СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Компетенттүүлүк мамиле билим берүүдөгү жаӊы парадигманын негизи катары

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Авторская статья

Просмотр содержимого документа
«Компетенттүүлүк мамиле билим берүүдөгү жаӊы парадигманын негизи катары»

УДК: 378.2(575.2)(04)

КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮК МАМИЛЕ БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ЖАӉЫ ПАРАДИГМАНЫН НЕГИЗИ КАТАРЫ


Сулайманова Рахат Токтогуловна – Ж. Баласагын атындагы КУУнун доценти, педагогика илимдеринин кандидаты, 0703787780, E-mail: [email protected]

Кыскача мазмуну

Макалада компетенттүүлүк мамиле түшүнүгүнө заманбап позициядан жана анын негизинде жаӊы билим берүү парадигмасына өтүү мүмкүнчүлүгү көз карашынан иликтөө жүргүзүлдү. Жаӊы миӊ жылдыктын башталышы глобалдык өзгөрүүлөр жана адам ишмердигинин дээрлик бардык чөйрөсүндө, биринчи кезекте, коммуникация жана билим берүү технологияларында болуп жаткан тереӊ процесстер менен мүнөздөлөт, анткени булардын баары бири-бири менен тыгыз карым-катышта турат. Азыркы учурда генерация, интеграция жана билимди жайылтуу процесстерине артыкчылык берилүүчү маалыматтык коомго өтүү тенденциялары байкалууда жана бул жалпы эле билим берүүдө, ошондой эле жеке билим берүү концепцияларында жана системаларында жаӊы парадигманы калыптандырууга оӊ таасирин тийгизүүсү зарыл. Аталган парадигма ЖОЖдук практиканын жана аны сапаттуу башкаруу процессинин натыйжасы катары заманбап билим берүүнүн сапатына багытталган.

Ачкыч сөздөр: компетенттүүлүк мамиле, компетенция, компетенттүүлүк, билим берүүдөгү жаӊы парадигма, билимдик парадигма, мазмун тандоо принциптери, заманбап билим берүүнүн сапаты.


КОМПЕТЕНТНОСТНЫЙ ПОДХОД КАК ОСНОВА НОВОЙ ПАРАДИГМЫ ОБРАЗОВАНИЯ


Аннотация

В статье представлен анализ понятия компетентностного подхода с современных позиций и с точки зрения возможностей перехода на новую образовательную парадигму на его основе. Начало нового тысячелетия характеризуется глобальными изменениями и глубинными процессами практически во всех сферах человеческой деятельности, и в первую очередь в области технологий коммуникаций и образования, поскольку все они тесно взаимосвязаны. В настоящее время наблюдается переход к такому информационному обществу, в котором процессы генерации, интеграции и распространения знания становятся приоритетными, и они должны положительно сказаться на формировании новой парадигмы как образования в целом, так и частных образовательных концепций и систем. Данная парадигма нацелена на качество современного образования как процесса и результата вузовской практики и ее качественного управления.

Ключевые слова: компетентностный подход, компетенция, компетентность, новая парадигма образования, знаниевая парадигма, принципы отбора содержания, качество современного образования.


COMPETENCE APPROACH AS THE BASIS OF A NEW PARADIGM OF EDUCATION

Annotation

The article presents the analysis of the concept of competence approach from modern positions and from the point of view of the possibilities of transition to a new educational paradigm on its basis. The beginning of the new Millennium is characterized by global changes and profound processes in almost all spheres of human activity, especially in the field of communication technologies and education, as they are all closely interrelated. Currently, there is a transition to such an information society, in which the processes of generation, integration and dissemination of knowledge become a priority, and they should have a positive impact on the formation of a new paradigm of both education in General and private educational concepts and systems. This paradigm is aimed at the quality of modern education as a process and result of University practice and its quality management.

Key words: competence approach, competence, competence, new paradigm of education, knowledge paradigm, principles of content selection, quality of modern education.


Бүгүнкү күндө Кыргызстандын академиялык коомчулугунда дүйнө жүзүндө жана Европада жалпы кабыл алынган көз караштар системасы улам тереӊ тамыр алууда, ал заманбап илимде билим берүү тууралуу эӊ башкы агымды калыптандырууда, аны билим чөйрөсүндө белгиленген башкы парадигма деп атоого болот.

Аталган социалдык контекстте, адистерди даярдоонун продуктивдүүлүгүн камсыздоонун максатын жана милдеттерин тактоону ал эми кээ бир учурларда кайрадан карап чыгууну талап кылуусу, демек, компетенттүүлүк, адаптивдүүлүк (ыӊгайлашуучулук), өз алдынчалык, чыгармачыл демилге ж.б. сыяктуу маанилүү, атаандашуучу сапаттарга ээ жогорку деӊгээлдеги кесипкөйлөргө болгон коомдун муктаждыгын канааттандырууга багытталган кесиптик билим берүүнүн мазмунун оптималдаштыруу толугу менен өзүн актаган. Дүйнөлүк экономикадагы интеграциялык процесстер жана глобалдашуу тенденциясы Кыргызстандагы билим берүү системасы дүйнөлүк коомчулуктун талаптарына туура келсе, жаш адистер эл аралык эмгек рыногунда атаандашууга жөндөмдүү болорун күбөлөндүрүп турат. Буга далилди биз акыркы жылдардагы билим берүү жаатындагы бардык өкмөттүк документтерден табабыз. Мында өнүккөн өлкөнүн эӊ башкы атаандаштык артыкчылыгы анын адамзаттык потенциалын өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү менен байланышкан, көпчүлүк учурда, ал билим берүү системасынын абалы менен аныкталып турат.

Адамдын потенциалын өнүктүрүүнүн жолдорунун бири Кыргызстандын Болон процессине интегарцияланышынын эсебинен ишке ашууда. Бул Кыргызстандын билим берүү системасынын европалык эмгек жана билим берүүдөгү кызмат көрсөтүүлөр рыногунан көптөгөн жылдар бою алыстап калуусун жокко чыгарып, европалык өнөктөштөр менен теӊ укуктуу мамилелерди орнотууда өбөлгөлөрдү түзөт. Болон келишиминин демилгечилери жогорку билим берүү чөйрөсүндө кызматташууга тоскоолдук жаратып жаткан себептердин арасында европалыктардын жаӊы технологияларга болгон кызыгуусунун кандайдыр бир деӊгээлде жоголуп бара жатышын жана анын кесепетинен көптөгөн мамлекеттердин Америка Кошмо Штаттарынан жана Азиялык-Тынч океандык аймактагы бир катар өлкөлөрдөн артта калып жаткандыгын белгилешет. Мындай артта калуу Кыргызстан үчүн да мүнөздүү, андыктан, Европа коомчулугу умтулуп жатышкан кайра жаӊылануу биздин билим берүү системасы үчүн да актуалдуу болуп эсептелет. 2011-жылы Билим берүү министри тарабынан Болон декларациясына кол коюлушу кесиптик билим берүүнү түп тамырынан карап чыгууну, өлкөнү өнүктүрүү милдеттерине жана замандын талабына ылайык анын мазмунуна олуттуу жаӊыланууларды киргизүүнү, билим берүү процесстерин уюштуруунун жана ишке ашыруунун оптималдуу ыкмаларын, каражаттарын жана технологияларын издөө демилгесин көтөрдү. Бул билим берүүнү модернизациялоо контекстинен алганда, негизги жоболор менен үндөшүп турат. Аталган мамиле универсалдуу билимдердин, билгичтиктердин жана көндүмдөрдүн бүтүндөй системасын, ошондой эле жалпысынан кандайдыр бир деӊгээлде билим берүүнүн сапатынын көрсөткүчтөрү, түйүндүү компетенттүүлүүктөрү катары аныкталуучу окуучунун өз алдынча ишмердигин жана анын жеке жоопкерчилигин калыптандырууга багытталган [7]. Компетенттүүлүк мамиле билим берүүнүн максатын, милдеттерин жана мазмунун аныктоодо абсолюттук жаӊы нерсе болуп эсептелбейт. Бирок, эгер анын негизинде жаткан компетенттүүлүктөрдү интеллектуалдык да, эмоционалдык да, адеп-ахлактык да тутумду камтыган татаал жеке билим берүү катары карай турган болсок, биздин пикирибизче, бул абдан маанилүү, анткени ал маданий-тарыхый, этносоциалдык баалуулуктарды сактоого мүмкүндүк берүүчү потенциалды алып жүрөт [6]. Компетенттүүлүк мамилени ишке ашыруу маселелери менен психологдор П.Я. Гальперин, В.Д. Шадриков, И.С. Якиманская ж.б. алектенишкен. Алардын изилдөөлөрү жалпыланган билимдерди, жөндөмдөрдү жана ишмердүүлүк ыкмаларын өздөштүрүүгө багытталгандыгы ачык көрүнүп турат. Кыргыз педагогдорунан Н.А. Асипова компетентүүлүк мамилесине жаӊы парадигмалик көрүнүш катары карап, ага төмөнкүдөй мүнөздөмө берет: “Учурда компетентүүлүк парадигма педагогикалык теориядажана практикада өзгөчө орунду ээлөө менен билим берүүнүн, окутуунун жана тарбиялоонун натыйжасында окуучуда пайда болуучу интеллектуалдык социалдык, инсандык жана технологиялык натыйжалардын (жетишкендиктердин) жыйындысын билдирет. Демек компетенттүүлүккө негизделген билим берүү – билимдин максат, милдеттеринен келип чыга турган инсанга зарыл болгон турмуштук, кесиптик, социалдык билим, билгичтиктердин жыйындысын калыптандыруу дегенди билдирет” [1, 129]. Ошентип компетенттүүлүк парадигма билим берүүнүн натыйжасын аныктоочу максат жана методологиялык курал экендигин көрүүгө болот.

Компетенттүүлүк мамиле конкерттүү социалдык буйрутмага карата толук кандуу өзүн актаган прагматикалык реакция катары биринчи кезекте заманбап дүйнөлүк эмгек рыногунун керектөөлөрүнө жооп берүүчү болочок адистерди даярдоонун сапатын камсыздоо системасын иштеп чыгуунун зарылдыгын көрсөтүп турат. Бул учурда компетенттүүлүк мамиле студенттерге маалымат, ж.б. түрүндөгү даяр билим берүү маанисинде «билимдик» мамилеге каршы коюлуп жаткандыгын эске алуу керек. «Билимдик» мамилени ишке ашырууда окутуучу тышкы берилген шарттар менен аныкталуучу жалпы эрежелерди, принциптерди, алгоритмдерди калыптандырат. Окутуучу процедуралар материалды мыкты эске тутууга өбөлгө түзөт, ал эми окуу ишмердиги жаӊы маалыматты же көндүмдөрдү жана жөндөмдөрдү талап кылбаган ар кандай типтүү же окшош ички предметтер аралык кырдаалдарда студенттерди үйрөнгөн материалдарын өз алдынча колдонуу жана көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ боло тургандай уюштурулат. Натыйжада студенттер эӊ жогорку деӊгээлде теориялык билимдердин жыйындысына ээ болушуп, бирок конкреттүү кесиптик маселелерди чечүүдө алган билимдерин колдонууну талап кылуучу практикалык ишмердикте белгилүү кыйынчылыктарга дуушар болушат. Бул мындан он жыл мурун билим берүү системасынын абалын жана өнүгүүсүн изилдөө менен алектенген Бүткүл Дүйнөлүк банктын адистери тарабынан да белгиленген. Баяндамада белгиленген советтик билим берүү системасынын көптөгөн артыкчылыктары менен катар эле авторлор окуучуда кесиптик универсализм сыяктуу сапаттын, б.а. иштөө чөйрөсүн жана ишмердигин жүзөгө ашыруу ыкмасын алмаштыруу жөндөмдүүлүгүн калыптандыруу маселесине көӊүл бурушкан. Башкаруу теориясында бул маселе мыкты даярдык көргөн адистин конкреттүү чөйрөдө ийкемдүүлүк, өз алдынчалык, демилелүүлүк, ыӊгайлашуучулук сыяктуу сапаттарга ээ болгон кызматкерге айлануу көз карашынан талкууга алынган. Албетте, мыйзам-ченемдүү жана толук акталган аргументтүү теориялык негизге, билимдин номенклатурасынын жана билимдин, жөндөмдүн жана көндүмдөрдүн иерархиясынын так аныктамасына, аларды калыптандыруунун, текшерүүнүн жана баалоонун колдонулуучу методикаларына ээ болгон формалдуу-билимдик парадигма билим берүүдө өз маанисин жоготту, натыйжада, жеке-ишмердүүлүк (компетенттүүлүк) парадигмасына өтүү зарылдыгы келип чыкты. Бул жерде белгилеп кете турган нерсе, мындай өтүү түзүлгөн маданий билим берүү контекстине салыштыруусуз ишке ашырылышы мүмкүн эмес. Билим берүүдө, жакында пайда болгон тенденцияларга жана жаӊы кырдаалдарга ылайык, бир жагынан, билим берүү системасынын унификациялануусунан алыстоо менен, экинчи жагынан – жаӊы билим берүү программаларынын вариативдүүлүгү жана альтернативдүүлүгү, билим берүүнү коммерциялаштыруу, мамлекеттин билим берүүнү уюштуруу маселелерине кийлигишүүсүнүн олуттуу түрдө төмөндөшү жана жогоруда айтылган жалпы европалык интеграция жана глобалдашуу процесстерин эске албастан, калыптанган көп жылдык салтты эске албай жана иликтебей туруп компетенттүү мамилени ишке ашыруу мүмкүн эмес. Мына ушуга байланыштуу, учурда иштеп жаткан билим берүү системасына компетенттүүлүк моделди киргизүү аракеттери жасалууда [2]. Бул учурда заманбап билим берүү парадигмасы салттуу билим берүү экономикалык мамилелердин азыркы абалынын чагылдырылышы болуп эсептелген кесиптик компетенцияларды өнүктүрүү менен карым-катышуучу көп аспектилүү комплекстүү феноменди билдирерин эске алуу керек [8].

Тез өтүү мүмкүн эмес, бул «компетенция», «компетенттүүлүк» түшүнүктөрүнүн бирдей түшүндүрмөсүнүн жоктугу, ошондой эле билим берүү процессинде жана анын натыйжасына карата аларга негизделген мамиленин жоктугуна байланыштуу. Компетенттүүлүк мамиле жаатында жүргүзүлгөн изилдөөлөрдү иликтөө адистерди даярдоодо аталган мамиле окуучуда компетенциялардын белгилүү бир жыйындысын калыптандырууну билдирерин, аларды ишке ашыруу окуучуга ийгиликтүү социалдашуусуна өбөлө түзөрүн көрсөттү. «Квалификация» термининен айырмаланып, компетенциялар адистештирилген кесиптик билимдерден жана билгичтиктерден тышкары квалификацияны мүнөздөөчү демилгелүүлүк, кызматташууга даярдык, топ менен иш алып барууга даярдык, коммуникативдик жөндөмдүүлүк, окуганды, баалаганды, логикалык ой жүгүртүүнү, маалыматты тандоону жана пайдаланууну билүү сыяктуу сапаттарды өзүнө камтыйт. Компетенттүүлүк мамиле позициясынан билим берүүнүн деӊгээли алган билимдеринин негизинде ар кыл татаалдыктагы көйгөйлүү маселелерди чечүүгө болгон жөндөмдүүлүгү менен гана аныкталбастан, болгондо да ийгиликтүү кесиптик ишмердик үчүн маанилүү жана натыйжалуу болуп, ар кандай билимдер эмес, турмуштук жана кесиптик маселелерди чечүүгө, чет тилинде баарлашууга даярдыгын, маалыматтык технологиялар жаатында ж.б. даярдыгын көрсөтүүчү жалпыланган билгичтиктерге негизделерин аныктап турат. Компетенттүүлүк деп проблеманы түшүнүүсүн, болжолдуу натыйжаларды элестетүү, ишмердигине тоскоолдуктарды жаратуучу себептердин бетин ачуу, аталган себептерди жоюу, зарыл болгон аракеттерди ишке ашыруу жана күтүлүүчү натыйжаларды баалоо үчүн каражаттарды сунуштоолорду эске алуу менен өз потенциалын (билимдери, билгичтиктерди, тажрыйбасын) ишке ашыруудагы жөндөмдүүлүктөрүнүн жыйындысы катары аныктоого болот. Компетенттүүлүктүн мындай өӊүттө түшүндүрүлүшүндө окуучунун маалымдуулугу эмес, маселелерди чечүү жөндөмү биринчи орунга чыгат [2]. Атайын адабиятта компетенттүү мамилени түшүнүү билим берүү максатын, мазмунун тандоону, билим берүү процессин уюштурууну жана анын натыйжаларын баалоону ишке ашыруунун жалпы принциптеринин жыйындысы катары аныкталат. Негизинен, бул түшүнүктү билим берүүнүн маанисин жана мазмунун бөлүштүрүүчү негизги багыттарга алып барып кошууга болот:

- окуучуларда ар кыл чөйрөдө жана ишмердиктин ар кандай түрлөрүндө социлдык тажрыйбаны, таанып билүү, дүйнө даанымдык, адеп-ахлактык жана башка маселелерди чече билүүнү пайдалануунун негизинде өз алдынча маселелерди чечүү жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү;

- окуучуларда аталган тажрыйбаны калыптандыруу үчүн шарттарды түзүү; билим берүү натыйжаларын этаптуу баалоо максатында студенттердин жетишкен билимдүүлүгүнүн деӊгээлин аныктоо [8]. Билим берүүдө «Кантип …?» жана «Эмне үчүн …?» позициясынан алганда компетенттүүлүк мамиле бир аз башкача түшүндүрүлүп жүрөт [3]. Мурунку түшүндүрмөлөрдөн анчейин айырмаланган түшүндүрмөлөрдү биз көрө алган жокпуз. Натыйжада, компетенттүүлүк мамиленин мааниси болочок адистин ийгиликтүү кесиптик ишке ашырылышынын зарыл шарты катары маселелерди чечүүгө окутууга алып келет [6].

Ошентип, компетенттүүлүк мамиленин максаттуу мазмуну ар кандай кесиптик, этикалык, коммуникациялык жана башка маселелерди чечүүгө даярдыгын жана жөндөмдүүлүгүн билдирет деп айтууга болот. Ошентсе да, компетенттүүлүк мамиле маселени, атап айтканда, билим жана билгичтик маселесин ийгиликтүү чечүүдө салттуу түрдө зарыл өбөлгөлөрдү түзүүчү билим берүүдөгү жаӊы парадигманын негизи катары фактор экендигин эске албай коюуга болбойт. Компетенттүүлүк мамиле кызматташуунун жана өз ара карым-катышуунун негизинде көйгөйлүү маселелерди чечүүгө окуу процессинин багытталуусун жана практикалык ишмердикти жүзөгө ашыруу максатында балансталган белгилүү кесиптик билимдерге жана билгичтиктерге ээ болуусу шартында гана билим берүүдөгү жаӊы парадигманын негизи боло алат. Мындай мамиледе кесиптик компетенттүүлүк түшүнүгүнүн мазмуну билим берүүнүн заманбап талаптарына жооп берүүчү дидактикалык-методикалык моделин иштеп чыгууга мүмкүндүк берүүчү конкреттүү жана логикалык мүнөздөлүшкө ээ болот.


Адабияттардын тизмеси:

1. Асипова Н.А. Заманбап билим берүү парадигмалары. / ЖОЖдордун педагогика багытындагы магистратура, аспирантура жана докторантура деӊгээлиндегистуденттер үчүн окуу куралы. – Б.: 2019. 362 б.

2. Болотов В.А., Сериков В.В. Компетентностная модель: от идеи к образовательной программе // Педагогика. – 2003. – №10.

3. Бондаревская Е.В., Кульневич С.В. Парадигмальный подход // Педагогика. – 2004. – №10.

4. Зеер Э.Ф., Павлова А.М., Сыманюк Э.Э. Модернизация профессионального образования: компетентностный подход. – М., 2005.

5. Зимняя И.А. Ключевые компетентности как результативно-целевая основа компетентностного подхода в образовании. – М., 2004.

6. Лебедев О.Е. Компетентностный подход в образовании // Школьные технологии. – 2004. – №5.

7. Модернизация образовательного процесса в начальной, основной и старшей школе: варианты решения. – М.: Просвещение, 2004.

8. Сахарова Н.С. Категории «компетентность» и «компетенция» в современной образовательной парадигме // Вестник ОГУ. – 1999. – № 3.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!