СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Кыргыз тили кылымдарды каарыткан"

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

"Кыргыз тили кылымдарды каарыткан" тарбиялык ачык сабак

Просмотр содержимого документа
«"Кыргыз тили кылымдарды каарыткан"»

В.И.Ленин атындагы жатак мектеби.

Тема: “Кыргыз тили кылымдарды карыткан,эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан.”

Тарбиялык саат ишмелтеми.







Мугалими:Кулунова Уулжан Баратбайевна

7-“А” класс

2021-2022-окуу жылы.



Сабактын темасы: “Кыргыз тили кылымдарды карыткан,эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан.”

Сабактын максаты:

А) Билим берүүчүлүк: Окуучулар кыргыз тилинин байыртадан бери келе жаткан уюткулуу тил экенин түшүнүшөт. Эне тил улуттун мамлекет болуп сакталышына өбөлгө түзөт деп билишет.

Б) Өнүктүрүүчүлүк: Сүйлөө кебин арттырып, адабий тилдин нормасын сактоого, логикалык ойлорун өстүрүп, эне тилди даңктаган көркөм окууларды, макал-лакаптарды айтууга жетишет.

В) Тарбиялык: Окуучулар эли - жерин, тилибизди сүйүүгө, маданияттуулукка, тилдин тазалыгын, байлыгын сактоого тарбияланышат.



Сабактын көрсөткүчтүгү:

А) Билим берүүчүлүк: Окуучулар кыргыз тилинин байыртадан бери келе жаткан уюткулуу тил экенин түшүнүшсө. Эне тил улуттун мамлекет болуп сакталышына өбөлгө түзөт деп билишсе.

Б) Өнүктүрүүчүлүк: Сүйлөө кебин арттырып, адабий тилдин нормасын сактоого, логикалык ойлорун өстүрүп, эне тилди даңктаган көркөм окууларды, макал-лакаптарды айтууга жетишсе.

В) Тарбиялык: Окуучулар эли - жерин, тилибизди сүйүүгө, маданияттуулукка, тилдин тазалыгын, байлыгын сактоого тарбияланышса.

Сабактын тиби: Стандарттуу эмес сабак.

Сабактын усулу: сынчыл ойломдуу өстүрүү, интерактивдүү усул.

Сабак аралык байланыш: кыргыз тили, адеп, адабият, тарых, музыка, Математика.

Сабактын жабдылышы: Эне тили тууралуу макал-лакаптар, дубал газеталар, учкул сөздөр, плакаттар, сүрөттөр, ватман, скотч, маркер ж.б.

Сабактагы негизги иш-аракеттер: Мамлекеттик тил гимни, доклад, эне тилди даңазалаган ырлар, көркөм окуулар, макалдар, тесттер, табышмактар, суроо-жооптор, топтордо иштөө.

Сабактын жүрүшү :

1.Уюштуруу.

А) Саламдашуу.

Саламатсыңарбы урматтуу окуучулар?Маанайларыңар кандай? Бүгүнкү сабакка даярсыңарбы?Класста ким нөөмөтчү?Сабакта ким жок?

Б)Үй тапшырманы суроо.

Балдар айткылачы өткөн сабакта биз кандай теманы талкуу кылганбыз?

Окуучулардын жообу. Өткөн сабагыбызда биз “Түбөлүктүү желбирей бер,Эгемендик желеги”деген теманы талкуу кылганбыз.

Үйгө тапшырма эмне берилди?

Окуучулардын жооптору. Мекен жөнүндө төрт сап ыр жаттап келүү.

1.Жаңы теманы түшүндүрүү.

А)Урматтуу окуучулар жаңы теманы баштаардан мурда мен азыр силерге эки музыка угузам жана ал музыканы укканда эмнелерди түшүнгөнүңөрдү айттасыңар.

1.чет элдик музыка

2. кыргызча мекен жөнүндө музыка.

Окуучулардын жооптору биринчи музыкага түшүнбөй калды, экинчи музыкага түшүнүшкөнүн айттышты.Себеби экинчи музыка кыргыз тили жөнүндө экенин айттышты.

Ооба туура айттасыңар окуучулар.Биздин эне тилибиз кайсы тил?Анда эмесе бүгүн биз “Кыргыз тили кылымдарды карыткан,эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан” деген теманы талкуу кылабыз.



1-кадам: Уюштуруу. Мамлекеттик тил гимни. Доклад.

2-кадам: Эне тили жөнүндө ырлар.

3-кадам: Макал - алкактар.

4-кадам: Көркөм окуу.

5-кадам: Дүйнөлүк улуу адамдар тил жөнүндө.

6-кадам: Улуттук улуу жана белгилүү адамдар тил жөнүндө.

7-кадам: Кыргыз тили башка элдердин өкүлдөрүнүн баасында.

8-кадам: Макалдар (тест).

9-кадам: Накыл сөздөрдү ордуна кой.

10-кадам Макалдарды ула.

11-кадам: Табышмактар.

12-кадам: Суроо - жооптор.

13-кадам: Жыйынтыктоо.

1-кадам: Тарбиялык саат кыргыз тилинин Гимнин ырдоо менен башталат. (Гимн ырдалат). (Слайд көрсөтүлөт)

Мугалим: Урматтуу окуучулар! Кыргыз тилибиз - биздин эне - тилибиз. Биз үчүн улуу тил, ыйык тил. Улуу тилде Манас атабыз ураан чакырып, эли - жерин коргоп келген. Бабабыз Бакай Накыл сөзүн баян эткен. Каныкей энебиз бешик ырын ырдаган. Бизда энебизден ак сүтү менен бирге алдей ырын укканбыз. Энени ааламды баккан жерге теңегени бекеринен эмес. Эне тилди сүйүү ар бирибиздин парзыбыз. Кыргыз Республикасынын эне тили - кыргыз тили. Кыргыз тили - көрөңгөлүү тил. Ал тарыхтын байыркы түпкүрүнөн агып чыгып, нечендеген боготторго карабай, келечекти көздөй татыктуу жол таап, бүгүнкү күндө Мамлекеттик тилге айланды. 1989-жылы 23-сентябрда кыргыз тили Жогорку Кеңеш тарабынан мамлекеттик статусуна ээ болду. Азыр кыргыз тили Эгемендүү Кыргызстандын улуттук тили. Анын сөз казынасы дүйнөдөгү башка тилдерден эч кылышпайт. Мамлекеттик статус алганыбызга быйыл 30 жыл болот. Мамлекеттик тил майрамы катары жылда 23-сентябрда өзгөчө иш чаралар аткарылат. Анын далили катары биз бүгүнкү "Кыргыз тили кылымдарды карыткан,эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан" деген тарбиялык саатты өтүп жатабыз. Элди түбөлүктүү мамлекет катары тааныткан анын тили. Кыргыз тилинин тагдыры - кыргыз улуттун тагдыры. Тилди сактасак, улутту сактайбыз.

2-кадам: Эне тили жөнүндө ырлар

1-окуучу: Эне тилим улуу тил,

Манас бабам сүйлөгөн.

Жашап келет биз менен,

Кылымдардан кылымга.

2-окуучу: Эне тилим ырыскым,

Толуп турган чагымда.

Жашап келет биз менен,

Кылымдардан кылымга.

3-окуучу: Эне тилим таалайым,

Кайда гана барбайын.

Эне тилим барында,

Дайым жарык маанайым.

4-окуучу: Тилим барда улукмун,

Тилим менен улутмун.

Эне тили болбосо,

Аты аталбайт улуттун.

5-окуучу: Кааласам алар алп тилим,

Кандагы жүргөн бал тилим.

Кылымдар очпой келаткан,

Кыргыз тили жан тилим.

6-окуучу: Бул тилде атам сүйлөгөн,

Бул тилде апам сүйлөгөн.

Буруусуз сайрап жаткансыйт,

Булбул дагы кыргыз тилинде.

7-окуучу: Кыргыз тилим кылымдарды баскан тил,

Кыргыз тили көркөм дүйнө баскан тил.

Бул тил менен Манас бабам жар салып,

Мезгилдеги зор кайратты каткан тил.

8-окуучу: Кыргыз тили нускалуу тил, кутман тил,

Кыргыз тили кылымдарды уккан тил.

Кыргыз тили акындардын ырынан,

Чечендердин таңдайынан чыккан тил.

9-окуучу: Кыргыз тили бабалардан калган тил,

Кыргыз тили тээ түпкүрдөн жазган тил.

Кыргыз тили байыркынын дастаны,

Бир мезгилде муңга баткан арман тил.

10-окуучу: Бул тил менен даанышмандар сыйлашкан,

Бул тил менен ачылбаган сырды ачкан.

Бул тил менен ак таңдайлар ачылат,

Далай акын дастан жазган ыр жазган.

3-кадам: Макал-лакаптар.

1-окуучу: "Ой океан-тил булак"

2-окуучу: "Буттан жанылган турат, тилден жанылган турбайт"

3-окуучу: "Тил билсен - дил билесиң"

4-окуучу: "Тил - акындын күзгүсу"

5-окуучу: "Тил - акындын таразасы"

6-окуучу: "Тил акыйкаттын ачкычы"

7-окуучу: "Тил - ойдун булагы"

8-окуучу: "Тилсиз улут болбойт"

9-окуучу: "Узун тил уудан жаман"

10-окуучу: "Өнөр алды кызыл тил"

11-окуучу: "Тилдин сөөгү жок"

12-окуучу: "Илим менен билимге көпүрө - тил"

13-окуучу: "Эне тил - улут сыймыгы"

4-кадам: Көркөм окуу: "Туу туталы өлгөнчө"

1-окуучу: Тилим дилим, атам - энем, улутум,

Тируу туруп, болбойт, аны унутуум.

Дудук жашайт, дили менен таптаза,

Дилсиз адам, адам эмес курусун.

5-кадам: Дүйнөлүк улуу адамдар тил жөнүндө.(Слайд көрсөтүү)

6-кадам: Улуттук улуу жана белгилүү адамдар тил жөнүндө.

7-кадам: Кыргыз тили башка элдердин өкүлдөрүнүн баасында.

8-кадам: Макалдар (тест).

1. Тил билсен. билесиң.

а) адам. б) өлкө. в) эл, г) дил

2. Адеп башы.

а) тарбия, б) ата-эне, в) сөз, г) тил

3. Тил ойдун.

а) бешиги, б) булагы, в) чырагы, г) кузгусу

4. Тил акылдын.

а) каражаты, б) булагы, в) тепкичи, г) ачкычы

5. Тил акыйкаттын.

а) символу, б) баштыгы, в) мээси, г) ачкычы

6. Тилде. жок

а) уят, б) мээ, в) бет, г)сөөк

7. Жигиттин өзүнө караба. кара

а)ишине, б) көкүрөгүнө, в) колуна, г) сөзүнө

9-кадам: Накыл сөздөрдү ордуна кой.

1. Жалгыз дарак. болбойт

а)тактай, б)токой, в)отун

2. Эшек жүгүруп. болбойт

а)күлүк, б)тулпар, в) аргымак

3. Көпчүлүк тукурсо кол болот, кол. сел болот

а)жинденсе, б)чайпалса, в)толкуса

4. Ат ээсиз болбойт, казан. болбойт

а)капкаксыз, б) коосуз

5. Аз уктаган. бай болбойт

а) акчага, б)өмүргө, в) акылга

6. Алтын дат болбойт, жакшы. болбойт

а)узак, б)жат, в) рак

10-кадам: Макалды ула.

1. Ой океан - тил.

2. Тилден жанылган турбайт,.

3. Көп сөз көмүр,.

4. Сөздү билген таап айтат,.

5. Ааламдын көркүн сөз ачат,.

6. Аз саз сөз,.

7. Сөз айласын билбеген,.

11-кадам: Табышмактар.

Ким унчукпастан сүйлөйт?

"Бир кап буудайым бар, жеген менен түгөтө албайм "

"Кыдырата таш койдум, кызыл өгүзду бош койдум"

13-кадам: Суроо - жооп викторинасы.

- Бир кылым канча жыл?

- Шаршембиден кийин кайсы күн келет?

- Жолон Мамытов акынбы, сүрөтчүбу, актербу ?

- Синоним деп эмнени айтабыз?

- Сары-Челек колу кайсы облуста жайгашкан?

- Окуучулар үчүн чыгарылган газетанын аталышы?

- Физкультура сөзүнүн кыргызча аталышы?

- Дүйнөдө эмне күлүк?

- 5-март күнү кандай майрам белгилене

- Эл аралык эне тили күнү качан майрамдалат?

13-кадам: Жыйынтыктоо.

Силер, биздин келечегибизсиңер. Ошондуктан бабаларыбыз сүйлөгөн сөздөрдү улап, аны көкүрөгүнө го сактап, эне тилибизди эң жөнөкөй угумдуу да, жагымдуу да, көркөмдуу да өзгөчөлөнгөн тил экендигин дүйнө элдерине тааныта билүү, кийинки муундарга жеткире билүү ар бирибиздин эң ыйык парзыбыз.

Элдин өлбөстүгү анын тилинде. Ар бир тил, өз эли үчүн улуу.

Жыргагандын баары эле турмуш эмес,

Жылт эткендин баары эле жылдыз эмес,

Билебиз деп төштөрүн каккан менен,

Билбегендер өз тилин кыргыз эмес. (Слайд көрсөтүү )



Б) Окуучуларды баалоо



Үй тапшырма: "Кыргыз тили керемет" деген темада дил баян жазып келүү.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!