СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Клонирование. Клондоштуруу

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Клондоштуруу технологиясы азыркы мезгилде  актуалдуу тема болуп  биотехнологиялык багыттардын ичинен абдан тез өнүгүүдө. Илимий эксперименттер баканын организминен башталып адамды клондоштурууга багытталган.

Просмотр содержимого документа
«Клонирование. Клондоштуруу»

Лекция 25. ТЕМА: КЛОНДОШТУРУУ

Лекция 25.

ТЕМА: КЛОНДОШТУРУУ

Лекциянын планы:  1. Клондоштуруу методунун тарыхы 2. Ядролорду трансплантациялоо методу 3. Мал чарбачылыгында өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу 4. Эмбриондорду трансплантациялоо

Лекциянын планы:

1. Клондоштуруу методунун тарыхы

2. Ядролорду трансплантациялоо методу

3. Мал чарбачылыгында өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу

4. Эмбриондорду трансплантациялоо

Организмдеги бардык клеткалар бирдей генетикалык маалыматка ээ экендиги баарына белгилүү. 1952-ж. америкалык окумуштуулар Р.Бриггс жана Т.Кинг баканын эмбрион клеткаларынын ядросун энуклеацияланган жумуртка клеткасына трансплантация аракетин жүргүзүп, жаңы особь алышкан. 1962-ж. англиялык биолог Ж.Гордон Xenopus laevis бакасынын личинкасы- көнөкбаштын ичеги клеткасынан клон организмин алган. 1963-ж. Ж.Холдейн «клон» терминин сунуштаган.
  • Организмдеги бардык клеткалар бирдей генетикалык маалыматка ээ экендиги баарына белгилүү.
  • 1952-ж. америкалык окумуштуулар Р.Бриггс жана Т.Кинг баканын эмбрион клеткаларынын ядросун энуклеацияланган жумуртка клеткасына трансплантация аракетин жүргүзүп, жаңы особь алышкан.
  • 1962-ж. англиялык биолог Ж.Гордон Xenopus laevis бакасынын личинкасы- көнөкбаштын ичеги клеткасынан клон организмин алган.
  • 1963-ж. Ж.Холдейн «клон» терминин сунуштаган.
Баканы клондоштуруу Уруктанбаган жумуртка клеткасы Көнөк баштын ичеги клеткалары Ядрону жумуртка клеткасына жайгаштыруу Ультрафиолет нуру менен ядрону бузуу

Баканы клондоштуруу

Уруктанбаган жумуртка клеткасы

Көнөк баштын ичеги клеткалары

Ядрону жумуртка клеткасына жайгаштыруу

Ультрафиолет нуру менен ядрону бузуу

Ж. Гердондун репрограммалаштыруу боюнча жүргүзгөн эксперименти, 1962-ж. 2 1 3 1 - Баканын жумуртка клеткасынын ядросун бузган; 2 - Жумуртка клеткасынын ичине көнөк баштын ичеги клеткасынын ядросун жайгаштырган; 3 - Жаңы ядрого ээ болгон жумуртка клеткасынан (икрадан) бака өрчүп чыккан.

Ж. Гердондун репрограммалаштыруу боюнча жүргүзгөн эксперименти, 1962-ж.

2

1

3

1 - Баканын жумуртка клеткасынын ядросун бузган;

2 - Жумуртка клеткасынын ичине көнөк баштын ичеги клеткасынын ядросун жайгаштырган;

3 - Жаңы ядрого ээ болгон жумуртка клеткасынан (икрадан) бака өрчүп чыккан.

1979-ж. Карл Илменси чычкандардын клондорун алган. 1984-ж. даниялык окумуштуу Стин Вилладсен эмбрионалдык клеткалардан койду клондоштуруп алды. 1985-ж. совет окумуштуулары Л.Слепцова, Н.Дабагян, К.Газарян тарабынан сөөктүү балыктарды клондоштуруу технологиясы иштелип чыккан. 1990-ж. адамдын генетикалык кодун түзгөн 3 млрд. нуклеотиддердин ирээттүүлүгүн аныктоо максатында « Human Genome Project» дүйнөлүк  илимий-изилдөө программасы жумушка кирет.
  • 1979-ж. Карл Илменси чычкандардын клондорун алган.
  • 1984-ж. даниялык окумуштуу Стин Вилладсен эмбрионалдык клеткалардан койду клондоштуруп алды.
  • 1985-ж. совет окумуштуулары Л.Слепцова, Н.Дабагян, К.Газарян тарабынан сөөктүү балыктарды клондоштуруу технологиясы иштелип чыккан.
  • 1990-ж. адамдын генетикалык кодун түзгөн 3 млрд. нуклеотиддердин ирээттүүлүгүн аныктоо максатында « Human Genome Project» дүйнөлүк илимий-изилдөө программасы жумушка кирет.
1996-ж. Долли аттуу кой клондоштуруу жолу менен Уилмут жана Кэмпбелл окумуштууларынын эксперименттеринин натыйжасында алынат. 1997 - ж. Дон Вольф атындагы илимий борборунда (Oregon Regional Primate Research Center) макака-резус клондорун алуу боюнча эксперименттер жүргүзүлөт. Клондоштуруу методу менен башка жаныбарлар да алынган. Азыркы мезгилде көпчүлүк мамлекеттерде адамды репродуктивдик клондоштурууга катуу тыюу салынган.
  • 1996-ж. Долли аттуу кой клондоштуруу жолу менен Уилмут жана Кэмпбелл окумуштууларынын эксперименттеринин натыйжасында алынат.
  • 1997 - ж. Дон Вольф атындагы илимий борборунда (Oregon Regional Primate Research Center) макака-резус клондорун алуу боюнча эксперименттер жүргүзүлөт.
  • Клондоштуруу методу менен башка жаныбарлар да алынган.
  • Азыркы мезгилде көпчүлүк мамлекеттерде адамды репродуктивдик клондоштурууга катуу тыюу салынган.
Долли клонун алуу схемасы

Долли клонун алуу схемасы

Ядролорду трансплантациялоо методу 1985-ж. Б.Конюхов жана Е.Платонов микроманипуляция методу менен ядролорду трансплантациялоонун жеңил жолун ойлоп табышат. Бул метод эки этаптан турат: 1-этапта микропипетка менен жумуртка клеткасынын пеллюцид катмарын (гликопротеин чели) жана плазматикалык мембрананы көзөп пронуклеустарды алып салышат.

Ядролорду трансплантациялоо методу

  • 1985-ж. Б.Конюхов жана Е.Платонов микроманипуляция методу менен ядролорду трансплантациялоонун жеңил жолун ойлоп табышат. Бул метод эки этаптан турат:
  • 1-этапта микропипетка менен жумуртка клеткасынын пеллюцид катмарын (гликопротеин чели) жана плазматикалык мембрананы көзөп пронуклеустарды алып салышат.
Ооцитти энуклеациялоо  (ядросунан бошотуу )

Ооцитти энуклеациялоо (ядросунан бошотуу )

2-этапта диаметри 12 мкм болгон башка жоонураак пипетка аркылуу донордук диплоиддик ядро баштагы көзөнөкчө аркылуу клеткага киргизилет. Ядролордун трансплантациясы цитохалазин деп аталуучу заттардын жардамы менен да ишке ашат. Бул заттар козу карындардан алынат. Мисалы, цитохалазин В клетканын ичиндеги микрофиламенттердин структурасын бузуп, ядронун жайгашуусун шарттайт, б.а. ядро клетка менен цитоплазманын ичке сабакчасы аркылуу гана байланышат. Центрифугага салган соң чөйрөдө ядросуз клеткалар (цитопласттар) жана клеткадан бөлүнүп чыккан ядролор (кариопласттар) топтолот.
  • 2-этапта диаметри 12 мкм болгон башка жоонураак пипетка аркылуу донордук диплоиддик ядро баштагы көзөнөкчө аркылуу клеткага киргизилет.
  • Ядролордун трансплантациясы цитохалазин деп аталуучу заттардын жардамы менен да ишке ашат. Бул заттар козу карындардан алынат. Мисалы, цитохалазин В клетканын ичиндеги микрофиламенттердин структурасын бузуп, ядронун жайгашуусун шарттайт, б.а. ядро клетка менен цитоплазманын ичке сабакчасы аркылуу гана байланышат. Центрифугага салган соң чөйрөдө ядросуз клеткалар (цитопласттар) жана клеткадан бөлүнүп чыккан ядролор (кариопласттар) топтолот.
Мал чарбачылыгында өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу Бул тармакта жаңы методдордун колдонулушу мал жандыктардын продукциясын алууда оптималдык көрсөткүчтөргө жетишүүгө мүмкүнчүлүк берет. Методдор физиологиялык активдүү бирикмелердин катышуусу менен эмбрионалдык же клеткалык деңгээлде жүргүзүлүүчү иш аракеттерге негизделген. Аталган методдорго төмөнкүлөр кирет:  - мал жандыктын организмин стимуляциялоо; суперовуляция; жасалма жол менен уруктандыруу; эмбриондорду трансплантациялоо; гамета жана түйүлдүктөрдү сактоо; эмбриондун жынысын башкаруу; химера организмин алуу.

Мал чарбачылыгында өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу

  • Бул тармакта жаңы методдордун колдонулушу мал жандыктардын продукциясын алууда оптималдык көрсөткүчтөргө жетишүүгө мүмкүнчүлүк берет. Методдор физиологиялык активдүү бирикмелердин катышуусу менен эмбрионалдык же клеткалык деңгээлде жүргүзүлүүчү иш аракеттерге негизделген.
  • Аталган методдорго төмөнкүлөр кирет:

- мал жандыктын организмин стимуляциялоо;

  • суперовуляция;
  • жасалма жол менен уруктандыруу;
  • эмбриондорду трансплантациялоо;
  • гамета жана түйүлдүктөрдү сактоо;
  • эмбриондун жынысын башкаруу;
  • химера организмин алуу.
Суперовуляция методу – ургаачылык жыныс бездеринде гормондордун таасири астында көптөгөн жумуртка клеткаларынын бир мезгилде чогуу өрчүп жетилиши аталат. Ооциттер 50 эсеге көбөйүшөт. Бул метод менен мыкты продуктивдүү породалардан көптөгөн түйүлдүктөрдү алууга болот. Жасалма уруктандыруу методу - бул метод менен мал арасындагы түрдүү инфекциялардан арылууга болот. Генетикалык потенциалды эффективдүү пайдаланууга шарт түзүлөт.
  • Суперовуляция методу – ургаачылык жыныс бездеринде гормондордун таасири астында көптөгөн жумуртка клеткаларынын бир мезгилде чогуу өрчүп жетилиши аталат. Ооциттер 50 эсеге көбөйүшөт. Бул метод менен мыкты продуктивдүү породалардан көптөгөн түйүлдүктөрдү алууга болот.
  • Жасалма уруктандыруу методу - бул метод менен мал арасындагы түрдүү инфекциялардан арылууга болот. Генетикалык потенциалды эффективдүү пайдаланууга шарт түзүлөт.
Эмбриондорду трансплантациялоо Бодо малдын баалуу породаларынын түйүлдүктөрүн трансплантациялоо процедурасы мал жандыкты сатып алууга салыштырмалуу бир топ арзанга түшөт.

Эмбриондорду трансплантациялоо

Бодо малдын баалуу породаларынын түйүлдүктөрүн трансплантациялоо процедурасы мал жандыкты сатып алууга салыштырмалуу бир топ арзанга түшөт.

Трансплантацияга даяр эмбриондор

Трансплантацияга даяр эмбриондор

Эмбриондордун трансплантациясы Бул метод эмбриотехнология деп аталат. Продуктивдүүлүгү жогору болгон малдын породаларынан түйүлдүктөр алынып, башка малдын (реципиенттин) жатынына жайгаштырылат. 1970-ж.чейин түйүлдүктөрдү негизинен хирургиялык жол менен алышкан, азыркы мезгилде атайын зонд менен түйүлдүктөр малдын жатынынан алынып, температурасы 25-30 о С түзгөн физиологиялык эритмеге салынат. Орточо эсеп менен донордон суперовуляция методу менен 5-7 түйүлдүк алууга болот.

Эмбриондордун трансплантациясы

  • Бул метод эмбриотехнология деп аталат. Продуктивдүүлүгү жогору болгон малдын породаларынан түйүлдүктөр алынып, башка малдын (реципиенттин) жатынына жайгаштырылат.
  • 1970-ж.чейин түйүлдүктөрдү негизинен хирургиялык жол менен алышкан, азыркы мезгилде атайын зонд менен түйүлдүктөр малдын жатынынан алынып, температурасы 25-30 о С түзгөн физиологиялык эритмеге салынат. Орточо эсеп менен донордон суперовуляция методу менен 5-7 түйүлдүк алууга болот.
Текшерүүчү суроолор: Клондоштуруу деген эмне? Клондоштуруу методу качан сунушталган? Клондоштуруу методунун жетишкендиктери жана кемчиликтери? Оооцит клеткалары кандайча энуклеацияланат? Эмбриондорду трансплантациялоонун механизми?

Текшерүүчү суроолор:

  • Клондоштуруу деген эмне?
  • Клондоштуруу методу качан сунушталган?
  • Клондоштуруу методунун жетишкендиктери жана кемчиликтери?
  • Оооцит клеткалары кандайча энуклеацияланат?
  • Эмбриондорду трансплантациялоонун механизми?


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!