СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз элиндеги 7 саны

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргыз элиндеги 7 саны боюнча класстык саат

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз элиндеги 7 саны»

Тема: Кыргыздагы 7 сан
Сабактын максаты: 
а) Кыргыздагы сан маанилери эмнени түшүндүрөөрүн чечмелөө;
б) Окуучуларга 7 санынын кыргыз элинде ээлеген ордун көрсөтүү;
в) Элдик адатты сактоого, сыйлай билүүгө үйрөтүү.
Сабактын жабдылышы: Түстүү сүрөттөр, плакаттар, макалдар.
Сабактын жүрүшү: 
1. Кыргыздын жети саны эмнени билдирет?
- "Манас" эпосунун жети осуяты;
- Жети атаң;
- Бир жумада жети күн;
- Жетинин бири кыдыр;
- Адам каза болсо, жети күнүн белгилейт.
Жети жок нерсе, алар: 
- Көлдө көпүрө жок;
- Асманда тирөөч жок;
- Ташта тамыр жок;
- Балыкта тил жок;
- Жыланда бут жок;
- Жылкыда өт жок;
- Кушта сүт жок.
Мына балдар, силер билген жети деген санынын дагы бир жагын ачып көрөлү.
Жети саны кыргыз элинде дагы төмөнкүдөй мааниге ээ экен. 
1. Манас - кыргыз сыймыгы.
2. Ысык-Көл - кыргыз бермети.
3. Ак калпак - кыргыз келбети.
4. Боз үй - кыргыз бермети.
5. Комуз - кыргыздын "Чоң кербези".
6. Жылкы - кыргыздын канаты.
7. Сөз - кыргыздын санжыралуу казынасы.
Кыргызстан - жашыл жери, жашыл бакча жергеси, 
Жайыт төрү, дан талаасы сан байлыктын энеси. 
Кен казынасы, көл сулуусу, тунук суунун атасы. 
Ак пейилдин, мартчылыктын, ырыскынын кемеси. 
Акмарал:
Кыргызстан - соолук айлы, таланттардын эшиги, 
Тунук акыл, чебер колдун түгөнбөгөн кесиби. 
Заманына, өз калкына ой-пикири санаалаш, 
Кыргызстан - ыр калаасы, рахаттын бешиги. 
Ыр: "Кыргызстан"
Мугалим: Кыргыз элинин маданияты миңдеген жылдардан бери өсүп келе жатат. Ар бир сандын өз мааниси бар. Ошол сандардын бири - 7 саны. Кыргыз эли барктаган 7 санынын ээлеген ордуна көңүл коюп, алардын ордун карап көрөлү.
Кыргыз эли дүйнө элине зор Манасты, Токтогулдай ырчыны, Толубайдай сынчыны, Карамолдодой комузчуну, Саякбайдай манасчыны, Чыңгыздай залкар жазуучуну берип отурат.
Тилин да, дилин да сактаган кыргыз эл кылымдан кылымга кала турган илим менен билимин, маданиятын, искусствосун, ата-тегин, баба мурасын жоготпой келет.
Кайрат:
Бийикти жайлайт кыргыздар, 
Бийикте бийик турмуш бар. 
Көйкөлүп жатсаң бийикте, 
Көрүүгө болбойт ким куштар. 
Мугалим: Бийикти жайлап жаткан кыргыз элинин калтырып кеткен 7 санына кезек берели.

1. "Манас - кыргыз сыймыгы" 
Мээрим: Эр жигит деп эл четинде туулган, 
Калкан, найза жоо бетине сунулган. 
Бабам Манас калкып чыккан күнгө окшоп, 
Ала-Тоодой чеп өңдөнүп жаралган. 

Айчурок: Зор Манас көлөмүнө жетпес ченем, 
Чарчабай үч күн айтса түгөнбөгөн. 
Кыргызды дүйнө элине тааныткан да, 
Чынында алп Манастын күчү белем. 

Айдана"Манас" эпосунун эң негизги идеясы: калайык калкты ынтымакка, биримдикке чакырат, жаштарды ажал менен өлүмдөн коркпой, нечен кан төгүлгөн кармаштарды, кызыл кыргын согуштарды баштан кечирип, кылымдардан бери ата-бабалардан мураска калган эл-жерди коргоого, сактоого үндөйт.
Нурболот: Ата-бабалардын баа жеткис байлыгы катары бизге мураска калган "Манас" эпосу дүйнөдө көлөмү, мазмуну, маңызы жагынан теңдешсиз чыгарма экенин баарыбыз билебиз.
Айзирек:  Ал дүйнөдө атагы чыккан гректердин "Илиада" менен "Одиссеясын" кошконунда 20 эсе, индустардын "Маxабxаратынан" эки жарым эсе, фарсы тилиндеги "Шаxнаамеден" 5 эсе, Карелфин эпосу "Калевалдан", армян эпосу "Давид Сасунскийден" 5 эсе чоң.
Курманжан: Унутулбайт улам кыргыз конушу, 
Күү коштогон комузумдун добушу. 
Миң жыл эмес миң кылымга айтылаар, 
Ай ааламга Саякбайдын жомогу. 
Хор: Эр Манас!

2. Ысык-Көл - кыргыз бермети 
Мугалим: Ысык-Көл кээде тынч да, кээде толкун, 
Толкуса толкунуна мен ортокмун. 
Турмушта канча жолдош күтсөм дагы, 
Бир сырдуу мындай жолдош күткөн жокмун. 
Акылбек: Көл эне деп, Ысык-Көлүм аталган, 
Касиетин анын айтса түгөнгүс. 
Бабам Манас көл берметин жактырып, 
Бир боорундай тумар туткан бөлүнгүс. 
Айдин: Ысык-Көл кыргыз көлдөрүнүн эң чоңу. Анын тереңдиги 668 метр, узундугу 182 км.
Көл эне деп кыргыз элим пааналап, 
Кут төгүлгөн кылым жашоо өткөргөн. 
Карегимдей мөлтүрөгөн Ысык-Көл, 
Ооба сени адам болбос сүйбөгөн. 
Мирбек: Касиеттүү көл энеси - Ысык-Көл, 
Сенден канча айкөл уулдар төрөлгөн. 
Заман изин оо, аталар карыткан, 
Басып өткөн жолдоруна көңүл бөл. 
Ыр: Ысык-Көл 

3. Ак калпак - кыргыз келбети 
Мугалим: Ала-Тоону жердеген, 
Ак калпак кыргыз эл деген. 
Атадан калган салты бар, 
Ак калпак кыргыз калкы бар. 

Жусуп: Ак калпакты мен кийген, 
Арнап тиккен чоң энем. 
Көп баш кийим ичинде, 
Көрктүү мындай жок экен. 
Бегимай: Бапестелип жасалган, 
Баркыт менен кыйылып. 
Буюм жок дейт чоң энем, 
Баш кийимден эң ыйык. 
Чынгыз: Жерге аны таштабайм, 
Өйдө илем жатарда. 
Баш кийимди барктаган, 
Окшошомун атама. 
Бактияр:  Ак калпактын алгачкы түрлөрүн байыркы парзы тарыxый булактарына кирген "Өгүз" эли кийген.
Жусуп: "Өгүз" деген бара-бара кыргыз деген эл экендиги тарыxта белгилүү болду.
Аламбек: Калпак ата-бабабыздын Хантеңири Ала-Тоого окшотуп, кыргыз сактап келген - ыйык мурас.


4. Боз үй - кыргыз бермети 
Мугалим: боз үйдү кыргыз жасаган, 
Боз үйдө кыргыз жашаган. 
Боз үйдө туулуп, төрөлгөн, 
Боз үйдөн өнүп, көгөргөн. 
Алтынай: Боз үйдүн ууктары ийилчээк талдан жасалат. Керегесин көчүп конууга ылайыкташтырып, бүктөмө кылып жасашкан.
Акылбек: Боз үй кереге, уук, түндүк, босогодон, бакандан турат, жабууларын кийизден жасашат.
Акмарал: Алты канат ак боз - үй, 
Алда кайда көрүнгөн. 
Кыюуланып жиптери, 
Кызыл жүндөн өрүлгөн. 
Медина: Керегеси арчадан, 
Керип толгоп канча адам. 
Кыдырата кошоктоп. 
Кынапталып жасалган.

 Айзирек: Кырк уук түндүк көтөрүп, 
Керегеге чырмалып. 
Сыртынан чий курчалып, 
Кыраакы көздөн сындалып. 
Алтынай: Туурдуктары жабылып, 
Тулгага от жагылып. 
Комуз менен коштолуп, 
Турмуш кирет агылып. 


5. Комуз - кыргыздын "Чоң кербези". 
МугалимҮч буроо, жалгыз тээк, үч кыл комуз. 
Чертилбейт, күүгө келбейт, чебер колсуз. 
Опоңой, көргөн көзгө жөпжөнөкөй, 
Бирок да өнөрү бар айтып болгус. 
Нурдоолот: Жөпжөнөкөй үч кылдуу, 
Күүгө келбейт негедир. 
Кумардануум күчтүүбү, 
Төгүлчүдөй кээде ыр. 
Мирбек: Керегеде илинүү, 
Комузду алам акырын. 
Кантип билем тилиңди, 
Жетпей койду акылым. 
Медина: Жаратылыш ырын ук, 
Жаның менен берилип. 
Каның менен жуурулуп, 
Күүлөр келет терилип. 
Жатпа үйдө эринип. 

6. Жылкы - кыргыздын канаты 
Мугалим: Кыргыз эли илгертеден бери баалап келген баалуулуктун бири - Камбар Ата тукум.
АйдинКыргыз эли жылкы тукумун согушта, көчкөндө гана эмес элдик "Кыз куумай", "Оодарыш", "Тыйын эңмей", "Ат чабыш", "Көк бөрү", "Жорго салыш" оюндарында пайдаланып келишкен.
Курманжан: Сымбат көркү бир башка. 
Суурулуп чыкты ак кашка. 
Даңкын жарат туягы, 
Жаралгандай чуркашка. 
Медитна: Минген аты карылуу, 
Туяктары жер оюп. 
Карап турат калың эл, 
Сыймыктана көз тоюп. 


7. Сөз - кыргыздын санжыралуу казынасы 
Мугалим: Сөзүнө баа беребиз, 
Алтынга да теңегис. 
Окуп-окуп сөздөрдү, 
Кубат алам ченегис. 
Кайрат: Жакшы көргөн досунан, жан аяган жигитпи? 
Эл четине жоо келсе, жан аяган жигитпи? 
Нурдоолот: байлыкты эмгектен изде, 
Теңдикти күрөштөн изде. 
Кайрат: Туура сөз темирди тешет, 
Өткүр сөз кылычты кесет. 
Алымбек: Сүт менен бүткөн нерсе, 
Сөөк менен кошо кетет. 
Айчурок: Мурун чыккан кулактан, кийин чыккан мүйүз озуптур. 
Акмарал: Ачка отургандан көрө айранга нан чылап жеген жакшы. 
Айдаганы беш эчки, ышкырыгы таш жарат. 
Айдана:  Өз эне тилин унуткан, өз энесин да унутат. 
Колуң менен бирди, акылың менен миңди жеңесиң. 
Мугалим: Жети атаң ал сенин, ата-бабаң түп тегиң. 
Кимиси жакшы, ким кандай, 
Үрп-адатын аңдабай, 
Калыптанбайт эртеңиң. 
Жети атаңдын сүрү бар, 
Жакшысын иргеп, үлгү ал. 
Тегиң чыкса жакшы эгер, 
Жаман болбойт түбү ал. 
Кана балдар, биз бүгүнкү сабакта ата-бабаларыбыздан бизге калган 7 санынын кандай мурастары менен тааныштык? Эмне үчүн бизге 7 деген сан ыйык сан катары таанылат экен?
Үйгө тапшырма: кыргызда 40 деген сан эмнени билдирет? Анын кандай мааниси бар экенин билип келгиле.





Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!