Сабактын темасын, максатын айтуу. 2. Аңгеме - лешʏʏ 3. Жаңы теманы тʏшʏндʏрʏʏ | Бʏгʏнкʏ сабактын темасы: «Кылымдарды карыткан кереметтʏʏ комуз.» Бʏгʏнкʏ сабактын максаты: кыргыз элинин музыкалык аспаптарын эске тʏшʏрɵбʏз, комуз жɵнʏндɵ уламышты окуп, комуздун тʏрлɵрʏ, тʏзʏлʏшʏ менен таанышабыз жана окуучулардын аткаруусунда керемет кʏʏлɵрдɵн угабыз. Сабактын жʏрʏшʏ тʏшʏнʏктʏʏбʏ? Yч буроо, жалгыз тээк, ʏч кыл комуз, Чертилбейт, кʏʏгɵ келбейт чебер колсуз. Опоңой кɵргɵн кɵзгɵ жɵпжɵнɵкɵй, Бирок да ɵнɵрʏ бар айтып болгус. Кыргыз элинин музыкалык аспаптарынын ичинен эң байыркысы комуз экен. Анын ʏнʏ мукам, назик. Балдар, силер комуз жɵнʏндɵ эмнелерди билесиңер? Кыргыз элинин комуздан башка дагы кандай музыкалык аспаптарын билесиңер? Кыргыз элинин музыкалык аспаптары менен таанышып алгыла. Мугалим аспаптардын сʏрɵттɵрʏн кɵрсɵтʏп тааныштырат. Музыкалык аспаптар: аса – муса, дил – дирек, жылаажын, керней, коңгуроо, мʏйʏз керней, сурнай, сыбызгы, темир ооз комуз, чопо чоор, чымылдак. Силер комуз черткиңер келеби? Комузда ойноо ɵтɵ татаал. Бирок музыкалык шыгың болсо, бат эле ʏйрɵнсɵңɵр болот. Анда эмесе мен силерге комуздун тʏзʏлʏшʏн айтып берейин. Слайд кɵрсɵтʏʏ. | Мугалим окуучулар менен баалоо критерийлерин тʏзʏп алышат. Кол менен белги берʏʏ, баш бармакты жогору кɵтɵрʏшɵт. Комуз ɵрʏк, алмурут, карагай, арча, талдардан жасалат. Ал эми кылдары болсо койдун ичегисинен кургатылып даярдалат. Комуздан башка добулбас, кылкыяк, чоор, ооз комуздарын билебиз. Диагностикалык баалоо. |
4. Бышыктоо 5.Жыйынтыктоо 6. Баалоо | Комуздун тʏрлɵрʏ: комуз – прима, комуз – пикало, комуз – альт, комуз – тенор, комуз – бас болуп беш тʏрʏ жасалган. Комузда кʏʏлɵр чертилген, 3 ʏнгɵ чейинки ырлар коштолот жана оркестрде ойнолот. Кыргыз элинин белгилʏʏ комузчулары: Карамолдо Орозов, Муратаалы Кʏрɵңкеев, Ыбырай Туманов, Чалагыз Ыманкулов. Бʏгʏн биздин сабакка дагы ɵз ɵнɵрлɵрʏн кɵрсɵтʏʏ ʏчʏн балдар комуздарын ала келишиптир. Анда эмесе керемет кыргыз кʏʏлɵрʏнɵ кулак салалы. Талантыңар ташкындай берсин! ϴнɵрʏңɵр ɵркʏндɵй берсин! Комуз кантип пайда болгон? Кыргыз элинин оозеки чыгармаларында комуздун пайда болушу жɵнʏндɵ мына мындай кызыктуу уламыш бар. Илгери – илгери бир доордо Камбаркан деген мергенчи жашаган экен. Ал учурда кыргыздар аңчылык менен кʏн кɵрʏшкɵн экен. Камбаркан бʏт айылды мергенчилик менен багып туруптур. Кʏндɵрдʏн биринде ал аңчылыктан келе жатып, токойдон чыккан мукам ʏндʏ угат. – Бул эмне болуп кетти? Ушундай да мукам ʏн болобу? – деп таңыркап, жанагы ʏн чыккан жерге барат. Ал жерге барса, эки дарактын башына илинип калган кандайдыр бир жаныбырдын ичегисинен мукам ʏн чыгып жатыптыр. Камбаркан ушул окуядан кийин ʏйʏнɵ келип музыкалык аспап жасап, ага койдун ичегисин кургатып, кыл тагып, кʏʏ черткен экен. Мына ошол Камбаркан жасаган музыкалык аспап «Комуз» деп аталып калыптыр. Ошол комузда ойнолгон биринчи кʏʏ «Камбаркан» аталыптыр. «Кʏʏнʏн башы – Камбаркан» деген сɵз мына ошондон калган экен. Окуучуларга «4М» анкетасын таркатам, окуучулардын оюн угам. Сабактын жыйынтыгын чыгарам. Кымбаттуу балдар, элибиздин асыл мурастарын, дɵɵлɵттɵрʏн барктап, билип, даңазалап ɵлкɵбʏздʏн чыныгы патриотторунан болуп ɵскʏлɵ. Андыктан ɵмʏрʏбʏздʏн ар бир ирмемин туура пайдаланып, ɵзʏбʏздʏн акылыбызды, шыгыбызды – талантыбызды ɵлкɵбʏздʏн ɵнʏгʏшʏ ʏчʏн арнайлы! Мугалим сабактын кɵрсɵт - кʏчтɵрʏнɵ кайрылып, ага карата окуучуларды баалайт. Бири – бирин баалоо, калыптандыруучу баалоо ыкмалары пайдаланылат. | Окуучулар дептерлерине жаңы теманы жазышат. Жаңы маалыматка ээ болушат. Сабактын жʏрʏшʏндɵ мугалимдин берген суроолоруна ой жʏгʏртʏп жооп беришет. Нурак Абдрахманов «Мезгил учат» Шыктандыруу 1. Текстти окуу 2. Жаңы сɵздɵр, тʏшʏнʏксʏз сɵз айкаштары менен иштɵɵ. Доор – век, эпоха Кʏн кɵр –существовать Таңырка – удивляться Кургат – высушивать Кʏʏнʏн башы – происхождение 3. Уламыштын мазмунун айтып берʏʏ. Окуучулар сабак боюнча жыйынтык оюн толтурушат. М: мага эмне кызыктуу болду. М: мага эмне кызыктуу болгон жок. М: мен эмнени ʏйрɵндʏм. М: мен эмнени тʏшʏнгɵн жокмун. |