СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тили жуптук сабак

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргыз тили жуптук сабак

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз тили жуптук сабак»

































Сабактын темасы:

Эне тилде окуйм,суйлөйм,ыр жазам.

Сабактын максаты: а)Окуучулар жупта иштешет,кыргыз тилинен алган билимдерин бышыкташат,сөз байлыгын,сүйлөө кебин,ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгүн өркүндөтүшөт.

б)Билгичтикке,тапкычтыкка,чечендикке,өз оюн тартынбай сүйлөөгө,өз алдынча изденүүгө үйрөнушөт.

в)Эне тилин сүйүүгө,мекенчилдикке тарбияланышат.

Сабактын тиби:Билимди текшерүү.

Сабактын усулу:Интерактивдүү.

Сабактын формасы:Жуптук мелдеш-сабак

Сабактын жабдылышы:Интерактивдүү доска,слайд,боз үй,карточкалар,усулдук колдонмолор,тамгалар.

Жуптук мелдеш-сабактын жүрүшү:Уюштуруу,саламдашуу,жагымдуу маанай түзүү.

Тилиң-тарых,тилиң-күзгү дилиңде.

Кимдигиңе тилиң күбө ириде.

Өз тилиңди бийик тутуп,туу тутуп

Өтүү парз,бул дүйнөдө тирүүңдө-деген саптар менен бүгүнкү сабагыбызды баштайбыз.

Сабактын темасы жана максаты айтылат.

Сабакка 11-б кл окуучулары катышат.4жуп мелдешишет.

Жуптарга ат коюлат.

Күч бирдикте,Билимдүүлөр,Акылмандар,Тапкычтар.

Калыстар тобу менен тааныштырылат.

Биринчи бөлүм:

-Өзүн-өзү тааныштыруу(ыр менен,жуптун урааны,тилди даңазалаган куплеттер)

Экинчи бөлүм:

-Үй тапшырмасы:Кыргыз жазуусунун тарыхы.(Слайд көрсөтүү,сүйлөп берүү,тема боюнча көргөзмө)

1-жуп:Орхон-Энисей жазуусу.

Орхон-Энесай жазма эстеликтеринин изилдениш тарыхы-б.з.5-13-кылымдарда байыркы кыргыз (түрк) же Орхон-Энесай жазуусу деп аталган рун сымал жазма эстеликтер. Илимге Орхон-Энесай жазуулары деген ат менен кирип калган эстеликтердин ареалы кенен аймакка таралган. Бул жазууну Борбордук жана Орто Азиадагы жашаган байыркы түрк тилдүү уруулар пайдаланышкан.Изилдөөчүлөрдүн басымдуу бөлүгу Энесай чөлкөмүндөгү (Хакасия,Тува,Тоолу Алтай ж.б.)

эстеликтериндеги жазуулардын айырмаларын белгилешет. Белгилүү аалымдар В.В.Радлов,В.Томсен, С.Е.Маловдор Орхондогу жазууларга салыштырмалуу эртерээк пайда болгон.



2-жуп:Араб алфавити.

Араб алфавитин кыргыздар революцияга чейин 1924-1928-жылдардын аралыгында колдонушкан.1924-жылы Орто Азиядагы элдердин улуттук чек арасы бөлүнүп,Кыргыз автономиялуу облусу болуп түзүлдү.Ушул жылдарда араб алфавитине өзгөртүүлөр киргизилип,кыргыз тилинин тыбыштык өзгөчөлүгүнө ылайык алфавиттин курамына айрым тамгалар (э,ү)кошумчаланган кээ бир артык баш тамгалар чыгарылган.

3-жуп:Латын алфавити.

Кыргыз латын алфавитин 1928-1940-жылдардын аралыгында колдонушкан.Араб алфавити сыяктуу эле латын алфавитинин курамында айрым тамгалардын жетишсиздигинен 1928-жылы кыбачы белгиси чыгарылып,ө,ү,ң,х,ф,в тамгалары киргизилген.1930-жылы баш тамгалар,1938-жылы орус тилинен кирген сөздөрдү туура жазуу үчүн Z(ж) тамгасы кабыл алынган.

4-жуп:Орус жана кыргыз алфавити.

Орус алфавитин 1941-жылдын бери колдонуп келе жатабыз.1940-жылдын декабрында эмгекчилердин каалолорун толук эске алып,Кыргыз ССР Жогорку Советинин Сессиясы латын алфавитинен орус графикасынын негизинде түзүлөн жаңы алфавитке өтүүнү чечти.Орус алфавитиндеги бардык тамгалар кабыл алынып,анын тамгаларынын окулушундагы жалпы эрежелер сакталган.

Үчүнчү бөлүм:

-Тамгалар аукциону(Тамганы алып,сүйлөм түзүшөт,сөз саналат).

М:Азамат агамдын алган айлыгы аз.Анткени ал автобазада айдоочу ,автобус айдайт.Адамдарды ары Аркытка алпарат.акысын аздан алып,аксакалдардан алкыш алышат алат.(21 сөз,21 упай)

Төртүнчү бөлүм:

-Сүйлөмдөрдү толуктоо жана аналогия. 1.Адамдын башына эмнелер келип кетерин алдын ала____.ар бир сапаттуу____албетте,бир күнү кереги тиет.

А)Билип болбойт,өнөр Б)Билсе болот,билим

В)Болжого болот,тарбия Г)Эскертсе болбойт,окуу

2.___деп коркпо,жалган билимден корк,___бардыгы ошондо.

А)Бербедим,арамдыктан Б)Билбейм,жамандыктын

В)Сурабадым,кыянаттык Г) Албадым,кара ниеттик

1.Кайчы:тарак

А)идиш:табак Б)отвертка:ат тиш В)кол кап:байпак Г)калем:калем салгыч

2.Билим:мектеп

А)акча:банк Б)жаңылык:сыналгы В)дүкөн:товар Г)тамак:казан





3.Жакшы_____үчүн жалгыз_____аздык кылат.

А)Максат,тилек Б)Кыял,адам

В)Иш,акыл Г)Ой,баш

4.Адамга кылган_____жерде_____.

А)Жакшылык,жолукпайт Б)Сараңдык,жукпайт

В)Боорукерлик,турбайт Г)Сылыктык,калбайт

3.Бейтап:оору 4.Тамак:ток

А)падыша:бийлик А)билим:өнөрдүү Б)окуучу:билим Б)май:семиз В)унаа:бензин В)суу:чаңкаган Г)китепкана:китеп Г)дары:сакайган



5._____жашырган сырды______да айтба.

А)Досуңдан,кошунаңа Б)Касыңдан,досуңа

В)туугандан,уулуңа Г)Атаңдан,эчкимге

6.Эли суйгон_____эки өмүрү болот дешет:бири-кубанып,кайгырып,күйүп,азып,тозуп жашаган бул____,экинчиси-өмүрү өткөндөн кийин эл оозунда_____болуп айтылып калган таланттуу чыгармалары.

А)Пенденин,талаал дуйнө,икая Б)Акындын,жалгыз дуйнө,аңызы

В)Адамдын,калп жашоо,ыр Г)Инсандын,кор турмуш,уламыш

5.Баш:акыл

А)таш:асыл Б)тоо:алтын В)дене:рух Г)курсак:аш





6.Литр:суу

А)куб:тик бурчтук Б)доллар:акча В)доор:кылым Г)убакыт:заман

7.Адатта адамдын башкаларга жасаган_____мамилеси «оң козун салды»,көз кырын салды,ал эми_____салкын мамилеси «бир козүн аса,бир көзун баса карады»_____сезими «көзүнүн төбөсу менен карады», «көрөйүн деген көзү жок,айтайын деген сөзү жок»деп сыпатталат.

А)Камдуу,капалуу,ташбоор Б)Сарамжал,каардуу,ырайымсыз

В)Камбыл,көнүлсүз,өкүнгөн Г)Камкор,кайдыгер,жек көрүү

8. «____болбогон тоо жакыр,

____болбогон зоо жакыр

Арыгына суу толбогон____жакыр»

А)Токой,канаттуу,коо Б)Карагай,бүркүт,сай В)Бадал,айбанат,жар Г)Өсүмдүк,куш,жылга

7. Сүйлөө:калп айтуу

А)издөө:ой жүгүртүү Б)ырдоо:мактоо В)улоо:таңуу Г)угуу:тыңшоо

8.Терезе:айнек

А)бычак:темир Б)акча:валюта В)араа:сап Г)топоз:мүйүз

9.___аткарылган___жумуштун жемиштүү натыйжаларга алып___анык болсо,аз-аздан болсо да,китепти___окуу керек.

А)Шарт-Шурт,пайдалуу,келери,шашпай Б)Эптеп,керексиз,келбеси,өтө ылдам В)Чала,майда,келбеси,чарчабай Г)Тынымсыз,пландуу,келери,үзгүлтүксүз

10.Бир музей экспонаттарынын башкаларга караганда____болушу алардын___болуусуна түртсө,___экспонаттар___болуусуна карабастан,абдан___болот.

А)Эски кымбатыраак,илгерки,эски,арзан Б)Жаңы,кымбатыраак,кечээки,жаңы,арзан

В)Жаңы,арзаныраак, сейрек,жаңы,кымбат

Г)Эски,арзаныраак,көп кездешкен,эски,кымбат

9.Таза:жуунуу

А)татаал:ойлонуу Б)эски:изилдөө В)коркунучтуу:корку Г)билимдүү:үйрөнүү

\10.сирень:ботаника

А)китеп:окуу куралы Б)археология:тарых В)темир:химия Г)жер:геология

11. ____гана болгон айрым нерселердин бара-бара ____да кездешери байкалган.Демек,____чыгармалардан баш тартбай,__алардан илхам алуусу керек.

А)Телевизордо,интернетте,тамашалуу,куудулдардын Б)Бир өлкөдө,бүткүл дүйнөдө,геосаясий,сынчылардын В)Жомокто,жашоодо,фантастикалык,илимпоз-инженерлердин Г)Бүгүн,эртен,тарыхый,окумуштуу,тарыхчылардын

12.__адамдын__жана__шек жок,__ага ишенсе болот деген түшүнүк__.

А)Өзүн кармай алган,сабырдуулугунда,сыпаалыгында,ошентсе да. туура. Б)Этикетти сактаган, тарбиялуулугунда, сыпаалыгында,ошентсе да.негизсиз В)Өзун кармай алган, тарбиялуулугунда, сыпаалыгында, жөнөкөйлүүлүгүндө, ошондуктан ,негизсиз.



11. Байланышуу:жазышуу

А)иликтөө:тереңдөө Б)ичүү:тамшануу

В)сурануу:жагалдануу

Г)жылдыруу:түртүү

12.желбирөөч:ачкыч

А)жагоо:көйнөк Б)конч:өтүк В)чорго:чайнек Г)сахна:театр

13.____ойлобогон____адамдардын_____өтө_____.

А)Элди,мекенчил,жоктугу,дурус. Б)Жаратылышты,зыкым,аздыгы,жакшы

В)Келечекти,сокур,аракетчилдиги,жаман

Г)Өздү,чыккынчы,көптүгү,өкүнүчтүү





14.____жашыра албаган____анын____тастыктап турат.

А)Саясатчынын,байлыгы,алдамчылыгын,

Б)Ырчынын,өнөрү,жөнөкөйлугун,

В)Меймандын,сугалактыгы,пендечилиги,

Г)адамдын,сапаты,сырдуулугун,

13.Жадатуу:кыйноо 14.Окуу :аттестат

А)тегеренүү:айлануу А)үйлөнүү:той

Б)ойнотуу:көңүл көтөрүү Б)жеңүү:олжо

В)соруу:жутуу В)ач болуу:тамак

Г)үнөмдөө:сараңдануу Г)сатуу:товар



15.Иштин____эң негизгиси критерий болсо,анын___ жумушчуга___эмес.

А)Кызыктуулугу,татаалдыгы,маанилүү

Б)Айлык акысы,пайдасы,маанилүү

В)Жөнөкөйлүгү,зыяны,керек.

Г)Көп болгону,таңсыктыгы,керек

16.Жетекчиге кызматчынын____жакса,иштин убагында____фирмага____алып келмек.

А)Амалкөйлүгү,башталуусу,зыяны

Б)Жоопкерсиздиги,аткарылбоосу,пайда

В)Шашпастыгы,башталбоосу,зыян

Г)Жөнөкөйлүгу.аткарылбоосу,пайда







15.Сүзмө:курут 16.Үп:тердөө

А)кирпич:үй А)жаңы:сатып алуу

Б)ыр:дастан Б)кызыктуу:колдоо

В)Жамгыр:булут В)ачка:кыйналуу

Г)дарак:отун Г)жумшак:сезүү



Бешинчи бөлүм:

Сөз бермети(Асты сызылган сөздөрдү фразеологизмдер менен алмаштыруу.

1.Тобо кылдым,өтө сараң(битин сыгып канын жалаган)байлар да болот экен.Жапар менен Жамийла ынтымактуу(арасынан кыл өтпөгөн)дос.

Алтынчы бөлүм:

Жомокчу.(Ар бир жупка үч сөз айтылат,бир мүнөт убакыт берилет. Илгери-илгери деген сөздөн башталып,жашап калыптыр болгон экен деген сөздөр менен аякташ керек).

“Күч бирдикте” жубу Абышка,шалы,орок

“Билимдүүлөр” жубу Боз үй, тоо, арча

“Акылмандар” жубу Китеп,кыз,көйнөк

“Тапкычтар” жубу Бала,шалгам,ат

Жетинчи бөлүм:

Акылман ордо.(Ар түрдүү суроолор).

  1. “Маңкурт” деген сөздү Ч.Айтматов кайсы эпостон алган? (“Манас”)

  2. Макал-лакап,жаңылмач,табышмактар кандай чыгармага кирет? (Дидактикалык)

  3. Ч.Айтматовдун айкели канчанчы жылы,кайсы жерде орнотулган? (2011-жыл Бишкек,Ала-Тоо аянты.)

  4. Нандын ортосунда эмне бар? (А тыбышы бар)

  5. Бир чалдын жети баласы бар,ар бир уулунун алтыдан бир тууганы бар,ошондо чалдын жалпы баласы канча? (7)

  6. Кыргыз лексикасы кандай булактардын негизинде байыйт? (ички жана тышкы булактын нег.)

  7. Подъезд деген сөз кандай ташымалданат? (Подъ-езд)

  8. -ар мучөсү кайсы сөзгө уланса созулушунча жазылат? (Үндүү менен аяктаган сөзгө уланса)

Сегизинчи бөлүм:

Күтөлбөгөн тапшырма. Калыстар тобу тарабынан ырдын темасы берилет,окуучулар ыр жазышат,

М: Эне,Мектеп,Мугалим,Жаз.

Жыйынтыктоо.Калыстар тобу жыйынтыгын чыгарат,наамдар берилет.






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!