СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тилиндеги сөздөрдүн жасалышы

Нажмите, чтобы узнать подробности

      Сөз жасоо – сөздөрдүн кантип жасаларын, кандай каражаттардын жана кандай жолдордун колдонуларын изилдөөчү илим.

    Сөз жасоо жолдору – кыргыз тилиндеги сөздөр эки түрдүү жол менен жасалат. Бири сөз жасоочу - сөз жасоонун морфологиялык жолу, экинчиси – сөздүн синтаксистик жолу.

    Сөз жасоонун морфологиялык жолу – сөз жасоочу мүчөлөрдүн жардамы аркылуу жаңы сөздөрдүн жасалышы.

Мисалы, окуучу, малчы, басма, алгыр, акылдуу, шаардык ж.б.

    Сөз жасоочу мүчөлөр. Уланган сөзүнүн лексикалык маанисин жаңы мааниге өткөрүүчү мүчөлөр. Мисалы,

                                             Мал+чы= малчы

                                              Ач+гыч=ачкыч

                                              Бий+ла=бийле

                                              Кеңеш+ма=кеңешме

                                              Баш+кар=башкар.

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз тилиндеги сөздөрдүн жасалышы»

Сөз жасоо

Сөз жасоо – сөздөрдүн кантип жасаларын, кандай каражаттардын жана кандай жолдордун колдонуларын изилдөөчү илим.

Сөз жасоо жолдору – кыргыз тилиндеги сөздөр эки түрдүү жол менен жасалат. Бири сөз жасоочу - сөз жасоонун морфологиялык жолу, экинчиси – сөздүн синтаксистик жолу.

Сөз жасоонун морфологиялык жолу – сөз жасоочу мүчөлөрдүн жардамы аркылуу жаңы сөздөрдүн жасалышы.

Мисалы, окуучу, малчы, басма, алгыр, акылдуу, шаардык ж.б.

Сөз жасоочу мүчөлөр. Уланган сөзүнүн лексикалык маанисин жаңы мааниге өткөрүүчү мүчөлөр. Мисалы,

Мал+чы= малчы

Ач+гыч=ачкыч

Бий+ла=бийле

Кеңеш+ма=кеңешме

Баш+кар=башкар.

Сөз жасоочу мүчөлөр 4кө бөлүнөт.

  1. Атоочтон этиш жасоочу мүчөлөр. Атооч сөздөрдүн маанисин этиш сөздөргө өзгөртүп жиберүүчү мүчөлөр атоочтон этиш жасоочу мүчөлөр деп аталат.

-ла – иш(зат атооч), иште(этиш).

-а - сан(зат атооч), сана(этиш).

-ар - ак(зат атооч), агар(этиш)

-са - суу(зат атооч), сууса(этиш)

-ык - жол(зат атооч), жолук(этиш)

-ай – чоң(тактооч), чоңой(этиш)

-лаш - дос(зат атооч), достош(этиш)

-кар - баш(зат атооч), башкар(этиш)

-лан - намыс(зат атооч), намыстан(этиш) ж.б.

II. Этиштен атооч жасоочу мүчөлөр. Этиш сөз түркүмдөрүн атооч сөз түркүмдөрүнө өткөрүп жиберүүчү мүчөлөр этиштен атооч жасоочу мүчөлөр деп аталат.

Мисалы,

-мал – ташы(этиш), ташымал(зат атооч)

-ма – кес(этиш), кесме(зат атооч)

-гы – сүр(этиш), сүргү(зат атооч)

-ым – бил(этиш), билим(зат атооч)

-мак – черт(этиш), чертмек(зат атооч)

-оо – жайла(этиш), жайлоо(зат атооч)

-гак – сор(этиш), соргок(зат атооч)

-гыр – ал(этиш), алгыр(зат атооч)

-чаак - унут(этиш), унутчаак(зат атооч)

-аанак – кап(этиш), кабаанак(зат атооч)

-гыч – ач(этиш), ачкыч(зат атооч)

-аак – ыйла(этиш), ыйлаак(зат атооч)

-лык – кес(этиш), кестик(зат атооч)

-ыч – кубан(этиш), кубаныч(зат атооч) ж.б.

III. Атоочтон атооч жасоочу мүчөлөр.

Мисалы,

-чы – жумушчу, кызматчы, күзөтчү.

-лык – достук, жолдоштук, шаардык.

-кер – жоокер, кызматкер, айлакер

-луу – токойлуу, балалуу, аттуу.

-чан – атчан, тончон, көйнөкчөн.

-мер – ишмер, сөзмөр

-дай – тоодой, алтындай.

-чыл – суучул, жаанчыл, ойчул,

-лаш – аталаш, энелеш, жердеш

-дак – кумдак, саздак, муздак.

-кеч – арабакеч, кирекеч

-мак – башмак, ичмек, көлмөк. Ж.б.

IV. Этиштен этиш жасоочу мүчөлөр.

-ык – көнүк, бышык, тытык

-ын – көрүн, билин, урун

-дыр – билдир, кубандыр, күлдүр

-ар – чыгар, кайтар

-ыр – бүтүр, кечир, качыр

-кар – өткөр, бүткөр

-ыш – тийиш, күрөш, бериш

-мак – бармак, келмек, окумак

-гыз – билгиз, тургуз, отургуз

-т - кайнат, ойнот, иштет

-гыла – чапкыла, ургула, жасагыла

Сөз өзгөртүүчү мүчөлөр

Уланган сөзүнүн лексикалык маанисин өзгөртпөстөн, анын грамматикалык маанисин жана формасын гана өзгөртүүчү мүчөлөр сөз өзгөртүүү мүчөлөр деп аталат. Буга жөндөмө, таандык, жак, чак, жалпы таандык –ныкы, көптүк –лар мүчөлөрү кирет.

Мисалы,

-нын – баланын

-га – балага

-ны – баланы

-да – балада

-дан – баладан

-ым – иним

-ың – иниң

-мын – студентмин

сың – окуучусуң

-лар – окуучулар

Сөз өзгөртүүчү мүчөлөр ээрчиме жана ээрчибес болуп экиге бөлүнөт.

  • Ээрчиме мүчөлөр

Сөздүн аягындагы үндүү, үнсүздөргө карай мүчөнүн үндүү жана үнсүз тыбыштарынын өзгөрүп айтылышы. Ага төмөнкүдөй мүчөлөр кирет.

-нын – баланын, үйдүн, мектептин

-лык – айылдык, балалык

-дай – суудай, оттой, көлдөй

-га – энеге, атка

-ны – кишини, тоону, катты

  • Оошмо мүчөлөр

Сөзгө уланганда үндүүсү да, үнсүзү да өзгөрүп кеткен мүчөлөрдү оошмо мүчөлөр дейбиз.

-луу – балалуу, элдүү, таштуу

-да – айылда, иште, көчөдө

-гыч – тепкич, ачкыч, сүзгүч

-ны – атты, жерди, кышты

-лак – таштак, муздак

  • Сыйлыгышма мүчөлөр

Үндүүлөр менен бүткөн сөздөргө уланганда өзүнүн үндүү тыбышын түшүрүп же сыйлыгыштырган мүчөлөрдү сыйлыгышма мүчөлөр деп айтабыз.

-ыш – сана + ыш = санаш, эсептеш

-ыраак – жакшы + ыраак = жакшыраак

-ынчы – эки + ынчы = экинчи, жетинчи

-ым – бала +ым = балам, иним

-ык – акса + ык = аксак, боё + ык = боёк

  • Туруктуу мүчөлөр

Сөзгө уланганда башкы үнсүз тыбышы өзгөрбөй үндүүсү гана өзгөргөн мүчөлөр туруктуу мүчөлөр деп аталат.

-ма – басма, төкмө

-чыл – эпчил, өзүмчүл

-чы – койчу, сынчы

-чык – көлчүк

-мак – өрмөк

  • Ээрчибес мүчөлөр

Сөздүн аягындагы үндүү, үнсүз тыбыштарга карай үндүү жана үнсүз тыбыштарын өзгөртпөгөн мүчөлөрдү ээрчибес мүчөлөр дейбиз.

-кор – чайкор, сүткор

-поз – илимпоз, өнөрпоз

-кеч – арабакеч

-ист – капиталист, журналист

-стан – Кыргызстан, Казахстан

  • Уңгуну өзгөртүп жиберүүчү жиберүүчү мүчөлөр

Сөзгө уланганда уңгуну өзгөртүп жиберүүчү мүчөлөрдү айтабыз.

-ып – тап(таап), кап(каап)

-ыш – көк(көгүш), ак(агыш)

-ар – кызыл+ =кызар, узар

-ып – там+ып=таамп, ойноп

-ла – жумуш+а=жумша, ойно

-лар – бала+лар= балдар

-ла – сөз+ла= сүйлө, байла ж.б.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!