СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тил жомок сабак

Нажмите, чтобы узнать подробности

Жомок сабактын планы

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз тил жомок сабак»

Ат атооч деген ким эле? сабак жомок

А.б: Тээ, байыркы өткөн заманда Сөз түркүмү деген абдан акылдуу падыша жашаган экен. Анын 12 баласы болгон экен. Бүгүнкү жомогубуз анын 4-уулу Ат атооч тууралуу болмокчу. Өзү абдан акылдуу, чынчыл, калыстыгы как жарган Ат атооч деген адам болгон экен. Аялы күн нуруна күндө жуунуп, таза жүргөн сулуу аял болуптур. Бирок булар көп жылы бала көрбөй жүрүшүп, кудайдан көп тилешкен экен. Күндөрдүн биринде булардын тилеген тилеги кабыл болуп, үч уулдуу болушуптур.

Ат атооч: Сүйүнүчүмдө чек жок апасы кудайымдын бергенин карачы канча жылдан берки суранычыбызды кудайым кабыл кылып үч уулдуу болуп отурам. Эгер сен, албетте. каршы болбосон балдарымдын аттарын мен коёюн

Апасы: Албетте эмнеге каршы болот элем атасы. Кандай аттарды ыйгарганы турасың?

Атасы: Көпкө ойлонуп отуруп, заттын атын же алардын белгилерин атабай, аларды жалпылап көрсөтүүчү сөздөрдү тандап алдым. Жактама, Сурама, Аныктама деген аттарды туура көрүп турам. Ата салты эмеспи бала туулганда ар бир балага энчилеп берет эмеспизби. Мен дагы ата салтын улап ар бир балама ылайыктап өз сөздөрүмдөн энчилеп берейин. Жактама уулума: мен, сен, сиз, ал, биз, силер, сиздер, алар деген сөздөрдү, экинчи уулум Шилтемеге: бул, тигил, ошол, тетигил деген сөздөрдү, үчүнчү уулум Сурамага ким?, эмне?, кайсы?, кандай?, кайда?, качан? деген сөздөрдү энчилеп берейин.

Апасы: Эң сонун ысымдарды жана ар бирине энчилеген сөздөрүң да укмуштуудай болду атакеси. Бири-бирине эриш –аркак болуп сурап, тактап турушат эмеспи.

А.б.: Күн артынан күндөр өтүп, ай артынан айлар өтүп арадан эки жыл өткөн соң баягы ат атооч дагы үч кыздуу болот.

Апасы: Сен, уулдарыңарга атты өзүң койдуң, ар бирине тиешелүү сөздөрдү да энчилеп бердиң. Эгер капа болбой, калыстык кылсаң, кыздарыма атты өзүм коёюн, сенин жолуңду жолдоп, мен да кыздарыма өз аттарына ылайык келген сөздөрдү энчилеп берейин.

Атасы: Оо бул сөзүңө ыраазымын, өзүң аттарын кой.

Апасы: Биринчи кызыма Тангыч деген ат коём дагы ага эч ким, эч качан, эч кандай, эч кайда, эч бир, эч нерсе деген сөздөрдү, экинчи кызыма Аныктама деген ат коёюн, баары, бүткүл, бардыгы, өзүм, ар бир, ар кандай, ар кайсы, ар ким деген сөздөрдү, үчүнчү Белгисиз деген кызыма кимдир бирөө, кандайдыр бир, алда кандай, алда эмне, качанкы бир деген сөзөрдү энчилеп берейин. Кичүү кызымды Күдүк деп эркелетип алалы.

А.б.: Күндөр зымырап өз нугунда өтүп жатты. Ат атоочтун балдары, кыздары эр жетип чоңойушту.

Атасы: Ээ балдарым, кыздарым келгилече бери менин жаныма. Силердин кызматыңар, иштеген ишиңер да болуп жатат. Кошумча дагы баш (ээ, баяндооч) жана айкындооч мүчөлөрдүн (аныктооч, толуктооч, бышыктооч) милдетин аткарасыңар. Бул силердин эл үчүн кылган зор кызматыңар болсун.

Балдар: Оо атаке сиздин бир айткан сөзүңүздү аткарганга даярбиз. Элибиз-жерибиз үчүн албетте сүйлөм мүчөлөрүнүн милдетин да так аткара аткарабыз.

А.б.: Ошондон баштап, сүйлөм мүчөлөрүнүн милдетин аткарып, жыргап жашап калышкан экен.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!