СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Куз -жаратылыштын ажайып мезгили

Нажмите, чтобы узнать подробности

Куз жонундо тушунук  беруу

Просмотр содержимого документа
«Куз -жаратылыштын ажайып мезгили»

Күз — жаратылыштын ажайып мезгили



Сабактын максаты:
1. Балдар ар бир мезгилдин баалуулугун, айлана-чойронун озгоруусунун адамдарга таасирин тушунот.
2. Кузундосу аткарылуучу иштер жонундо ой-жугуртуп, ата-энесине жардам беруу парз экендигине ынанышат.
3. Жаратылышты суйууго, аны коздун карегиндей сактоого тарбиялоо.
Сабактын жабдылышы: Кузгу пейзаж суроттору.
Сабактын журушу:
I. Уюштуруу:
Алтын эрежени кайталоо.
II. Суроо-жооп:
- Кайсы жыл мезгилин жакшы коросунор?
- Куздо басымдуулук кылган тус кайсы?
- Эмне учун кузду «алтын» деп аташат?
III. Мугалимдин созу:
  Ар бир мезгилдин оз кооздугу, артыкчылыгы бар. Биздин жергебизде да азыр куз мезгили. Айланада сары-кызыл тустуу жалбырактарды ото коп коробуз. Андан башка жылуу жактарга учуп кетип жаткан куштар.
  Ал эми талаада эгин, жашылчаларын жыйнап жаткан дыйкандар. Мал багып жургон адамдар. Мунун баары айлананы шанга болоп, озунчо кооздук тартуулайт.

IV. Топтордо иштоо:
Класс уч топко болунот.

1Помидор

2.Банан

3.Болгарский

Ар бир топтон бирден окуучу чыгып томонку суроолор боюнча кластер тузушот:
1. Куздогу кубулуштар.    
2. Куздо аткарылуучу жумуштар.
3. Куздо откорулуучу майрамдар.
Куздо аткарылуучу жумуштардын копчулугу кышка даярдыкка байланыштуу.
Отун-суу камдоо, болмолорду жылуулоо, жылуу кийим даярдоо ж.б.
Ал эми кузгу майрамдарга билим майрамы (1-сентябрь), карыялар куну, дагы кайсы майрам бар экенин озунор улагыла.
V. Кузгу окуя:
Инсенировка: жасалма даракка жалгыз жалбырак илинген. Ар бир кесип ээси бул жалбыракка келип озунун кесибине муноздуу гана созду айтат. Мисалы, Акын: Жалгыз жалбырак-сен омур учун курошкон кучтуу жансын, сен да мен сыяктуу жалгызсын, бирок тируусун жана коозсун.
Биолог: бул жалбырак – жазы жалбырак, аба-ырайына байланыштуу жашыл пигменттер жоголуп сары туско айланган.
Математик: бул жалбырак- симметриялуу фигура, анын аянтын эсептоо бир аз татаал.  ж.б. ушинтип улантасынар…
КҮЗ — жылдын өзүнчө бир кереметтүү маалы эмеспи. Бул маалда мээлүүн алкактуу өлкөлөрдө асман көпкөк болуп, табы кайта түшсө да, күн жаркырап тийип турат, ал эми түнкүсүн аба салкын. Дөбө бетин бербей өскөн токойлор күн өткөн сайын боёк дегендин түркүн түрүнө: мала сарыдан, чымкый сарыга, кызгылтымдан кара кочкулга өтүп боёло берет. Күзүндө жайы-кышы жашыл ийне жалбырактуу карагайлар кызыл-тазыл кийип «жасанган» «курбуларынын», күбүлмө жалбырактуу бак-дарактардын, көркүнө көрк кошуп гана далдаада калат.

Күздү Корея, Япония сыяктуу чыгыш өлкөлөрүнүн тургундары өзгөчө жакшы көрүшөт. Ал кезде япониялыктар «күзгү боёкко мергенчилик кыла» башташат. Алар жаратылышка чыгып, табияттын сулуулугуна суктанып, сейилдеп келишкенин ошентип атап коюшат.

Дал ошо күз мезгилинде Кореядагы улуттук сейил бактарынын көбү бөтөнчө кооздукка бөлөнөт. Гезиттерде күз боёкторуна суктануунун эң ылайыктуу маалы башталганы маалымдалып турат. Айрыкча, Кореянын белгилүү бактарынын бири Сораксанга эл көп келет. Анын кызыл карагайлуу гранит зоокалары жана башка тоо тектери Чыгыш жаратылышына өзгөчө көрк берип турат. Күзүндө бук менен зараң бактары Сораксандын зоолорунун ажарын ачат. Таң жаңыдан сөгүлө баштаганда, одур-бодур аска-тоолордун бугуп жаткан туман дайрасынан баш көтөрүп, улам даана тартыла бериши бу жакка эринбей эрте туруп келгендер үчүн эстен кеткис көрүнүш.

«Мага тоого чыккан жагат, айрыкча күзүндө,— дейт кореялык 70теги куунак Парк И Кьюн.— Күзүндө Кудай бу дөбөлөрдү түркүн түрлүү боёк менен атайылап кооздоп койгондой. Боёктор күндөн-күнгө алмашылып, күздүн көгүлтүр асманы менен куп келишип калат». Ал эми аялы Кон Юнду күзгү жалбырактардын алтын көпөлөктөр сымал, каалгый учуп келип, жерге конушу суктандырат.


Эмне үчүн жалбырактардын өңү алмашат?

Ар нерсеге кызыккан адам жалбырактын түсү эмнеге өзгөрөрүн да билүүнү каалайт. Жалбырактын кызыл же сары түскө боёлушун эмне шарттайт?

Жалбырактардын өңүнүн алмашылышы — бактардын кышка даярдана баштагандыгынын белгиси. Күзүндө күн кыскарып, бактын ички сааты жалбырактарга суу жана азык заттар менен камсыздоону токтотор убак келгенин билдирет. Натыйжада ар бир жалбырактын сабагынын түбүндө ажыраткыч катмар пайда болот. Ал тыгын сымал заттан турган катмар жалбырактын бактын башка бөлүгү менен туташкан зат алмашуу жолун жабат да, акыры жалбырактын түшүшүнө алып келет.

Бул процесстин жүрүшүндө каротиноидд-пигменттер жалбырактардын түсүн сарыга же саргыч кызылга боёйт. Ал пигменттер жалбырактарда жайында да болот, бирок жашыл хлорофиллдин көптүгүнөн байкалбайт. Ал эми жалбырактын кызылга боёлушуна, негизинен, антоцианин жооптуу, аны жалбырактар күзүндө гана иштеп чыга баштайт. Күзүндө хлорофилл бузулгандыктан, сары менен кызыл пигменттер басымдуулук кылат. Ал эми хлорофилл түгөнгөндө, теректин жалбырактары — ачык сарыга, зараңдын жалбырактары чоктой кызылга боёлот.

Ажайып мезгил

Жаратылышты жакшы көргөндөрдүн байкашында, ар жылы, ар жердин күзү өзүнчө кайталангыс болот. Бул көбүнесе ошол аймакта өскөн күбүлмө жалбырактуу бак-дарактардын түрлөрүнөн көз каранды. Маселен, зараң бактары кызылдын ар түркүн түстөрүнө боёлот. Чыгышта ал бактын көптөгөн түрлөрү өскөндүктөн, аны сейил бактарга жана үйлөрдүн тегерек-четине олтургузушат.

Дагы бир шарттоочу себеп — бул климат. Жалбырактарда канча антоцианин болору климатка байланыштуу. Күндүзү чайыттай тийген күн менен түнкү салкын аба жалбырактарда антоцианиндин мүмкүн болушунча көп иштелип чыгарылышына шарт түзөт. Адатта, Ыраакы Чыгыштын күзү дал ошондой. Анын үстүнө, Япония менен Кореяда күзүндө күбүлмө жалбырактуу бак-бадалдуу тоолор көп. Ошондуктан бул өлкөлөр күзгү жалбырактардын түрлүү-түркүн боёгуна суктанар жерлердин эң ылайыктууларынан.

Кузду суйом жалбырактар саргайган,
Кун алыстап керемет бир жел согот.
Жер бетине жалбырактар тошолуп,
Куз аталган бул мезгилге корк кошот.


Алтын куз аталбаптыр бекеринен,
Куз келсе кубанышат баардыгы тен.
Элимде бул мезгилде тойлор болот,
Элимдин бул мезгилде ырысы кен.

Ар мезгилдин оз, озунчо кооздугу бар,
Жаз келсе жашылданат, а кышта кар.
Жайында жер жемиштин баары бышып,
Кузундо учуп тушот жалбырактар.

VI. Жыйынтыктоо:
Жалбырактардын өңүн өзгөртүү процесси өзүнчө сулуулук гана болбостон, тиричилик үчүн да зарыл. Бак жалбырагын түшүргөндө, кышкысын керектелүүчү нымдуулугун жана энергиясын сактап калат. Ошондой эле жай бою жалбырактарга чогулган уу заттардан бошонот.

Уйго тапшырма: эссе жазуу























Күз — жаратылыштын ажайып мезгили




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!