СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Көгүлтүр от программасы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Көгүлтүр от программасы»



«Бекитемин»

К.Нурбеков атындагы орто мектебинин

Директоу______________Курбанова З.

Талас районуна караштуу К. Нурбеков атындагы орто мектебинин 2015-2016-окуу жылына карата өтүлүүчү «Жаӊы жыл жалпы майрам» оюн-зоок кечесинин сценарийи

Өтүлүүчү орду: Мектеп, спорт зал

Өтүлүучү мөөнөтү: 2015-жыл, 26-декабрь

Катышуучу класстар:8-9-10-класстар

Өтүлүүчү жай шарлар, дубал газеталар, желектер, балаты, музыкалык аппаратура менен жабдылган.

Кечени алып баруучулар:


А.Б.Кутмандуу кечиӊиздер менен алтындан ардактуу агайлар, күмүштөн салмактуу эжелер, балатыдай көркөм, аяз кыздай сулуу кыдар, кышкы аяздай кайраттуу эр жүрөк жигиттер.


А.Б.Сиздерди 2016-жаӊырган жаӊы жылыӊыздар менен чын жүрөктөн куттуктайбыз.


А.Б. Жаӊы жыл кыргыз элиме узун өмүр, чыӊ ден соолук, албан-албан ийгиликтерди алып келсин.


А.Б.Жаӊырган маймыл жылы жериме тынчтыкты, бакубатчылыкты, молчулукту жана токчулукту алып келсин.


А.Б. Бүгүнкү шаӊга бөлөнгөн кечени ачып берүү үчүн мектептин директору , « Эл агартуунун мыктысы» төш белгисинин ээси Курбанова Зумратхан эжеге берилет.

(Эже сүйлөйт)


А.Б. Сөз мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Маматбекова Мира эжеге берилет.

( Окуунун отличниктерине , коомдук ишке активдүү катышкан , алдыӊкы класстарга ардак грамота тапшырылат)

А.Б. Келсин жаӊы жылым келсин,

Элге бакыт-таалай берсин.

Ыйман-ырыс алып келип,

Аппак кардай көӊүл берсин.

Куттуктоо сөз 10-класстын класс жетекчиси, «Эл агартуунун мыктысы»төш белгисинин ээси Алымбеков Абжалбек агайга берилет.

( Агай сүйлөйт)

А.Б Тоолордогу аппак кардай аппак тилек,

Бийик болду чокусу асман тиреп.

Жаӊы жылым кирип келди эшик кагып,

Куттуктайбыз сиздерди таазим этип.

Куттуктоо сөз 9-класстын класс жетекчиси Эргешбаева Гүлнура эжеге берилет.

(Эже сүйлөйт)

А.Б. Бүгүн майрам, жай күнүндөй ачык турат,

Куттук айтып ар бирибиз көӊүл улап.

Бардык каалоо тилектер орундалсын,

Жаӊы жылым келе гой, кел жаӊырып.


Куттуктоо сөз 8-класстын класс жетекчиси, «Эл агартуунун мыктысы» төш белгисинин ээси Намазбекова Жаӊылкан эжеге берилет.

(Эже сүйлөйт)

А.Б. Урматтуу бүгүнкү кеченин катышуучулары сиздердин көӊүлүӊүздөрдү 10-класстын бийине бурабыз.

( 10-класстын окуучулары бийлешет)

А.Б. Жаӊы жылды тосолу,

Жакшы маанай ыр менен.

Жаӊы жылда ырдайлы,

Жайнап жаӊы күн менен.

Кезекти обондуу ырларга берсек.

  1. 10-класс

  2. 9-класс

  3. 8-класс


А.Б. Жаӊы жылым алып келет,

Көп тилектин тазасын.

Жайнап бизди сүйүнткөн,

Жаӊы жылым жашасын.

Урматтуу кеченин катышуучулары сиздердин көӊүлдү окуучулар тарабынан даярдалган жаӊы жылдык оюндарга бурабыз.

  1. 10-класс

  2. 9-класс

  3. 8-класс (Ар бир класс бирден оюн көрсөтөт)


А.Б. Күлкү ден соолуктун мүлкү демекчи кезекти жаӊы жылдык тамашаларга берели.

1. 10-класс

2. 9-класс

3. 8-класс (Ар бир класс тамашоу крсөтөт)


А.Б. Арабызда обончу бар, чоорчу бар,

Арабызда Толубайдай сынчы бар.

Арабызда чимирилип бийлеген,

Кымча белдүү, сулуу бийчи кыздар бар.

Кезекти фонограммага берели.

  1. 10-класс

  2. 9-класс

  3. 8-класс


А.Б. Оюн ойноп ушул кечте,

Таӊ тамаша салалы.

Мөөрөй алып, алга озуп,

Белектерди алалы.


Кезек жаӊы жылдык оюндарга берели.

  1. 10-класс

  2. 9-класс

  3. 8-класс ( Ар бир класс бирден оюн көрсөтөт)

А.Б. Бүгүн ырдап, бий бийлеп,

Меймандар да көӊүлдүү.

Анда эмесе өнөрүн ,

Бийчилердин көрөлү.


Көӊүлүӊүздөрдү бийчилердин өнөрүнө бурабыз.

  1. 10-класс

  2. 9-класс

  3. 8-класс ( Ар бир класс бий бийлейт)


А.Б. Назарыӊыздарды жаӊы жылдык оюндарга буралы.

1. 10-класс

2.9-класс

3.8-класс ( Ар бир класс бирден оюн көрсөтөт)


А.Б Урматтуу коноктор жана катышуучулар сиздердин колдооӊуздар менен кеченин жабуу аземине 10-класстын окуучуларын чакырабыз.

(10-класстын окуучулары ырдашат)


А.б. Урматтуу эже-агайлар,окуучуларсиздерге жаӊырган жаӊы жылда

-Арчадай жаштыкты

-Аяз атадай улуулукту

-Аяз кыздай сулуулукту

-Ак кардай тазалыкты каалайбыз!

-Жаӊы жыл бизге чыӊ ден соолук, узун өмүр, бакыт-таалай,албан-албан ийгиликтерди алып келсин.

-Дагы бир жолу Жаӊы жылыӊыздар менен куттуктайбыз!


Кече жабылат.




























Талас районуна караштуу К. Нурбеков атындагы орто мектебинде 2015-2016-0куу жылынын 14-декабрында ата-энелер чогулушу болуп өттү.

Катышкандар : ата-энелер-54, мектеп жетекчилиги, мугалимдер.


Күн тартибинде каралуучу маселелер:

  1. Кам көрүү кеӊешинин жобосу менен тааныштыруу жана талкуулоо.

  2. Кам көрүү кеӊешинин курамын шайлоо жана бекитүү

Угулду: Биринчи маселе боюнча мектептин директору Курбанова Зумратхан төмөндөгүдөй билдирүү жасады:

2015-2016-окуу жыына карата кам көрүү кеӊешин түзүп, алар менениш алып баруу биздин негизги максатыбыз .

Кам көрүү кеӊешинин максаты жана милдеттери боюнча төмөндөгүдөй маалымат берип өттү:

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү мекемелериндеги кам көрүүчү кеӊештер тууралуу жобо Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын 32, 35, 37, 44-беренелеринин ишке ашыруу үчүн, бирдиктүү башкаруу формаларын андан ары өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мекемелерин өнүктүрүү максатында иштелип чыгып, кабыл алынган жана анын ичине бюджеттен сырткаркы аражаттарды алып келүу жана аларды колдонууну көзөмөлдөө да кирет.

Жалпы жоболор:

    1. КР жалпы илим берүүчү уюмунун кам көрүүчү кеӊеши –жалпы билим берүү чү уюм уставдык масаттарга жетүүгө көмөктөшөт жана кошумча каражаттарды алып келип, аларды максаттуу колдонулушун көзөмөлдөөчү кызматтарды аткарат.

    2. Демөөрчүлүк жардам-физикалык жана юридикалык инсандардын жалпы билим берүүчү уюмдарга материалдык техникалык жана окуу базасын колдоо үчүн берген жардамдары.

    3. өкүл-жалпы билим берүүчү уюмдун окуу классынын атынан өкүлдөр жыйынына жөнөтүлгөн адам.

    4. Байкоочу-кам көрүүчү кеӊештин иш-аракетинде мыйзамдуулукту сактоого көмөк кылуу максатында билим берүүнү башкаруу органынан жалпы билим берүүчү уюмдун кам көрүучү кеӊешине жиберилген адам.

    5. Кам көрүүчү кеӊештин мүчөсү-жалпы билим берүүчү уюмду башкаруу боюнча акысыз түрдө иш жүргүзүп жаткан жөндөмдүу адам.

    6. Атайын эсеп-бардык колдоо жана демөөрчүлүк жардам которулуп турган жалпы билим берүүчү уюмдун эсеби. Жалпы билим берүүчү мекемеге же анын жамаатына бардык каржы түрүндөгү жардам аталган эсеп аркылуу гана көрсөтүлөт.

Кам көрүү кеӊешинин негизги максаты-бул билим берүүчү мекемеге алардын уставдык кызматарын ишке ашырууда кол каыш кылуу, материалдык-техникалык жана окуу базасын бекемдөөгө багытталган мекемелердин жана жеке жарандардын аракеттерин бириктирүү жана ошондой эле бюджеттен сырткаркы каражаттарды билим берүүчумекемелер аркылуу максаттуу колдонуусун көзөмөлдөө.

Кам көрүүчү кеӊештин негизги милдеттери:

-демөөрчүлүк жардам жана гранттардын максаттуу , рационалдуу колдонулушун көзөмөлдөөнү камсыз кылуу.

-билим берүүчү мекеменин материалдык-техникалык жана окуу базасын бекемдөө , жакшыртууда анын бөлүмдөрүн жана аймагын көрктөндүрүүгө көмөк көрсөтүү.

-КР мыйзамдуулугуна ылайык , ар бир жарандын акысыз билим алуусуна көмөктөшүү.

-Билим берүү процессин ишке ашыруу, окуучулардын өмүрү жана ден соолугун сактоо үчүн болгон шарттарды жакшыртууга көмөктөшүу.

-Окуучулардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо.

Кам көрүүчү кеӊешти түзүү

3.1.-Кам көрүүчү кеӊеш башкаруу органы катары өкүлдөр жыйыны жана катчылыктан турат.

3.2.-өкүл конкреттүү окуу классынын окуучуларынын ата-энелери тарабынан ата-энелер, коомдук ишмерлер жана демөөрчүлөрдүн катарынан үч жылдык мөөнөткө шайланат.

3.3-Катчылык өкүлдөр жыйыны тарабынан он беш адамдан кем эмес санында өкүлдөрдүн ичинен үч жылга шайланат.

3.4.-Катчылыктын курамына тиешелүү билим берүү башкаруу аймакык органы добуш берүүгө катыша албаган өзүнүн өкүлүн жиберет.

3.5.Катчылыкты шайлоону билим берүү мекемесинин жетекчилиги уюштурат.

4.1.Өкүлдөр жыйынынын, катчылыктын аткаруучу иштерине төмөнкүлөр кирет:

-Катчылыкты шайлоо

-Мектептин стратегиялык пландарын жана өнүгү программаларын карап чыгуу жана бекитүү .

-Алынып келинген бюджеттен сырткаркы акча каражаттарын жыл сайын карап чыгуу аркылуу мыйзамдуулукту, эффективдүүлүктүжана максаттуу пайдаланышын көзөмөлдөө жана бюджеттен сырткаркы акча каражаттары боюнча бир жылдык финансылык отчетун берүү.

4.2.-Катчылык башка башкаруу органдарынын компетенциясында болгон маселелерден сырткаркы болгон билим берүү уюмунун өз иш-аракетин жүргүзүүсүнө байланыштуу бардык маселелерди аткара алат.

4.3.Катчылыкты өз жыйынында өз мүчөлөрүнүн ичинен шайлап алган жетекчиси башкарат.

Катчылык кам көрүүчү кеӊештин ишин уюштуруу жөнүндө жобосун бекитүү менен өз иш аракетин уюштуруу маселесин өз алдынча чече алат.

4.4. Катчылык жыйында чечимдерди кабыл алат. Катчылыктын жыйындары кварталына бир жолудан кем эмес , зарылчылык чыкканда өткөрүлүшү керек.

4.5. Катчылыктын жетекчиси «кам көрүүчү кеӊештин ишин уюштуруу»жөнүндө

Жобосу менен аныкталган тартипте жана мөөнөттө катчылыктын кезексиз жыйынын өткөрүүгө укуктуу.

4.7. Байкоочунун милдетине кам көрүүчү кеӊештин иш аракетинин мыйзамдуулугун көзөмөлдөө кирет.

4.8. өкүлдүн милдетин катчылыктын мүчөлөрүн шайлоо жана өкүлдөр жыйынынын чечимдерди кабыл алууга катышуусу кирет.


Катчылыктын мүчөлөрүнүн, байкоочунун жана укуктары менен милдеттери:

5.1. Катчылыктын мүчөсү өз милдеттерин так жана жеке кызыкчылыктарсыз аткарышы керек.

5.2.Катчылыктын мүчөсү өкүлдөр жыйынынын жана катчылыктын жыйындарына катышып, байкоочуга , өкүлгө отчеттор менен түшүндүрмөлөрду берүугө тийиш.

5.3. Катчылыктын мүчөсү катчылыктын жетекчилигине бир ай мурда арыз жазып, катчылыктын курамынан каалаган убакта чыгып кетүүгө укуктуу.

5.4. өкүл катчылыктын мүчөлөрүнөн жана мектептин жетекчисинен бюджеттен сырткаркы акча каражатынын сарпталышынын отчетун алууга укуктуу.ошондой эле окуучулардын ата-энелери менен катчылыктын ортосунда ортомчу кызматын аткарат.

5.5. Байкоочу билим берүү уюмунун бюджеттен сырткаркы каражаттарды колдонуу маселеси боюнча иш кагаздары менен таанышууга , катчылыктын жыйындарына катышууга укуктуу.

Байкоочу билим берүү уюмунун чарбалык ишине кийлигишүүгө , катчылыктын жыйындарында добуш берүүгө жана башка жолдор менен катчылыктын ишине кийлигишүүгө укугу жок.

5.6. Катчылыктын жетекчилиги билим берүү мекемесинин жетекчисинин уюштуруучулук жардамы менен КР мыйзамдуулугуна ылайык, кам көрүүчү кеӊештин жумушун ишке ашырат.


Экинчи маселе боюнча ата-энелер , мугалимдер талкуулап чыгып, кам көрүү кеӊешинин курамын төмөндөгүдөй сунушташты:



Кам көрүү кеӊешинин төрагасы-Бейшенов Эркинбек тел. 0705006765

Катчысы-Чойбекова Майрам тел. 0777864735

Мүчөлөрү:

Батырбекова Айгүл тел.

Кенжегараев Айбек тел. 0777363738

Борбашева Малика тел. 0777866360

Садырова Перизат тел. 0771915584

Эстебесов Болот тел. 0772911340

Карабеков Бакай тел. 0709436716



Жогоруда айтылгандарды талкуулап чыгып,кеӊешме чечим кылат:



  1. Кам көрүү кеӊешинин жобосу бекитилсин жана анын негизинде иш алып баруу жагы кеӊештин ар бир мүчөсүнө милдеттендирилсин.

  2. 2015-2016-окуу жылына карата кам көрү кеӊешинин курамы төмөндөгүдөй тартипте бекитилсин . Кеӊешменин төрагасы-Бейшенов Эркинбек, катчысы-Чойбекова Майрам, мүчөлөрү- Карабеков Бакай, Батырбекова Айгүл, Кенжегараев Айбек, Борбашева Малика, Садырова Перизат, Эстебесов Болот.

  3. Кам көрүү кеӊешинин отурумун квартал сайын өтүп, иштин жыйынтыгы боюнча отчет тапшыруу жагы кеӊешменин төрагасы Бейшенов Эркинбекке милдеттендирилсин.

  4. Жогорудагы чечимдин аткарылышына көзөмөл жасоо жагы кеӊешменин төрагасы Бейшенов Эркинбекке жүктөлсүн.







Кеӊешменин төрагасы:_________________________Бейшенов Эркинбек

Кеӊешменин катчысы:__________________________Чойбекова Майрам.







Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!