СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Клетка жөнүндө түшүнүк алуучу негизги документ

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Клетка жөнүндө түшүнүк алуучу негизги документ»

1.Цитология предметинин максаты жана милдеттери.



Дисциплинанын максаты-клеткалык биологиянын ар кандай аспектилерин малекулалык биология, адамдын жана жаныбарлардын физиологиясы, генетика,биохимия,микобиология курстарында тереңирззк окуп үйрөнүүдө студенттерде билимдин негиздеринкалыптандыруу.

Дисциплинанын милдетине төмөнкүлө кирет:

  • Прокариоттук жана эукариоттук клеткалардын түзүлүшүндөгү окшоштуктарды жана айырмачылыктарды окуп үйрөнүү;

  • Аткарган кызматына байланыштуу эукариоттук клеткалардын морфологиялык өзгөчөлүктөрүн окуп үйрөнүү;

  • Азыркы кездеги издөөлөгө таянып,клетканын бардык стуруктуралык компоненттерин окуп үйрөнүү.



2. Дисциплинанын мазмунун окуп үйрөнүүнүн натыйжасында студенттер төмөнкүлөрдү билүүгө тийиш.

-клетканын химиялык түзүлүшүнүн негизги түшүнүктөрүн, клетканын жашоо тиричилигинде АТФтинжана нуклеин кислоталарын белоктордун,липиддердин маанисин окуп үйрөнүү;

- ферменттердин көп түрдүүлүгү, белоктун биосинтези өсүмдүк жана жаныбар клткаларын энергия менен камсыз кылуучу системалары жөнүндө билүү;

- тиричиликтин элементардык бирдиги болгогн клетка, ар кандай систематикалык группалардагы клеткалардын окшоштугу жөнүндө туруктуу билим алуу;

- клетканы ядронун кызматын жана структуралык түзүлүшүнү жана цитоплазманы окуп үйрөнүүнү методдордун,о.э. клеткалык бөлүнүүнү иэки түрүн- митоз жана мейозду билүү;



  • Лабораториялык сабактарда студенттер төмөнкүлөрдү билүүгө тийиш:

  • Микроскоп менен иштөөнүн эрежелерин;

  • Жарык микроскобу үчүн микопрепараттарды даярдоону;

  • Электрондук – микроскопиялык фотосүрөттөргө анализ жасоону



3.Дисциплинанын көлөмү жана окуу иштерини түрлөрү

Окуу иштеринин түрлөрү

Сааттардын баардыгы

Семестрлер


Жалпы иш көлөмү

Х

2

Аудиториялык сабактар

Х


лекциялар

Х


Практикалык сабактар

семинарлар

Х


Лабораториялык сабактар


Өз алдынча иштер

Х


Курстук иштер

Х


Курстук иштер

рефераттар

-


Жыйынтык текшерүүнү түрлөрү:зачет


зачет

Дициплинанын мазмуну

4.1.Дисциплинанын бөлүмдөрү жана сабактардын түрлөрү

п-

п

Дисциплинаны

бөлумдөру


Лекц

ия

Практикалык

сабактар,

семинарлар

Лаборото

Риялык

сабактар

1

Клетка-тиричиликтин

Елементардык бирдиги

Х

Х

Х

2

Клеткалык

дифферинцировка

Х

-

Х

3

Клеткалык теорянын

Негизги постулаты-ДНК

-РНК-белок

Х

Х

-

4

Цитологянын методдору

Х

Х

Х

5

ядро

Х

Х

Х

6

Цитоплазма жана анын

Стуруктуралык

копоненттери


Х

Х

7

Клетканын бөлүнүүсү

Х

Х

Х



4,2, Дисциплинанын бөлүмдөрүнүн мазмуну

I.КЛЕТКА –ТИРИЧИЛИКТИН ЭЛЕМЕНТАРДЫК БИРДИГИ

Цитологянын максаты жана милдеттери, биологялык дисциплиналардын системасындагы цитологянын алган орду, Цитологиянын өнүгүшүнүн кыскача тарыхы, илимдин өнүгүшү үчүн методикалык ыкмалардын маниси, Жарык микроскопчулугун коюу принциптери, Илимий маалыматтардын чогулушу жана алгачкы клеткалык теоряны түзүүдөгү ал малыматтардын колдонулушу, Клеткалык теорянын андан ары өнүгүшү жана анын азыркы кездеги абалы,

Прокариоттор жана эукариоттор, алардын келип чыгышы жөнүндөгү божомолдоолор, Жарык жана электрондук микроскопчулуктун деңелиндеги клетканын түзүлүшүнүн жалпы планы, Ар кандай систематикалык группаларга кирген клеткалардын түзүлүшүндөгү окоштуктар,

II. КЛЕТКАЛЫК ДИФФЕРЕНЦИРОВКА

Клетканын дифференцияланышы жөнүндөгү түшүнүк , аткарган фүнкцияларына байланыштуу алардын морфологиялык көп түрдүүлүгү, Клетканын бөлүнүшү жана дифференцировка процесстеринин өз ар байланыштары,

Клеткалык цикл, Клеткалык циклдин мүнөздөмөсү, анын көп клеткалык организмдин ар кандай ткандарынын клеткаларынын пролиферативдук активдүүлүгүнө байланышеуу узактуулугу, Интерфазадагы клеткалык циклдин мезгилдери: пресинтетикалык, синтетикалык жана постсинтетикалык,

III. КЛЕТКАЛЫК БИОЛОГИЯНЫН НЕГИЗГИ ПОСТУЛАТТАРЫ: ДНК-РНК- БЕЛОК,

Клетканын химиялык түзүлүшү жөнүндөгү негизги түшүнүктөр: суу, органикалык эмес жана органикалык иондор, углеводдор, липиддер, белоктор, нуклеин кислоталары –ДНК , РНК жана АТФ, Клеткалык биологиянын негизгы постулаты ( ДНК - РНК - белок) жана клеткадагы анын реализацияланышынын этаптары, ДНК , РНК жана белоктун молекулаларынын түзүлүшү жөнүндөгүжалпы түшүнүктөр, ДНК – тукум куучулук информацияны алып жүрүүчү катары, Ген жана генетикалык код жөнүндөгү түшүнүк, РНКнын молекуласынын үч түрү, анын белоктун биосинтезиндеги ролу, Белоктун биосинтезинин жалпы схемасы. Ферментер, алардын ар түрдүүлүгү жана клеткадагы синтез процесстериндеги ролу. АТФ-клеткадагы энергиянын негизги алып жүрүүчүсүкатары.

IV. ЦИТОЛОГИЯНЫН МЕТОДДОРУ

Жарык микроскопчулугу. Мткроскоптук техника. Боенун жалпы жана атайын методдору (ыкмалары ).Тирүү клеткаларды окуп үйрөнүү – электрондук микроскопчулук. Трансмиссиондук электрондук микроскоп менен иштөө принциптери.Клеткалардын кесиндилерин,бөлүнүп алынган структураларын жана молекулаларын окуп үйрөнү.Сканердик электрондук микраскопчулук,анын мүмкүнчүлүктөрү.Авторадиография,клеткаларды өстүрүү,дифференциалдык центрифугирлөө,иммуноцитохиия методдору.

Y.ЯДРО

Интерфазалык клетканын ядросу-тукум куучулук информациянын сактоочу,аны эки эселентүүчү жана ишке ашыруучу башталыш орду катары.Ядро жана цитоплазманын өз ара байланыштары.Жарык жана электрондук микраскопчулуктун деңгээлинде ядронун жалпы морфологиясы.Ядронун компоненттери:ядронун кабы,ядролук шире,хроматин,ядрочо жана ядронун белоктук матрикси.

Хроматин - интерфазалык Ядронун негизги функционалдык жана структуралык компоненти.Диффуздук жана конденсировдук хроматин (хромонемалар,хромомералар).Хроматиндин химиялык түзүлүшү:ДНК,белок(гистондук жана гистондук эмес),РНК.Хроматиндин структуралык түзүлүшү:нуклеосома,нуклеомерлер,хроматиндин элементардык фибриллалары,гистондук эмес белоктордун жардамы менен фибриллардын топтолушу,хроматиндик фибриллалардын топтолушу,хроматиндик фибриллалардын өзгөчө оролушу.Ядронун ичинде хроматиндин мейкиндик багытталышы,жайланыш иреттүүлүгү ядронун кабы менен байланышы.Хроматиндеги ДНКнын топтолуш деңгээлине байланыштуу анын функционалдык активдүүлүгү.Эухроматин жана гетерохматин (конститутивдүү жана факультативдүү).Бөлүүнүгө даярданып жаткан клетканын хроматинин структуралык жана функционалдык түзүлүшүнүн өзгөрүшү.

Хромосомалар.Митоздун-профаза,метафаза,анафаза, жана телофаза мезгилиндеги хромосоманын морфологиясы.Хромосоманын саны, көлөмү формасы.Кариотип.Хромосоманын диплоиддик жана гаплоиддик жыйындысы.Гомологиялык хромосомалар.Метофаза мезгилиндеги хромосоманын түзүлүшү:хроматида,хроматиданын бир типтүү түзүлүшү жөнүндөгү божомолдоо ,центромера,кинетохор,теломердик аймактар.Хромосоманын көрсөтүлгөн аймактарынын кызматтары.Структуралык өтүүлөр:хромосома-клеткалык циклдин фазаларына байланыштуу хроматин.Хроматиндин курманы кирген ДНКнын репликацияланышынын өзгөчөлүктөрү.Хромосомалардын репродукциясы.Полиплоидия.Митоздук жана интерфазалык хромосомалардын функциалдык активдүүлүгү.

Ядрочо.Клетканын функционалдык активдүүлүгүнө байланыштуу ядрочонун морфологиясы.Химиялык состав:ДНК,рибосамалык РНК, белок-ультратүзүлүшү (фибриллярдык жана гранулярдык компонент,фибриллярдык борбор,конденсировдуу хроматин,матрикс).Хромосомаларда ядрочолордун пайда болушу.Рибосомалык гендер,алардын түзүлүшүнүн жана кызматынын өзгөчөлүктөрү.Хромосомалардагы рибосомалык гендердин локализацияланышы.Транскрипция процесси жана рибосомалык РНКнын жетилиши. Рибосомалык суб бирдиктердин түзүлүшү жана алардын цитоплазмага чыгышы.Митоз мезгилиндеги ядрочонун өзгөрүшү.Жетилген ооциттердеги ядрочонун ампликациясы.

Ядронун рибосомалык эмес продуктылары.Рибосомалык эмес гендердин транскрипциясы,РНП-компоненттердин морфологиясы.

Ядронун кабы,сырты жана ички мембраналары,перинуклеардык боштуктар,тешиктердин комплекстери.Ядролук каптын функционалдык активдүүлүгү.Ядро менен цитоплазманын ортосундагы зат алмашуу.Ядронун түзүлүштөрү менен байланыштары.Клетканын бөлүнүү мезгилиндеги ядронун кабы.Ядролук шире-кариоплазма-ядронун ички чөйрөсү.Ядронун белоктук матрикси-ядронун фибриллярдык белоктук каркасы.Анын хроматиндин функционалдык активдүүлүгүн түзүүдөгү жана мейкиндиктеги багытталышындагы ролу.

YI.ЦИТОПЛАЗМА ЖАНА АНЫН СТРУКТУРАЛЫК

КОМПОНЕНТТЕРИ.

Гиалоплазма-клетканын ички чөйрөсү.Анын физикалык-химиялык касиети,структурасы,кызматы.Клеткалык гомеостаз жөнүндөгү түшүнүк.

Клетканын мембраналары.Бардык клеткалык мембраналардын жалпы касиеттери.Плазмалык мембрана (плпзмалемма),химиялык составы:липиддер,белоктор,гликолипиддер жана гликопротеиддер.Мембраналардын түзүлүшү:липиддик эки катмар,матырылган жана аралап өткөн белоктор.Мембрананын касиеттери –жарым өткөргүчтүүлүк,агымдуулук,диэлектиктик сапаты.Плазмалык мембраналардын функциялары-клетканын ичиндеги компонеттерди сырткы чөйрөдөн бөлүп туруу же клетканын кабынан (өсүмдүк клеткаларында)бөлүп туруу,активдүү жана пассивдүү транспорт,гомеостазды кармап туруу. Эндо-жана экзоцитоз,пиноцитоз,фагоцитоз.Плазмалык мембрананын рецептордук функциялары,гормондор жана экинчилик мессенджерлер жөнүндөгү түшүнүк.Плазмалык мембрананын өсүшү жана жаңыланып турушу.

Клетканын үстүңкү катмары, жаныбар килеткасынын гликокаликси

Осумдүктордүн клеткалык кабы: химиялык составы түзүлүшү жана

Функциясы,клетканын кабынын түзүлүшүндөгү плазмалык

Мембранынын ролу бактериялардын капсуласы .

Клетка аралык контакттар жана коп килеткалуу организимдеги

Алардын түрлөрү: адгезиондук , бүтөөчү жана структуралары (десмосомалар,жаныбар килет каларынын тешик сымал контактары

Жана өсүмдүк килеткаларынын плазмодесмалары,синаптикалык

контактар).Клетканын үстүнкү катмарынын адисдешкен структуралары (микроворсинкалар,

нерв талчалары ж.б )

Клетканын вакуолярдык системасы анын компоненттери

Функсиялары жана алардын өз ара байланыштары

Эндоплазмалык тор. Органоиддерге мүнөздөмө анын тор анын

Морфолдогиялык мүнөздөмөсү, белоктун синтезинде катышуусу.

Болдурайык ендоплазмалык ретикулумда синтезделген белоктордун

Клетка үчүн мааниси. Клетканын мембраналык компоненттеринин

синтез процесстеринде катышышы.Жылмакай эндоплазмалык тор,

тузулушу, клеткадагы локазацияланышы. Жылмакай ретикулумидун

транспорттук функсиясы.Таргыл булчуң клеткаларында,ичегинин

эпителилеринде,бөйрөк үстүндөгү бездердин интерстициалдык

клеткаларында жана боордун клеткаларында жылмакай

еноплазмалык ретикулумдун адистениши.Ал клеткалардагы

жылмакай эндоплазмалык тордун функсияларынын коп көп

түрдүүлүгү.Клеткадагы затарды изоляциялоодогу эндоплазмалык

тордун ролу. Өсүмдүк клеткаларынын вакуолярдык

аппараты,түзүлүшү,келип чыгышы,функсиясы. Борбордук вакуоль

тонопласт, вакуолярдык ширенин составы, өсүмдүк клеткаларынын

вакуолдорунун кызматтары.

Гольджи комплекси,түзүлүшү, өсүмдүк жана жаныбар

Клеткаларында жайгашышы.Диктиосомалардын ультраструктурасы

Цис- жана транс-зоналар. Гольджи комплексинин функциялары:

Полисахариддердин синтези,сегрегация, сектетордук

продуктуларды жетилиши жана жыйналышы. Секреттик бүртүкчөлөрдүн пайда болушу жана алардын клеткаларыдан чыгарылышы, лизасомалардын пайда болушу, плазмалык мембрамаларды дайыма жаңылатып турууда алардын катышышы. Гольджи оппаратында мембрамалык агымдардын маркировкаланышы. Гольджи комплексинин өсүмдүк клеткасынын калың кабын түзүүдөгү ролу.

Лизосомалар. Лизосомалардын морфологясы, алардын химиялык түзүлүшү. Функцыялык өзгөчөлүктөрүнү байланыштуу лизосомалардын гетерогендүүлүгү. Биринчилик, экинчилик лизосомалар, аутофогосомалар жана калдык денечелер. Лизосомалардын кызматы: зат алмашууга, эндо-, фаго-жана пиноцитоз процесстерине байланыштуу клетканын ичиндеги сиңирүү процесстерини, өлгөн структуураларды клеткадан изоляциялоого катышуусу, клетканын лизис процесстериндеги ролу. Лизосомалардын пайда болушу жана бул процессте Гольджи комплекси катышуусу.

Сферосомалары- өсүмдүктөрдүн мембраналык ыйлакчалалары, чогулган майлар. Пероксисомалар- өсүмдүк жана жаныбар клеткаларынын, клеткалык вакуолярдык системалар менен байланышпаган мембраналык структуралары. Түзүлүштүк өзгөчөлүктөрү, эки эселенүүгө жөндөмдүүлүгү. Функционалдык өзгөчөлүгү – перекистин метаболизминде катышуусу.

Рибосомалар, түзүлүшү, химиялык түзүлүшү, рибосомалык РНК жана блоктор. Прокариоттордун жана эукариоттордун рибосомалары. Цитоплазмада рибосомалардын чогулушунун щартары. Полисомалар. Мембраналары менен байланышпаган – рибосомалар, алардын клеткадагы ролу. Эндоплазмалык тордун мембраналарында локализацияланган рибосомалар жана полисомалар, алардын кызматтары. Рибосоманын кызматы- белокторду биосинтездөө.

Клетканын энергия менен камсыз кылуучу системалар. АТФ-АДФ цикли тируу системаларда энергия алмашуунун негизги механизми катары. Синтез процесстеринде, заттарды ташууда,механикалык жумуштарды ишке ашырууда ж.б.у.с. АТФтин жумшалышы. Клетканын гиалоплазмасында гликолиз процессинин натыйжасында АТФтин пайда болушу, митохондрядагы дем алуу, хлоропластардагы фотосинтез процесстери.

Митохондриялар. Жалпы морфологясы жана ультратузулушу. Митохондриялардын формаларынын көп түрдүүүлүгү, органикалык субстраттардын кычкеылданыщынын жана АДФтин фосфолирированиясынын натийжасында АТФти синтездөө. Бул процесстердеги митохонрянын мембраналык структураларынын матриксинин ролу. Электрондук-структураларынын транспорттук чынжыр жана крестердин составындагы АТФ –синтездөөчү комплексттер жөнүндө түшүнүктөр.ДНК,РНК, митохондриянын рибосомалары.Митохондриялардын жарым автономдуулугу. Жаңы митохондриялардын пайда болушу .Эукариоттук клеткалардын системаларында митохондриялардын эволютсиясы жана кеоип чыгышы жөнүндөгү божомолдоолор.

Хлоропласттар.Жалпы морфологиясы жана ультратүзүлүшү:ички жана сырткы мембраналар, ламеллалар,тилакоиддер,граналар,матрикс,ДНК,РНК,рибосомолар,крахмалдык данчалар, пиреноид,май тамчылары.Хлорапластардын негизги функциясы-фотосинтез.Фотосинтез процессиндеги күндүн жарыгын энергиясынын жана хлорофиллдин ролу.Жаратылыштагы фотосинтездин мааниси.Жарык фазасы-суунун фотокычкылдануусу,АТФтин синтези жана НАДФтин калыбынакелген формасы.Караңгы фазасы-АТФтин молекуласынын катышуусу менен көмүр кычкыл газын сиңирүүнүн натыйжасында татаал органикалык заттардын синтезделиши.Хлоропласстардын жарым автономдуулугу.Алардын келип чыгышы жөнүндөгү божомолдоолор.Жаңы хлоропластардын пайда болушу.Хроматофорлор.

Өсүмдүк клеткасынын пластидалары .Хлоропласттар,хромопласттар,лейкопласттар,пропластидалар.Өсүмдүк ткандарынын адистешүүсүнө байланыштуу тигил же бул пластидалардын басымдуулук кылышы.Морфологиясы,ультра түзүлүшү,кызматтары.Пластидалардын бири бирине айланышы.

Клетканын таяныч-кыймылдаткыч системасы.Микрофиламенттер,микротүтүкчөлөр жана \аралык филаменттер.Алардын түзүлүшү,клетканын кыскартуучу аппараттарын жана скелеттик структураларын түзүүдө катышуусу, актиндердин жана миозиндердин бул процесстерде катышуусу, органеллалардын кыймылында микрофиламенттердин катышуусу.Таргыл булчуң талчаларындагы миофибриллалардын түзүлүшү,сыйгалак жипчелердин моделине ылайык булчуңдардын кыскарыш схемасы.Аралык филаменттер,түзүлүшүнүн өгөчөлүктөрү.Ар кандай тандардын клеткалары үчүн аралык филаменттердин белокторунун спецификасы.Аралык филаменттер-жаныбар клеткасынын таяныч системасы.Микротүтүкчөлөр.Түзүлүшү,химиялык составы,тубулин белоктору.Микротүтүкчөлөрдүн пайда болушу борборлору,динамикалык туруксуздугу.Цмтоплазманын микротүтүкчөлөрүнүн функциялары.

Клетканын формасынан стабилизациясынан жана клетканын ички структураларынын багыттуу кыймылдары.Эукариоттордун кирпикчелери жана шапалакчалары,кыймыл механизмдери,микротүтүкчөлөрдүн бул прцесстеги ролу.Кирпикчелердин жана шалпакчалардын базалдык денечелери,алардын түзүлүшү жана функциялары.Клеткалык борбор, өсүмдүк жана жаныбар клеткаларындагы өзгөчөлүктөрү.Центриолдор,уюшулу,клеткадагы орду,центриолдордун эки эселениши,интерфазада микротүтүкчөлөрдүн цитосклетти,митоз жана мейоз учурунда веретена деленияны түзүүдө катышуусу.

Өсүмдүк жана жаныбар клеткаларында запасттык азык заттар жана цитоплазманын включениялары.Жаныбар клеткасындагы май тамчылары жана гликоген.Өсүмдүк клеткаларындагы биринчилик жана экинчилик крахмал,жогорку түзүлүштөгү өсүмдүктөрдүн уруктарындагы алейрон данчалары.

YII.КЛЕТКАНЫН БӨЛҮНҮҮСҮ

Митоз-эукариоттук клеткалардын бөлүнүүсүнүн негизги түрү,анын биологиялык мааниси.Митоздун фазалары,алардынг мүнөздөмөсү лджана узактыгы.Митоз мезгилиндеги клетканын морфологиясынын,ядролук структураларынын өзгөрүшү,митоздук аппараттардын пайда болушу,цитоплазманын, анын органеллаларынын өзгөрүшү.Митоздук хромосомалардын кыймыл механизми.Цитокинез,анын өсүмдүк жана жаныбар клеткаларындагы өзгөчөлүктөрү.Ачык жана жабык митоз.Эндомитоз.Сомалык полиплоидия.Политендик хромосомалар,алардын пайда болушун жана түзүлүшүнүн өзгөчөлүктөрү.Митоздун патологиясы,митоз мезгилинде клеткада патологиялык өзгөрүүлөрдү пайда кылуучу факторлор .Клетканын көбөйүшүн жөнгө салган принциптер.Шишик өсүндүүлөр-клетканын көбөйүшүнүн жөнгө салуусунун бузулушу катары.

Мейоз.Анын биологиялык мааниси.Мейоздун митоздон айырмачылыктары.Процесстин өзгөчөлүктөрү.Мейоздун биринчилик жана экинчилик бөлүнүүсү.Мейоздун фазалары,алардын мүнөздөмөсү.Гомологиялык хромосомалардын коньюгациясы,синаптонемдик комплекс,Z-ДНК, кроссинговер жана анын организмдин өздүк өзгөрүшүндөгү ролу.Хиазмалар,алардын келип чыгышы.Лампалык щеткаларга окшогон хромосомалар,түзүлүшү,Функцияларынын өзгөчөлүктөрү Хромосомалардын санынын редукциясы,гаплоиддик клетканын пайда болушу.Мейоздун түрлөрү:зиготалык,гаметалык жана аралык.Ар кандай системалык группалардын өкүлдөрүнүн жашоо циклинде гаплоиддик жана диплоиддик фазалардын муун алмашуусу.Адам жана жаныбардын жыныстык клеткасынын өрчүшү:сперматогенез жана овогенез.Жабык уруктуу өсүмдүктөрдүн жыныс клеткаларынын өрчүшү:мега-жана микроспорогенез ,чаңча данчасы, уруке каб.Жогорку түзүлүштөгү өсүмдүктөрдүн кош уруктануусу жөнүндөгү түшүнүк.

4.3.ЛАБОРАТОРДУК ПРАКТИКУМ

п\п

Лабораториялык иштердин аталыштары

1

Жарык микраскобу.Жаныбарлар клеткаларынын марфологиялык ар түрдүүлүгү.Клеткалардын адистениши жөнүндө түшүнүк.

2

Микроскопикалык техникалык жана ситохимия .

3

Электронддук микроскопчулук мүмкүнчүлүгү

4

Электрондук-микроскпикалыкфотосүрөттөрдүн виристардын,про-жана эвикариоттордун түзүлүшүн окуп үйрөнүү.

5

Биосинтез процесстерин окуп үйрөнүүдө авторадиография методу.

6

Интерфазалык клетканын ядросу. Ядронун жарык жана электрондук микроскоптун деңгээлинде морфологиясы:ядронун кабы,кариоплазма,хроматин,ядрочо

7

Хромосомалар. Кариотип (норма жана патология).

8

Хроматин(эу-жана гетерохроматин). Синтетикалык активдүүлүгүнө байланыштуу ядронун түзүлүшү.

9

Плазмалык мембрана, клетканын үстүңкү бети,клетка аралыкконтакттар

10

Вакуолярдык система

11

Митохондриялар жана хлоропласттар

12

Эукариоттук клеткалардын тангыч-кыймылдаткыч системанын элементтери. Микротүтүкчөлөр,микрофиламенттер, аралык филаметтер. Булчуң талчасынын таргыл миофибриллалары

13

Өз алдынча практикалык иштер. Бөлмө өсүмдүгүнүн клеткасынын эпидермисинин мисалында тирүү өсүмдүк клеткасынын морфологиялык ар түрдүүлүгү. Клетканын кабын,плазмодесманы,цитоплазманы,ядрону,вакуолду,хлоропласттарды,лейкопласттарды,кристалдык данчаларды жарык микроскобунун астында идентификациялоо.

14

Митос. Клеткалык цикл.

15

Мейоз.



5.ДИСЦИПЛИНАНЫН ОКУУ-МЕТОДИКАЛЫК ЖАБДЫЛЫШЫ

5.1.СУНУШ КЫЛЫНГАН АДАБИЯТТАР

НЕГИЗГИ:

1.Ченцов Ю.С. общая цитология.М.,издательство МГУ,1978(1984).

2.Хем А.,Кормак Д.Гистология.В 5-ти томах.Т.1.М.,Мир,1983

3.Афанасьев Ю.И.,Юрина Н.А. Гистология,цитология и эмбриология 2000г

КОШУМЧА:

1.Заварзин А.А.,Харазова А.Д. Основы общей цитологии.Л.Издательство ЛГУ,1982

2.Трошин А.С., Браун А.Д.,Вахтин Ю.Б.,Жинкин Л.Н.,Суханова К.М. Цитология.М.,Просвещение,1970.

3.Свенсон К.,Уэбстр П.Клетка.М.Мир.1980

4.Албертс Б., Брей Д.,Льюис Дж.,Рефф М.,Робертс К.,Уотсон Дж.Молекулярная биология клетки.В 5-ти томах. М.,Мир,1986

5.Босток К.,Самнер Э.Хромосома эукариотической клетки.М., Мир,1981

6.Ролан Ж.К., Селоши А.,Селоши Д.Атлас по биологии клетки.М.,Мир,1978

7.Грин Н., Стаут У.,Тейлор Д.Биология.Т.1.М., Мир,1990

8.Билич Г.Л. и др. Цитология.Учебник.2-е издание. Издательство:Деан 1999г.

5.2.Дисциплинанын өздөштүрүүнү камсыздоочу каражаттар

Сабакта даяр цитологиялык препараттар,ошондой эле убактылуу препараттар колдонулат.Электрондук микросүрөттөрдүн негизгибулагы катары Ж.К. Роллан,А.Селоши,Д.Селошинин (Москва,Мир 1978) «Атлас по биологии клетки» деген колдонмосу,ошондой эле башка булактардан алынган электрондук сүрөттөр пайдаланылат.

6.Дисциплинанын материалды-техникалык жабдылышы

Негизги жабдуу –ар бир студентти х8 жана х40 обьективи,10 жана 15 окуялары бар жарык микрокобу менен камсыз кылуу болуп сангалат.Окутуучу үчүн микроскопто кошумча х90 обьективи болушу керек.Убактылуу микропрепараттарды даярдоо үчүн төмөндөгү жабдуулар болушу зарыл:предметтик жана жабуучу айнек,тамчылаткыч,пинцет,скальпель,соргуч кагаз ж.б.

7.ДИСЦИПЛИНАНЫ ОКУП ҮЙРӨӨНҮНҮН УЮШТУРОУУ БОЮНЧА МЕТОДИКАЛЫК СУНУШТАР

7.1.Рефараттардын жана курсттук иштердин болжолдуу темалары

.Адамдын кариотиби:норма жана патология

2.Нерв тканынын клеткасынын морфологиялык жана функционалдык ар түрдүүлүгү

3.Жөнөкөйлөрдүн ядросунун түзүлүштүк өзгөчөлүктөрү

4.Өсүмдүк клеткасынын патологиясы

Затчетто берилүүчү контролдук суроолор:

1._Өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын клеткасы,алардын окшоштуктары жана айырмачылыктары

2.Про-жана эукариоттук клеткалардын түзүлүшүндөгү окшоштуктар

3.Онтогенездин негизги-клетканын көбөйүүсү,өсүшү жана дифференцировкасы

4.Про-жана эукариоттук клеткалардын бөлүнүүсүндөгү жана түзүлүшүндөгү айырмачылыктар жана жалпы окшоштуктар.

5.Клеткалык теория,өнүгүү этаптары жана биология үчүн мааниси.

6.Клеткалык цикл, жалпы мүнөздөмөсү жана фазалары

7.Митоз-эукариоттук клеткалардын бөлүнүүсүн негизги тиби катары.Ачык жана жабык митоз.

8.Өсүмдүк жана жаныбарлар клеткасындагы митоз.Жалпы окшоштуктар

жана айырмачылыктар

9.Мейоз,мааниси жана фазаларыын мүнөздөмөсү.митоздон айырмачылыгы

10.Мейоздун типтери.Ар кандай систематикалык группалардагы организимдердин жашоо иш аракетиндеги гаплоиддик жана диплоиддик фазалардын муун алмашуусу

11.Жаныбарлардагы жыныс клеткаларынын өнүгүүсү жана алардын негизги мүнөздөмөсү.

12.Жарык микроскобу,аны менен иштөөнүн ережелери.Жарык микроскобунун мүмкүнчүлүгү.Фиксацияланган клетканы окуп үйрөнүү.Микротехника

13. Авторадиография,клетканы өстүрүү,дифференцияланган центрифуглөө медоддору

14.Електрондук микроскобчулук медоду,анын коп жактуу мумкунчулуктору

15.Элементардык мембрана,химиялык составы жана касиети

16.Клеткалык контакктар жана еркин клеткалык беттин структуралары

17.Өсүмдүктүн клеткалык кабы.Өсүмдүктүн,жаныбардын жана прокариоттордун клеткалык кабынын түзүлүшү жана кызматы,аларды салыштыруу.

18.Гиалоплазма,түзүлүшү жана кызматы

19.Рибосоманын химиялык составы,түзүлүшү жана кызматы,белоктубиосинтездөө.

20.Бодуракай жана жылмакай эндоплазмалык тор.Анын ар кандай типтеги клеткалардагы түзүлүшү өзгөчөлүктөрү.

21.Өсүмдүк клеткасынын вакуолярдык аппараты,анын компоненттери жана түзүлүшүнүн өзгөчөлүктөрү.

22.Эндоплазмалык тордун мембраналары м/н байланышкан жана эркин рибосомолар.Полисомалар.Алардын клетканын жашоосундагы ролу.

23.Гольджи комплекси,түзүлүшү жана кызматы.

24.Лизосомалар,функционалдык көп түрдүүлүгү,түзүлүшү.Лизосомалык оорулар.

25.Цитоскелет.Түзүлүшү ,кызматы жана клеткалык цклге байланыштуу түзүлүшүнүн өзгөчөлүктөрү.

26.Митохондриялык түзүлүшү,кызматы.Келип чыгышы жөнүндөгү гипотезалар.

27.Хлоропласстар,ультратүзүлүшү,фотосинтез просесине байланыштуу кызмат.

28.Пластидалардын көп түрдүүлүгү, алардын бири-бирине айланууларынын жолдору.

29.Өсүмдүк жана жаныбар клеткасындагы ядро, түзүлүшү жана кызматы. Ядро мнен цитоплазманын өз ара байланышы.

30.Ядронун химиялык составы,нуклейн кислотасы: ДНК,РНК,БЕЛОКТОР.

31.ДНКнын кайталанган иретүүлүгү, гистондор,гистон эмес белоктор, алардын хроматиндеги жана хромосомалардагы ролу.

32.РНКнын тұрлөрү, алардын кызматы жана хроматиндеги активдүүлүгүнө байланыштуу түзүлүшү.

33.Клеткалык биологиянын борбордук догмасы:ДНК-РНК-белок .Клетканын компоненттеринин аны реаизациялоодогу ролу.

34.Хромосомалар. Анын химиялык жанаморфологиялык түзүлүшү, кызматы.

35.Хромосоманын морфологиясы.Кариотип ( адамдын кариотибинин мисалында)

36.Хромосоманын жана интерфазалык хромотиндин функсионалдык активдүүлүгү,эу-жана гетерохроматин

37.Про-жана эукариоттордун хромосомаларынын репродуксиясы ,клеткалык цикл менен байланышы.

38.Сомалык полиполоидия, келип чыгышынын себептери, мааниси.

39.Ядрочо ультратүзүлүшү, кызматы.

40.Ядронун кабы, түзүлүшү кызматы. Ядро менен цитоплазманын өз ара байланышындагы ролу.












Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!