СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз фольклору жана анын жанрдык түрлөрү

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргыз адабияты

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз фольклору жана анын жанрдык түрлөрү»

1-тема.

Кыргыз фольклору жана анын жанрдык түрлөрү


План:

  1. Киришүү. Көчмөндөр цивилизациясы

  2. Фольклордун табияты, мааниси, максаты, мүнөздүү белгилери

  3. Кыргыз фольклорундагы лирикалык чыгармалар, жанрдык түрлөрү.Улуттук лирикалык чыгармаларды классификациялоо

  4. Дидактикалык жанр, өзгөчөлүктөрү

  5. Кыргыз эпосторунун бөлүнүшү. Орто көлөмдөгү эпикалык поэзия, аны жанрдык аныктамалары. Жомок, дастан, поэма ж.б. түшүнүктөрдүн кириши жана алардын тарыхый мааниси.


Адабияттар: Негизги (1,2), кошумча (9,10,14)


  1. Киришүү. Көчмөндөр цивилизациясы

Дүйнөлүк тарыхты карасак, кайсы доорду, кандай өлкөнү албайлы, аалам колумда, мен күчтүүмүн деген не бир менменсиген империянын, кагандыктын ордосу акыры жүрүп чабылган, адамдары кырылган, дүйнөсү таланган. Баягы эрдемсиген күчтүн, баягы опсуз байлыктын дареги жок, тыйпыл болгон. Ал эми талкаланган элдин мол маданияты сакталып калган, аны кырып жоготконго душмандын күчү, чама-чаркы жеткен эмес. А маданият булак башатындай жылжып, секин гана токтобой аккан улуттук ырыскы кут, ал өтө бек жерде - адамдардын жүрөгүндө сакталган, анын алтын тамыры Көк Теңирде, Жер Эне кучагында. Бабаларыбыз байыркы рухий маданиятыбызды кайда, кантип сактап калууну билишкен. Бир жарымын кара таш бетине түбөлүккө чегип калтырса, калганын жүрөгүнө жашырыптыр, ырга айлантып калың калкка жар салыптыр. Адамзаттын рухий дүйнөсү оттон күчтүү, башкага баш бербеген жеңилбес касиети, элге канат болгон энчиси бар экен. Азыркы заманда маданият деген рухий улуу кенч жашайт.

Көчмөндөр цивилизациясы көтөрүлгөндөн тарта, көчүп жүрсө көчмөндөрдө кайдагы цивилизия дегендер да, көчмөндөрдүн отурукташкан, ордолуу шаарлашкан маданиятын издегендер да өз ойлорун, ой толгоолорун байма-бай айтып да, жазып да, аны далилдөөгө жүйөөлүү делген далилдерин тартып келишет. Деги эле «цивилизация» сөзүнүн өзү тар мааниде латын тилинен – «жарандык», «мамлекеттүүлүк» дегенди түшүндүрүп, ошол мамлекеттин өсүп-өнүгүүсүн, өлкөнүн өтө бийик өнүгүү деңгээлин, адамдардын маданиятынын, материалдык абалынын алдыда жүрүшүн туюндурган.

Ал эми цивилизация кеңири түшүнүгүндө жалпы адамзатын татыктуу жашоого – адамкерчиликке, айкөлдүккө, адептүүлүккө, ыймандуулукка, бакубаттуулукка, байгерчиликке жетишүү үчүн калтырган ата-бабаларыбыздын материалдык жана руханий дүйнөсү, аруулуктары, баалуулуктары болуп, бул алардын адам баласынын келечегине түптөп кеткен улуу мурасы эле.

Көчмөндөрдүн, айрыкча кылымдарды карыткан көчмөн кыргыз тарыхынын кыйырына көз жүгүртүп, көчмөндөрдө цивилизация болгон эмес деп кыйкыргандарга да жана жер айдап, эгин эгип, калаа курган жерлерде гана цивилизация болот деп, аны издегендерге да толук ынана албайсың. Ага жүйөө цивилизация бир гана мечит, медресе, мекемелерди куруп коюу эмес, адабият, маданият, искусствонун жетишүү шарты менен да аныкталат эмеспи, же китепке чейин идея, мечитке чейин дин, театрга чейин искусство пайда болгондугу баарыбызга белгилүү.

Ага атамзамандан бери акыл-эси, аң-сезими, руханий көрөңгөсү өскөн жерлерде гана цивилизация болгондугун тарых тастыктап келет. Аныктап айтсак, кыргыз күмбөздөрдү, храмдарды, хан сарайларды эмес, кыргыз цивилизациянын өзөгү болгон руханий маданияттын туу чокуларын – Манасты, эпосторду, санжыраны, дастандарды, залкар ыр-күүлөрдү, макал-лакап, санат сөздөрдү жараткан.

Андыктан бүгүн көчмөндөр цивилизациясынын багыты, улуттун идеологиялык уңгусу да “Манас” баштаган элдик оозеки чыгармачылык болушу керек. “Манаста”, элдик оозеки чыгармачылыктын бардык жанр, түрлөрүндө, бай тил, бай тарых, бай маданият, күчтүү мыйзам жана мамлекеттин түзүмү, көчмөндөрдүн укукка, теңдикке, эркиндикке негизделген коомдук түзүлүшү, ачык-айкын шайлоо, жыйын тартиби, адамды, атуулду, аялзатын, баланы барктоосу, карыны, кызды, келинди сыйлоосу, тааныган жана тааныбаган элге да таалим боло турчу салт, нарк, адаттарынын болушу көчмөндөрдүн цивилизациясынын болгондугунун анык белгиси.

Өткөнгө сереп салсак индустар бай маданияты жана буддизмге, кытайлар кылым карыткан карт тарыхына ширелишкен даолук жана конфуцийлик окууларына, араб өлкөлөрү исламга, ал эми жапон сыяктуу улуттар канына сиңирилген каадаларына таянып келечегин идеологиясын аныктап, атпай журтка, ааламга аңыз болуп келгендигин, атагы алыска кеткенин көрүп, кыргыздын өткөндөгүсү, учуру жана келечеги да “Манас”, анын руху, касиети, сыры экендигин аңдоого да, баалоого да мезгил жетти.


Элдик оозеки чыгармалар –элибиздин кылымдардан кылымга жыйнаган залкар ой-мурастары, турмуштук тажрыйбасы, салт-санаасы, ырым-жырымдары. Тарыхчылар белгилегендей, кыргыздар Орто Азиянын байыркы элдеринен болуп, алар жөнүндө биздин эрага чейинки 3-2-кылымдардагы тарыхый документтерде маалыматтар бар. Биздин заманга чейинки 8-9-кылымдарда кыргыздар өнүккөн маданиятка эгедер болуп, өз жазуусу болгондугун Орхон-Енисей жазуулары тастыктайт. Тарыхый өнүгүүнүн өзгөчөлүктөрүнүн күчү менен жазуу маданиятынын жогорку деңгээлин сактап кала албаганы менен байыркы доордон Октябрь революциясына чейинки рухий байлыгынын мыкты үлгүлөрү оозеки түрүндө жашоосун улантып келди. Кыргыз элдик оозеки чыгармаларынын казынасында элибиздин жашоосун, жан-дүйнөсүнүн тереңдигин, үмүт-тилектерин кеңири чагылдырган материалдар бар.

Бир кездерде жазуу-сызуусу бар, өз алдынча өсүп-өнүккөн эл болсо да тарыхтын татаал жолунда ошол көрүнүктүү ордун, өнүккөн өнөрлөрүн, алардын ичинде жазуу-сызуусун да сактап кала албай, натыйжада көптөгөн кылымдар бою билгендери менен көргөндөрүн жалпы эле бүт табылгаларын - алар жөнүндөгү маалыматтарды көркөм баянга айландырып, оозеки сактап, укумдан тукумга ошол оозеки жүзүндө өткөрүп келүүгө мажбур болгон кыргыздар үчүн алардын оозеки көркөм чыгармалары өзгөчө баалуу табылгаларын чогултуп, жыйноочу казынанын – эстин, башынан өткөндөрүн урунттуу учурларынан кабар берген тарыхтын, коомго, ар бир инсанга моралдык, укуктук, жүрүш-туруш эрежелерин туюндуруучу юридикалык жыйнактын, таалим-тарбия берүүчү куралдын, оң-терс, жакшы-жаман жөнүндөгү түшүнүктөрдү чечмелеген туюнтманын ж.б. жашоо тиричиликтин көп кырдуу зарылдыктары үчүн пайдаланууга боло турган энциклопедиялык мазмундагы “китептин” милдетин аткарып келген. Кыргыз элинин оозеки көркөм чыгармачылыгынын орчундуу мааниси, жашоо жөндөмүнүн сыры, ал чыгармалардан өткөндүн үнү, жаңынын жаңырыгы болуп, миңден ашуун жаштагы үлгүлөрү да улам кийинки шартка ылайыкташып, талабына жооп берип, көркөм туунду катары табитин жоготпой, күйөрмандарды тейлөөсүн улантып, эстетикалык рахат тартуулап, оң же терс мазмундагы таасирин тийгизип, бүгүн да өз күчүн жоготпой келе жаткандыгында.

Тарыхый өнүгүш жолунда жакшы менен жаманды, ийгликтин кубанычын, жеңилүүнүн ызасын, гүлдөп өнүгүүнүн ырахатын, төмөн чөгүүнүн кайгысын бир эле эмес, көптөгөн жолу башынан өткөрүп, эркиндиги, элдин биримдиги, көз каранды эместиги үчүн дайым күрөшүп, адамдык акыл дөөлөттөрдү туу тутуп, өз башынан өткөргөндөрдүн урунттуу учурлары менен алгылыктуу табылгаларын көркөм сөз “беттеринде” мончок той тизип, ал байлыгын этият сактап, бапестеп багып, өзгөчө жогору баалап, ыйык тутунган байыркы эл кыргыздардын оозеки чыгармачылыгы адаттан тыш өсүп-өнүккөн. Буга түрткү болгон негизги себеп – элибиздин түптүү, тектүү байыркы элдердин бири экендиги жана ошол элдин өтө узак мезгилди камтыган тарыхый жолундагы рухий байлыгынын каймагын, маңызын, көп жактуу бай мазмунун бөксөртпөй сактоодогу негизги курал, ыңгайлуу, ишенимдүү жай – казынанын милдетин жалгыз оозеки көркөм чыгармачылыктын аткарып келгендиги.

Кыргыз элинин басып өткөн жолунда, күндөлүк турмушунда оозеки чыгармачылыктын өзгөчө мааниге ээ болуп чоң роль ойногондугун, ушунун натыйжасында тарыхта өтө сейрек учурай турган феномендик мүнөздөгү абал түзүлгөндүгүн “Манас” эпосунун мисалынан – көчмөн кыргыздар өз жашоо шартына ылайыкталган дүнүйөнүн сегизинчи укмушун оозеки жаралып, оозеки сакталган поэзиянын көркөм чалкар деңизин башка эч бир кезикпеген өзү сыяктуулардын арасына да теңдеши болбогон жомокту - эпосту жаратканынан да таасын байкоого болот.

Кеп дүйнөдөгү көптөгөн жөндөмдүү элдердин бири катары кыргыздар ким-кимди болбосун таң калтырган масштабдуулугу, маанисинин тереңдиги өзгөчө жогору көркөмдүк деңгээли жалпы адам баласына таандык маданий казынадан алган көрүнүктүү орду жактан буга чейин кеңири белгилүү болгон кадимки жети укмуштан кем эмес өз укмушун жараткандыкта эмес. Ошол өз шыгы көркөм сөз өнөрүндө экендигин туура баамдай алгандыгында жана мисалы, бир жерге байыр алып отурукташкан шартта жашаган египеттиктер таштан пирамидаларын курган сыяктуу эле ат үстүндө, көчмөн турмушта жашаган кыргыздардын өз укмуш эстелигин өзү кайда барса ошол жакка кошо ала жүрүүгө ылайыкташтырып көркөм чыгарма түрүндө жараткандыгы. Натыйжада кыргыздар жараткан дүйнөнүн сегизинчи укмушу башкалар жараткан укмуштардан курулуш материалдары жактан өзгөчөлөнүп, эң катуу гранит таштан да, курч болот темирден да бекем, кылымдарды карыткан убактысына, күндүн аптабы, шамал менен жаандын кыйраткыч күчтөрүнө моюн бербей турган, жер жүзүндө тирилик өкүм сүрүп турганда китептик жаңы өмүрү менен бөксөрбөй, кемибей, керек болсо, формалык түрүн улам жаңылап түбөлүк жашай бере тургандыгында.

Ушул акылды ойлоп тапкан ата-бабаларыбыздын гениалдуулугуна таазим кылып, сыймыктанууга не болбосун!


2.Фольклордун табияты, мааниси, максаты, мүнөздүү белгилери


ФОЛЬКЛОР (англ. – элдик акылмандык, элдик билим) – элдик оозеки чыгармачылык. Жалпы эле көркөм адабият оозеки чыгармачылыктан жана жазма адабияттан турат. Мына ошол элдик оозеки чыгармачылык 1847-ж. англиялык окумуштуу В. Томстун сунушунан кийин фольклор деп аталат. Бул сөз англис тилинде “элдик билим, акылмандуулук” деген маанини билдирет.

Фольклордо элдин тарыхы, улуттук белгиси, башка элдер менен алакасы, карым-катнашы, психологиясы, турмуштук түшүнүктөрү оозеки баяндалган. Мындай чыгармаларда да элдин “ушундай болсо” деген идеялары, үмүт-тилектери, кызыгуулары чагылдырылып, элдүүлүк мүнөзү күчтүү өнүккөн. Фольклордук чыгармалардын жазма адабияттан негизги өзгөчөлүктөрү булар:

1. К о л л е к т и в д ү ү л ү г ү, б. а. ар бир чыгарманын түпкү тегин жалгыз адам түзгөн болсо да, ал эл арасында оозеки жашап ага улам кийинки муундун өкүлдөрү кошумчаларын кошот, айрым жерлерин алып салат, кыскасы, автору белгисиз болот да, коллективдин чыгармасына айланат (к. колллективдүү чыгармачылык).

2. В а р и а н т т у у л у г у. Элдик оозеки чыгармаларда туруктуу текст жок болот да, бир эле чыгарма жаралуу мезгили, орду, аткаруучусу жагынан ар түрдүү болуп кала берет, натыйжада анын ар кыл варианттары келип чыгат. Мисалы, “Манас” эпосунун кырктан ашык, “Эр Төштүктүн” төрт варианты жазылып алынган (к. Вариант).

3. С а л т т у у л у г у. Мындай чыгармаларда текстинен тартып, сюжет, образ мотивдеринде окшоштуктар болот да, алар варианттардан варианттарга, бир мезгилден экинчи бир мезгилдерге көчүп жүрө берет (к. Салттуулук).

4. О о з е к и б о л уш у.

5. Көркөмдүк системасында туруктуу сөздөрдүн, фантастиканын, гиперболанын көп кездешиши, реалдуулукка караганда, идеалдуулуктун арбын өкүм сүрүшү. Мына ушул белгилери м-н фольклор жазма адабияттан айырмаланып турат, өз кезегинде фольклордук жанрлар, ой жүгүртүүнүн ушундай оозеки формасы, фольклордук образдар, сюжеттер, сүрөттөө каражаттары жазма адабиятка таасирин тийгизет.

Фольклор өз ара көркөм сөз (элдик оозеки чыгармачылык), музыка, бий ж.б. түрлөргө бөлүнөт. Абалкы кезде фольклорго синкретизм мүнөздүү болгон. Элдик оозеки көркөм чыгармачылык көркөм маданияттын башка түрлөрүнөн (обон, муз, бий, театрдын ар түрдүү кыймыл) ажыратылбастан бирдикте аткарылган. Синкретизмдин элементтери кыргыздарда кийинки кезге чейин сакталганын “Манастын” мисалында көрүүгө болот. Манасчылар эпосту аткарганда, ыр, обон, ымдоо, жамдоо сыяктуу театрдык өнөрдүн ар түрдүү ыкмаларын колдонушат. Кыргыз фольклорунун ичинен көркөм сөз өнөрү башкы орунду ээлейт. Ал жанрдык-мазмундук арсеналы жактан бай жана ар түрдүү. Анда мааниси, көркөмдүгү, көлөмү жагынан дүйнөлүк эпостордун эң алдыңкыларынын бири, “Манас” үчилтик эпосунан тартып, кенже эпостор, элдик поэмалар, миф, легенда, жөө жомоктор, салт ырлары: арман, керээз, кошок, угузуу, философиялык-дидактикалык чыгармалар: макал-лакаптар, тамсил, табышмактар, калптар, чечендик сөздөр, сүйүү ырлары, балдар ырлары ж. б. камтылган. Элдик оозеки чыгармачылыктын бул түрлөрү муундан-муунга өтүп, өнүгүп-өсүп, өзгөрүп отуруп бизге жеткен. Анын баштапкы тамыры өтө байыркы мезгилдерге (палеолит дооруна) барып такаларына биздин күнгө чейин трансформацияланган түрдө сакталган тотемдик, космонологиялык, этиологиялык мифтер, эм-дом, ырым-жырым, үрп-адат поэзиясы, ар түрдүү эмгек ырлары күбө боло алат.

Фольклордун түрлөрү жана жанрлары – поэтикалык системасынын жалпылыктарын, турмуштук функциясын, аткарылуу мүнөзүн эске алуу менен элдик оозеки чыгармаларды төмөнкүдөй түрлөргө бөлүүгө болот:

  • Лирикалыктүр– элдик ырлардын бардыкжанрлары: эмгек, ашыктык, арман,кошок,керээз,жарамазан,  жар-жар, көрүшүү, учурашуу, айтыш, бадик, дарым, оюн ырлары, бакшылардын көрүмү, кирне айтымдары,  акыйнек,  эмгек ырлары.

  • Дидактикалык түр – макал-ылакаптар,  табышмактар,  санат-насыят ырлары,  терме ырлар.

  • Эпикалык түр – эпос,  жомок,  улама сөздөр,  санжыра,  миф,  легенда, оозеки баяндар кирет.

Айрым улуттардын фольклорунда драмалык түр да жакшы өнүккөн, кыргыз фольклорунда мындай мүнөздөгү чыгармалар бирин-эки (Мисалы, айрым акыя айтышуулар, маскарапоздордун, бакшылардын оюндары) болгон менен өзүнчө түр даражасына көтөрүлүп жете алган эмес.


3.Кыргыз фольклорундагы лирикалык чыгармалар, жанрдык түрлөрү. Улуттук лирикалык чыгармаларды классификациялоо

Лирика - (lyra- байыркы гректердин комузга окшогон музыкалык аспабы болуп, ошол аспаптын коштоосунда ырлар, обондор лирика делинген). Көркөм адабияттагы эпос, лирика, драма деген 3 тектин бирин түзөт. Лирика термини фольклордо терең пайдаланылып, кеңири жана тар мааниде колдонулат. кең маанисинде – жалпы эле майда көлөмдөгү поэтикалык чыгармаларды өзүнчө бир үй-бүлөгө бириктирип, адамдагы кезигүүчү ички сезимдердикайгыны, кубанычты, сүйүүнү, чегинүүнү, эмоцияны, канааттанууну, жан жыргатууну, шыпаакерчиликти, акылмандуулукту, жүрүм-турумдун касиеттерин, саясатты, чөгүү, кыялдануу, кырдаал, табынуу, сыйынуу сыяктуу процесстерди поэзиянын ийкемдүү керемети аркылуу кыска көлөмдөгү чыгармаларды эсептөөгө болот. Ал эми тар маанисинде сүйүү ырларын гана атап коюуга туура келет. Лирикалык чыгармаларды фольклористикада – эмгек, сүйүү, кайгы, арман, граждандык, философиялык жана табият лирикасы деген сөз айкалышындагы терминдер аркылуу белгилүү. Лирикалык текке кирген жанрлардын эпикага салыштырганда – көлөмүнүн кыскалыгы, көркөм сюжетти талап кылбагандыгы, бир образды ар тараптан чечпегендиги, баяндоочу каражаттардын жоктугу менен айырмаланып турат. Лирикалык ырлардын данрларына – эмгек, сүйүү, ырым-жырым, дарым, арбоо, арман, кошок, жоктоо, кордоо, мактоо, үйлөнүү, балдар, оюн, бешик, дин, жарамазан, санат-насыят, терме, айтыш, жаңылмач айтуу, мезгил, маал, коштошуу, каргыш, бата, өлөң сыяктуу ырлар кирет. Булардын арасында ай рымдары толук жанрдык жактан сапатын сактап калса, айрымдары элдин жашоо турмушундагы замандын доордун мезгилдин талабына жараша бирде толукталып, катуу өнүгүп, кээде сапатын, милдетин жоготуп отурган. Мындайларгы дин, ырым-жырым, үйлөнүү, арман, кошок, каргыш, мактоо, жоктоо ырларын атоого болот.

Эмгек ырлары негизинен мал чарбачылыкка, мергенчиликке, дыйканчылыкка арналат. Аты эле айтып тургандай ырлар эмгек процесси менен тыгыз байланыштан пайда болгон, элибиздин көчмөндүү жана отурукташкан турмушу көз алдыга элестүү тартылат.

Эмгек ырларынын жаралышы кайсы гана элдин фольклорун албайлы эң байыркы доорлорго барып такалат,анткени “Эмгек- адамдын өзүн жараткандыктан”(Ф.Энгельс)ага болгон мамиле,көз караш,канааттануу жөнөкөй эле күндөлүк тиричилигин өткөрүү үчүн кызыкчылык болбостон,адамдын бактысы,жашоонун ийгилиги,келечекке үмүттөнгөн максат эмгектенүү аркылуу турмушка ашарына ишенген гумандуулук,патриоттуулук идеялар орун алган.

Эмгек ырлардын табиятында-ошол оор эмгектин мүнөзү,ритми,кыймылы,темпи,күчү,эрки,мамилеси,шарты,аткаруусу,сапаты, пайдасы канчалык деңгээлде болоруна жараша аныкталат.

Кыргыз фольклорунда учураган лирикалык чыгармалардын ичинен өзүнчө бир жанрдык сапатын толук сактаган ырлардын бири-эмгек ырлары.Кыргыздардын элдик эмгек ырларынын генезисинде-кыргыздар үчүн,анын жашоо тиричилигине байыртан бери келе жаткан дыйканчылык,малчылык кол өнөрчүлүк кесипке байланышкан эмгек ырлары кеңири орун алган.Малчылык кесипти даңазалаган ырларга-“Бекбекей”,”Шырылдаң”,”Саан”,”Койчунун ыры” өңдүү бүткүл кыргызга таркалган элдик ырлар кирсе,дыйканчылыкка байланышкандарга-“Оп майда”,”Эгин оргондо”,”Кырман басканда”;кол өнөрчүлүктө жолуккан-“Тон чык”,”Кийим бычканда”,”Кеште тигүү”,”Ийигим”,”Кош айдоо” сыяктуулар келип жеткен.Эмгекке байланышкан ар кандай турмуштук процесстер атайын ырлардын поэтикалык салтында гана эмес ырым-жырымдарда,армандарда,кошоктордо,сүйүү ырларында,жөө жомоктордо,табышмактарда,эпостордо,макал-лакаптарда,тамсилдерде өз ордун тапкан.

Кыргыз фольклорунда лирикалык ырлардын арасында сүйүү темасы атайын багытта жашап,өзүчө жанрдын өнүгүшүнө толук укук алган.Айрым изилдөөлөрдүн көз карашы боюнча элдик сүйүү лирикалык ырларды эки түргө- “секетпайлар” менен “күйгөндөргө”ажыратып,революцияга чейинки мезгилде алар негизинен коомдук шарттардын талабына ылайык өнүккөнү далилденет.”Турмуштагы эң сонун нерселерге салыштырып,сүйгөнүнө жалбаруу же ашык болгонуна жетпегени үчүн жалбаруу же жайынча кумарлануу,сүйүүнүн күчүнө суктануу,ойноп-күлүүгө чакыруу(секетпай)-сүйүү ырларынын идеялык негизин түзөт.Кыргыздардын элдик сүйүү ырларынын негизги мүнөзүнө карап эки чоң топко бөлүүгө болот.”Чындыгында эле көлөмү,мазмуну,аткарылышы,алган багыты,турмушту чагылдыруудагы орду боюнча сүйүү ырларын “секетпай” менен “күйгөнгө” ажыратып туруп калууга болобу жеандан да тереңирээк үңүлүп кароого туура келеби.

Сүйүү ырларын жаратуучулар,аткаруучулар,өнүктүрүүчүлөр жаштар болушкан,алардын ичинен жигиттер,өспүрүмдөр басымдуулук кылат.Бозойлор аткарган сүйүү ырлары элдик салтка,үрп-адатка айлануу менен сүйүүнүн кадыр-баркын даңазалап,аны бийиктикке алып чыгууда сөздүн эмоциялык күчү,эпитетик ыкма,психологиялык параллелизм,салыштыруулар,троптун ар кандай түрлөрү поэтикалык көркөм ыкманын универсалдуулугун чеберчиликте пайдаланылды.Алсак,селкинин сырткы сымбатын,сулуу көрүнүшүн,баскан-турганын,ички рухий дүйнөсүн,жасаган мамилесин,кийген кийимин,суйкайган кебете-кешпирин,ичкен-жеген оокатына чейин ырларга кошуп,эмоциялык күчүнө таянып “жалбаруу”,”эркелетүү”,”жакшы көрүү”,”ашык болуу”,”жакындашуу”,”сезимин ойготуу”,”кумар жазуу”,”бугун чыгаруу”,”сагынычын билдирүү”,”жарпын жазуу”,”суктануу” өңдүү психологиялык таасирлерге туш болот.

Эңкее басып теңселип,

Элимде жоктур сенчелик.

Жетише албай зарланган

Пендеде жоктур менчелик.

Кайкая басып теңселип,

Калкымда жоктур сенчелик.

Ашык болдум зарланган

Элимде болбойт менчелик.

Коомдук түзүлүштүн мүнөзү,социалдык теңсиздиктин баш-аламандыгы,экономикалык тартыштыктын салакасы,жокчулуктун кесепети сүйүү ырларынын өнүгүшүнө,жашашына тескери таасирин катуу тийгизет,ишенбөөчүлүктү,пессимизимди,сүйүүгө болгон ишенимди төмөндөтөт,арман ырларынын милдетин аткарып калганга чейин барат.Мындай багыттагы сүйүү ырлары чейинки доордо кыз-келиндердин өз укугунан ажырашы, сүйүүнүн буюмга айланышы,экономикалык байлыктын үстөмдүгү,таптык коомдун жан кейиткен салакасы,жагымсыз калың берүү салты,зордукчул кудалашуу,болуп коюу аземи сыяктуу социалдык терс көрүнүштөр-бул ырлардын чыныгы милдетинен алыстаткан.Эркин сүйүүнү эңсеген жаштар өз максатына,мүдөөсүнө жете албаган,каалаганына жолугушуп жүрөк черлерин,ойлогон черин жаза албаган.Сүйүү ырлары лирикалуулук мүнөзүнөн алыстап,арман,муң-зар,кайгы,өкүнүү,жагымсыздык мазмундарга аралашууга аргасыз болгон. Коомдук түзүлүштүн ошол карама-каршылыгы сүйүү эркиндигине канчалык тоскоолдук жасаса да, тунук махабаттын майтарылгыс кубаты, жеңилбес күчү, тайманбас эрки, өз күрөшүн токтоткон жок, ыйык түбөлүктүүлүгүнөн сактай алды, назиктигин коргоого жетишти.

Ырым-жырымдар бардык оозеки чыгармачылыгыбызда кеңири кездешет.Магиялык сөздөргө ишенүү менен адамдар жаратылыштын күчтүү сыйкырынан үмүт-кыял, жакшылык күтүшкөн. Бул жанрдагы чыгармалар да байыркы элибиздин түшүнүктөрүн чагылдырат. Адамды, жаратылыш-жан-жаныбарды, малды айыктырууда, дыйканчылык, аңчылык кылууда, кырсыктан чыгууда ырым-жырымдар айтылат. Ырым-дарым ырлары – элдин айрым мифологиялык ж-а диний көз караштарына ылайык чыгарылган ырлар. Ырым ырлары табият көрүнүштөрүнө кайрылуу, жаныбарларды арбоо маанисинде айтылган. Мис., «Кылоо-кылоо», «Козу телүү» деген ырлар ырым ырларына кирет. Дарым ырлары ооруларды дарылоо максатында ырдалган. Бакшылардын көрүмү, бадик айтуу, жылан ж-а кара курт чакканда айтыла турган ж. б. ырлар. Мындай салттар элибиздин колдонуусунан чыгып баратат, сейрек учурайт. Бадик (кырг. – эски оорунун аты) – оору-сыркоону айыктыруу ырасмына байланыштуу аткарылуучу ыр. Бадик адамдын дениндеги ооруну кубалоо үчүн ырдалган:

Көч, көч бадик, көч бадик, көчкөндөй көч,

Көмүр болуп күйгөн от өчкөндөй көч.

Майлуу сорпо бетиңе бүрккөндөй көч,

Кара чоктуу калмактан үрккөндөй көч.

Сулуу десең калмактын кызына көч,

Суук десең Соңкөлдүн музуна көч,

Тунук десең Бешкөлдүн тузуна көч,

Ысык десең Индистан кышына көч,

Илгир десең мүнүшкөр кушуна көч,

Агын дайра толкуган сууларга көч,

Суу үстүндө калкыган кууларга көч,

Аралга көч дегенде, аралга көч,

Арал отун оттогон маралга көч,

Бийик отун оттогон кийикке көч,

Саздарга көч дегенде, саздарга көч,

Саздын отун оттогон каздарга көч,

Кырларга көч дегенде, кырларга көч,

Кырдын отун оттогон сыйырга көч,

Көч, көч бадик, көч бадик көчүрөйүн,

Бадик болгон атыңды өчүрөйүн. (Эл ыры)

Бадикте элдин турмуш-түшүнүгү, ишеними, элдик медициналык ой жүгүртүүсү сакталган, анда ооруну кубалоо үчүн же башка жандуу же жансыз нерсеге көчүрүү үчүн “көч” деген буйрук этиш ар бир сапта кайталанган. Бул ыр азыр колдонулбай калган.

Дарымдар - адам ооруганда, жылан же курт чакканда, башка бир кеселге, кырсыкка дуушарланганда айыктыруу же ууну, дартты чыгаруу үчүн атайын дарымчы адамдар тарабынан аткарылчу ырлар. М:Жылан чакканда мындай дарым айтылган: Кереч-кереч, кер жылан, Керегедей бир жылан. Майрың-туйруң бир жылан, Мама желим кыз жылан. Убай жылан, чубай жылан, Ок жылан, чок жылан.

Ошондой эле бата, каргыш ж.б. ар түрдүү тематикадагы айтымдар жашоо-тиричилигибизге, өлүм менен өмүргө, адамдардын ортосундагы мамилелерге арналган. Алар да көркөм чыгармачылыгыбызда кеңири кездешкен материалдардан. Бата - 1. Курандын биринчи сүрөсүнүн («фатиха - бет ачар») аты. Бул сүрөдө ислам дининин негизги талаптары терең камтылгандыктан, аны «Уммул Куран - Курандын энеси - негизи» деп аташат. 2. Алкыш, тилек. Элибиздин байыркы түшүнүгүндө бата - адамдын жаралышына себеп болгон касиеттүү сөз («Бала батадан бүтөт»). Анда жаратылыштын жашоосу менен адамдын турмушу тамырлаш, реалдуулук менен ирреалдуулук өзөктөш туюнтулат («Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эл көбөйөт»). Бата адам өмүрүн төрөлгөндөн тартып көзү өткөнгө чейин коштойт. Турмуштагы ар бир орчундуу, олуттуу иштин башы да, аягы да бата менен коштолот. Бата аркылуу адам Жаратканга кайрылып, андан колдоо күтөт, арбактарга тилегин багыштайт, адамдарга жана өзүнө жакшылык тилей. Бата - адамдын Акыйкат менен болгон жекече алака-катышы, астейдил баарлашуу-байланышы десе болот.

Аттиң, бирок, турмушта бардыгы эле адам ойлогондой боло бербейт. Адам көп нерсеге көз жумуп койсо да, кээде бирөөгө өч-кеги, доо-кусаматы кала берет. Аны туюнткан сөздү элибиз каргыш дейт. Демек, бата дагы, каргыш дагы тилек. Бирок, бата - жакшы, оң, ал эми каргыш - жаман, терс тилек. Арийне, каргышты жандыруунун бир гана аргасы бар. Ал - кечирим суроо жана кечирүү.

Элибизде бата тилөөнүн да, бата берүүнүн да өзүнчө салты, адеби бар. Бата тилегенде «Оомийин!» («Аминь! - Болсун!») деген сөздү угуза айтуу менен алаканыбызды ачылган китеп сыяктуу бет алдыбызга жайып, берилген батага кулак төшөйбүз. Бата берилген соң, «Ушул окулган Курандын сообу…, берилген батабыз кабыл болсун!» - деп, изги ой-тилектерибизди ичибизден коштой, алаканыбызды жүзүбүзгө тартабыз. Бата тилеген келин-кесектер, оболу, жүгүнүп, уул-жигиттер ордунан туруп, улууларга баш ийип, таазим этишкен. Терс тилекти билдирүүдө алакандын сыртына тескери бата берилген.

Жашоодогу көп дөөлөттүн ичинен адам үчүн эң кымбаты - өмүр, тирүүлүк деп эсептеген элибиз урпактарга «Өмүрлүү бол», «Кем болбо», «Тилегиңе жет» дегендей келечектүү каалоо-тилектерди айткан. Ал эми бирөөдөн өтө көңүлү калып, көөнү сууган адам «Тукумуң соол» деген каргышты багыштаган. Ошондон улам «Баланчанын батасын алган», «Кешигин ичкен» дегендей сыймыктуу сөздөр менен бирге эле «Түкүнчөнүн каргышы тийген», «Каргышына калган» деген өкүттүү сөздөр айтылат.

Адатта, батаны сыйлуу, кары, бата берүүгө кадыры да, касиети да татыктуу адам берүүсү туура. Экинчиден, батаны ошол жагдайга, иш-чаранын маңыз-мазмунуна ылайык берүү зарыл. Ошондой эле, бата бергенде элдин эзелтен келе жаткан каалоо-тилектерин камтуу анын маанисин да, мүнөзүн да байытары анык:

Бала оозантканда:

Бисмиллахир-рахманир-рахиим.

Оозуңа май салып турган Умайым

Алты куйрук ашагын,

Алтымыш аша жашагын.

Жети куйрук ашагын,

Жетимиш аша жашагын.

Кызыл тилден таңдайлуу бол,

Ырыскыңдан маңдайлуу бол.

Баланы бешикке салганда:

Алдей-алдей, ак бала,

Ак бешикке жат, бала.

Бешигиң кептүү болсун,

Ата-энең эптүү болсун.

Өмүрүң узун болсун,

Өрүшүң жайык болсун.

Билектүүдөн күчтүү бол,

Баатыр болсоң, жөлөк бол,

Баарыбызга өбөк бол.

Карыянын балага батасы:

Өмүрүң бек болсун,

Акылың көп болсун.

Төгөрөгүң төп болсун,

Сөздөрүң эп болсун.

Душманың жетпесин,

Дөөлөтүң кетпесин.

Жаңы үйлөнгөндөргө бата:

Баш алган буудайдай ыргалгыла,

Кошулган талдай чырмалгыла.

Ырысыңарга эр бала сүйгүлө,

Суктанарга кыз бала сүйгүлө.

Кайгыланбай каткырып,

Кол кармашып жүргүлө.

Башыңарды таштан кылсын,

Урматтуу жаштан кылсын.

Бошоң эмес, тың болгула.

Бата бердик жаш-кары,

Алганың менен тең кары!

Дасторконго бата:

Телегейиң тегиз болсун,

Өрүшүң сегиз болсун.

Тубар малың эгиз болсун,

Сойгон коюң семиз болсун.

Айдан-жылдан аман чыккын,

Дасторкон менен пейлиңден

Шыбага, ырыс тапкын.

Башыңардан бакыт кетпесин,

Башканын каргышы жетпесин.

Балдарыңар чечен болсун,

Бардык туугандар эсен болсун.

Айгырыңар үндүү болсун,

Кочкоруңар жүндүү болсун.

Корооңор кыктуу болсун,

Конушуңар ыктуу болсун.

Өгүзүңөр күчтүү болсун,

Инегиңер сүттүү болсун.

Куру сайыңардан суу аксын,

Кылган ишиңер элге жаксын!

Сапарга бата:

Саламат барып, сак кел,

Сагындырбай бат кел.

Эсен барып, соо кел,

Эзелкиден оор кел.

Алдың ачылсын,

Жолуңа була чачылсын.

Жолуңда өнгөн тал көргүн,

Жоболоңсуз жан көргүн.

Жолуң шыдыр болсун,

Жолдошуң Кызыр болсун!

Жаңырган айга бата:

Ай көрдүм, аман көрдүм.

Жесирге - жемиш,

Жетимге - жеңиш,

Жөөгө - улоо,

Жалкоого - мээнет,

Жалгызга - эрмек,

Иштерманга - кут,

Сараңга - жут,

Ушакчыга - уу,

Ак ниетке - туу бер.

Айдан аман,

Жылдан эсен бололу.

Келерки ушу күнгө чейин

Өсүп-өнүп, тололу.

Каргыш - катуу, ачуу, суук сөз. Тегинден бул сөздүн дагы бир мааниси эт менен сөөктү бириктирген тарамышты билдирбесе керек. Түшүнүктүн төркүнү табияты татаал, катуу, оңой менен «жибибеген» нерсени туюнтат. Каргыш адамдын көкүрөгү кайра жангыс болуп «катып», жедеп айла-амалы түгөнүп, кусаматы көкүрөккө батпай калганда айтылат. «Каргыштын каары катуу» делет. Элде мындай кеп бар:

«Үч каргыш жаза кетпейт:

Ата-эненин каргышы,

Мусаапырдын каргышы,

Жаны ачыган адамдын каргышы».

Калк ичинде: «Ак сүтүм урсун», «Ак эмгегим урсун», «Наным урсун», «Тузум урсун», «Ант урсун», «Кудай урсун», «Теңир урсун», «Арбак урсун» дегендей сүрү күчтүү сөздөр айтылат. «Манаста» убададан тайып, антты аткарбаганды:

«Төшү түктүү жер урсун!»

Төбөсү ачык көк урсун!

Аккелтенин чогу урсун!

Акбараңдын огу урсун!» - деп айтылат.

Дин ырлары мазмуну жагынан ырым менен дарым ырларына жакын келет. Адамдын көз карашынын чектелиши, тарлыгы, сенектик, фетиштик, анимизм, магиялык, мифологиялык, тотемдик түшүнүктөр, стихиялуу жагдайлар, турмушка примитивдүүлүк мамилелер, кандайдыр бир күчкө фанат катары ишениүүлөр, сыйкырдуулук, касиеттүүлүк көрүнүштөр, сыйынуулар ж.б. чыныгы диндик ишенимдер – ишенимдүү көз караш пайда болгонго чейинки учурлардын туундулары болуу менен дин ырларынын пайда болушуна шарт түзгөн.

Дин ырлары кыргыз элдик оозеки чыгармада, жалпы эле дүйнө элдеринин фольклорундагыдай өзгөчө орунду ээлейт. Анткени, дин ырларынын түпкү жаралышына адамзаттын байыркы баёо “балалык” мезгилинде, дүйнөнү миф аркылуу кабылдоосу түрткү болгон. Ал миф – алгачкы учурда поэтикалык чыгармачылыктын, адепки динди жана курчап турган дүйнөнүтаанып-билүүнүн илимге чейинки көз караштарынын синкреттик биримдигинен түзүлгөндүгү маалым. Ошентип, элдик оозеки чыгармачылыктын башка да поэтикалык чыгармачылыктын өзүнөн алгачкы адамдардын диндик, философиялык көз караштарынынэлементтерин табууга болот. Ошол эле учурда Дин ырларын салыштыра карай келгенде, ал ырларды жараткан эл кандай динге ишенип келгендигин аңдап билип, ал эл кандай тарыхый доорлорду башынан өткөргөндүгү туурасында баам алууга шарт түзүлөт. Ушуга байланыштуу дин ырлары байыркы ырлар катары байыркы элдин поэтикалык чыгармачылыгын, диний философиясын, тарыхын изилдөөгө табылгыс булак болуп да бере алат.

Дин ырлары элдик оозеки чыгармачылыктын башка түрлөрүнөн дагы бир өзгөчөлүгү – аларды аткарууда кандайдыр бир турмуштук шарт, себеп түрткү болот ж-а ошого ылайыкташкан ырым-жырым, жөрөлгөлөрдүн аткарылыш процессинде ырдалат. Айрым дин ырларынын өздөрүнө таандык байыртадан келе жаткан салттык обондору ж-а атайы адистешкен аткаруучулары да бар.

Кыргыз элинин дин ырларынын көбүндө диндин алгачкы формаларына таандык ишенимдер сакталып, алардын мазмуну, кээ биринин аткарылыш жөрөлгөсү, ырым-жырымы азыркы мезгилде коңшулаш жашаган Орто Азияда элдердин диндик түшүнүктөрүнө, салттарына караганда Сибирдеги түрк тилдүү элдер: якут, тоолуу алтайлыктар, хакас, шор, тувалардын азыркыга чейин сакталган салттык дин ишенимдери, жөрөлгөлөрү м-н өтө жакындыкты, бирдей типтүүлүктү түзөт. Бул элдердин таралыш аралынын миңдеген чакырым алыстыгына ж-а бири-биринен бөлүнүп жашашына миңден ашуун жылдар өткөндүгүнө (мис., илимде якуттардын ата-бабалары Түштүк Сибирде жашаган өздөрүнө тектеш түрк элдеринин негизги массасынан биротоло кол үзүп, өзүнчө бөлүнүп, түндүктөгү башка элдердин арасында жашай башташы 6-10-к-га таандык) карабастан, диндик ишенимдеринин жакындыгы, бирдейлиги ошол элдер чогуу, аралаша жашаган өтө байыркы мезгилде пайда болгондугун күбөлөйт. Муну өзү, биринчиден кыргыздардын бир кездерде жогоруда аталган элдер м-н бирге Түштүк Сибирде жашаганын кабарласа, экинчиден Дин ырларынын башатыошол Түштүк Сибирде жашаган өтө байыркы мезгилдерде пайда болгондугун көрсөтөт.Элдик ырларда сакталган диндик реликтилерге караганда, кыргыздар фетишизм, анимизм,тотемизм ишенимдеринде болуп келишкен. Кийинчерээк Азиянын кең мейкинин мекендеген көчмөн элдердин көбүндөй шаманизм динин тутушкан. Шаман дини байыркы ж-а кеңири таркаган дин болгону м-н убакыттын өтүмү, коомдун өнүгүшү элдердинбири-бирине аралашып, өз ара таасир көрсөтүүсү сыяктуу түрдүү себептердин айынан бул динге ишенүүчү элдердин көпчүлүгү будда, христиан, ислам дини өңдүү диндерди кабыл алышкан. Алардын ичинде кыргыздар да шаман динин таштап, ислам динине өтүп кетишкен.

Ислам дининин кыргыздарга тарай башташы м-н мурдагы фетишизм, анимизм, тотемизм, шаманизм ишенимдеринин негизинде пайда болгон ырлардын культтарынын ордун, эми, мусулман ыйыктары – Кыдыр, Илияс, Сулайман сыяктуу пайгамбарлар, кудай (Алла) ж.б. ээлөөгө өтө баштаган. Айыл-кыштакта жалаң гана бала окутуу м-н чектелбестен ар бир тойдо, ашта, турмушта пайдаланылган майда-барат салттарга чейин диндик мүнөз берүүгө аракет кылышып, ага арналган ырлардын бирден-бир булагы, материалы болгон курандын жоболорунун, аяттарын пайдаланышып, диндик ырларды көбүнчө молдолор чыгарышкан. Алар ислам дининдеги адамдарга милдеттүү түрдө колдонула турган 5 парзды өткөрүүнү (ар дайым кудайды (Алланы) эскерүү, беш убак намаз окуу, орозо тутуу, ажыга баруу, бей-бечара, карып-мискиндерге зекет, кайыр-садага берүү) талап кылышкан. Кудайдын мусулмандарга жиберген заң-закүндөрүнүн аткарылбашы – замандын бузулушуна алып келет деген түшүнүк бул ырларда кеңири чагылдырылган. Ислам дининин мусулман элдерине таралышы м-н Курандын сүрөөлөрү, аяттары жөнөкөй түшүнүктөгү элдерге терең мистикалык, догмалык мааниде чечмеленип, бир жагынан күндөлүк турмушта колдонуучу эреже катары, экинчи жагынан саясий идеологиялык күчкө айланган. Кыргыз фольклорунда ислам динине байланышкан идеялар, макал-лакаптар, табышмактар да, уламыш, легендаларда тарыхый даректерде, санжыраларда, жөө жомоктордо, лирикалык ырларда ж-а эпостук чыгармаларда аралашкан, синтездешкен түрүндөарбын учурайт. Мындай көрүнүштүн өзү мыйзам ченемдүү, анткени, диндик көз караштар ислам идеологиясынын башкы милдетин аткарып келген. Кыргыз фольклорунда кездешкен дин ырлары лирикалык түрдүн бир жанрын түзгөнү м-н өзүнчө ыңгайлашкан, башкача касиетке өсүп жетилген көркөмдүктү түзбөйт. Алар негизинен элдик салт ырларынын нугунда өнүккөн. Нукура ислам дининин көз караштарын чагылдырган чыгармалардын кыргыз фольклорунда башка лирикалык ырларга салыштырганда элдик варианттары анча катуу өнүкпөй, айрым кат-сабатсыздыгы жоюлган адамдардын гана чыгармаларда учурайт. Бул чыгармалардын лексикасында динге байланышкан араб, перси тилиндеги терминдер жыш колдонулуп, грамматикалык жагынан чагатай тилине жакындаштырылып, муун өлчөмдөрү кыргыздардын салттык ырларындагыдай 7–8 муундан эмес, жазма адабияттын таасиринен улам, көбүнчө, 11 муундуу ыр түзүлүштөрү мүнөздүү. Ырас, кыргыз фольклорунда ислам идеологиясынын чыныгы поэтикалык деңгээлге көтөрүлгөн өзүнчө салттык ырга айланган үлгүлөрү, кыргыздар жашаган бардык аймакка тарап, көп варианттуулукка да ээ. Жарамазан сыяктуу өзгөчө көрүнүштөгү дин ырлары бизде кеңири айтылат

Үйлөнүү салт ырлары - эки жаштын баш кошуу, кызды узатуу, тосуп алуу салтына байланышкан элдик ырлар. Ар бир элдин үрп-адаты, каада-салты бар. Фольклорубузда элибиздин жашоо-тиричилигинин бул тарабын көрсөткөн ар түрдүү тематикадагы чыгармаларыбыз өтө эле көп. Адам баласынын жарык дүйнөгө келгенден тартып, көз жумган мезгилге чейинки жолунда коштоп жүрүүчү салт-санаалар, үрп-адаттар анын дүйнөгө болгон көз карашын, ой-тилегин, кыял-үмүтүн билдирет. Адам туулат, тушоосу кесилет, үйлөнөт. Үйлөнүү салт ырларынын өз-өзүнчө ритуалдарга байланыштуу тематикасы бар. Элибизде кыз оюну өтө кызыктуу өтө турган кыз-келиндер, жигиттер эки тарап болуп алып, ар кандай оюндар ойнолгон. Жакшынакай маанайда, күлкү-шаттык, толкундоо менен кыз-жигитти куттукташкан. Жар көрүштүрүү, көрүшүү ырлары шаан-шөкөт менен аткарылган. Жар-жар айтуунун максаты да кыз менен жигиттин тууган-туушкандардын ниеттеш-тилектеш адамдардын кубаныч-сүйүнүчүн бөлүшүү, мактоо болгон.Мисалы, кыз узатуу кезинде жөнөп бара жаткан кызга жеңеси минтип ырдаган:

Ичигим чечип кийишкен,
Ичтейим ачып сүйлөшкөн.
Көйнөгүм чечип кийишкен,
Көңүлүм ачып сүйлөшкөн.
Көйнөгүң калды иргеде,
Көңүлүм жаман бирге эле.
Чапаның калды иргеде,
Санаам жаман бирге эле.(Элдик ырдан)

Үйлөнүү-салт ырлары лирикалык бир топ жанрды ичине камтыйт: көрүшүү ырлары, жар-жар ырлары, үйлөнүү тоюндагы “кемпир өлдү” салты менен кошо аткарылган ыр жана башкалар

Айтым – байыркы учурларда ыр деген сөздүн ордуна колдонулган, азыр да Кытайдагы кыргыздар көбүнчө ыр дебей айтым дейт, мис., эмгек айтымдары, эм-дом айтымдары ж. б. “Айт” деген буйрук этиштен келип чыккандай. Терминдик мааниде азыр уйкаштыгы катуу сакталбаган, эркин, кара сөзгө жакын, элдик ырым-жырымдарга байланышкан чыгармалар. Доорубуздун залкар жазуучусу Ч. Айтматов мындай дейт: «Мени менен чет элдик окумуштуулар жолугушуу учурларында элибиздин оозеки чыгармачылыгы тууралуу жана ага карата менин мамилемди, тагыраак айтканда, жазуучулук өнөрканамда мурастарды колдонушумду кызыгып сурап калышат. Бул маселелерге улам-улам кайрылган сайын жанданып, толкунданып, сыймыктанып,чыгармачылык рахатка батып кетем да, чет элдик окурмандарга «Манастан» баштап айтымдарга чейин колдон келишинче мисал келтирип, маанисин чечмелеп берүүгө аракеттенем. Мына бир мисал, Сиз күндө дүкөнгө барып нан аласыз дейм. Нанды алып жатып «Данды ким себет, качан бышат» эч бир ойлобойбуз жана башка көп иштерин билбейбиз. Демек, табият менен Сиздин ортоңуздагы чынжыр үзүлгөн. Ал эми биздин эски дастандарда бул ойлор сакталган. Мал төлдөтсө, эгин себерде «Айтым» айтышкан. Мына муну көз алдыга келтирип көрүңүзчү. Соко жер айдайт. Торбодон дыйкан үрөн сээп жатып, айтым айтат:

Мына, септим үч убак,

Жылуу жерден кочуштап,

Бул — жетим-жесирге,

Мунусу — карып-мискинге

Бул кочуш — ач-арыкка,

Мунусу — алыстагыга

Булар курт-кумурскага.

Бул — сурамчыга,

Бул — тилемчиге,

Бул — учуп жүргөн куштарга,

Бул — жортуп жүргөн коенго,

Калгандары — сизге, бизге, мага

Баба дыйкан жолдошум,

Бардык ишти оңдосун.

Бардык жерде колдосун.

Эми биягын мен билемин

Өнгөндө арам чөп койбойм,

Арыгың кенен чабылат,

Корукчуң арбын табылат.

Тилегим — чоң, Оп, үрөнүм, оп!

Береке бек байласын,

Бердим Баба-Дыйканга

Бириң миңге айлансын.

Европадагы жолугушууларда жогорку ырды мисал келтирип, аларга «Силерэкология жөнүндө азыр айтып жатасыңар. Биздин түрк дүйнөсүндө мындан миң жыл эле мурун айтылган» деп айтсам таң калышат, суктанышат. Биз дүйнөгө маданият, санат, сөзүбүз, философиябыз аркылуу өз туубузду көтөрүшүбүз керек. Илгертен эле адам баласы барктаган, аздектеген нары — касиети күчтүү Сөз ...Ушундан улам кыргыздар «Өнөр алды кызыл тил» деп макалдатса, Библияга тооп кылгандар ар нерсенин башталышы катарында «А дегенде Сөз болгон», «Кудай дегенибиз — Сөз» деген түшүнүктөрдү дайыма туу тутуп келишет. Бул туюмдардын бири-бирин толуктап турганы өзүнчө купуя сыр, чечмеленбес табышмак шекилдүү. Биздин улуу Сөздөн кыналган, Ойго терең көркөмдүк жана дүйнө таанымдын ...күчү, келберсинген даркандыгы эс талгыдай эле баёо бабаларыбыздын мурасыЕгипет пирамидалары сыяктуу муундан муунга калуучу байыркы, урагыс жана табышмактуу маданий эстелик»,-дейт академик ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

Сүйүү лирикасы элдик оозеки чыгармачылыгызыбда жарк этип, жаркыраган жылдыздардай бажырайып бөлүнүп, ага көрк кошуп турат. Адам баласынын жашоосун махабатсыз элестетүү мүмкүн эмес. Махабат десе эле бактылуулукка жеткен сезимди гана түшүнбөш керек. Махабат адамды өмүр бою коштоп жүрөт: ашык болуу, жалбаруу, толкундоо, ызаттоо, бакытка жетишүү, тескерисинче, зарлоо, күйүү, арман, муң-кайгыга түшүү ж.б. мына ушуга байланыштуу кыргыз элинин сүйүү лирикасы 2 топко бөлүнөт: секетбай жана күйгөн. Сүйүү ырларынын идеялык тематикасы эң эле кеңири.

Санат-терме ырлары да элибиздин ойчулдугун, акылмандуулугун, чечндигин билдирет. Санат-насыят ырларынын тематикасы өтө кеңири. Адамдардын мүнөзүндөгү оң жана терс кыял-жоруктарын белгилеп, адамдын жүрүш-турушунун эрежелерин үйрөтөт, абийирлүү, чынчыл, эмгекчил, кичи пейил, жакшылыкка, адамгерчиликке үндөйт, анда өмүргө, турмушка арналган философиялык ойлор өтө жыш.Санат-насаат ырлары – кыргыз элинин оозеки адабиятында кеңири тараган лирикалык жанр. Мындай ырларда белгилүү бир каармандар, сюжет, окуялар жок, жөн гана элдин турмуш-тажрыйбаларынын жыйынтыгы берилет, бул жетигил жаман-жакшы сапаттар саналып өтүлөт жана ошонун өзүнөн адамдарды оң сапаттарга үгүттөө идеясы көрүнөт. Мис.,

Айталбаган сөз үчүн

Оозуңду бекер ачпагын.

Мактаганга март болуп,

Оокатыңды чачпагын.

Колдон келер иш болсо,

Коркуп, бекер качпагын.

Мурунку жаман ишиңди

Кийинки жерде таштагын.

Жолдош болбо коркокко,

Жүк артпагын торпокко

Иш кылдырба чоркокко.

Күлүк минсең күүлөнүп,

Эки жагың каранба

Көйрөң атка коносуң,

Көрүп калган адамга.

Сурап ичкен тамагың,

Суу ичкен менен барабар,

“Сук” атанып, айлыңа,

Суук болбо жаш балдар! (Токтогул)

Бул келтирилген үзүндүдө толуп жаткан турмуштук көрүнүштөр саналып, автордун жалпылаштырылган философиялык ойлору, коомго, этикага, моралга болгон көзкарашы көрүнүп турат. Мындай ырлар Калыгул, Тоголок Молдо, Барпы, Жеңижок ж. б. элдик акындардын чыгармачылыгында кеңири учурайт. Төкмөчүлүк өнөрдүн ашкере чеберлери, сөз кору, ой жүгүртүүсүөтө бай, нускалуу акындар гана санат-насаат ырларын бийик деңгээлге чыгара алышканда, алардын таланттуулугун өлчөөнүн негизги ченемдеринин бири ушул жанр болгон. Профессионал акындар да санат-насаат формасындагы ырларды жазып жүрүшөт, бирок ырчылар поэзиясы гана классикалык мыкты санат-насаат ырларын жаратканын тарых көрсөттү.

Айтыш ырлары элибизде кеңири тараган жанр. Айтыштын өззгөчөлүк мүнөзү да, акыл-эстүүлүккө, сөз тапкычтыкка, жөндөмдүүлүккө ж.б. байланыштуу болот. Айтыш: адат-салт айтышы, чечендер айтышы, акындар айтышы деп үч топко бөлүнөт. Адат-салт айтышы жашообуздагы каада-салтка, үрп-адатка келип чыккан, ошондуктан жогоруда салт ырларына берген мүнөздөмөлөр да бул жерде туура келет. Адамдардын көңүлүн көтөрүү, шайыр-шаттык тартуулоо максатында ырдалат. Адат-салт айтышында үйпөт-салтанаттарда, үйлөнүү салтына, кыз-жигиттердин айтыштарына, акыйнекке арналган ырлар жатат. Чечендердин айтышы сөз өнөрүн баалоо, баа берүү, урматтоо, даңазалоо менен байланышкан. Алардын сөздөрү “ташка тамга баскандай” кынапталган, терең маани камтыган канаттуу учкул сөздөр болгон. Бизге өткөн кылымдарда жашап өтүшкөн Кадыр аке, Сарт аке ж.б. чечендердин ысымдары белгилүү. Акындардын айтышы да өз өнөрүн сыноонун бир көрүнүшү. Акындардын беттешүүсүндө тематика ар түрдүү келип, жеке инсандык жана пенделик касиеттерди бетке тартынбай айтуудан тартып, жаратылыштын сырдуу кубулуштарына, өмүр менен өлүм философиясына чейин айтылат.

Чечен сөздөр аты эле билдирип тургандай, күндөлүк турмуш-тиричилик сөздөрдөн айырмаланып турат. Ошондуктан чечен сөздөрдү сүйлөгөндөрдү чечен деп аташат, алар таланттуу, зээндүү, сезгич, көз карашы кеңири келет.Академик В.Радлов жогорку сөз кылган эмгегинде кыргыздардын сөзмөр келерин мындайча сүрөттөгөн: “Кыргыздар эч буйдалбастан, токтоосуз, шар сүйлөшөт. Алар оюн ачык, так айта билишет. Сүйлөгөндө сөздөрүндө белгилүү деңгээлде кооздук сезилип турат. Жөнөкөй эле сүйлөгөн сөздөрүндө, айтыштардын курулушунда мезгил-мезгили менен ритмикалык өлчөмдөр байкалып турат. Сүйлөм артынан сүйлөм, ыр сабактары түрүндө келе түшкөндөй пикир калтырат. Мындай сөздөр ойлонуп айтылып, угуучуларга күчтүү тассир тийгизет. Угуучулар берилип, ырахаттанып угушат. Орундуу айтыылган сөздү баалай да билишет. Сөзмөр, чечен адамдар сүйлөгөндө болуп көрбөгөндөй тынчтык өкүм сүрүп, угуучулардын көздөрү жайнап, демин ичине алып отуруп тыңшашат. Чечендин ар бир кооз айтыштары, ар бир акылман курч жана тамаша сөздөрү ийкемдүү...”

Көкөтай, Тилекмат, Жейрен чечен ж.б жөнүндө эл арасында легендалар таралып кеткен, алардан эл адилеттүүлүктү, акылмандыкты, тайманбастыкты, жакшы идеяларды көрүшкөн.

Арман ырлары – оозеки адабиятыбыздын байлыгын арттырып турат. Адамдын ички жана сырткы арманы болот. Армансыз, телегейи тегиз адам болбойт. Арман адамды өмүр бою коштоп жүрөт. Армандын бир түрү - жан дүйнөнүн, сүйгөнүнө жетпей калган, же өмүргө байланыштуу жеке инсандын ички күйүтү, кайгы-муңу; экинчиси – турмуштун азап-тозогунан, кыйынчылыктан, жокчулуктан, теңсиздик коомдон келип чыккан муң-зары.”Койчунун арманы”,”Жокчулук”,”Чалга берген кыздын арманы”, ”Кенжекенин арманы”,”Күңөтай кыздын арманы”,”Жаш балага берген кыздын арманы”,”Ойдай”ж.б арман ырлары элибиздин баштан кечирген кайгылуу азап-тозокту, аянычтуу күндөрүн билдирет. Айыкпас жараат, так, көлкүлдөп аккан көз жаш, зордук-зомбулук, кордук, өкүнүч, акыйкатсыздык, укуксуздук арман идеяларынын идеялык мазмунун түзөт. АРМАН – кыргыз элинин оозеки көркөмчыгармачылыгында кеңири тараган лирикалык ырлардын бир түрү. Анда каармандын укуксуздуктун, эрксиздиктин, теңсиздиктин натыйжасында келип чыккан күйүтү, муң-зары, капалыгы, нааразылыгы, каршылык көрсөтүүсү билдирилет. Элдик оозеки чыгармачылыкта кедей-кембагалдардын, кыз-келиндер узун сабак арман ырларын да арман үлгүлөрү кеңири учурайт.

Кызыл-кызыл козунун,

Көрпөсү элем ой-дай.

Кыз да болсом бир үйдүн,

Эркеси элем ой-дай.

Эркеликке койдобу,

Малга сатты, ой-дай! (Элдик ыр)

Тагдырдын бейкүнөө кордугуна дуушар болгон кыз-келиндер тарабынан “Кыз Кенжекенин арманы”, “Чалга берген кыздын арманы”, “Насыяга кеткен кыздын арманы” жаралган. Арман жанрын өркүндөтүүдө элдик ырчылардын ролу чоң болгондугу Тоголок Молдонун чыг-лык өмүрүнөн жакшы белгилүү. Токтогул, Барпы ж. б. акындардын чыг-лыгында А. жанр катары кадыресе жашоосун уланткан. Ошондой эле соңку учурда да ар кандай турмуш жагдайларга байланыштуу А. ырлары жаралууда (мис., К. Алмазбеков, “Он үч жашар баланын арманы”, А. Рыскулов, “Өрүк комуз” ж. б.).

Кошок – байыркы жанр.Кошок элибиздин каада-салтына байланыштуу жаралган оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрүнө жатат. Адам жашоого келгенден кийин өмүр бою дүйнөнү түркүгү болуп калбайт. Өмүр бар жерде өлүм бар. Ар бир адамдын башына эртеби-кечпи бир күнү ажал келет. Ажал-өлүмдү эч ким токтото албайт. Барсың, анан жоксуң. Табияттын мыйзамы ошондой, бул жарык дүйнөгө бири келет, бири кетет. Жакын адамдардан айрылганда ички кайгыны, өкүнүчтү билдирген муңдуу ыйлар – кошок айтылат. Кошокто бул дүйнөдөн өткөн адамдын кыял-жоругу, мүнөзү, мамилеси, абийири, адамгерчилиги ж.б. даңазаланып кошулат, ансыз артында калган үй-бүлөсүнүн, бала-бакырасынын, тууган-туушкандарынын, жоро-жолдошторунун ички дүйнөсү кемип, бөксөрүп тургандыгы билдирилет. Колдонулган салыштыруулар, метафоралар, эпитеттер, гиперболалар, эпикалык параллелизм кошоктун поэтикалык көркөмдүгүн жогорулатып, идеялык мазмунун тереңдетет.Кошок – элдик оозеки адабияттагы каада-салт ырларынын бир түрү. Дүйнөдөн өткөн адамдын жакындары – келиндери ж. б. тууган-туушкандары тарабынан өзүнчө обон м-н ый аралаш айтылган. Анда каза болгон адамдын ким экендиги: кулк-мүнөзү, ишмердиги, адамгерчилиги, башка асыл сапаттары даңазаланган ж-а айрым учурда сатиралык мүнөздөгү терс сапаттары да билдирилген. Кыргыз элинде кеңири белгилүү алар кадыр-баркка ээ болушкан, аларды атайылап алдырып, кошок коштурушкан.


4.Дидактикалык жанр, өзгөчөлүктөрү

Эл тарабынан жаралган лирикалык, эпикалык, дидактикалык чыгармалар замандар бою сакталып, атадан-балага, укумдан-тукумга ыйык керээз катары сакталып келет. Ал мурастар элдин сыймыгы, мактанчы гана болбостон, бүгүнкү күндөгү маданиятыбыздын, адабиятыбыздын өнүгүшү үчүн сүйөнүч-такаат болуп берүүгө жарамдуу бай ресурс болуп да келүүдө. Ар бир эл өзү басып өткөн тарыхындагы турмуштук тажрыйбаларынын эң керектүүлөрүн, келечекке үлгү-сабак боло турган пайдалуу байкоолорун сөз берметтерине сиңирип, накыл кептерди, макал, лакаптарды жаратышкан.Макал, лакаптар - фольклордук чыгармалардын ичинде өзүнчө спецификалык, көркөмдүк, мазмундук бөтөнчөлүктөргө эгедер. Алар элдик оозеки чыгармачылыктагы жанрлардын ичинен мазмунунун тереңдиги жана тактыгы, кыскалыгы, элестүүлүгү менен айырмаланып турат.
Турмуштук тажрыйбалардын негизинде, агартуучулук, тарбиялык мааниде, жакшы сапаттарды даңазалаган, жаман сапаттарды маскаралаган, калыстык менен чындыктын үлгүсү, турмуштун элдик эрежеси, акыл-насааттын кенчи болгон, эстөөгө жеңил, айтууга элпек, көпчүлүгү ыр же жорго сөз түрүндө кыска, таамай айтылган элдик оозеки чыгарманын бир түрүн макал, ал эми айрым бир кубулуштардан, окуялардан же адамдардын өзгөчө мүнөздөрүнөн улам, эл арасында көркөмдөлүп салыштыруу түрүндө мыскылдата айтылган, көпчүлүгүнүн тарыхы, чыгыш теги бар туруктуу сөз айкалыштарын лакаптар деп жүрөбүз. Макал-лакаптар биздин ой-пикирибизге, кулк-мүнөзүбүзгө, көз карашыбызга түздөн-түз таасирлерин тийгизип, туюмдарыбызды ойготот, маданий көрөңгөбүздү байытат. Аларда турмушту таануутучу, жалпылоочу, акыл насаат, таалим-тарбия берүүчү күч, терең мазмун жана идеясы бар болгондугу үчүн, оозеки чыгармачылыктын ичинде өзгөчө орунда туруп, угуучулар, окуучулар тарабынан өтө жогору бааланат. Макал-лакаптарда талаш-тартышуу, олку-солку, же бүдөмүк ой, пикирлер айтылбастан, такталган, кесик бүтүмдүү, ачык түрдөгү корутунду, жыйынтыктарды бергендиги менен да баалуу. Сүйлөө речинде пайдаланууда анын жанр катарындагы бөтөнчөлүктөрү, ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрү, айрым жанрларга караганда артыкчылык кылат. Аларды үй-бүлөдөгү жөнөкөй пикир алышуудан тартып, коомдук-саясий ишмерлерге чейин өз сөздөрүнө аралаштыра сүйлөшөт. Өзгөчө педагогдор, журналистер, окумуштуулар, дипломаттар өз иштеринин натыйжалуу, таасирлүү болушу үчүн колдонушат. Ал эми сөз өнөрү менен иштеген чыгармачыл адамдар макал, лакаптарды керектүү куралы катары урунуп, ойдун экспрессивдүүлүгүн, эффективдүүлүгүн арттыруучу касиеттерине таянышат.Макал-лакаптардын дагы бир өзгөчөлүгү - айрым башка жанрлар сыяктуу профессионалдык адабият пайда болгондон кийин оозеки өнүгүшүн токтотуп же басаңдатып койбостон, кайра күчөп, эки жактан: жазуу жүзүндө да, оозеки түрүндө да жашап, гүлдөп, жаңыланып турушунда.Бул жанр туурасында дагы бир жагдай, макал ылакаптарды жаштарга караганда улгайган адамдар сүйлөө речинде арбыныраак пайдаланаары байкалат. Бул табигый көрүнүш. Көптү көргөн, көптү билген, турмуштук тажрыйбасы мол адамдардын сөз байлыгы да кенен, ойду таамай жана таасирдүү берүүгө жөндөмдүү келишет. Алар узак өмүрлөрүндө ар бир сөздү акыл таразасына салып сүйлөөгө көнүгүшкөн. “Салаалап сылап сакалды, карылар айтат макалды” деп сөз баркын билген

карыяларды кыргыз эли жогору баалаган.

Макал-лакаптар оозеки чыгармачылыгыбызда орчундуу мааниге ээ, турмушта баалуу орунду ээлейт. Сөздүн эң тазасы, тунугу, таамайы, нускасы, философиясы, адам акыл-эсинин энциклопедиясы - макал-лакаптар. Ал турмуш-тиричилигибиздин, жашообуздун, жүрүм-турумубуздун, көз-карашыбыздын бардык жагдайларын өз ичине камтыйт, анын тарбиялык мааниси күчтүү. Чындыгында, ассонансты, аллитерацияны колдонуу аркылуу элестүүлүккө, жогорку көркөмдүккө жетишип, эки ооз макал-лакап менен бир чоң ойду так, таамай, терең түшүндүрүп келишкен .

Табышмак - дүйнөдөгү бардык эле элдердин оозеки чыгармачылыгында кеңири учураган жанр. Кандайдыр бир затты, көрүнүштү же башка абстракттуу түшүнүктөрдү өз аты м-н атабай, алардын негизги белгилерин айтып, аталышын башка бирөөлөрдүн табуусун талап кылган тапшырма түрүндөгү чакан чыгармалар. Мис., “Асты таш, үстү таш, ортосунда бышкан аш” деген табышмактын жообу “данек” болууга тийиш. Анткени, анда данектин негизги белгилери көрсөтүлүп жатат. Кыргыз фольклорунда мазмуну, композициялык курулушу, түзүлүшү боюнча табышмактар төмөнкүдөй формаларда, көрүнүштөрдө айтылып келген: 1) ритмдүү жорго сөз түрүндөгү табышмактар; 2) ыр түрүндөгү табышмактар: 3) учкул сөздөн турган, прозалык формадагы табышмактар; 4) суроолуу табышмактар; 5) айтыш табышмактары; б) жомоктүрүндөгү табышмактар; 7) эсеп табышмактары. Жаштарды байкагычтыкка, акылмандуулукка, изденүүчүлүккөтарбиялоодо табышмактардын мааниси өтө чоң. Мис.,

Сакалы бар,

Муруту жок.

Мүйүзү бар деп,

Көңүлү ток.(Жообу: – эчки).

Тоодо экен үңкүрү,
Топ жырткычтын күчтүүсү.
Тышка чыкпай кышында,
Уктап жатат күн-түнү. (Аюу)

Күчтүү, дагы шамдагай,
Күркүрөсө сүрү, ай!
Карышкыр да, аюу да,
Коркот андан аябай. (Жолборс)

Узун экен куйругу,
Учтуу экен тумшугу.
Эң айлакер жаныбар,
Эмне дейбиз биз муну? (Түлкү)

Узун экен кулагы,
Узун арткы шыйрагы.
Абдан коркок жаныбар,
Айткылачы бул кайсы? (Коен)

Табышмактар – адам акылын таразалоочу фольклорубуздун үлгүлөрүнөн. Табышмактар аркылуу дүйнөнү таанып билсе болот, метафора, аллегория басымдуулук кылып, философиялык ойлор терең сиңип кеткен. Табышмак айтуучу да, жандырмагын чечүүчү адам да тажрыйбасы мол, акылдуу, кыраакы, сезгич, билгич, зээндүү болушу керек. Табышмактар элдик оозеки чыгармачылыктын башка үлгүлөрүндө кеңири кездешет. Чындыгында эле кыргыз оозеки чыгармачылыктын жанрларын өзүнчө чектеп коюу деле болбойт, анткени жанрлар бири-биринде арбын жолугуп ,өз ара сиңип кеткен.

Табышмактардын кээси жалаң сөз суроолордон турса, айрымдары комуз күүлөрү өзгөчө кайгылуу сырлар аркылуу да берилген. “Мендирман” эпосунда табышмак комуз күүсү аркылуу берилген. Ошондой эле Кетбука табышмактуу муңдуу күү чертип, Айгандын – Чыңгызхандын баласын угузган экен. Демек, табышмактар элибиздин коомдук турмушунда зор роль ойноп келген. Ааламдагы бардык нерсе табышмактуу жана анын жандырмагы бар.

Балдар фольклорунан оозеки чыгармачылыктын көп үлгүлөрүн жолуктурууга болот. Балдар фольклорунун тили жатык, көлөмү кыска, ойго жана фантазияга бай келет. Балдар чыгармалардан үлгү, тарбия алып, акылдуу, абийирдүү, дүйнөнү тааный билүүсү менен атуул болуп өсүшү керек. ”Бешик ырлары”, ”Торпогум“, ”Сатуу ыры”, ”Акыйнек”, ”Улагым”, ”Үркөр-үркөр топ жылдыз” ж.б. ырлар балдарды эстетикалык жактан тарбиялап келген. Кыргыз оозеки көркөм чыгармачылыктын негизги жанрларын тизме катары жөнөкөй санап чыгуудан да элибиздин бул байлыгынын чеги канчалык кеңири, темасы көп түрдүү экени таасын көрүнүп турат .

Бешик ырлары –адам жаралгандан бери ырдалып келе жаткан көөнө жанр. Дайыма өзү жаралган доорго мүнөздөмө берет. Бешик ырлары баланын психологиясына, ден соолугуна, нравалык жактан тарбиялоого оң таасири бар. Алараркылуу эненин мээримине бөлөнүп, жылуу мамиле, камкордукту туюп тынч уктоого, ден соолукта болуп, башкаларды уга билүүгө, келечектеги жашоосуна кеңеш алууга, өткөн, учур, келер чак ж-дө кабар алууга шарт түзүлөт.

Алдей, алдей ак бөбөк,

Ак бешикке жат бөбөк.

Кунан койду сой бөбөк,

Куйругуна той бөбөк.

Ыйлаба балам, ыйлаба,

Ата-энеңди кыйнаба.

Эл жайлоодон түшө элек,

Арпа, буудай быша элек.

Бешик ырлары баланын жаш өзгөчөлүгүнө карата түзүлгөн балдар фольклорунун алгачкы формасы болуп эсептелет. Бул жөнөкөй гана түзүлгөн ырларда эненин балага болгон мээрими, сүйүүсү, ой-тилеги камтылып, музыкалуу ыргак м-н сөздөр гармониялуу айкалышып баланын угуусун көнүктүрүп, бейпилдикке бөлөп, мемиретип уктоого шарт түзөт. Белгилүүөлчөмдө баланын музыкага болгон кабыл алуусун ойготуп, көркөм табитин өстүрөт. Бешик ырларындагы ар бир куплет же эки сапырдан кийин “алдей, алдей, алдей бөбөгүм” деп кайталанган ритмикалык саптар анын поэтикалык таасирин, эмоциялык маанайын күчөтөт. Бешик ырлары аркылуу ата-эненин жашоо шартын, дүйнөгө болгон көз карашын, үмүт,кыялын түшүнүүгөболот. Бешик ырларынын социалдык, таптык мүнөзү бар. Бешик ырлары элдин коллективдүү чыгармачылыгынан жаралып, жеке адам тарабынан аткарылып, терең философиялык маанини камтып турат. Майда жаштагы бөбөктөргө арналган поэтикалык чыгармалар, алардын түрлөрү, түзүлүшү, идеялык, көркөмдүк өзгөчөлүгү изилденип жарык көргөн.




14



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!