СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тили жана адабияты тесттер

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз тили жана адабияты тесттер»

1. Курамында тыбыш менен тамганын саны дал келбеген сөздөр

кайсылар?

а) узундук б) кереметтүү в) жайында г)коён

2. Кептин сүрөттөө түрүнө кандай белги мүнөздүү?

а) окуяларды ырааты менен баяндоо;

б) кыймыл-аракеттин кандай болгонун сыпатын көрсөтүү;

в) заттын түрдүү белгилерин сүрөттөп көрсөтүү;

г) ой жүгүртүү аркылуу сыпаттоо.

3. Морфологиялык жол менен жасалган термин сөздөрдү тапкыла.

а) сөз түркүмдөрү, татаал сөздөр, грамматика; б) ээ, тилчи,

тамга, мүчө, илик; в) жөндөмө, басым; г) аныктооч, жатыш.

4. Жаксыз сүйлөмдү белгилегиле.

а) Тартипти сактоо керек.

б) Жүгүр! Артынан сүйөп жибер.

в) Эшикте суук.

г) Кыргызстанда күн мемиреп жылуу.

5. Кыргыз акындарынын ичинен «акыр заман» темасын

жазгандарды ата.

а) Жеңижок; б) Арстанбек; в) Асан Кайгы; г) Калыгул Бай уулу.

6. «Ак кеме» повестинин башкы каармандарынын бири Момун

кандай адам?

а) эч кимге зыяны жок, ак көңүл адам;

б) илимдүү, билимдүү карыя;

в) мурдатан эл башкарып жүргөн карыя;

г) кой оозунан чөп албаган жоош-момун адам.

7. Бул саптар менен кайсы чыгарма башталат.

«Түшүмдөй бир муң күндү элестетем,

Ал элес жаш жүрөккө баткан бекем...».

а) «Жараланган жүрөк» б) «Таң алдында»

в) «Өз көзүм менен» г) «Кандуу жылдар

8. Ж. Бөкөнбаевдин «Чептен эрдин күчү бек» деген чыгармасынын

негизги идеясы кайсы?

а) элди душмандан күчтүү чеп гана коргой алат;

б) өз эли үчүн өмүрүн кыюуга даяр баатырлар турганда чептин

кереги жок;

в) кыргыз мамлекетинин чек арасын бекемдөө;

г) элди, жерди коргоо, патриотизмге үндөө.

9. «Угулду». Бул сөз иш кагаздарынын кайсы түрүнө кирет?

а) кулактандырууга; в) токтомго;

б) чогулуштун токтомуна; г) актыга.

10. Табышмак, макал-лакап, же жаңылмач сөздөр текст боло алабы?

а) болбойт б) экөө-үчөө бириксе болот

в) болуусу мүмкүн г) болот

11. Синтаксистик жол менен төмөнкүлөрдүн ичинен кайсы сөздөр

жасалды:

а) спорт аянты, волейбол; б) төөнөгүч, ийнелик;

в) ата-эне, эне тили; г) окуу китеби, жалгыз аяк жол.

12. Тексттин мүнөздүү белгилери кайсылар?

а)тематикалык жактан биримдүүлүгү;

б) стилдик ар түрдүүлүгү;

в)логикалык бүтүндүгү;

г) тематикалык, стилдик биримдүүлүгү, логикалык бүтүндүгү.



13. «Оп майда» ыры элдик оозек адабияттын кайсы түрүнө кирет?

а) дидактикалык поэзия; б) сүйүү ыры;

в) эмгек ыры, темин ыры; г) эмгек ыры.

14. Кыргыз тилинде китеп болуп чыккан биринчи көркөм чыгарма

кайсы? Автору ким?

а) «Кысса зилзала», Молдо Кылыч;

б) «Санаттар», Молдо Нияз;

в) «Куштардын аңгемеси», Тоголок Молдо;

г) «Алиппе», Э. Арабаев,«Кысса зилзала», Молдо Кылыч.

15. Төмөнкү ыр саптары кайсы чыгармадан, анын автору ким?

«…Күндө ойлоп,

Асан Кайгы жедиңби?

Кимдер тилдеп,

Кимдер шагын сындырып,

Муңайтты – деп,

Кейиттиңби зээниңди?»

а) А.Токтомбаев; «Эне». в) Ж.Турусбеков, «Эне»;

б) Бөкөнбаев, «Апаке»; г)Ж.Турусбеков, «Энем».

16. А.Осмоновдун «Толубай сынчы» поэмасында Толубай өз

айтканын эмне менен далилдеди?

а) Элди үндөп ханга каршы көтөрѳт.

б) Хандын жылкыларынан мыкты тулпарды таап берет.

в) Кармыш кулдун жаман чаарын тулпар кылып таптайт.

г) Чыныгы тулпарды таап берет.

17. Зат, сын жана сан атоочтордун ордуна колдонулган сөздөр … деп

аталат. Бош орундукту толтуруп, аныктаманын тууралыгын

текшергиле.

а) зат атооч; б) сын атооч; в) сан атооч; г) ат атооч

18. Макалдын маанисин түшүнүп, түшүндүрмөсүндөгү көп чекиттин

ордун тууралап толтургула. «Эринчээкке эшик – арт». Мында арт сөзү …

маанисинде колдонулду.

а) жүктө; б) арка жак; в) ашуу, бел; г) алыс, ыраак.

4. Тике сөздү толуктгыла. «Тил, – деп айткан К.Марс, – ойдун

19. тикеден-тике …».

а) мааниси; б) чындыгы; в) көрүнүшү; г) куралы.



20.Таяныч сөздөрдү пайдалануу менен, аңгеменин мүнөздөмөсүн

тактагыла. Аңгеме – көлөмү …, каармандары – …, адам турмушунун …

эпизодун көркөм чагылдырган адабий жанр.

а) аз, көп, бир; б) чоң, аз, бир;

в) чакан, аз, бир; г) чоң, көп, кенен.

21. Таяныч сөздөрдү пайдалануу менен, көркөм чыгарманын

сюжетинин мүнөздөмөсүн такта: адабий чыгарманын сюжетин …,

окуянын башталышы, өнүгүшү, … чечилиши жана … түзөт.

а) эпилог, пролог, чиелениши; б) пролог, чиелениши, эпилог;

в) эпилог, чиелениши, пролог; г) пролог, эпилог, монолог.

22. Элдик оозеки адабияттын ичинен дидактикалык чыгармалар

төмөндөгүлөр: …, термелер, … , …, макал-лакаптар жана …

жаңылмачтар.

а) насыят ырлары, санаттар; б) насыят ырлары, дастандар,

жомоктор;

в) тамсилдер, табышмактар; г) жомоктор, ырлар, драмалар.

23. Заттардын кыймыл-аракетин жана … түшүндүргөн сөздөр этиш

деп аталат.

Көп чекиттин ордун толтуруп, аныктамадагы ырастоонун тууралыгын

текшергиле.

а) өңү-түсүн; б) ал-абалын; в) турган ордун; г) эмне экендигин.

24. Тил байланыш-катнаштын гана куралы эмес, тил – элдин …

казынасы.

а) маданий; б) тарыхый;в) рухий;г) түбөлүктүү.

25. Фразеологизм сөзүн толуктагыла. «Кабагына …».

а) булут түнөп; а) жылдыз жанып;

в) карыш түйүлүп; г) кар жаап.

26. Бул сүйлөмдөрдүн мазмуну боюнча жалпы белгилеринин ичинен

айырмалуусу кайсы?

а) Сенин атың ким? б) Кайсы мектепте окуйсуң?

в) Мектебиңер кайсы жерде?г) Мен кызыктуу фильм көрдүм. (г)

27. Сүйлөмдөрдөгү буюмдардын ичинен сеники эмесин бөлүп

көрсөткүлѳ.

а) Бул менин китебим; б) Тиги күндөлүк Асандыкы;

в) Бул дептер да меники; г) Мына бул калем сап дагы менин калем

сабым. (б)

28. Сырттан кабыл алынган сөздөрдүн ичинен тыбыштык жагынан

өзгөртүлүп кабыл алынган сөздөр кайсылар?

а) бөлкө, панар, соко; б) аттестат, тонна, центнер;

в) гараж, дуб, актив, доклад; г) көлөч, бөтөлкө. (а, г)

29. «Манас» эпосундагы Манастын тулпарларынан башкалары

кайсы?

а) Сарала б) Аккула в) Айманбоз г) Телтору (а,г)

30.Жусуп Баласагындын «Кутадгу билиг» поэмасынын

каармандарынан башкасын белгиле.

а) Айтолду б) Акдилмиш в) Күнчыкты г) Ай хан


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!