Просмотр содержимого документа
«Кыргыз тили жатыш жөндөмөсү»
Кыргыз тили
Сабактын темасы: Келер чак
Сабактын тиби: Жаны материалды өздөштүрүү
Сабактын максаты:
Келер чак тууралуу маалымат алышат, текстти окуп, маанисин түшүнүп, ошого карап көнүгүү иштешет.
Суроолорго жооп беришет, этиштин келер чагын табышат, этиштерди келер чакка өзгөртүшөт, макалардарды тууралашат, сөз байлыгы өнүгөт.
Өзүн таза, тыкан алып жүрүүгө, бири-бирин урматтоого, сыйлоого тарбияланышат.
Ресурстар: Окуу китеби, сүрөттөр
Сабактын жүрүшү:
Уюштуруу
Үй тапшырмасын суроо
Жаны сабак
Келер чак
1-көнүгүү. Суроолорго жооп издегиле. Келер чактагы этиштерди тапкыла.
Суроо
Таң атса асман ачылат,
Жылдыздар кайда чачылат?
Күн чыкса көктөн чачырап,
Ай нуру неге жашынат?
С. Шатманов
2-көнүгүү. Төмөнкү этиштерди келер чакка өзгөртүп жазгыла.
Ойноп жатат, бара жатат, айтты, көрдү, сүйлөдү.
3-көнүгүү. Сөздөрдөн макалдарды түзгүлө. Түзүлгөн макалдарды дептериңерге жазгыла. Андагы келер чак этиштерди тапкыла.
1. Ашат, кыбыраган, кыр.
2. Айга, жеткирет, акыл,
Жеткирет, өнөр, көккө.
Үйгө тапшырма берүү
4-көнүгүү. Көп чекиттин ордуна уйкаш сөздөрдү таап жазгыла. Этиштердин астын сызып, суроосун койгула. Кайсы чакта экендигин аныктагыла. 94-бет.
Токойдогу уйкаштар
Жатса да жайнап жер-жемиш, Чымынын аңдыйт ж... Издешип гүлдү балы бар, Ызылдап учат а... . | Карыны тойгон кашкулак, Төшөнүп уктайт ж... Чырт этип сынса чегедек, Селт этип чочуйт к... . Т. Самудинов |
С ө з д ө р: коёнек, аарылар, жөргөмүш, жалбырак.
Баалоо (СБ)