СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз адабиятынан дилбаяндар

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз адабиятынан дилбаяндар»

Ааламдын алп жазуучусуна таазим!

«Акпайкалдыдеӊизболчумөлбулак,

Жанбайкалдыөчпөйтурганшамчырак»-деп ,заманыбыздын залкаржазуучусу,кыргыздын уулу,сөз өнөрүнүн зергери-ЧыӊгызТөрөкулович Айтматов жөнүндө жүрөгүмдөгү асыл ойлорумду кагазга түшүргүм келиптурат.Ааламы чексиз агабыздын ар бир чыгармасы жүрөктөрдү толкутпай,бир жолу сестендирбей койбойт.Кыргызга биркелип,асманындажанып,кайра жылт этип өчкөн бул жылдыз жөнүндө дүйнө эли сыймыктануу менен сөз кылышат.Эми башкалар даӊтап турган жазуучубузду биз,кыргыз болуп туруп эмне деп даӊтоону,эмне деп даӊазалоону билбей,сөз гүлдөрүн издеп турган кезим. Көөдөндө ошончо сөз ,ошончо асыл ой ,кагаза түшүрүү бир түйшүк.

Дүйнөэлинетегизтүшүнүктүүбиртил бар экен.Аныулутуна, тилине ,жашаганордунакарабайкайсы эл болсо да тегизтүшүнүүгө болот деп,- музыканыайтышат.Менболсо,Чыӊгызатанынчыгармаларынмузыкага теӊ көрүптурам.Туурада,дүйнөэлинетүшүнүктүү ,сүйкүмдүүболгончыгармалар,андагыалпкаармандар , музыкадайтарады , музыкадайжеткиликтүү,түшүнүктүү,сүйкүмдүүболду,жүрөктөрдөн орун алды. Канчамезгилөтсө да маанисин,актуалдуулугун ,өзасылдыгынжоготпогончыгармаларжашка да ,карыга да бирдейкызыктуу,бирдей жакын болду.Анын чыгармаларын бир окусаӊ кызыгасыӊ,экинчи жолу окусаӊ жан дүйнөӊ менен берилесиӊ, үчүнчүсүндө анда жашайсыӊ.Каарман менен кошо окуяларды башыӊан өткөрөсүӊ, күлсөкүлүп,капаланса кошо кайгырып,аны менен кошо сүйөсүӊ жана анын душмандарын жек көрөсүӊ.Чыгарманы бир эле жолу окуп, «мен түшүндүм»-деп ойлосоӊор адашасыӊар.Аныдагы,дагы окусаӊар ,ар бир окуганда башкача бир таасир,тарбия алууга болот ал чыгармалардан. Адамды бир жолу көрүп,таанышып: «бүттү мен ал жөнүндөбаарынбилем ,билип алдым»-деген сыяктуу.Аладам менен канча көп сүйлөшсөӊ,ошончо көп билип алууга ,жакшыраак таанууга болот.Так ошондой биз жакшы тааныганТолгонай,Алтынай,Дүйшөн,Иляз,Жамийлаларды балким али анча тааный элек ,биле электирбиз..Чыӊгыз тааныгандай таануу өзү кыйын.Анчалык биле албасак да керек. Ошенсе да анын каармандары менен дос болуу,сырдаш болуу,окуп үйрөнүү адамга кандайдыр бир сыйкырдуу күч,маданий байлык берет.7 жаштан 70 жашка чейинки адамдар ар бири өзүнө тиешелүү каарманды таба алат.

Балалыгын бактылуу өткөрүүгө толук акысы бар,жүрөгү таза наристе-Нургазы,небересинин түйшүгүнө түйшөлгөн- анын чоӊ атасы.Өмүрдүн өспүрүм курагын ,ойноп –күлүп жүрчү бул мезгилди кош айдап өткөргөн-Султанмурат,алгачкы сүйүү сезимдерин жүрөктөрдө ойготкон-Мырзагүл.Жаш келин болуп ,жашоонун балын тата албаган –Алиман,Жамийлалар.Кырчылдаган ,күчкөтолгон ,үй-бүлөсү менен болууга толук акысы бар баатыр жигиттер-Майсалбек,Касымдар.Эне…Эне болуп жошоодо жашоодон бакыт көрбөгөн ,ошончо дарт,дүйнөнүн бүтүндөй муӊ азабын муштумдай жүрөгүнө батыра алган баатыр эне-Толгонай.Бул каармандардын катар саптарын али көп жазып улантууга болот.

Кылымдар өтсө эскирбеген,өз наркын,баркын жоготпогон улуут илибизге «маӊкурт»-деген сөздү кошуп,байытып,арым маӊкурттардын жүздөрүнө күзгү кылып тартып көрсөтүп кетти.Адамзаттын башындагы трагедиялуу ,глобалдуу маселелерди билип,жүрөгү менен туюп, келечекте да болотурган так ошондой маселелер жөнүндө да ойлонуп, тынчсызданып,дагы эмнелерди айтайын,эмнелерди жазайын деген экен залкарыбыз…Жазууга ,айтууга үлгүрбөгөн канча каарман ,канчалаган асыл чыгармалар калды экен анын көөдөнүндө. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки мезгилди ,жашоону, тарыхты көз алдыбызга маржандай тизип көрсөтүп бере алган бул жазуучубуздун айтайын деген сөзү али көп эле менимче. .Эгемендүүлүктү алгандан кийинки мезгилдеги өзгөрүүлөр, жаӊылануулар жөнүндө да калем шилтеп, бизге жеткирейин деген чыгармаларын жазгандыр.

Бирок,жашоо,турмуш мыйзамы ,убакыт өз сөзүн айтпай ,өз өкүмүн өткөрбөй койбойт тура. Бул мыйзамга бүткүл адам баласы баш ийбей айла жок. «Канткенде адам уулу адам болот»-деп ой толгоп ,санаа тартып,келечек муун үчүн кайгырып,жан дүйнөсү кыйналган - Айтматов өзүнчө бир дүйнө ,өзүнчө бир аалам болуп биздин арабызда ,жүрөгүбүздө жашай берет.Анын аткарчу ишин ,анын жашоосун эми анын чыгармалары улантат,аткарат.Чыӊгыз өзү үчүн түбөлүктүү чеп тургузуп кете алды.Ал өз чыгармаларында ,каармандарынын жашоосунда кийинки өмүрүн улап ,келечек муундарга легендарлуу инсан катары тарыхта калат.Кыргыз эли ушундай инсанды кыргыз кылып жаратылгандыгы үчүн сыймыгы чексиз болуп кала берет. 512 сөз.

Кыргыз тили –кызыл туусу элимдин.

Тил- улуттун күзгүсү,жүзү,улуттун тарыхы,бүгүнкү күнү жана эртеӊи. «Тилдердин улуусу да энетил, сулуусу да энетил»-дегендей,кыргыздын эне тили өзүнүн улуулугу,эӊ эле байлыгы,байыркылыгы менен жашап келүүдө.Дүйнөдө кыргыз элинен саны боюнча бир канча эсе көп болгонуна карабай ,өз эли-жери ,мамлекети,тили жок болгон элдер да бар.Бул жагынан алып караганда биздин элибиздин жылдызы жанган.

Алакандай кыргыз эли Ала-Тоодой бийик тилдин ээси.Тилибиз улутубузду сактаган жүзү.Ушул тил менен кыргыз эли кыргыз болуп жашап турат.Ошондой экен ушундай тилди барктоо, кадырлоо ,аны сактоо,бар байлыгы менен кийинки муундарга жеткирүү жана аны туура пайдалануу биз жаштардын мойнундагы аткарчу иши.

Кыргыз эли илгертен сөз баккан, ар бир сөзүнө абайлап мамиле жасаган.Бирок азыркы күнгө келип тилмаселесижаштарарасындабаркысолгундагандайболуптурат.Башка чет тилдеринүйрөнүүгөбасымжасап,өзтилибиздиэкинчиорунгакоюпкойгонжокпузбудегенойдокалам.Туура ,чет тили азыркыөнүккөн ,закымдапучупалгажүрүптурганбирмезгилдекеректүүмаселе,бирок ,өзтилинбилбеген,өзтилинде таза сүйлөйалбаганадам башка тилди деле жарытпайтго. Орустилинүйрөнүп,орусча-кыргызчааралаштырыпсүйлөп,жеорустилинтолукбилбей,жекыргызча так сүйлөбөй ара жолдо чала тилдүүжаштаркөбөйүүдө,керекболсокичинесиненорустилинеберип,жалаӊ орусчатакылдатыпсүйлөп,өзтилинунутуптүшүнбөйжүргөндөр да бар.Ошондойлорорусчаганасүйлөбөй ,орусчаойлонот да… ой жүгүртүүсү да орусчаболгондонкийинанынкыргыздыгыкайдакалды? Тил эл арасындасүйлөнсөганатил болот. «Тилбилмек –ырыскы,көптилбилмек –берекелүүырыскы»-демекчи,башкатилдердиөздөштүрүүнүчеткекакпайбыз,бирок ар бирибизүчүнэнетилибиздибийикдаражагакоюп,өзгөчөтереӊ билишибиззарылчылыгыыйыкмилдет.

Мамлекеттикишкагаздаркыргызтилиндежүргүзүлсө ,нукуракыргызтилиндеырдалганырларугулса ,улуужазуучуларыбыздынөлбөсчыгармаларыөзүбүздүнтилибиздеокулсаошондоганатилдинбаркыкөтөрүлөт. Жогоркукызматтаотурганчоӊдорубуз да өзтилинде таза сүйлөп,тазатүшүнөалышсамамлекетибиздинөсүп-өнүгүшүнөбирөбөлгөболор эле. Тилдиөнүктүрүү ,сактоожаатындаалгыриштераткарылууда,булболсобизгеокшогонжаштардыаябайкубандырды.Ар би радам ким болуусунакарабайөзтилинканчалыкдеӊгээлдежакшыбилип,түшүнөрүнаныктапалса болот.

Дүйнөжүзүнтаӊдандырган,жарым миллион саптантурган «Манас» айтылгантилди ким жардыдейалат, өзкөркөмдүгү ,мааниси,актуалдуулугуменентүбөлүтүүлүккө карай жолтартканзалкарЧыӊгыздынчыгармаларыкыргызтилиндежазылып,сүйүктүүболду.Тилибиздинбайыркытилэкендигинаныуккулуктуу,жугумдууэкендигинмынаушулардан да байкасак болот.

Бекериненэнетилделинбейт. « Бешикырынукпасаккелиндерден,кыргызгакыргызтилинкереги не?»-дегенырсаптарын окуп калдым. «Эл байлыгы –энетилинде»-депбекериненайтылбасакерек. Ошолбайлыгыбыздыжоготупалсакэмнеболот?булжөнүндөойлоонунөзүкоркунучтуу.Булбайлыктысактапкалуу,андан да байытуу ар биркыргыздынмилдети.Андыктан ар бирибизаракеттеберекетдеп,мекенчилсезимибиздитуутутупалгааракеткылышыбызкерекэмеспи?

Дүйнөжүзүндөкөпсандаган эл бар.Алардынөзүнчө эл экендигинбашкаларданөзгөчөлүгүнбелгилептурганбиринчиден –тили.Тилэнесүтүмененбиздинканыбызга ,аӊ –сезимибизгесиӊет.Биздинтилибизбайыркытилдерден.Ошондуктанэлдинбайыркызаманданберкитажрыйба,билим,тарыхы,акылказынасытоптолгончыгармалар да энетилдинкүчүмененбизгежетип,рухийдүйнөбүздүбайытат.Кыргыз тили бүтүндөйэлибиздинзорбайлыгы.

Жыйынтыктапайтаарым,акыркыучурлардареспубликадаулуттукдөөлөттөрдү,аныничинентилмаселесинчыӊдоонузарылдыгыжөнүндөпикирлеркөпайтылууда. «андайкылуукерек,мындайкылуукерек»-дегенкерек.керектерденишжүзүндөаткаруугаколгоалышыбыз оӊ болор эле.

475 сөз.



2019-жыл «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы»

Убакыт –эч кимге баш ийбеген,эч качан артка кайрылбаган зымырык куш. Мүнөттөр-сааттарга, сааттар-күндөргө,күндөр-айларга,айлар жылга айланып өтө берет.Ар бир жылдын ар кимдин жашоосунда өзүнө жараша орду,эсте калчу жакшы,жаман күндөрү бар.

Биз жашаган жергебиздин ,өлкөбүздүн жашоосу үчүн кандай жылдар болууда? Заманыбыз закымдап учуп техника-технологиянын жеткен чокусунда ,интернет заманында жашап жатабыз. Мекенибизде да жыл айланып,алмашкан сайын чоӊ-чоӊ өзгөрүүлөр ,алга жылуу,өнүгүүлөр болууда.Заман талабы менен ар бир жылды өзүнчө энчилеп,белгилеп,атап алып,ошого карап кадамдар ташталып,өнүгүү жолунда аракеттер жүрүп жатат.

Өлкөбүздүн тарыхында 2018-жыл «Аймактарды өнүктүрүү жылы»-деп аталса,ага улай жаӊы жылды «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы"деп» белгиленди. Анкени аймактарды өнүктүрүү бир жылда боло турган иш эмес. Канчалаган убакыт,эмгек,улуу инсанадардын ,алп баатырлар,илимпоздордон тартып, жөнөкөй инсандардын ишмердүүлүгү менен өнүгүп ,ушул деӊгээлге жетти элибиз. «Аймактарды өнүктүрүү»-деп аталганы мененөнүгүүгө эми гана кадамдар коюлуп,пландар түзүлдү. Бул аракеттер жылдар аралыгында келечекке карай уланып жүрүп олтурат. Ошондой эле көпчүлүк менен гана ишке ашат. Бир же бир канча адамдын же бийлик башчыларынын гана колунан келчү иш эмес. Ата-бабалардан калган улуу Манас атабыздын осуятында айтылган «Бир жакадан баш,бир жеӊден кол чыгарган ички биримдик»-дегендей,биримдик,бир максатка карай биргеликте гана аракеттенсек,жашообузду алга жылдырып,өлкөбүздү өнүктүрө алабыз.

«Ааламга кеткен жол- айылдан башталат»деп, өнүктүрүүнү аймактардан баштоону урматтуу президентибиз сунуштап, эӊ туура кадам коюлду деп ойлойм. Анкени жашоонун эӊ кызыгы ,маселенин баары айылдарда,аймактарда жатат. Аймактар өнүгүп,аларда шаардагыдан кем эмес шарттар жаратылып,эч нерсе көз жаздымда калбай оӊолсо.Айылдар гүлдөп ,өнөр –жайлар иштетилип,иш орундар жаратылып,бекерчи жаштар болбосо,жаштары билимдүү,мекенчил болсо,жалпы республикабыз өзүнөн –өзү өнүгүп,алдыӊкы мамлекеттердин катарына кошула алар элек. Бул үчүн бизде бардык шарттар ,мүмкүнчүлүктөр бар деп ойлойм.

Кыргызстан тоолуу аймак болгондугу үчүн,тоолор койнунда не деген айылдар , аларда канчалаган байлыктар жатат.Жергебиз ар түрдүү кендерге бай,байлыктарга бай. Суу десеӊ суу,алтын десеӊ алтын.Өнүгүү үчүн андан башка не керек? Чындыгында тереӊирээк кирип барсаӊ,ар бир аймакта жетиштүү чечилбеген маселелер бар. Таза суу,жумушчу орундар ,жана башка ушул сыяктуу маселелер менен кошо,учурдун талабы болгон интернет заманында өлкөнү санариптештирүү маселеси коюлду. Интернетсиз азыркы жашообузду элестетүү

кыйын. Интернет желеси бүтүндөй дүйнө жүзүн каптап алды. Ансыз дүйнөгө чыга албайбыз. Ошол себептүу жаштардын алдында жакшы окуу,учурдун мүмкүнчүлүктөрүн мыкты өздөштүрүп,пайдалануу милдети турат. Башка мамлекеттер менен мамиле түзүү үчүн санарипке толук кошулбасак атаандашууга туруштук бере албайбыз.Башка өнүккөн мамлекеттер менен карым –катнаш түзүлбөсө өлкөбүздү өнүктүрө албайбыз. Тилекке каршы ,жаштарыбыз интернетти туура өздөштүрө ,пайдалана алышпай жатышат.Ар түрдүү керексиз ,керек болсо кооптуу болгон маалыматтар торуна илинишип,адашкандар да көп .Өнүгүү жолунда келечек муундардын алдында чоӊ жоопкерчилик жатат.

Аймактарды өнүктүрүү жылында биз жаштар да өз салымыбызды кандайдыр бир деӊгээлде кошо алсак кана? Кантип? Албетте жакшы окуп,татыктуу кесипти тандап ,эл үчүн адал кызмат кылуу үчүн туура максат койсок, ошого карай кадам таштасак,өлкөнүн өнүгүшү үчүн биздин кошкон салымыбыз ошол го. Бир даанышман акылман айткан экен: «Аскага чыгууну ниет кылсаӊ,ошондо жок дегенде зоонун башына чыга аласыӊ». Бийик-бийик максаттарды алдыбызга койсок,эӊ эле дегенде аскага жетишибизге толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Анткени : « Жакшы ниет, жарым ырыс».





































Айылдан –ааламга карай жол.

«Ааламга кеткен жол- айылдан башталат»деп, өнүктүрүүнү аймактардан баштоону урматтуу президентибиз сунуштап, эӊ туура кадам коюлду . Анкени жашоонун эӊ кызыгы ,маселенин баары айылдарда,аймактарда жатат. Өлкөбүздүн тарыхында 2018-жыл «Аймактарды өнүктүрүү жылы»-деп аталса,ага улай жаӊы жылды «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы"деп» белгиленди. Биз жашаган жергебиздин ,өлкөбүздүн жашоосу үчүн кандай жылдар болууда? Заманыбыз закымдап учуп ,техника-технологиянын жеткен чокусунда ,интернет заманында жашап жатабыз. Мекенибизде да жыл айланып,алмашкан сайын чоӊ-чоӊ өзгөрүүлөр, алга жылуу,өнүгүүлөр болууда. Өнүгүүгө жана санариптештирүүгө карай биздин

№4 Б.Шамшиев атындагы гимназия класстары бар жалпы билим берүүчү мектепте да алгылыктуу иштер аткарылууда.Билим берүүнүн стандартына шайкеш,заман талабы менен техника-технологиянын жетишкендиктерин пайдаланып ,сапаттуу билим берүүгө аракетттер көрүлүүдө. 2018 - жылы интернет тармагына кошулуп, Билим Берүү Министрлиги тарабынан 2 телевизор, 2 компьютер ,1 ноутбук, 1 проектор менен камсыз болдук. Ага кошумча демөөрчү ата-энелерибиздин салымы менен дагы 4 классыбызга телевизорлор коюлду. Интернет мене камсыз болгон информатика каанабызда бүтүрүүчү класстарыбыздын окуучулары онлайн сабактар жана тесттер менен иштешип,ЖРТга даярданып жатышат.

Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында биз мугалимдер да өз салымыбызды кандайдыр бир деӊгээлде кошо алсак кана? Кантип? Баардык шарттар түзүлгөн бир мезгилде биз билим берген окуучу жаштар илимдин чокуларын ашып,ийгиликтер жаратышса,өздөрү каалаган жогорку окуу жайларына киришип, татыктуу,элибиздин керегине жараган кесиптин ээлери болушуп,кызмат кылышса ошол биздин ийгилигибиз ,жетишкендигибиз жана кошкон үлүшүбүз го.

Бир даанышман акылман айткан экен: «Аскага чыгууну ниет кылсаӊ,ошондо жок дегенде тоонун башына чыга аласыӊ». Бийик-бийик максаттарды алдыбызга койсок , эӊ эле дегенде тоого жетишибизге толук мүмкүнчүлүгүбүз бар.















21-февраль Бщткщл дщйнёлщк эне тил кщнщ.

21-февраль - Эл аралык эне тил күнү. ЮНЕСКО эл аралык уюмунун генералдык конференциясы 1999-жылы 17-ноябрда бул күндү эне тилдин эл аралык майрам күнү катары белгилеген. 2000-жылдан тарта белгиленип келет.

ЮНЕСКО уюмунун иликтөөсүнө караганда, дүйнөдө 6500 тил колдонулуп, алардын көпчүлүгү жоголуу чегине жеткен. Ошондой эле БУУнун Башкы Ассамблеясы 2008-жылды Тилдердин эл аралык жылы деп жарыялаган.

Жоголуу коркунучундагы тилдер
Учурда дүйнө жүзүндө 6700дөн ашуун тил катталган. Анын 40тан көбү дүйнө жүзүнүн үчтөн эки бөлүгүндө сүйлөнөт. Эң көп колдонулганы кытай, англис, араб, испан, орус, португал, француз жана хинди тили саналат. Тилчи окумуштуулардын маалыматына таянсак, ар бир 14 күндө дүйнөдө бир тил жоголуп кетүүдө. Бул тилдер ошол тилде сүйлөгөн саналуу кишилердин акыркылары дүйнө салып кетишине байланыштуу жоголууда. Эгер минтип отурса ушул жүз жылдыктын соңуна дейре дүйнө тилдеринин тең жарымы биротоло жоголуп кетүү коркунучуна туш келиши ыктымал.

Кыргыз тилинин жагдайы кандай?
Кыргыз коомчулугунда буга чейин кыргыз тили да ушундай жоголуп кетүү коркунучундагы тилдердин тизмесинде экен дегендей тынчсыздануулар айтылган эле. Бирок тиешелүү адистер муну четке кагып, бул маселе Кытайдагы Фү-ю кыргыздарынын тилине байланыштуу чыкканын айтышкан.
Эне тил... Кулакка кандай жагымдуу угулат. Эзелтеден  өз жерин мекендеген адам баласы дал ошол өз эне тилинде сүйлөп келет. Анткени, түйүлдүк кезинен бащтап, жарык дүйнөгө келгичекти ымыркай эң алгач энесинин үнүн, демин сезип, “Баа” деп бакырып жерге түшөөр замат эне сүтүн оозанат. Эне менен эне тил... Бул экөө тээ эзелтеден бери бирдей деңгээлде каралып, бирдей деңгээлде ардакталып, көкүрөккө уюп, сакталып келүүдө. Бүтундөй дүйнөнүн түркүгү да ушулардыр.

Эненин бешик ырын укпаган бала энесиз өскөн менен барабар.  Эне тилинде сүйлөбөгөн адам Ата Журтунда жүрбөгөн менен барабар, Эне тилинде  ыр укпаган, эне тилинде төрт сап ыр билбеген адам чет элде жүргөн менен барабар. Ата салтын билбеген, аны турмушунда колдонуп жашабаган адам Ата Журтун чанган менен барабар. Ошондуктан, Эне тилин билбесе, аны ардактап сүйбөсө, Ата Журтумду сүйөм деп көкүрөк каккандын эмне пайдасы бар?

Эл аралык эне тил майрамы балдар бакчалары, мектеп, жогорку окуу жайларында түрдүү элдин тилинде сөз сүйлөнүп, ыр-бийлер аткарылып,  улуттук кийими, салт-санаасын көрсөтүү менен өзгөчо шаңдуу белгиленип келет.



2020 -жыл «Аймактарды өнүктүрүү жана ёлкёнщ санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы»

Убакыт –эч кимге баш ийбеген,эч качан артка кайрылбаган зымырык куш. Мүнөттөр-сааттарга, сааттар-күндөргө,күндөр-айларга,айлар жылга айланып өтө берет.Ар бир жылдын ар кимдин жашоосунда өзүнө жараша орду,эсте калчу жакшы,жаман күндөрү бар.

Биз жашаган жергебиздин ,өлкөбүздүн жашоосу үчүн кандай жылдар болууда? Заманыбыз закымдап учуп техника-технологиянын жеткен чокусунда ,интернет заманында жашап жатабыз. Мекенибизде да жыл айланып,алмашкан сайын чоӊ-чоӊ өзгөрүүлөр ,алга жылуу,өнүгүүлөр болууда.Заман талабы менен ар бир жылды өзүнчө энчилеп,белгилеп,атап алып,ошого карап кадамдар ташталып,өнүгүү жолунда аракеттер жүрүп жатат.

Өлкөбүздүн тарыхында 2018-жыл «Аймактарды өнүктүрүү жылы»-деп аталса,ага улай 2019- жылды «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы"деп» белгиленди. Эми болсо мынтип, жаӊы жыл ошондой эле аталып ,ага биздин кубанычыбыз,бактыбыз болгон балдарыбызды колдоо да кошулганы абдан кубанычтуу. Анкени аймактарды өнүктүрүү бир жылда боло турган иш эмес. Канчалаган убакыт,эмгек,улуу инсанадардын ,алп баатырлар,илимпоздордон тартып, жөнөкөй инсандардын ишмердүүлүгү менен өнүгүп ,ушул деӊгээлге жетти элибиз. «Аймактарды өнүктүрүү»-деп аталганы менен өнүгүүгө эми гана кадамдар коюлуп,пландар түзүлдү. Бул аракеттер жылдар аралыгында келечекке карай уланып жүрүп олтурат. Ошондой эле көпчүлүк менен гана ишке ашат. Бир же бир канча адамдын же бийлик башчыларынын гана колунан келчү иш эмес. Ата-бабалардан калган улуу Манас атабыздын осуятында айтылган «Бир жакадан баш,бир жеӊден кол чыгарган ички биримдик»-дегендей,биримдик,бир максатка карай биргеликте гана аракеттенсек,жашообузду алга жылдырып,өлкөбүздү өнүктүрө алабыз.

«Ааламга кеткен жол- айылдан башталат»деп, өнүктүрүүнү аймактардан баштоону урматтуу президентибиз сунуштап, эӊ туура кадам коюлду деп ойлойм. Анкени жашоонун эӊ кызыгы ,маселенин баары айылдарда,аймактарда жатат. Аймактар өнүгүп,аларда шаардагыдан кем эмес шарттар жаратылып,эч нерсе көз жаздымда калбай оӊолсо.Айылдар гүлдөп ,өнөр –жайлар иштетилип,иш орундар жаратылып,бекерчи жаштар болбосо,жаштары билимдүү,мекенчил болсо,жалпы республикабыз өзүнөн –өзү өнүгүп,алдыӊкы мамлекеттердин катарына кошула алар элек. Бул үчүн бизде бардык шарттар ,мүмкүнчүлүктөр бар деп ойлойм.

Кыргызстан тоолуу аймак болгондугу үчүн,тоолор койнунда не деген айылдар , аларда канчалаган байлыктар жатат.Жергебиз ар түрдүү кендерге бай,байлыктарга бай. Суу десеӊ суу,алтын десеӊ алтын.Өнүгүү үчүн андан башка не керек?

Чындыгында тереӊирээк кирип барсаӊ,ар бир аймакта жетиштүү чечилбеген маселелер бар. Таза суу,жумушчу орундар ,жана башка ушул сыяктуу маселелер менен кошо,учурдун талабы болгон интернет заманында өлкөнү санариптештирүү маселеси коюлду. Интернетсиз азыркы жашообузду элестетүү

кыйын. Интернет желеси бүтүндөй дүйнө жүзүн каптап алды. Ансыз дүйнөгө чыга албайбыз. Ошол себептүу жаштардын алдында жакшы окуу,учурдун мүмкүнчүлүктөрүн мыкты өздөштүрүп,пайдалануу милдети турат. Башка мамлекеттер менен мамиле түзүү үчүн санарипке толук кошулбасак атаандашууга туруштук бере албайбыз.Башка өнүккөн мамлекеттер менен карым –катнаш түзүлбөсө өлкөбүздү өнүктүрө албайбыз. Тилекке каршы ,жаштарыбыз интернетти туура өздөштүрө ,пайдалана алышпай жатышат.Ар түрдүү керексиз , керек болсо кооптуу болгон маалыматтар торуна илинишип,адашкандар да көп . Өнүгүү жолунда келечек муундардын алдында чоӊ жоопкерчилик жатат.

Аймактарды өнүктүрүү жылында биз жаштар да өз салымыбызды кандайдыр бир деӊгээлде кошо алсак кана? Кантип? Албетте жакшы окуп,татыктуу кесипти тандап ,эл үчүн адал кызмат кылуу үчүн туура максат койсок, ошого карай кадам таштасак,өлкөнүн өнүгүшү үчүн биздин кошкон салымыбыз ошол го. Бир даанышман акылман айткан экен: «Аскага чыгууну ниет кылсаӊ,ошондо жок дегенде зоонун башына чыга аласыӊ». Бийик-бийик максаттарды алдыбызга койсок,эӊ эле дегенде аскага жетишибизге толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Анткени : « Жакшы ниет, жарым ырыс». Балдар болсо өзүнчө бир маселе.Жашообуздун түпкү маӊызы болгон балдарыбызды колдоп,коргоп гана жаркын келечек кура алабыз.






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!