СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Көйгөйдү кантип чечсе болот? (Тарбиялык саат)

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Көйгөйдү кантип чечсе болот?  (Тарбиялык саат)

Просмотр содержимого документа
«Көйгөйдү кантип чечсе болот? (Тарбиялык саат)»

КӨЙГӨДҮ КАНТИП ЧЕЧСЕ БОЛОТ?

(Конфликттин картасы)


Дүйнөдө тынчтыкка жетүү үчүн, өзүңдүн жеке жашооңдо болгон конфликттерди чечүүнү үйрөнүш керек.

Сабактын максаты:

    • Мектепте жана күнүмдүк жашоодо окуучулар конфликтти анализдөөнү натыйжалуу колдонуш үчүн картага түшүрүү ыкмасын киргизүү жана иштеп чыгуу.

Керектелүүчү ресурстар: ватмандар, маркерлер.


Ватмандардагы жазуулар:

      • Конфликтте болгон ойлор жана сезимдер;

      • Картография этаптары (ватманда);

      • Картанын схемасын чоңойтуу (ватманда);

      • Конфликтти картага түшүрүү схемасы (окуучунун санына карата);

      • Муктаждыктар менен коркунучтун тизмеси (ватманда).


Сабактын планы:

Көнүгүү

Убакыт

1.

Уюштуруу

5 мүн.

2.

Киришүү. Көнүгүү «Конфликтте болгон сезимдер жана ойлор»

5 мүн.





3.

Негизги бөлүк

  • Лекция;

  • Практикалык иш: конфликтти картага түшүрүү

  • Жыйынтыктоо

30 мүн.

4.

Коштошуу адеби

5 мүн.



45 мүн.


Сабактын жүрүшү:

  1. Уюштуруу (5 мүн.)

Мугалим: Сабактын максатын жана темасын айтат. Мугалим “окуучулардын маанайы кандай, өздөрүн кандай

сезип жатышат, эмне үчүн андай сезип жатышат, алар сабакка даярбы?”, -деген суроолорду берет.

  1. Киришүү. Көнүгүү

«Конфликтте болгон сезимдер жана ойлор» (5 мүн.)

Мугалим: Силер төмөндөгүдөй сезимдерди пайда кыла турган көйгөйлөр менен жолуктуңар беле? (жазылган ватманды ачат).

    • Мен эмне кылышымды билбей турам. Болуп жаткан окуяны түшүнбөй жатам;

    • Көйгөйлүү кырдаалдан чыгуу жолдорун көрө албай жатам;

    • Бул жерде бири-бири менен байланышкан факторлор көп. Эмнеден баштасам экен?

    • Мен сезип жаткам бир нерсе болуп жатканын, бирок эмне болуп жатканын билген эмесмин;

    • Абалдан чыгуу кыйын. Мени таптакыр түшүнүшпөйт!

    • Кандай көңүл коштук! Адам өзүн кантип ушундай алып жүрсө болот?


Талкуулоо:

    • Бизде качан ушундай сезимдер болот? (конфликт учурунда).

    • Силер билесиңерби мындай ойлорду кандай жеңсе болот? (көп учурда жок).


















Мугалим окуучуларга көйгөйдү картага түшүрүү этаптарын көрсөтөт.


  1. этап. Көйгөй эмнеде?

Жалпы жонунан көйгөйдү баяндап айтыш керек. Бул этапта көйгөйдү өтө

Мугалим улантат:

Мугалим: Көп учурда биз конфликтүү кырдаалдан чыгууну көрө албайбыз.

Ушундай учурларда конфликтти картага түшүрүү ыкмасын колдонсок болот.

  1. Негизги бөлүк (30 мүн.)

    1. Лекция.

Мугалим: Картага түшүрүү ыкмасынын негизги мааниси бул конфликттин катышуучулары, муктаждыктары, коркунучтары жана болгон көйгөй картага түшүрүлөт.

Мугалим схеманы окуучуларга таркатат: Конфликтти картага түшүрүү




















терең кароого же ал көйгөйдөн чыгуу жолдорун табууга аракет кылуунун зарылдыгы жок.

Эгерде маселе компьютер колдонууга же үйдү жыйноого тийиштүү болсо, көйгөй «компьютер» же «үй жумуштары»

деген рубрикада чагылдырылып көрсөтүлүшү мүмкүн.

Көйгөйдүн мааниси эмнеде экендиги жакшы көрсөтүлбөшүнө тынчсызданбай эле коюңуз, конфликттин жаралышын аныктоо маанилүү жана аны силер картага түшүрөсүңөр.


  1. этап. Кимдер катышкан?

Конфликттин негизги тараптары ким экендигин таап алгыла. Тизмеге өзүнчө бир адамдарды же топторду киргизсеңер болот (окуучулар, ата- энелер, мугалимдер, коңшулар ж.б.).

Ушул конфликтке катышкан адамдардын жалпы муктаждыктарына карай топторго бөлүп алсаңар болот. Топтук жана жеке категориялар аралашса деле боло берет. Мисалы, апаңар компьютерге олтурганга уруксат бербегендигинин себебинен силер менен апаңардын ортоңордо конфликт чыгып жатат жана үй- бүлөдөгү башка адамдар дагы бул конфликтке катышкан.


  1. этап. Тараптардын негизги муктаждыктары эмнеде?

Ушул көйгөй менен байланышкан негизги катышуучулардын муктаждыктарын атап чыгышыңар керек. Бул маселеде катышуучулардын артында турган мотивациясын аныкташыңар керек. Адамдардын жасаган иш- аракеттери жана калыптанган аң- сезимдери алардын каалоолорунун жана мотивдеринин айынан чыгат. Биздин муктаждыктарды канааттандырган нерселерге биз умтулабыз жана аларга тоскоолдук кылган нерселерден качууга аракет жасайбыз.


Муктаждыктар. Биз бул терминдерди көп мааниде колдонобуз

  • ал каалоолорду, баалуулуктарды, кызыкчылыктарды жана адам баласы үчүн эмне маанилүү экенин түшүндүрөт.

Мугалим окуучуларга «Алардын же менин көйгөйлөргө карата муктаждыктар эмне болушу мүмкүн?» деп ойлонууну сунуштайт. Муктаждыктардын арасында төмөнкүлөр болушу мүмкүн:

    • Физиологиялык муктаждык (ачкалык, суусоо,…);

    • Коопсуздукка болгон муктаждык (оорудан, коркунучтан, каардуулуктан коргонуу...);

    • Социалдык муктаждык (сүйүү, үй- бүлө, достор, сүйлөшүү…);

    • Өз ишенимиңди бекемдөөгө болгон муктаждык (өзүн-өзү сыйлоо, карьера, кадыр-барк, аброй, ийгилик…);

    • Өнүгүүгө болгон муктаждык (жөндөмдөрдү, түшүнүгүн өнүктүрүү ж.б.).

    • Өзү каалаган муктаждыктар (сыйлоо, түшүнүү, таануу, достор, коопсуздук, көңүл ачуу, ийгилик...).


Коркунучтар - бул жерде сөз тынчсыздануу, чочулоо, кооптонуу жөнүндө болушу мүмкүн. Силер алардын канчалык деңгээлде реалдуу экендигин картага түшүрөрдүн алдында, аны талкуулабашыңар керек. Бул картада коркунучту чагылдырууга жана айтууга болгон мүмкүнчүлүк. Коркунучтар: кемсинтүү, жактырбоо, кабыл албоо, башкаларды көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн жоготуу, жалгыздык, сын пикирге дуушар болуу, айыптоо, мени башкарып алат деген коркуулар.

Мисалы, апанын эскертүүсүнө болгон жооп: «Компьютер — убакытты текке өткөрүү. Пайдасы жок» — Муктаждыктарды билүү үчүн сизге эмне керек- деп суроо берсеңер болот. Муктаждык үй жумуштарына жардам берүү болушу мүмкүн. Коркунучтарды билүү үчүн эмнеге тынчсызданып жатасыз деп суроо беришиңер мүмкүн.

Тынчсыздануу жумушка кеч калуу жана убакыттын тардыгы болушу мүмкүн.

    1. Практикалык иш: конфликтти картага түшүрүү

Мугалим: Биздин сабактын кийинки бөлүгү – бул конкреттүү окуяны талдоо жана картага түшүрүү болот.

Окуя: Мектепте чоң танапис убагында конфликт болгон. Конфликт 9 «А»- класстын окуучусу менен 9 «Б»- класстын окуучусунун ортосунда болду. Окуя мындай болгон. Чоң танаписте Аслан

9 «Б»- класстын окуучусу Каринаны

«келесоо» деп айткан. (Карина сулуу, өзүнө ишенген кыз). Аслан дайыма өзүн кармай албаган, бардыгы атайын анын ачуусуна тиет деп ойлогон бала.

Аны капа кылган адамдарды жазалаш үчүн бардыгы менен мушташат. Карина менен Асландын ортосунда болгон конфликтти мектептегилердин бардыгы көрдү. Жанында турган 11 «Б»- класстын окуучусу Каринанын тууганы болгон. Ал Асланды опузалап маселени сабактан кийин териштире турганын айтты жана мушташ башталып кетти.

Мугалим: Бул окуяны ойноп көргөнү аракет жасайлы. Ар бир катышуучу өзүнүн атынан болгон окуяга карата мамилесин айтат. Мугалим ролдорго бөлүштүрөт жана негизги сөздөрдү берет:

  1. окуучу: «Ал өзүн башкача баалап ойлойт эле. Өзүнө жараша мамилени көрдү!».

  2. окуучу: «Мен жакшы кылдым, экинчи ат койбойт!».

Окуучу кыз: «Мен үчүн балдар дагы мушташып кетишти, эң жакшы болду!».

  1. окуучу: «Ошол мушташты көрүш керек эле да!!!»

Мугалим: Конфликт кантип пайда болду? Эмне үчүн болду?

Болжолдуу жооптор:

  • Себеби, ага ат койду;

  • Себеби, ал аны капа кылды;

  • Себеби, ал эч нерсени түшүндүрбөй туруп сокту.

Мугалим: Аткарган адамдар өздөрүн кандай сезишти?

Ар бир окуучу өзүнүн персонажынын атынан болгон окуяны түшүндүрөт.

Мугалим: Конфликттин картографиясын түзөбүз. Конфликтти картографиялоо 3 этаптан турат:

  1. этап. Көйгөйдү аныктоо.

  2. этап. Конфликттин негизги катышуучуларын айтуу.

  3. этап. Конфликттин ар бир катышуучусунун муктаждыктары жана коркунучтары кандай?


Мугалимге багыт берүү: Карта даяр болмоюнча балдар тараптардын муктаждыктары жана коркунучтарына көңүл бурушу керектигин белгилеп кетүүсү керек. Окуучуларга чечүү жолдорун, кесепеттерин, кошумча суроолорду (Мисалы:Мүмкүн мындай болсочу?..) талкуулаганга жол бербөө. Эгерде, тайпа убактылуу четке чыгышса, анда кошумча суроолорду бир баракка жазып коюушуңуз керек. Окуучуларды төмөнкү суроолорго жооп бергенге мажбур кылыңыз: «Муктаждыктар жана коркунучтар кандай?». Муктаждыктары катары каралган даяр чечимдерди алып таштаганга туура келет.


Картанын болжолдуу толтурулушу.

Конфликттин КАРТАсы. 1.Көйгөй: Мушташуу коркунучу.

  1. КИМ?

  • Аслан 9 «А»- класстын окуучусу.

  • Карина 9 «А»-класстын окуучусу.

  • Мирлан 11 «Б»-класстын окуучусу.

  • Болжолдуу катышуучулар (конфликттешкен тараптардын айланасындагылар).

-Класс жетекчи (директор).

-Классташтар.

-Ата-энелер.

  1. Муктаждыктар жана коркунучтар


Ким

Муктаждыктар

Коркунучтар

Аслан

таануу, сүйүү

кабыл албагандан коркуу, уят болуудан коркуу, кемсинтүүдөн коркуу.

Карина

коопсуздук

башкаларды көзөмөл кылууну жоготуу, жазалагандан коркуу.

Мирлан

таануу, сый -урмат

башкаларды көзөмөл кылууну жоготуу, жазалагандан коркуу

Мугалим: Конфликттин кыйыр катышуучулары ким болушу мүмкүн? Эгерде мушташ болду деп ойлосок?


Болжолдуу жооптор:

  • Класс жетекчи;

  • Классташтар;

  • Ата-энелер.

Конфликттин кыйыр катышуучуларынын муктаждыктарын жана позицияларын талкуулоо

-Класс жетекчинин муктаждыгы кесиптештеринин жана ата-энелердин арасында таанууга, жакшы жумуш үчүн сыйлык алуу же класс жетекчи кызмат ордун сактоо. Эгерде мушташ чыкса,

анда анын коркунучу сыйлык албай калуу, сый мамилени, кызмат ордун жоготуу (картага сунушталган жоопторду жазуу).

- Классташтардын муктаждыктары көңүл ачуу (мушташты кароо, жеңишти же жеңилгендикти талкуулоо).

Коркунучтар дагы бар: мушташта болгондугу үчүн ата-энесин чакыруусу мүмкүн, мектеп аны көзөмөлгө алышы мүмкүн.

  • Ата-энелер балдарынын коопсуз болушуна муктаж жана коркунучтар бул коопсуздукту жоготуу болот. Алар дагы өздөрү чырдашы мүмкүн: ар бири өзүнүн баласынын таламын талашат.















Мугалим:

  • Картадан биз эмени көрдүк? (конфликттин бардык катышуучулардын сезимдерин биз түшүнө алдыкпы? Ар биринин өзүнүн муктаждыктары жана коркунучтары бар).


  • Биз картаны түзгөндөн кийин, биздин мамилебиз болуп жаткан окуяга өзгөрүлдүбү?

Ооба, өзгөрүлдү, биз ар биринин конфликтте болгон өзүнүн себептери бар экенин ойлонуп калдык. Карта башка адамдардын көзү менен окуяны көргөнгө жардам берди. Ар бир катышуучунун муктаждыктарын көрө алдык. Биз адамдардын жасаган ишин тааныдык, мурун алар түшүнүктүү болгон эмес.

  • Кандай ойлойсуңар картографиянын кийинки кадамы эмне?


Кийинки кадам: Конфликттерди жөнгө салуу үчүн чечимдерди иштеп чыгуу.

Бул чечим кантип иштелип чыгат? (Конфликттүү кырдаалдан чыгуу жолдорун эске салуу: мисалы: кызматташуу, компромисс).

Карта чечимдерди иштеп чыгууга кандай жардам берет? (Конфликттин бардык тараптарынын мутаждыктарын көрүүгө жардам берет жана ушул муктаждыктарды канааттандыруу жолдорун табууга мүмкүнчүлүк берет, мисалы сүйлөшүү).


    1. Жыйынтыктоо Мугалим: Картографиянын

натыйжалуулугу боюнча эмнени айтат элеңер?


Болжолдуу жооптор:

  • Конфликт болгонун күтүп олтура бербешибиз керек- конфликттин пайда болушун алдын алганга аракет жасашыбыз керек




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!