУ: интерактивдүү, топтордо иштөө




САБАКТЫН ЖАБДЫЛЫШЫ: мазмундуу сүрөттөр, презентация, текст жана ага карата көнүгүүлөр, жаңы сөздөр, чүкөлөр.

САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ:

1.Уюштуруу.

  1. Саламдашуу.

б. Кырдаалдык сүйлөшүү “Көчмөндөр оюну”.

Класстын санитардык-гигиеналык абалына көз салуу.

2. Фонетикалык көнүгүү: кыз куумай, ат чабыш, көк бөрү, ак чөлмөк, ордо, аркан тартмай, күрөш, алыш, аламан байге, салбуурун, эр эңиш, тогуз коргоол, кунан чабыш- замай дайде, локтар огар




3. Үй ишин текшерүү: макалдар, жаңы сөздөр, 2-көн. Ыр

4. Өтүлгөндөрдү кайталоо. (фронталдык суроо)

5. Жаңы сабак. Текст менен иштөө.

Класста окуучулар 2 топко бөлүнөт. Эки текст тапшырмалары менен таратылып берилет.

  1. Салбуурун

“Салбурун” деген сөз - кыргыздын нукура сөзү. Мындай сөз «Манас» эпосунда да кездешет. Илгери кыргыз жигиттери ат минип, колуна куш кондуруп, жаа асынып, тайгандарын ээрчитип ууга чыгышканы белгилүү. “Салбурун” деген мына ушундай жагдайда аңчылыкка чыгуу дегенди түшүндүрөт.

Жигиттер салбурунга чыгарда тажрыйбалуу аксакалдар уй мүйүз тарта кеңешип, "Куштун пири Буудайык, иттин пири Кумайык", жолуңар болуп, шыралгалуу келгиле деп ак батасын жабыла берип узатышчу. Оюндардын түрлөрүнө: жааны алыстыкка атуу, жааны бутага атуу, коёнго, түлкүгө, карышкырга тайган агытуу, ушул эле айбанаттарга бүркүт салуу өнөрүбүз чет элдиктердин дагы адаттан тыш кызыгуусун жаратууда. 

Салбуурун деген сөздүн этимолгиясын түшүндүрө кетейин. Байыркы көчмөн эл алгыр кушту "салбар" деп, ал эми аңчылыкты "уу" деп аташкан, ошондуктан салбар менен ууга чыгуу деген сөз жыйнагы "салбуурун" деп кыскарып аталып калган. "Салбуурун" кыргыз элинде "салбурун", "салбырын" деп дагы аталып келет. Бирок туура айтылышы "салбуурун".

Салбуурунда жоокерлерге абдан керектүү дене көнүгүүлөрү аткарылган. Мындайда күндүр-түндүр талаада ат үстүндө өйдө-ылдыйда жүрүп, жапайы жандыктарды буктурмага алып атып, кадимкидей согуштун тактикасын колдонушкан.


2) Ат чабыш
Ат чабыш - улуттук спорттун түрү. Мелдештер тегиз талаада, түз жолдо же туюк айлампада (ат майданда) өткөрүлүп, күлүктөрдү атайын саяпкерлер таптап, чабандеске чаптырат. Ат чабыш илгертеден эле кыргыз элинин турмушунда өтө маанилүү орунду ээлеп, «аламан байге» деп аталган.

Чабандестер 14 жаштан кем болбошу керек. Мелдешке кунандан жогорку жаштагы бардык тукумдагы күлүктөр катышып, ат чабыш аралыгы 20000 мге чейин болот. 

Ат чабышта төмөнкүдөй шарттар сакталышы керек: бир чабандестин бир гана атты чабуусу, мелдеш учурунда аралыкты кыскартууга тыюу салынат, башка атты камчы м-н чабууга, жолун тороого болбойт ж. б.

Ат азыр көбүнчө айлампада, кээде түз жолдо чабылат. Атты токулуу да, жайдак да чапса болот. Күлүктү минип чапкан бала чабендес деп аталат. Мелдешке 8-14 жаштагы уландар 3 жаштан жогорку бардык тукумдагы атты минип катыша алат. Ат 1200 метрден 50 километрге чейинки аралыкка чабылат. Ат чабышта жолду кыскартууга, башка бирөөнүн атын камчы менен чабууга, жолдон тороого болбойт. Күлүктөрдүн алдыга чыгып келгендерине жараша жеңүүчүлөр аныкталып, байге ыйгарылат. Эгер аттар бир нече кезекке бөлүнүп чабылса, анда байге убакыт боюнча (ээлеген орду) аныкталат. Ат чабышта күлүктүн алдыга чыгып келиши анын саяпкерине жана саяпкердин айтканын так аткарган чабендеске жараша болот. Кыргыз элинин өткөн турмушунда тулпар аттардын мааниси чоң болгондугун танууга болбойт. Кыргыздын байыркы эпосторундагы баатырларынын өмүрү алардын минген тулпарлары менен тыгыз байланыштуу болгону бизге жакшы белгилүү.

6. Сабакты бышыктоо: Таблица толтуруу(окулган текстке карата)

билем

билдим

Билгим келет



























7. Сабакты жыйынтыктоо:

Үй иши: “Улуттук оюндар” темасында чакан текст түзүү, айтып берүү.

Окуучулардын билимин баалоо.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!