СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Коррупция-зыяндуу корунуш.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Коррупция-зыяндуу корунуш.»



Сабактын темасы:  Коррупция- зыяндуу көрүнүш.

Сабактын максаты: 1)Балдарды коррупция сыяктуу терс көрүнүштөргө карата

каршы тарбиялоо, жарандык позициясын калыптандыруу.

2) Агартуу, үгүттөө аркылуу коррупцияга каршы көз карашта

каклыптанышына тартуу.Укуктук аң сезиминин өнүгүшүнө

түрткү берүү менен алган маалыматтардан жыйынтык

чыгарууга үйрөтүү.

3)Балдарда адептик рухий нормаларын, укуктук аң сезимин

Укуктук маданиятын калыптандыруу аркылуу көтөрүү. Сабактын жүрүшү: 1. Коррупция деген эмне? түрлөрү? Аныктамасы.230сек.

Коррупция синоним тапкыла



2. а) Коррупциянын келип чыгышы?

б) пара деген эмне?

в) Тууганчылык, тааныштык?

г) Коррупция сенин түшүнүгүңдө?

д) Коррупциянын коомго келтирген зыяны?

3. Кыргызстандагы коррупция: мисал келтирүү?

4. Коррупциянын коомго келтирген зыяны?

5. Коррупцияны кантип жеңсе болот.

Окуучулардын пикири.

Коррупция боюнча кээ бир маалыматтар:

Коррупция латын сөзү « Cornuptuo» - бизге « бузулуу, чирүү»-деген маани берет.

Коррупцияга каршы күрөш жүргүзгөн башкаруучу болуп шумер падышасы Лагама

шаар башында турган Уруинимгана болуп эсептелет. Б.з.ч. XXIV к.ООН 9- декабрды Коррупцияга каршы күрөштүн Эл аралык күнү кылып белгилешет.

Коррупция эң төмөн болгон өлкөдө чиновниктердин айлык мачянасы, өнөр жай,

ишкана чөйрөсүндө иштегендерден 3-7 эсе көп.

Налогдору көп жана мамлекеттик чыгымдар жогору.



· Коррупция эң аз мамлекеттер Дания 92, Жаъы Зеландия 91, Финляндия 89 бал.

Эң төмөн Түндүк Корея, Самали.

Кыргызстан 27 бал менен 136 орунда.

Үй тапшырма : Сүрөт тартуу

Сабактын темасы:  Коррупцияга жол жок!
Сабактын максаты: а) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык коррупция

деген түшүнүктү, коррупциянын белгилерин, коррупциянын себептерин

билишет;

б) Коомдого мындай терс көрүнүштөргө өз ой пикирлерин эркин айта алышат;

в) Чынчыл, адилет болууга, бардык нерсеге каниет кылууга, жаман адаттардан

алыс болууга тарбиялоо.

Сабактын жабдылышы; Ватман, сүрөттөр, проектор менен слайд көрсөтүү.

Сабактын усулу: Суроо-жооп, жалпы иштөө, талкуу, презентация

Сабактын жүрүшү: 
1.Саламдашуу.
2. Окуучуларды тактоо
3. Тазалыкка көңүл буруу.

Мугалим : ( Сабактын максатын айтуу менен мугалим сабакты баштайт.)
— Келгиле окуучулар биз бүгүнкү сабакка жагымдуу маанай тартуулоо үчүн «Отургучтар» деп аталган оюнду ойнойбуз. (Бул үчүн мугалим өзү бир окуучу менен алдын ала даярдык көрүшкөн) 3 стул тегерек коюлат, 4 окуучу доскага чыгат. Музыка башталганда оюнчулар стулдарды тегеренип чуркашат. Музыка токтоор замат ар бири орундуктарды ээлеп калууга тийиш. Ким үлгүрбөй калса ал оюндан чыгат.
Оюн башталат. Музыка токтогондон кийин мугалим даярдап койгон окуучу атайлап орундуксуз калат да оюндан чыккысы келбей нааразы боло баштайт. Анан мугалимге кайрылып: Менин оюндан чыккым келбейт, мүмкүн Сиз экөөбүз сүйлөшөөрбүз? Буга мугалим: Жок, эреже боюнча сен оюндан чыгышың керек. Бирок, окуучу буга макул болбой мындай дейт: Макул, 100 сом берейин, сиз мени оюнда калтырыңыз. Мугалим ойлоно түшөт да: Жок, 100 сом аз деп, оюнчуларга кайрылат: Ким мага 200 сом берсе оюндун жеңүүчүсү болот. Окуучулар нааразы болушат анткени оюндун жеңүүчүсү болуш үчүн алар акча берүүгө даяр эмес болчу. Андан соң мугалим баягы окуучуга кайрылат. Болуптур сен оюнда кала бер! деп, эреже боюнча оюнда кала турган башка бирөөнү оюндан чыгарат. (оюндун аягында пара берген окуучу жеңишке жетет, бул оюнду максаты-окуучулардын нааразычылыгын туудуруп, мугалим менен «пара берүүчүнү» жек көрүү)

Оюндун жыйынтыгын чыгаруу. Мугалим суроолор аркылуу окуучуларга кайрылат.
— Силерге оюн жактыбы? Оюн эмнеси менен жакты?
Окуучулардын жооптору: жок, эч нерсеси жаккан жок.
-Оюн учурунда өзүңөрдү кандай сездиңер?
Окуучулардын жооптору: өтө жаман, жардамсыз,укуксуз.
-Эмнеге жаккан жок?
Окуучулардын жооптору: жаккан жок, оюндан чыга турганда чыкпай, так ойногондор чыгып калышты, таза эмес ойногондор утушту, мугалим менен оюнчу биригип кетишти, мугалим оюнду өзү каалагандай жүргүздү, оюнчуларды басмырлады.
— Окуучулар азыр сиз, көргөн көрүнүштү кандай атоого болот?
— Паракордук…
— Коррупция
Мугалим: Демек биз бүгүн сиз айтып өткөн коррупция жөнүндө сөз кылабыз. Окуучулар коррупция деп укканда оюнарга алгач эмне келди? (Окуучулардын жоопторун угуп бүткөн соң)
-Окуучулар силер айткандар туура, бирок атайын укуктук аныктама бар экенин айтып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 303-статьясында берилген коррупциянын аныктамасын илет.
Коррупция – материалдык, ар кандай башка дөөлөттөрдү жана артыкчылыктарды укуксуз алуу, ошондой эле алар тарабынан бул дөөлөттөрдү жана артыкчылыктарды жеке адамдарга жана юридикалык жактарга берүү максатында бийлик ыйгарым укугуна ээ болгон бир же бир нече кызмат адамынын айрым адамдар же топтор менен туруктуу байланышын билдирген, коомдук жана мамлекеттик таламдарына коркунуч келтирген атайын жасалган жосундар.
Мугалим: Коррупция- бул атайлап жасалган иш. Атайлап жасалган иш деген- адам мыйзамга каршы иш жасаарын, ал иш жаман кесепеттерге алып келээрин, бирок баары бир ушундай ишке бараарын түшүнөт. Кызмат адамы- атайын бийлик ыйгарым укуктарына ээ болгон кандайдыр бир кызматка тандалган же убактылуу дайындалган киши.
Буларды түшүндүрүү менен мугалим коррупциянын негизги белгилерин жөнүндө слайд-шоу аркылуу түшүндүрмө берет.

Коррупциянын белгилери:
1. Коррупциялык иштерге катышкан адам кызмат кишиси болуп саналат.
2. Ал дайым адамдар же адамдардын тобу менен мыйзамсыз байланышты ишке ашыруу үчүн өзүнүн кызматтык абалын жана андагы мүмкүнчүлүгүн пайдаланат.
3. Ушулардын бардыгы башка адамдардын, коомдун жана мамлекеттик кызыкчылыгына зыян келтирет.

Мугалим: Жогоруда берилген маалыматтарды толуктоо, талкуулоо максатында, үйгө берилген тапшырманы сурайт. (Өткөн сабакта үйгө «Коррупция деген эмне?» деген темада сүрөт тартуу берилген) Окуучулар өздөрү тарткан сүрөттөргө түшүндүрмө беришет. Тартылган сүрөттөр доскага илинет. Андан кийин мугалим окуучулардан бул же тигил сүрөттөрдү эмне үчүн тарткандыгын сурайт.

Мисалы: Ыйлап жаткан адамдын сүрөтү, кайгылуу кебете, ыйлаган гүлдөр, кандайдыр- бир канаттуулар.

Атайын даярдалган окуучу өзү тарткан сүрөттү түшүндүрүп менен жаңы маалыматты берет.
Окуучу: — Биз кимди катураак жазалоого дейбиз – паракордубу же пара берүүчүнүбү? Өзү тарткан сүрөтү менен экөөсү тең күнөөлүү экендигин билдирди..

Жыйынтыктоо: Мугалим төмөндөгү суроолорду берүү менен сабакты жыйынтактайт.

1. Коррупция деген эмне экен?
2. Коррупцияга каршы күрөшүүдө сен кандай салыш кошо аласың?
3. Паракорду жазалоо керекпи же пара берүүчүнүбү? Сениң оюң кандай?

Мугалим: Мына окуучулар бүгүнкү сабак өз аягына жетип турган учурда мен ушуларды кошумчалап кетүүнү абзел деп ойлодум. Коррупция деген терс көрүнүш коомдо тамыр жайбасын, коррупцияга каршы күрөшүү ар бир атуулдун негизги милдети болуп калсын. Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев бекеринен «2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылы» деп жарыялаганы жок. Коррупция жок жерде өнүгүү болот

Мекенди сүйүү-ыймандан.
Өлкө сыймыктангандай жаран бол!



Үй тапшырма: Ар бир окуучу өз салым кошуу боюнча дил баян жазып келүү.





















Сабактын темасы: Биз коррупцияга каршыбыз!
Сабактын максаты: а) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык

коррупция деген түшүнүктү, коррупциянын белгилерин,

коррупциянын себептерин билишет;

б) Коомдого мындай терс көрүнүштөргө өз ой пикирлерин эркин

айта алышат;

в) Чынчыл, адилет болууга, бардык нерсеге каниет кылууга,

жаман адаттардан алыс болууга тарбиялоо.

Сабактын жабдылышы: Ватман, сүрөттөр, проектор менен слайд көрсөтүү.

Сабактын усулу: Суроо-жооп, жалпы иштөө, талкуу, презентация

Сабактын жүрүшү: 
1.Саламдашуу.
2. Окуучуларды тактоо
3. Тазалыкка көңүл буруу.

Мугалим : ( Сабактын максатын айтуу менен мугалим сабакты баштайт.)
— Келгиле окуучулар биз бүгүнкү сабакка жагымдуу маанай тартуулоо үчүн «Отургучтар» деп аталган оюнду ойнойбуз. (Бул үчүн мугалим өзү бир окуучу менен алдын ала даярдык көрүшкөн) 3 стул тегерек коюлат, 4 окуучу доскага чыгат. Музыка башталганда оюнчулар стулдарды тегеренип чуркашат. Музыка токтоор замат ар бири орундуктарды ээлеп калууга тийиш. Ким үлгүрбөй калса ал оюндан чыгат.
Оюн башталат. Музыка токтогондон кийин мугалим даярдап койгон окуучу атайлап орундуксуз калат да оюндан чыккысы келбей нааразы боло баштайт. Анан мугалимге кайрылып: Менин оюндан чыккым келбейт, мүмкүн Сиз экөөбүз сүйлөшөөрбүз? Буга мугалим: Жок, эреже боюнча сен оюндан чыгышың керек. Бирок, окуучу буга макул болбой мындай дейт: Макул, 100 сом берейин, сиз мени оюнда калтырыңыз. Мугалим ойлоно түшөт да: Жок, 100 сом аз деп, оюнчуларга кайрылат: Ким мага 200 сом берсе оюндун жеңүүчүсү болот. Окуучулар нааразы болушат анткени оюндун жеңүүчүсү болуш үчүн алар акча берүүгө даяр эмес болчу. Андан соң мугалим баягы окуучуга кайрылат. Болуптур сен оюнда кала бер! деп, эреже боюнча оюнда кала турган башка бирөөнү оюндан чыгарат. (оюндун аягында пара берген окуучу жеңишке жетет, бул оюнду максаты-окуучулардын нааразычылыгын туудуруп, мугалим менен «пара берүүчүнү» жек көрүү)

Оюндун жыйынтыгын чыгаруу. Мугалим суроолор аркылуу окуучуларга кайрылат.
— Силерге оюн жактыбы? Оюн эмнеси менен жакты?
Окуучулардын жооптору: жок, эч нерсеси жаккан жок.
-Оюн учурунда өзүңөрдү кандай сездиңер?
Окуучулардын жооптору: өтө жаман, жардамсыз,укуксуз.
-Эмнеге жаккан жок?
Окуучулардын жооптору: жаккан жок, оюндан чыга турганда чыкпай, так ойногондор чыгып калышты, таза эмес ойногондор утушту, мугалим менен оюнчу биригип кетишти, мугалим оюнду өзү каалагандай жүргүздү, оюнчуларды басмырлады.
— Окуучулар азыр сиз, көргөн көрүнүштү кандай атоого болот?
— Паракордук…
— Коррупция
Мугалим: Демек биз бүгүн сиз айтып өткөн коррупция жөнүндө сөз кылабыз. Окуучулар коррупция деп укканда оюнарга алгач эмне келди? (Окуучулардын жоопторун угуп бүткөн соң)
-Окуучулар силер айткандар туура, бирок атайын укуктук аныктама бар экенин айтып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 303-статьясында берилген коррупциянын аныктамасын илет.
Коррупция – материалдык, ар кандай башка дөөлөттөрдү жана артыкчылыктарды укуксуз алуу, ошондой эле алар тарабынан бул дөөлөттөрдү жана артыкчылыктарды жеке адамдарга жана юридикалык жактарга берүү максатында бийлик ыйгарым укугуна ээ болгон бир же бир нече кызмат адамынын айрым адамдар же топтор менен туруктуу байланышын билдирген, коомдук жана мамлекеттик таламдарына коркунуч келтирген атайын жасалган жосундар.
Мугалим: Коррупция- бул атайлап жасалган иш. Атайлап жасалган иш деген- адам мыйзамга каршы иш жасаарын, ал иш жаман кесепеттерге алып келээрин, бирок баары бир ушундай ишке бараарын түшүнөт. Кызмат адамы- атайын бийлик ыйгарым укуктарына ээ болгон кандайдыр бир кызматка тандалган же убактылуу дайындалган киши.
Буларды түшүндүрүү менен мугалим коррупциянын негизги белгилерин жөнүндө слайд-шоу аркылуу түшүндүрмө берет.

Коррупциянын белгилери:
1. Коррупциялык иштерге катышкан адам кызмат кишиси болуп саналат.
2. Ал дайым адамдар же адамдардын тобу менен мыйзамсыз байланышты ишке ашыруу үчүн өзүнүн кызматтык абалын жана андагы мүмкүнчүлүгүн пайдаланат.
3. Ушулардын бардыгы башка адамдардын, коомдун жана мамлекеттик кызыкчылыгына зыян келтирет.

Мугалим: Жогоруда берилген маалыматтарды толуктоо, талкуулоо максатында, үйгө берилген тапшырманы сурайт. (Өткөн сабакта үйгө «Коррупция деген эмне?» деген темада сүрөт тартуу берилген) Окуучулар өздөрү тарткан сүрөттөргө түшүндүрмө беришет. Тартылган сүрөттөр доскага илинет. Андан кийин мугалим окуучулардан бул же тигил сүрөттөрдү эмне үчүн тарткандыгын сурайт.

Мисалы: Ыйлап жаткан адамдын сүрөтү, кайгылуу кебете, ыйлаган гүлдөр, кандайдыр- бир канаттуулар.

Атайын даярдалган окуучу өзү тарткан сүрөттү түшүндүрүп менен жаңы маалыматты берет.
Окуучу: — Биз кимди катураак жазалоого дейбиз – паракордубу же пара берүүчүнүбү? Өзү тарткан сүрөтү менен экөөсү тең күнөөлүү экендигин билдирди..

Жыйынтыктоо: Мугалим төмөндөгү суроолорду берүү менен сабакты жыйынтактайт.

1. Коррупция деген эмне экен?
2. Коррупцияга каршы күрөшүүдө сен кандай салыш кошо аласың?
3. Паракорду жазалоо керекпи же пара берүүчүнүбү? Сениң оюң кандай?

Мугалим: Мына окуучулар бүгүнкү сабак өз аягына жетип турган учурда мен ушуларды кошумчалап кетүүнү абзел деп ойлодум. Коррупция деген терс көрүнүш коомдо тамыр атпасын,коррупцияга каршы күрөшүү ар бир атуулдун негизги милдет


Сабактын темасы: Коррупция - келечектин душманы.



Сабактын максаты: 1. Окуучулар коррупция жөнүндө кеңирни маалымат алышат.

2. Коомго тийгизген кесепеттерин талдашат жана сынчыл ой

жүгүртүүлөрү калыптанат, чындыкка, адамдык ыйык

сапаттарды тутууга аракеттенишет.

3. Элин-жерин сүйүүгө жана чынчыл, акниет эмгектенүүгө

тарбияланышат.



Сабактын жабдылышы: видио ролик, гезит, журналдар,сүрөттөр.



Сабактын жүрүшү: а) Уюштуруу бөлүгү.

б) үй тапшырманы суроо.

в) Жаңы тема.

г) Сабакты жыйынтыктоо


Коррупция – бул, калктын терен катмарына жайылган илдет, таза коомдун бирден-бир душманы деп эсептейм.

Ал ар бир гана инсандын же болбосо бир эле мамлекеттин маселеси эмес, тилекке каршы, бүтүндөй дүйнөнү түйшөлткөн глобалдуу көйгөй.

Коррупция Кыргызстанда бөтөнчө тамыр алгандыктан көп зыяндарга учурап, социалдык жана саясий – экономикалык абалы начарлап жатат, ошондой эле өсүп өнүгүшүнө чон тоскоолдуктарды жаратып жаткандыгы ар бирибизге малым экендиги шексиз.

Турмуштук эле көрүнүштөн бир мисал: Айгул – мыкты бухгалтер. Кайсы бир мамлекеттик мекемеге ишке орношуу үчүн жетекчиге кирди. Бирок, ал аны жумушка кабыл албастан, өзүнүн балдызын орноштуруп койду. Ал эми Айгул өз мекенинен билимдүүлүк, кесипкөйлүк менен жумуш таба албасына көзү жетип, чет өлкөгө жумушка орношту. Натыйжада мамлекет мыкты адистерден куру калып, кадр маселесинен аксап жатат.

Ошондой эле коррупция, менин жеке оюм боюнча, билим берщщ, сот тармагында, медицинада, ички иштер кызматында өзгөчө тамыр алган.

Анда иштеген кызматкерлер дагы коррупцияны жашоосунда бир бөлүгүндөй көрүп, пара алуунун , жек – жаатчылыктын сазына белчесинен батып калгандай. Элдин убалынан коркпогон, калк кызыкчылыгын өздүк кызыкчылыктарга алмаштырып, мамлекеттин келечегин ойлобогон адамдардын айынан бул нерсе, кудум эле ХХ кылымдагы чума эпидемиясындай күндөн-күнгө күч алууда. Ал эми ушундай ыплас көрүнүштөрдүн күбөсү болгон жаш муундарчы?

Алардын акыл – эси, жашоого болгон көз карашы түп тамырынан бери коррупцияга байланышып, «Окуганда эмне? Атамдын мансабы бар же акчанын кщчщ менен окууга өтөм, жумушка орношом», деген түшүнүк калыптана баштайт. Өлкөнүн келечеги жаштар деп жатса, мындай ыплас ойду туу тутуп, коррупция акыл – эсине сунгуп кирип калган келечек муундар мамлекеттин кыйын кырдалына бек туруп, андан – ары улут катары сактап кете алабы, деген кумон ой жаралат.

Демек, коррупция – мамлекеттин саясий - экономикалык абалын гана томондотпостон, бир бутундой олконун ал эле эмес улуттун тыптыйгын болушуна жеткируучу татаал койгой экендиги талашсыз.

Бирок, коррупциянын ушунчалык кучтуу, майтарылбас душман

экендигин билип туруп кайдыгерлик кылбастан, бардыгыбыз жапа тырмак киришип , катал мыйзамдарды кабыл алуу менен козомолду кучотуу зарыл. Ошондой эле чон – чон кызматтарды аркалап жургон карт борулордун ордуна билимдуу, кайрат – жигердуу, патриот сезимдеги позитивдуу жаштардан сынакттын негизинде жумушка кабыл алуу керек деп эсептейм. Мына ушул иш аракеттер гана коррупцияны толугу менен жойбосок да, богот кое алабыз деген ойдомун.

Сценка болгон окуядан бир көрүнүш:

Бир тууганым экообуз таенемдин колунда тарбияланып келебиз. Мындай кырдаал мен учун абдан окунучтуу жана кайгылуу. Башкалардай болуп биз да толук уй-булодо жашагыбыз келген, бирок мунун бары арта калды, эми алдыдагы келечекке карай бактылуу жашоо куруу керек экендигине ынандым.

Албетте, озум энсеген кесипке ээ болгум келет, бирок менин катарымда эле колунда кызматы, байлыгы бар инсандардын балдары акчанын кучу менен каалаган окуу жайга отуп кетишет. Ошондон улам мен коррупцияны жек коргондон, жек коруп келем.


Мекенимдин эн мыкты журналисти болгум келет, менин жашоомдогу кырдаал ушундай абалда болсо да, мен учун умуттун шооласы эч качан очпойт.

Сабакты жыйынтыктоо: Мына балдар коррупциянын келип чыгуу жолдорун

жана ага карама каршы туруунун жолдорун

түшүндүңөрго деп ойлойм.

Жашоодо созсуз акыйкат болоруна ишенгиле!


Үйгө тапшырма: « Коррупцияга жол жок» деген темага дилбаян жазып келүү.

















Тема: Коррупция -тили узун уулуу жылан (9-10-11-кл тегерек стол)


Максаты: 1. Окуучулар коррупция жөнүндө кеңирни маалымат алышат.

2. Коомго тийгизген кесепеттерин талдашат жана сынчыл ой

жүгүртүүлөрү калыптанат, чындыкка, адамдык ыйык сапаттарды тутууга

тарбияланышат.


Тегерек столдун катышуучулары:

  1. Мектеп директору: Д.жангшелдиева.

  2. Мугалимдер жамааты.

  3. Ата-энелер

  4. Окуучулар


А.б.: Коррупция – бул, калктын терең катмарына жайылган илдет, таза коомдун бирден-бир душманы деп эсептелет.

Ал ар бир гана инсандын же болбосо бир эле мамлекеттин маселеси эмес, тилекке каршы, бүтүндөй дүйнөнү түйшөлткөн глобалдуу көйгөй.

175 өлкөнүн ичинен биздин мамлекетибиз коррупция боюнча 136 орунда турат. Анын ичинен билим берщщ жаатында 97 факты катталган.Катталган фактылар билим берүү мекемелерде кеңири кулач жайгандыгы бардыгыбызга маалым. Билим берүү жаатында коррупциянын күч алгандыгына 20 жылга жакын убакыт болуп калды.Коррупция Кыргызстанда бөтөнчө тамыр алгандыктан көп зыяндарга учурап, социалдык жана саясий – экономикалык абалы начарлап жатат, ошондой эле өсүп өнүгүшүнө чон тоскоолдуктарды жаратып жаткандыгы ар бирибизге малым экендиги шексиз.

Турмуштан бир көрүнүштөн мисал: Асыл – мыкты педагог. Кайсы бир мамлекеттик билим берүү мекемеге ишке орношуу щчщн жетекчиге кирди. Бирок, ал аны жумушка кабыл албастан, өзүнүн бир таанышынан акча алып орноштуруп койду. Ал эми Асыл өз мекенинен билимдүүлүк, кесипкөйлүк менен жумуш таба албасына көзү жетип, чет өлкөгө жумушка орношту. Натыйжада мамлекет мыкты адистерден куру калып, кадр маселесинен аксап жатат.

А.б.: Урматтуу тегерек столдун катышуучулары ушул көрүнүштөн кийин мен сиздерге бир суроо менен кайрылгым келет.

Суроо: Акчага баардык кыялыбызды орундата алабызбы?

Жооп: 1. Коррупцияга барчу жол акчадан башталат.

2. Көп акчаны көргөндө ким болбосун жолдон адашат.

3. Кайда барба, ким менен сүйлөшпө акча жетпейт, акча жок деген гана

сөздөрдү көп угабыз.

Чын эле акча маанилүүбү? деген жооптордун негизинде суроо жооптор

болду.

Мектеп директору сөз алып буларга токтолду. Ошондой эле коррупция, менин жеке оюм боюнча, билим берүү, сот тармагында, медицинада, ички иштер кызматында өзгөчө тамыр алган.Анда иштеген кызматкерлер дагы коррупцияны жашоосунда бир бөлүгүндөй көрүп, пара алуунун , жек – жаатчылыктын сазына белчесинен батып калгандай. Элдин убалынан коркпогон, калк кызыкчылыгын өздүк кызыкчылыктарга алмаштырып, мамлекеттин келечегин ойлобогон адамдардын айынан бул нерсе, кудум эле ХХ кылымдагы чума эпидемиясындай күндөн-күнгө күч алууда. Ал эми ушундай ыплас көрүнүштөрдүн көбөйүүсү болгон жаш муундарыбызга татыктуу билим алып, таза жашоого үндөп, ар бири коррупциядан алыс болуусуна үндөйм.

Ата-энелер Саалиев Улан агай сөз алып окуучулардын жан дүйнөсүн,акыл – эсин, жашоого болгон көз карашын түп тамырынан бери коррупциядан алыс болуусуна, «Окуганда эмне? Атамдын мансабы бар же акчанын күчү менен окууга өтөм, жумушка орношом», деген түшүнүктөн ажыратуу. Өлкөнүн келечеги жаштар деп жатабыз, мындай ыплас ойдон алыс болууга, коррупцияны акыл – эсине сунгуп киргизбей, келечек муундар мамлекеттин кыйын кырдалына бек туруп, андан – ары улут катары сактап кете алышына туура багыт жана тарбия берүү керек.

Мектептин тарыхчы мугалими Абданбаева Минара. Демек, коррупция – мамлекеттин саясий - экономикалык абалын гана томондотпостон, бир бутундой олконун ал эле эмес улуттун жок болушуна жеткируучу татаал койгой экендиги талашсыз.

Бирок, коррупциянын ушунчалык кучтуу, майтарылбас душман экендигин билип туруп кайдыгерлик кылбастан, бардыгыбыз жапа тырмак киришип , катал мыйзамдарды кабыл алуу менен козомолду кучотуу зарыл. Ошондой эле чон – чон кызматтарды аркалап жургон карт борулордун ордуна билимдуу, кайрат – жигердуу, патриот сезимдеги позитивдуу жаштардан сынакттын негизинде жумушка кабыл алуу керек деп эсептейм. Мына ушул иш аракеттер гана коррупцияны толугу менен жойбосок да, богот кое алабыз деген ойдомун.

Ал эми озум болсо 11-класстын окуучусу Жамгырчы кызы Меймуна бирок келечекке карай, мени тынчсыздануу коркунучу жан дуйномду ойкоп келет. Себеби биздин мамлекетибизде коррупция жогорку окуу жайларда, жакшы жумуштарда тамыр жайган.Мындай кырдаал мен учун абдан окунучтуу жана кайгылуу. Алдыдагы келечекке карай бактылуу жашоо куруу керек экендигине ынандым.

Албетте, озум энсеген кесипке ээ болгум келет, бирок менин катарымда эле колунда кызматы, байлыгы бар инсандардын балдары акчанын кучу менен каалаган окуу жайга отуп кетишет. Ошондон улам мен коррупцияны жек коргондон, жек коруп келем.

Мекенимдин эн мыкты журналисти болгум келет, менин жашоомдогу кырдаал ушундай абалда болсо да, мен учун умуттун шооласы эч качан очпойт. Жашоодо созсуз акыйкат болоруна ишенем!

А.б.: Албетте силердин бүгүнкү ой-пикирлериъер мага да жакты, сиздерге да жакты болушу керек. « Аз эле каражатыңа топук кыл, сабырдуу жашаган адам бактылуу, ал эми жашооңо каражатыъ жетшип туруп, жан дүйнөң суз болсо, бакыттын изи да болбойт »деп акылмандар туура айткан. Ошондой оокатка азгырылбай, жан дщйнёбщздщ билим менен байыталы.» Билим-акылдын машыгуусу жана азыгы», «Билимсмз акыл эч нерсеге жарабайт».

Ар бирибизди ушул тегерек столдон алган билим –тарбиябызды келечекте. жашообузда туура колдонууга чакырамын.

Келеген конокторго, окуучуларга чоң рахмат!







« Коррупция » тили узун уулу жылан.

Биз жаралдык адам ата – энеден Жаралганда бул дуйного козду жарып Акылдуубуз, тируу жандар дегенден Келет ойго эки нерсе туруп калып

Мээримдуубуз, сезимдуубуз, туябыз Бири сезим, ыйманыбыз, ички дуйно

Биз адамбыз алга карай жылабыз деп Экинчиси турган турпат сырткы дуйно


Эгерде нурун чачса мандайынан Экоондо тен досу да бар, душман да бар

Бир муштум эт онолсо бут жагынан Сырткы турпат экооно тен болот ал

Ошондо ички дуйно оолак жылат А бирок ички дуйно бир агын cуу

Бирок да, экоо тен салмакташат Бурганга кете берет шаркырып ал


Журоктун чынчыл досу жалгыз ыйман Журоктун душманы бул кара ниет

Ыйманда жакшылыктар бут катылган Кара ниет, кара жактын баарын билет

Ал журок жарык болот нурун чачкан Арам иш, алдамчылык, паракорлук

Ошондо жан дуйнобуз туздолор ал Чогуу журот жана дагы «коррупция»


Коррупция бул тилдуу уулу жылан Ошондо адамдан ыйман кетет

Оролуп адам менен ойногон ал Жакшылык жамандыкка орун берет

Кирип алып ары коздой сезимдерге Ачкоздук, арамдык чогулушуп

Бут сезимди озу гана ээлеген ал Сезимдин тазалыгын кирдетишет


Коррупция ызылдап учкан чымын Кел адамдар мындай жылан болбойлучу

Акылга киргизип узун кылын Кууп жетип келсе жылан oзубузду ондойлучу

Акылынды, бут оюнду ээлеп алат Басып кадам, жылып алга акырын

Айтырып жамандыктын баардык сырын Бабалардын ыйык жолун жолдойлучу


Эн оболу бары болот озундон Болсок болмок бут баарыбыз адилет

Ойлоо керек эн башкысы коонундон Качмак анда коррупция да капилет

Кереги эмне кыйнап башка бироону Тырышмакпыз, эмгекчилден болмокпуз

Пайда барбы арамдыктын ойлору ? Ушул кезде кара булутка окшойбуз


Коррупциянын пайдасы эмне? манкурт кылат

Коомубузда болбой калат алга жылыш

Оной оокат табуунун жолу болуп

Коррупция жергебизге тамыр жаят


Коррупция пайдасы эмне? бырыш-тырыш

Билим албай балдарыбыз жолдо калат

Бийибизден, байыбыздан ыйман кетип

Маселени коррупция калат чечип

Чечууго мезгил келди, убакыт бар

Тазалык алыста эмес жаныбызда ал

Жыргайлы, жыргап куунак ачык маанай

Жашоодо болуп турсун бакыт – таалай!














Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!