СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Куратордук сабак

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Куратордук сабак»

Датасы:___22.02.2019_______

Тайпа:_____ПББ-2-17_______

Куратордук саат.

Тема: «Мекенди коргоо – ыйык милдет»

Сабактын максаты:

Студенттердин Ата Мекенге болгон сүйүүсү козголот, атуулдук сезими ойгонот, эр жигиттердин аскерден качпоого, өз журтун коргоого даяр болууга тарбияланышат.

Сабактын жабдылышы:

Мекен коргоочулардын сүрөтү, АТА жөнүндө ролик.

Сабактын жүрүшү:

Алгач сабакка чакырылган конокторду куттуктоо:

  • Окутуучу : Урматтуу биздин сыймыгыбыз болгон Ата-Мекенди коргоочулар!

Сиздерди 23-февраль Кыргыз Республикасынын Ата-Мекенди коргоочулар күнү менен чын дилден куттуктайбыз! Эч качан майтарылбайт, кайраттуу, күч-кубаттулугуңуздардан жазбастан, Мекенди коргоодо сыймыгыбыз болуп жүрө беришиңиздерди каалайбыз. Үй-бүлөлүк бакыт менен биргеликте бекем ден-соолукта жана элибиздин намысын коргоп, Ала-Тоонун бейпилдиги үчүн аман болушуңуздарга тилектешпиз.

  • 1-студент:

КЫРГЫЗЫМДЫН ЖИГИТТЕРИ

Чоку болот тоолордун бийик жери,

Чокудай бол кыргызымдын жигиттери.

Чок кармаган кол менен баатыр бол деп,

Чоң аталар үйрөткөн сени мени.

  • 2- студент:

Толкун болот деңиздин бийик жери,

Толкундай бол кыргызымдын жигиттери.

Токсон тогуз өнөрдүн ээси бол деп,

Тоолук эне төрөгөн сени мени.

  • 2- студент:

Сен чыныгы уулу болсоң элиңдин,

Элиң үчүн баарын өтөп өмүрдүн,

Булуттардын арасына жашынбай,

Бүркүт болуп чокулардан көрүнгүн!

Сабагыбыздын коноктору болгон агайларга жана дене тарбия адистигинин студенттерине суроолор:

Студенттерге: майрамдык маанайды көтөрүү жана шамдагайлыкты күчөтүү максатында суроолор төмөнкүдөй шарт менен берилет: шарлардын ичинде суроолор катылган, ушул шарларды сиздердин оң бутуңуздарга байлайбыз жана оң бут менен бири бириңиздердин шарларын жаруу. Ким акыркы жарылбай калган шаардын ээси эң шамдагай аталат.

Оюндун жыйынтыгында катышуучуарга белектер берилет.

Ошондой эле студенттер «Сен аскерге барууну каалайсынбы?», «Ата журтту кантип коргойбуз?» деген суроолорго жооп беришет. Жалпы студенттер талкуулашат. Бүгүнкү күндөгү кыргыз армиясынын абалы жөнүндө кеп козгошот.

КЫРГЫЗ АРМИЯСЫ ЗАМАНДЫН ЧАКЫРЫГЫНА ДАЯРБЫ?

Кыргыз армиясы, мурдагы союздук республикалардагыдай эле жаш армия. Салыштыра келгенде эзелтен күчтүү армиясы менен таанылган чоң империялар эмес соңку кездерде бутуна туруп алган өлкөлөрдүн армиясындагы деңгээлге жетип алуу үчүн, кыргыз армиясы кыйла реформаларга, каражатка, убакытка муктаж. Ошентсе да, адистер кыргыз армиясы учурдун көйгөйү катары бүткүл дүйнөнүн коопсуздугуна бүлүк салып турган террорчулук, экстремизм сыяктуу коркунучтарга такаат бере алаарына ишенишет.

Жыйынтыктоо: Аталар бар болушсун! Ата жөнүндө видео ролик көрсөтүлөт.

  • Окутуучу : Видео роликтен көргөнүбүздөй бизди кардан да, жамгырдан да, бороондон да коргогон биздин коргоочуларыбыз АТАЛАРЫБЫЗ аман болушсун.



















Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!