СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Класстык саат. Укук бузууларды алдын алуу.

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сабактын иштелмеси. Окуучуларга укук бузууларды алдын алуу максатына өтүлгөн.

Просмотр содержимого документа
«Класстык саат. Укук бузууларды алдын алуу.»

Тема: “Өспүрүмдөрдүн укук бузууларына каршы алдын алуу профилактикасы”

Сабактын максаттары:

1. Окуучуларга “укук бузуу” жөнүндө түшүнүк берүү.

2. Укук бузууга алдын алуу жолдору менен таанышуу.

3. Укук бузуунун себептери.

Сабактын милдеттери:

1. Балдардын жүрүм-турумун ондоо

2. Бала менен сырдашып, анын оюн сыйлоо.

Керектелүүчү ресурстар:

Доска, бор, маркер, калемсап, а3, а4 барактар, ноутбук, проэктор ж.б.

Мугалимдин сунушу:

  • Укук бузуу деген эмне?

  • Жорук деген эмне?

  • Кылмыш деген эмне?

Сабактын жүрүшү:

  1. Уюштуруу, жактоо.

  2. Жаны материал менен таанышуу.

Сабакты когойлуу суроо менен баштоо.

-Балдар, араңарда укук бузуунун фрагментин көрүп калгандар барбы?

-Ооба.

-Кандай мисалдарды келтире аласыңар?

-Келгиле балдар, укук бузуу деген эмне экенин көрүп алалы.

3-слайд

Көп жаман нерселерге алып барган сөздөрдүн бири бул « элдин баары ошентет» Л. Толстой.



4-слайд

Укук бузуу – укуктун кандайдыр бир ченемдерин бузган жосун. Төмөндөгүчө бөлүнөт: жарандык (инсанга, жарандын же уюмдун мүлкүнө зыян келтирүү), административдик (м.: жолдо жүрүү эрежелерин бузуу), дисциплинардык тартип бузуу (ишке келбей коюу). Кылмыш жасоо бир кыйла кооптуу түрү болуп саналат. Укук бузуу үчүн мыйзамда жарандык, административдик, дисциплинардык жана кылмыш-жаза жоопкерчиликтери каралган.



5-слайд

Жорук-проступок – жоопкерчилик тагылган жеке же юридикалык жактардын укук бузуулары менен күнөөлөрү (атайылап же байкабастыктан улам жасалган). Жоруктун 3 түрү бөлүп көрсөтүлөт: админстративдик, жарандык-укуктук жана тартиптик.6-слайд

Жоруктун түрлөрү

Сабакка кечигип келүү;

Сабакты себепсиз калтыруу;

Адепсиз сөздөрдү колдонуу;

Мектептин мыйзамдарын бузуу;

Автобуста же маршруткада бекер жүрүү;

коомдук жайларда алкоголдук суусундуктарды колдонуу;

7-слайд

жоопкерчиликтин түрлөрү

Жарандык жоопкерчилик;

Жазык жоопкерчилик;

Административдүү жоопкерчилик

Тартиптик жоопкерчилик



ПРАКТИКАЛЫК ИШ

1. балдар эки топко бөлүнөт. Эки топ тен укук бузуу жөнүндө класстер түзүшөт жана жакташат.

2.Слайд

Астындагы сөздөр жорукпу же кылмышпы?

УУРДОО

КЕЛИШИМДИН АТКАРЫЛБАГАНДЫГЫ

ОПУЗАЛАП ТАЛАП КЫЛУУ

МҮЛККӨ ЗЫЯН КЕЛТИРҮҮ

УНААНЫ УУРДОО

ТӨЛӨНБӨГӨН КООМДУК ТРАНСПОРТ

АДЕПСИЗ СӨЗДӨРДҮ АЙТУУ



3-СЛАЙД

Юридикалык жоопкерчиликтин түрүн тапкыла.

Дүкөндөн кийим уурдап алды;

Классташынын китебин айрып салды;

Арак ичип алып көчөдө жүрдү;

Классташ кызын сабап салды;

отургучту бузуп салды;

Телефон уурдады;

Сабакка себепсиз келбеди;

жолду туура эмес жерден өттү;

Топ менен айнекти сындырды;

Адепсиз сөздөрдү коомдук жерде колдонду.

4-карточка менен иштөө. Балдар карточкаларды алып жазылган темага бирден көрсөтмө көрсөтүшөт.

Аяктоо бөлүм. Балдар, эми ойлонуп айталы, укук бузуу деген эмне? Силер укук бузгуңар келеби? Өзүбүздү жакшы алып жүргөнгө аракет кылалы. Азыр болсо коңүлүнөрдү видео-роликке бургула.

Үйгө тапшырма. Балдар, эмки сабакка укук бузуу темасына эссе жазып келгиле. Сабакка активдүү катышканыңар учүн рахмат.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!