СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Конфликттүү кырдаалды талдоо. (Тарбиялык саат)

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Конфликттүү кырдаалды талдоо.  (Тарбиялык саат)

Просмотр содержимого документа
«Конфликттүү кырдаалды талдоо. (Тарбиялык саат)»

КОНФЛИКТТҮҮ КЫРДААЛДЫ ТАЛДОО

Сабактын максаты:

    • Окуучуларды «конфликтти талдоо» түшүнүгү менен тааныштыруу;

    • Окуучуларды конфликттүү кырдаалдын өсүүсүнүн башкы этабында колдонула турган конфликтти талдоо планы менен тааныштыруу;

    • Окуучулардын конфликттүү кырдаалды талдоо практикалык ыкмаларды калыптандыруу.


Сабактын милдеттери:

    • Окуучулардын критикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү;

    • Чыгармачыл жана аналитикалык жөндөмдүн пайда болушуна түрткү берүү.


Керектелүүчү ресурстар: ватмандар, маркерлер.


Даярдануу:

    • Ватманга сабактагы эпиграфты жазып доскага илүү;

    • Ватманга чоң тамгалар менен конфликтти талдоо планын жазуу жана жашыл түс менен белгилеп коюу;

    • «Конфликттүү кырдаал» жөнүндө таркатуу материалын жана аны талдоо планын даярдоо.


Сабактын планы:

Көнүгүү

Убакыт

1.

Киришүү.

10 мүн.

2.

Негизги бөлүк.

  • Конфликтти талдоо деген эмне?

  • Конфликтти талдоо планы;

  • Конфликтти талдоо боюнча практика жүзүндө иштөө.

28 мүн.

3.

Жыйынтыктоо.

5 мүн.

4.

Коштошуу адеби.

2 мүн.



45 мүн.


Сабактын жүрүшү:

  1. Киришүү (10 мүн.)

Максаты: окуучулардын көңүлүн сабактын темасына жана анын максатына буруу.



Мугалим: Улуу жазуучубуз Айтматов Чынгыз Төрөкуловичтин «Кыямат» романынан цитатаны окуйлу. Бул цитатаны кандай түшүнөсүңөр?

Мүмкүн болгон жооптор: Адамдын натурасы татаал, ошондуктан адамдар ортосундагы өз ара мамиле дагы татаал. Бирок, адамдар укканга, түшүнгөнгө үйрөнүшү керек. Биздин

сабак «Конфликтти талдоо» багытталган. Мугалим сабактын максаты жөнүндө айтат.

Окуучулар сабакка көңүлүн бургандан кийин, конфликтти талдоонун теориясына өтсө болот. Мугалим

«Конфликтти талдоо» аныктамасы менен тааныштырат.

  1. Негизги бөлүк (28 мүн.)

Максаты: Кичи пландын жардамы менен конфликтти талдоо кадамдарын көрсөтүү жана конфликтти талдоо боюнча билим берүү.

Мугалим: Конфликтти талдоо дегенди кандай түшүнөсүңөр? Конфликтти талдоого эмне жардам берет?


Болжолдуу жооптор:

    • Конфликтти талдоодо конфликттин себебин, конфликттин катышуучу тараптарын, тараптардын кызыкчылыктарын жана максатын, конфликттин тарыхын билүүгө жардам берет.

Мугалим: Кандай ойлойсуңар, эмне үчүн биз конфликтти талдоо талдашыбыз керек?


Болжолдуу жооптор:

    • Конфликтти талдоо конфликттин себептерин аныктоого жана көйгөйлөрдүн чечүү жолдорун табууга жардам берет;

    • Конфликтти талдоо ошол абалды чечүүгө, түшүнүүгө, аракет кылуу үчүн керек;

    • Конфликтти талдоо тажрыйбасынан сабак алуу үчүн керек.

Мугалим: Мен конфликттүү кырдаалдан жана ошол абалдын талдоо атайын планынын мисалын берем. Ар бир окуучуга конфликттүү абалдын мисалы бар карточкаларды мугалим таркатат.


Конфликттүү абал:

Англис тили сабагы. Класстагы окуучулар тайпаларга бөлүнөт.

Тайпалардын бирөөсүндө англис тили мугалими алмашат. Жаңы келген мугалим тапшырманы текшергенде, өзүнүн талаптары боюнча окуучуларды маалымдабай, теманы жатка айтып берүүнү айтат. Окуучу М. мугалимге мурун башка мугалимге тексттин негизги маанисин айтып беришкенин жана ал теманы жатка билбегендиктен синонимдерди колдонуп айтып бере тургандыгын айтат. Айтып берген текст үчүн мугалим окуучунун баасын

төмөндөтүп «канааттандырарлык» деген бааны коет. Окуучу текстти эркин айтып берүү бул теманы билбегендик эмес экендигин, тескерисинче аны жакшы түшүнүүнү жана ал тилде эркин сүйлөй алгандыкты түшүндүрө тургандыгын айтат. Мугалим бааны оңдоого таптакыр макул болбойт жана окуучу талапка жооп бербегендей айтып бергендигин чечкиндүү белгилейт. Кийинки сабакта 8-класстын окуучусу үйгө тапшырманы аткарбай келет (бирок ал дайыма «4»

жана «5» бааларды алган). Кийинки күнү мугалим үйгө тапшырманы сураганды ошол окуучудан баштайт, окуучу жооп бергенден баш тартканда журналга ошол замат «2» коет. Андан кийинки сабакта окуучу М. башка окуучуларды дагы сабактан качууга тымызын көндүрүп, сабакты бузууга аракет жасайт. Мугалим алардын качып кетип жатканын көрүп калып, сабакка кирүүлөрүн суранат.

Ал сабакта окуучу М. мугалим айткан

тапшырманы жасабайт. Сабактан кийин англис тили мугалими класс жетекчиден ошол кызды жана досун башка тайпага өткөрүүнү суранат.


Мугалим окуучулардын көңүлүн доскада илинген планга бурат.

Мындай пландын жардамы менен конфликтти талдоого аракет жасайлы дейт.


Кичи-план

  1. Ким? – конфликтешкен тараптар.

  2. Эмненин айынан? – келишпестиктин предмети.

  3. Эмне үчүн? – себептери

  4. Эмне кылып жатышат? Эмнени ойлоп жатышат? Эмне деп жатышат?- тараптардын позициялары жана жүрүм- турумдары

  5. Эмнени жасаса болот?– абал андан ары конфликттин курчушуна айланып кетпеш үчүн реалдуу иш-аракеттер.

Мугалим: Окуучуларды тайпаларга бөлүнүүнү айтат, ар бир тайпа ватман жана маркерлерди алып, берилген тапшырманы аткарат.

Биринчи тайпа үчүн тапшырма: Ким? Эмненин айынан? Конфликттин тараптары жана предмети.


Болжолдуу жооптор:

  1. Катышуучулар-конфликттешкен тараптар: англис тили мугалими, окуучу М., классташтар.

  2. Келишпестиктин предмети:

    • мугалим окуучуларга жаңы талаптарды койду, тайпаны ал талаптар менен тааныштырбай берилген жооп үчүн бааны төмөндөттү.

    • окуучу жаңы талаптарга кополдук менен жооп берди, кийин үй тапшырмасын аткаргандан баш тартты, классташтарына англис тили сабагынан качууну сунуштады.

Экинчи тайпага болгон тапшырма: Эмне үчүн? Чыныгы себебин аныктоо: мааниси эмнеде? Конфликттин пайда болушуна эмне түрткү берди?


Болжолдуу жооптор:

Конфликттин себептери - тараптардын кызыкчылыктарынын кагылышуусу:

    • окуучулардын кызыкчылыктары жана мугалимдин талаптары (тапшырманы жасоонун эркин формасы).

    • мугалим менен окуучунун сүйлөшүүсүндөгү катачылыктар (мугалимдин чечкиндүү жообу, окуучунун кополдугу).

Кырдаалдын мааниси мугалим окуучуларды өз убагында талаптары менен тааныштырбагандыгы болду. Конфликттин пайда болушуна окуучунун теманы англис тилинде айтып бергендигине болгон мугалимдин

«канааттандырарлык» деген баасы түрткү болду.


Үчүнчү тайпага берилген тапшырма: Эмне кылып жатышат? Эмне деп ойлоп жатышат? Тараптардын позициялары жана жүрүм-туруму.


Мүмкүн болгон жооптор:

  1. Мугалимдин позициясы: болгон критерийлерге туура келген билимди баалаш керек деген ишеним;

  2. Окуучунун позициясы: “Мага дайыма ушундай жоопко «5» коюлчу, бул учурда мугалим мага адилетсиз болду”.

Ар бир тайпа өзүнүн анализдөө алгоритимин презентациялайт.


Мугалим класстан сурайт:

    • Силер конфликтти кандай чечет элеңер? (Конфликттеги жүрүм-турумдар боюнча эске салуу керек: кызматташуу, качуу, компромисс, атаандашуу- конкуренция, ыңгайлашуу)

    • Эмне кылса болот? Конфликт мындан ары күчөп кетпеши үчүн реалдуу иш- аракеттер.


Болжолдуу жооптор:

    • Мугалим:

  1. Окуучуга жаңы талаптарды эске алуу менен кийинки сабакка даярданып келүүнү айтыш керек эле;

  2. Ошол сабакта окуучуга баасын төмөндөтпөй теманы айтып бергенге уруксат берүү, кийинки сабакта жаңы талаптарга ылайык даярданууну сураныш керек.

    • Окуучу:

1 Теманы айтып берип мугалимге сылык мамиле менен эмне үчүн теманы жаттабай келгендигинин себебин айтыш керек эле;

2. Сабактан кийин мугалимге барып, өзүнүн позициясын сылык түшүндүрүп, кийинки сабакта жаңы талаптарга жараша даярданып келе тургандыгын айтыш керек эле.


Конфликттердин пайда болушун алдын алуу:

Мугалим окуучуларды өзүнүн талаптары менен тааныштыруу жана жолун жолдоо принциптерди сактоо менен мурунку мугалимдин ишке жасаган мамилеси менен таанышуусу зарыл эле.

Мугалим: Эгерде класс жетекчисинен жана 11-класстын окуучуларынан конфликтти чечүүнү суранышкан болгондо, кырдаалдан чыгууда кандай жолдорду сунуштайт элеңер деп

суроо берет. Ал сунуштарды мугалим мээ чабуулу аркылуу окуучулардын жоопторун ватманга жазат.

Конфликттен чечүү жолдорун издөө жана ал жолдордун натыйжалуусун тандоо.

Болжолдуу жооптор:

    • Биз (класс жетекчи жана окуучулар) окуучу М. жана анын досу менен сүйлөшүп, болгон окуя боюнча ой- пикирин аныктадык, кыздарга ар бир чечимдин мүмкүн болгон кесепеттерин алдын ала анализдөө менен кырдаалды чечүүнүн натыйжалуу жолун тандоону сунуштадык.

    • Англис тили мугалими менен сүйлөшкөндө конфликттин чыккан себептерин кандай көрөт жана андан чыгуу жолдору кандай экендигин аныктадык. Биз чогуу анализдегенде конфликттен чыгуу тигил же бул стратегиянын оң жана терс жактарын анализдедик.

    • Биз тигил же бул тарапка тең конфликттен чыгуу стратегиясы кийинчирээк кызматташууга өтүүнү пландаштыруу менен «компромисс» жүрүм-турумду сунуштайт элек.

Мугалим: Балдар, конфликттен чыгуу ыкмасына баа беребиз.

Мүмкүн болгон жооптор:

    • Конфликтти чечүүдө «компромисс» стратегиясын тандоо туура келет деп ойлойбуз, себеби, жыйынтыгында окууда оң тарапка өзгөрүүлөр болушу керек:

  1. Мугалим сабакта өзүнүн талаптары менен окуучуларды тааныштырат.

  2. Окуучу М. сабактарды калтырбайт жана тапшырманы аткарат. Башка тайпага өтүү маселеси кайра талкууланбайт.

Мугалим: биздин жумушубуздан кандай жыйынтык чыгарсак болот?


Болжолдуу жооптор:

    • Конфликтти талдоо конфликт адамдар тарабынан башкарыла тургандыгын көрсөтөт.

Мугалим: Сабакта алынган билимди колдонуп, өзүңөр менен болгон конфликтти талдагыла.

  1. Сабакты жыйынтыктоо

(5 мүн.)

Максаты: сабакта үйрөнгөндү жалпылоо.

Мугалим суроо берет:

  • Сабакта өзүң үчүн кандай жаңы нерселерди алдыңар?

  • Жаңы алган билим силердин жүрүм- турумуңарды кандай өзгөртүшү мүмкүн?

  1. Коштошуу адеби

(2 мүн.)

Максаты: класста болгон атмосфераны жакшыртуу, сабактын аягы боюнча жакшы ойду бекемдөө.

Катышуучулар тегерек болуп олтуруп, жанында олтурганга коштошуу сөзүн жана жакшы каалоолорун айтат.

Мисалы: «Кош бол, мен сага ийликтерди каалайм!».




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!