СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргызстандын географиясы боюнча тузулгон тест

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кыргызстандын географиясы боюнча тузулгон тест»

1.КРнын аймагы кайсы тоо системасына таандык?

а) Памир б) Алтай в) Урал г) Тянь-Шань


2.КРсында кайсы геологиялык бүктөлүү басымдуулук кылат?

а) Байкал б) Альпы в) Каледон г) Герцин


3. Кыргыз Республикасынын чек арасынын узундугу канча?

а) 5432 км б) 4567 км в) 4508 км г) 3456 км

4. Кыргыз Республикасын Алай жана Түркстан тоо кыркалары кайсы өлкөдөн бөлүп турат?

а) Өзбекстан б) Тажикстан в) Казакстан г) Кытай

5. КРсынын эң көтөрүӊкү бөлүгү болуп?

а) Батыш Тянь-Шань б) Борбордук Тянь-Шань

в) Түштүк Тянь-Шань г) Чыгыш Тянь-Шань


6. КРсынын тоолорунун эң талкаланган бөлүгү?

а) Түштүк Тянь-Шань б) Ички Т-Ш. в) Түндүк Т-Ш. г) Борбордук Тянь-Шань


7. КРсынын эң бийик абсолюттук бийиктиги?

а) Ленин б) Аламедин в) Чок-Тал г) Жеңиш


8. Кыргызстандын деӊиз деӊгээлинен эӊ төмөнкү бийиктиги?

а) Чүй дарыясынын нугу б) Талас өрөөнү в) Кулунду г) Тар дарыясынын чаты


9. КРдагы эң узун тоо кыркасы?

а) Какшаал-Тоо б) Фергана в) Күнгөй Ала-Тоо г) Талас Ала-Тоосу


10. КРдагы эң төмөн өрөөн?

а) Фергана б) Чаткал в) Тогуз-Торо г) Алай


11. КРсындагы ири ачык өрөөн?

а) Талас б) Чуй в) Кочкор г) Ат-Башы


12. Кыргыз Ала-Тоосунун эң бийик точкасы?

а) Путин пиги б) Манас пиги в) Аламүдүн пиги г) Кара-Балта пиги


13. КРсындагы эң бийик тоолуу өрөөн?

а) Ак-Сай б) Баткен в) Соң-Көл г) Телес


14. КРсында кайсы тоо кыркасы туурасынан жайгашкан?

а) Сандык тоо кыркасы б) Байбиче-Тоо в) Кара-Тоо г) Фергана


15. КРсындагы ири жабык ойдуң?

а) Ысык-Көл б) Тогуз-Торо в) Чоң-Кемин г) Кара-Кужур


16. КРсында өрөөндөр абсолюттук бийиктиги боюнча канчага бөлүнөт?

а) 6 типке б) 3 типке в) 8 типке г) 2 типке

17. КРсындагы ири тоо кыркасы болуп кандай тоолор саналат?

а) узундугу 10 км ашык б) 200 км в) 20 км г) 50 км


18. КРсындагы өрөөндөр кандай пайда болгон?

а) деңиздик б) тектоникалык в) кораллдык г) шиленди


19. КРсынын тоолору бийиктиги боюнча канча типке бөлүнгөн?

а) 2 типке б) 16 типке в) 3 типке г) 1 типке


20. Рельефтин адырдык формасы кайсы жерлерде жайгашкан?

а) бийик тоолордо б) тоо этектеринде в) өрөөндөрдө г) дарыялардын нугунда

21. Кыргызстанда орточо бийиктик (абсолюттук) канчага барабар?

а) 500 м. б) 1000 м. в) 8000 м. г) 2500 м.


22. Кыргыз Республикасынын түндүгүнөн түштүгүнө чейинки аралык

а) 300 км б) 410 км в) 459 км г) 640 км

23.. Кыргызстанда кайсы өрөөн өтмө деп эсептелет?

а) Талас б) Чүй в) Тогуз-Торо г) Фергана


24. Чүй жана Ысык-Көл ойдуңун кайсы капчыгай бириктирип турат?

а) Боом б) Долон в) Чычкан г) Кызыл-Бел


25. Чоң Алай (Заалай) тоо кыркасы кайсы тоо системасына кирет?

а) Тянь-Шань б) Памир-Алай в) Казах г) Непаль


26. Ысык-Көл ойдуңунун (батыштан чыгышка чейинки) узундугу канча?

а) 500 км б) 350 ка в) 150 км г) 250 км


27. КРсында тоо кыркалары канча пайыз аймакты ээлейт?

а) 20 % б) 40 % в) 90 % г) 65 %


28. Кыргызстан канча орографиялык районго бөлүнөт?

а) 2 районго б) 8 районго в) 6 районго г) бөлүнбөйт


29. Кыргызстанда өндүрүлгөн кайсы металл электротехникада, медицинада, тоо-кен ишинде кеӊири колдонулат?

а) сымап, б) калай в) темир, г) цинк


30. Түндүк жана Ички Тянь-Шанды кайсы негизги ашуу байланыштырат?

а) Ала-Бел б) Өтмөк в) Долон г) Чок-Тал

31. Фергана кырка тоосунун орто жана бийик тилкелеринде кардын орточо катмары канча см түзөт?

а) 100 см б) 130 см в) 200 см г) 150 см

32. Кыргыз Республикасынын батышынан чыгышына чейинки аралык

а) 300 км б) 410 км в) 459 км г) 925 км

33. Жаан- чачындын көбөйүүсү кайсыл бийиктике чейин уланат?

а) 3700 м б) 3800 м в) 4000 м г) 4300 м


34. Кыргызстанда кайсыл айлар эң жылуу болуп саналат:

а) июнь жана июль б) июль жана август в) август жана сентябрь г) май жана июнь


35. Кыргыз Республикасынын аймагы канчанчы сааттык алкакта турат?

а) 7 б) 8, в) 5, г) 1

36. Балыкчы шаарында канча жаан-чачын түшөт?

а) 100 мм б) 120 мм в) 130 мм г) 115 мм


37. Кыргыз Ала-Тоо кыркасынын түндүк капталында мөңгүлөрдүн саны канча?

а) 40 б) 500 в) 600 г) 453


38. Чүй дарыясынын оң куймасы болуп кайсы дарыя саналат?

а) Чон Кемин жана Кичи Кемин б) Кара-Балта в) Ала-Арча г) Аламүдүн


39. Чоң-Кемин бассейнине таандык канча мөңгү бар?

а) 177 ледников б) 180 ледников в) 150 ледников г) 200 ледников


40. Түркестан тоо кыркасынын жалпы узундугу канча км түзөт?

а) 360 км б) 400 км в) 500 км г) 320 км


41. Нарын дарыясынын эң ири оң куймасы болуп кайсы дарыя саналат?

а) Коко Мерен б)Ат-Башы в) Улан г) Жаны-Жер


42. Талас дарыясынын куймаларынын арасынан эң ириси болуп кайсы дарыя эсептелет?

а) Үрмарал б) Беш-Таш в) Уч-Кошой в) Каракол


43. Кыргызстанда көлөмү боюнча үчүнчү орунда турган кайсы дарыя?

а) Сары-Жаз б) Кызыл-Суу в) Талас г) Кен-Кол


44. Кыргызстандын аймагында минералдык суулар чыккан жерлер канча?

а) 250 ашык б) 300 ашык в) 290 ашык г) 310 ашык


45. Кыргыз Республикасында калктын орточо жыштыгы канча?

а) 35, б) 40, в) 31 , г) 28


46.Чатыр-Көл кайсы жерде жайгашкан?

а) Ички Тянь-Шань б) Борбордук Тянь-Шань

в) Түндүк-Чыгыш Тянь-Шань г) Түндүк-Батыш Тянь-Шань


47. Ландшафтын калыптанышына кайсы жаратылыш факторлору таасир этет?

а).чөкмөлөр б)үлүл кабыгы в)рельеф г)деңиз


48. Кыргызстандын ландшафтынын бирден бир негизги өзгөчөлүгү?

а)жапыстуулук б)жардылыгы в)баш аламандуулугу г)ярустуулугу


49. Кыргызстандагы эң кеңири таралган ландшафтар?

а) Саздуу б)шордуу жерлер в)тоолуу-талаа г)такырлар


50. Тоолуу аскалуу-нивалдык ландшафтар канча абсолюттук бийиктикте таралган?

а)500-600м б)320-3500м в)1000-1500м г)2500м

51. Кыргызстанда “маданий ландшафт” деп кайсыларды аташат?

а)карлуу б)көтөрүңкү жерлер в)адам түзгөн г)шамал түзгөн


52. Кыргызстандын ландшафты кайсы мыйзам ченемдүүлүк боюнча таралган?

а)кеңдик б)узундук в)тереңдик г)бийиктик


53. Ленин чокусу кайсы тоо кыркасында?

а) Фергана б) Пскем в) Какшаал тоо в) Чон Алай


54. Кыргызстандын жайлоолору үчүн кайсы ландшафт мүнөздүү?

а)чөл б)аскалуу в)шалбаа г)мөңгүлүү


55. Төмөнкү саналган ГЭСтердин кайсынысы Нарын дарыясына курулган?

а)Токтогул б)Ат-Башы в)Аламүдүн г) Борду


56. Кыргызстандын аймагында токой ландшафты канча % ээлейт?

а)50% б)30% в)20% г)5%


57. Нарын дарыясынын узундугу канча?

а)400 б)616 в)480 г)580


58. Сурьма кени кайсы жерде орун алган?

а) Хайдарканда б) Майлы-Сууда в) Кадамжайда г) Бордуда


59. Кыргызстандын топурактары жөнүндөгү китептин автору?

а) П.Федченко б) Н.Северцев в) А. Мамытов г) К.Оторбаев

60. Хан-Тенгри тоо массивине барган, биринчи орус окумуштуусу ким?

а) И.Мушкетов б) П.П.Семенов-Тянь-Шанский

в) Н.А.Северцов г) Н.М.Пржевальский

61. Кыргызстандагы негизги күйүүчү кен байлык?

а) көмүр б) нефть в) күйүүчү сланец г) торф


62. Кабак көмүр кенинде көмүрдү казып алуу кандай жол менен жүргүзүлөт?

а) жабык түрдө б) шахта түрүндө в) бургулоо методу г) ачык түрдө


63. Кайсы көмүр бассейнинде коксталуучу көмүр жайгашкан?

а) Баткенде б)Өзгөндө в )Кабакта г)Алайда


64. Ысык-Көл ойдуңунун кайсы бөлүгүндө көмүр кени жайгашкан?

а) батышында б) түндүгүндө в) түштүк-чыгышында г) Жети-Өгүздө


65. Кыргызстанда нефть кайсы жерден казылып алынат?

а) Нарын облусунда б) Джалал-Абад облусунда

в) Чуй облусунда г) Талас облусунда


66. Нефть кен байлыктын кайсы түрүнө кирет?

а) курулуш б)металл в) түстүү г) күйүүчү


67. Кыргызстанда темир рудасынын эң көп запасы кайсы жерде жайгашкан?

а) Сандыкта б) Кабакта в) Жетимде г) Ак-Түздө

68. Жетим бассейнинде темир рудасынын канча запасы жайгашканы болжолдонгон?

а)100 миӊ т б)200 миӊ т в)5 млрд т г)11 млрд т


69. Темир рудасы кен байлыктардын кайсы түрүнө кирет?

а)күйүүчү б)металл эмес в)металл г)сейрек кездешүүчү


70. Ысык-Көл өрөөнүнүн кайсы жеринде күрөң көмүр өндүрүлөт?

а) Күрмөнтүдө

б) Жыргалаңда

в) Сары-Жазда

г) Кара-Кечеде

71. Сурьма кайсы кен байлыктын түрүнө кирет?

а) түстүү металл б) баалуу таштар

в) курулуш г) базальттык


72. Сырдарыянын системасына тиешелүү дарыяны атагыла

а) Сары-Жаз б)Кызыл-Суу в)Нарын г) Жыргалаӊ


73. Кыргызстанда кайсы металл сымап менен бирге кездешет?

а) туз б)фтор в)сурьма г) алтын


74. Калай кени Кыргызстандын кайсы жеринде жайгашкан?

а) Талас өрөөнүндө б) Ак-Талаа ойдуӊунда

в) Чуй өрөөнүндө г) Сары-Жаз өрөөнүндө


75. Кыргызстанда жез рудасы кайсы жерде жайгашкан?

а) Боом капчыгайында б) Чаткал өрөөнүндө

в) Бордуда г) Татыр ойдуӊунда


76. Кыргызстанда аллюминийдин запасы кайсы жерде жайгашкан?

а) Талды-Булакта б) Милянфанда в) Сандыкта г) Борбу-Тоодо


77. Кыргызстандагы кайсы тоо кыркасында мышьяк кени табылган?

а) Киргиз Ала-Тоосунда б) Ат-Башы в)Фергана г)Талас Ала-Тоосунда


78. Кыргызстандагы ири алтын кени.

а)Бешим б)Чаусай в)Кумтөр г)Жол-Булак


79. Кыргызстан кайсы металл эмес кенге бай?

а) торфтук б) курулуш в) агат г) борзым


80. Кыргызстанда кайсы беттелүүчү материал курулушта көбүрөөк колдонулат?

а) шагыл б) кирпич в) мрамор г) жыгач

81. Кыргызстанда курулуш материалдары кайсы жерлерде казылат?

а) тоо этектеринде б) тоолордун бийик бөлүктөрүндө

в) саздарда г) көлдөрдө


82. Кыргызстандагы ири мрамор кени?

а) Жумгал б) Сары-Жаз в)Кара-Балта г)Чычкан


83 Жалал-Абад облусундагы туздун ири кени?

а) Кетмен-Төбө б)Чуй в)Ак-Тал г)Кызыл-Адыр


84. Кочкор ойдуӊу кайсы кен байлыкка бай?

а) көмүр б) баалуу таштар в) туз г) нефть


85. Айнек чыгаруу үчүн кайсы курулуш материалы пайдаланылат?

а) шагыл б) кварц куму в) күмүш 4)мазут


86. Кыргыз Республикасынын жалпы аянты канчага барабар?

а) 199,9 миӊ км б)195,9тыс.км в)190,8тыс.км г)189,9тыс.км


87. Кыргыз Республикасынын Президенти канча мөөнөткө шайланат?

а) 6жыл б) 7жыл в) 5жыл г) 4жыл


88. Кыргызстандын кайсы шаары X-XIII- кылымдарда кубаттуу чеп, соода жана административдик борбор болгон?

а) Пишпек, б) Каракол, в) Ош, г) Өзгөн


89. Ысык-Көл өрөөнүнүн кайсы жеринде күрөӊ көмүр өндүрүлөт?


а) Күрмөнтү б) Жыргалаӊда в) Барскоондо г) Сүлүктүдө


90. Эмгек жашынан өткөн курактагылар өлкөнүн калкынын канча пайызын түзөт?

а) 7,5% б) 7% в) 8% г) 6%


91. Кыргыз Республикасында канча улуттун өкүлдөрү жашайт?

а) 100 ашуун б) 80 ашуун в)70 ашуун г) 120 ашуун


92. Өлкөдөгү калктын жалпы санынын канча пайызын кыргыздар түзөт?

а) 70,6% б) 73,3% в) 69% г) 71%


93. Кыргыз Республикасынын калкынын канча пайызын орто жаш курактагылар түзөт?

а) 28жаш б) 27,6жаш в) 25жаш г) 29жаш


94. Кыргыз Республикасында аялдардын орточо жаш узактыгы эркектерге караганда канча жылга узак?

а) 7жыл б) 8жыл в) 10 жыл г) 11 жыл


95. Кыргызстанда калктын орточо жыштыгы канча?

а) 32 км ² б) 33 км² в) 31 км² г) 26 км²

96. Баткен облусунда канча шаар бар?

а) 7 б) 6 в) 5 г) 3


97. Чуй облусунда шаарлардын саны канча?

а) 7 б) 9 в) 5 г) 10


98. Жалал-Абадской облусунда жалпы канча шаар бар?

а) 10 б) 8 в) 9 г) 3


99. Ош облусунда шаарлардын саны канча?

а) 5 б) 6 в) 8 г) 3


100. Нарын облусундагы шаарлардын саны?

а) 1 б) 3 в) 5 г) 4


101. Ыссык-Көл облусунда жалпы канча шаар бар?

а) 6 б) 5 в) 3 г) 2


101. Талас облусунда жалпы канча шаар бар?

а) 1 б) 3 в) 2 г) 5


102. Кыргызстандын калкынын канча пайызын шаар калкы түзөт (2018-жыл менен)?

а) 34% б) 40% в) 43% г) 35%


103. Кыргызстанда калктын канча пайызын айыл-кыштак калкы түзөт

(2018-жыл менен)?

а) 66,0% б) 79% в) 74% г) 80%


104. 2018-жылдын башталышында Кыргыз Республикасынын калкынын жалпы

саны канчага жеткен?

а) 6млн. 257миӊ адам б) 6млн.700миӊ адам

в) 7млн. 300миӊ адам г) 5млн.128миӊ адам


105. Кыргыз Республикасында калктын канча пайызын эркектер түзөт?

а) 50% б) 49,6% в) 53% г) 60%


106. Кыргыз Республикасында калктын канча пайызын аялдар түзөт?

а) 56% б) 50,4% в) 60% г) 70%


107. Кыргызстандын чөл жана жарым чөл өсүмдүктөрү дениз денгээлинен канча метр бийиктиктиктерде таралган?

а)1200-1300м б)1600-1800м в)2000-2200м г)3000м жогору


108. Кыргызстанда чөл жана жарым чөл зоналарында таралган өсүмдүктордүн түрлөрү?

а)мезофиттер б) галофиттер в) ксерофиттер г) гидрофиттер


109. Каратал Жапырык мамлекеттик коругу качан, кандай максатта уюшулган?

а)1994-ж уникалдуу карагай токоюн коргоо максатында уюшулган.

б)1997-ж тяншань маралын коргоо максатында.

в)1991-ж тяншандагы илбирсти коргоо максатында.

г)1976-ж жаныбарларды коргоо максатында кайс


110. Эфемерлерге кайсы өсүмдүктүн түрлөрү кирет?

а)бадалдар б)жоогазындар ,байчечекейлер

в)ак кайын г) өсүмдүктөрдүн баардык турлөрү


111. Фергана өрөөнүнүн тоо этектеринде басымдуу кылган талаа өсүмдүктөрү кайсылар?

а) шимүүр б) Семенов пиязы в) жапалак арча г)кызыл от,буудайык


112. Кыргызстанда арча токойлордун басымдуу бөлүгү кайсы аймакта таралган?

а) түндүгүндө б) түштүгүндө в)батышында г)чыгышында


113. Сурьма кени кайсы жерден орун алган?

а) Хайдаркенде

б) Майлы-Сууда

в) Кадамжайда

г) Бордуда

114. Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркы качан, кандай максатта уюшулган?

а)1973-ж туристтик багытта

б)1978-ж арча токойлорун коргоо максатында

в)1976-ж капчыгайдын уникалдуу ландшафттарын коргоо максатында

г)1979-ж арча-карагай токойлорун коргоо максатында


115. Кыргызстандан башка эч жерде кездешпеген өсүмдүктү атагыла.

а)кызыл карагай б)мажүрүм тал в)Семенов пихтасы г)арча


116. Тянь-Шань карагайы төмөнкү кырка тоолордун кайсынысында кездешпейт?

а)Тескей-Ала –Тоо

б)Талас Ала-Тоо

в)Кунгөй Ала-Тоо

г)Кыргыз Ала-Тоо

117. Сарычелек мамлекеттик коругу качан жана кандай максатта уюшулган?

а)1980-ж европалык зубрларды коргоо максатында

б)1993-ж мензбир суурун коргоо максатында

в)1959-ж уникалдуу жангак-мөмө токойлорунун жаратылыш комплексин

сактоо үчүн

г)1965-ж аймактын жаратылышын коргоо үчүн


118. Каракол улуттук жаратылыш паркы качан , кандай максатта уюшулган?

а)1997-ж капчыгайдын уникалдуу ландшафттарын сактоо,эс

алуучулардын агымын жөнгө салуу максатында

б)1968-ж мөңгүлөргө байкоо салуу максатында

в)1970-ж туризмди өнүктүрүү максатында

г)1976-ж аска-зоо жаныбарларын коргоо үчүн


119. Беш-таш жаратылыш паркы качан, кандай максатта уюшулган?

а)1992-ж тоо-эчкилерди коргоо максатында

б)1993-ж арча токойлорун коргоо үчүн

в)1996-ж өсүмдүктөрдүн уникалдуу эндемиктерин сактоо үчүн

г)1997-ж жаратылышты коргоо максатында


120. Арал денизинен алынып келинген балык?

а)сазан б)лещ в)форель г)маринка


121. Антропогендик факторлордун натыйжасында Кыргызстандын ихтиофаунасын

зыянга учураткан балык түрү?

а)сазан б)судан в)форель г)лещ


122. Ысык-көл мамлекеттик коругу качан , кандай максатта уюшулган?

а)1948-ж сууда сүзгон жана суу жээктерин байырлаган канаттулардын

жашоо чөйрөсүн коргоо максатында

б)1990-ж форель балыгын коргоо максатында

в)2000-ж жалпы эле көлдүн аймагындагы фауна,флораны коргоо максатында

г)1995-ж Ысык-көлдөгү туризм багытын өнүктүрүүмаксатында


123. Кыргыз ССРинин Кызыл китеби качан түзүлгөн?

а)1976-ж 10-май

б)1980-ж 2-июнь

в)1974-ж 3-март

г)1985-ж 4-июль


124. Нарын мамлекеттик коругу качан,кандай максатта уюшулган?

а)1983-ж Тяншань карагайынын массивинен гляциалдык-нивалдык

алкака чейинки жан-жаныбарларды коргоо максатында

б)1994-ж марал-аркар,эчки-текелерди коргоо максатында

в)1961-ж азайып бара жаткан ири сүт эмүучүлордү коргоо максатында

г)2001-ж Нарын аймагынын жаратылышын коргоо максатында


125. Нарын мамлекеттик коругунун аянты канча?

а)18,3миңга б)11миң га в)53,4миң га г) 100минге чукул


126. Кыргызстандагы эӊ чоӊ суу сактагыч?

а) Токтогул б) Орто-Токой в) Найман г) Торт-Куль


127. Кыргызстанда абанын эӊ жогорку орточо температурасы кайсы метеостанцияда белгиленген?

а) Бишкек б) Ош в) Жалалабад г) Массы


128. Кыргызстандын кайсы жеринде эӊ көп жаан-чачын жаайт?

а)Кыргыз Ала-Тоосу б) Кунгөй Ала-Тоо

в) Тескей Ала-Тоо г) Фергана Тоосунун түштүк батыш капталы


129. Тумандардын эӊ көп саны кайсы метеостанцияда белгиленген:

а) Талас б) Бишкек в) Ош г) Ала-Арча


130. Ысык-Көл облусу батышынан жана түндүк – батышынан

чектешкен облус

а) Чүй облусу

б) Нарын облусу

в) Талас облусу

г) Ош облусу




131. Нарын облусун батыш бөлүгүнөн чектеген облустар

а) Жалал-Абад жана Ош облустары

б) Ош жана Баткен облустары

в) Чүй жана Талас облустары

г) Ысык-Көл жана Чүй облустары


132. Нарын облусунун чарбасынын адистешкен негизги тармагы.

а) дыйканчылык

б) тоо-кен өнөр жайы

в) мал чарбачылыгы

г) жеңил өнөр жайы



133. Жалал-Абад облусу Кыргыз Республикасынын кайсы

бөлүгүндө орун алган?

а) түштүк-батыш бөлүгүндө

б) түштүк-чыгыш бөлүгүндө

в) батыш бөлүгүндө

г) чыгыш бөлүгүндө


134. Ош облусунун аянты канчага барабар?

а) 45,2 миң. км.2

б) 29,0 миң км2

в) 43,1миң.км2

г) 13,4 миң.км2


135. Жалал-Абад облусуна тиешелүү райондорду белгилегиле

а) Кочкор, Жумгал, Ат-башы райондору

б) Жайыл, Москва, Панфилов райондору

в) Кара-Буура, Бакай-Ата, Манас райондору

г) Аксы, Ала-Бука, Базар-Коргон райондору


136. Баткен облусунун аянты канчага барабар?

а) 17,0 миң км2

б) 20,2 миң км2

в) 43,1 миң км2

г) 29,2 миң км2


137. Азыркы учурда Республикабыздын аймагында канча шаар жана шаарча бар?


а) 21 шаар,7 шаарча

б) 28 шаар,11 шаарча

в) 31шаар, 9 шаарча

г) 27 шаар, 8 шаарча


137. Жогорку Кеңештин депутаттыгына болгон талапкерлер канча жаштан жогору жана канча жылга шайланат?

а) 35 жаштан жогору , 6 жылга

б) 25 жаштан жогору , 5 жылга

в) 21 жаштан жогору , 5 жылга

г) 24 жаштан жогору , 7 жылга

138. Эмгек ресурстарына төмөнкүлөрдүн кайсынысы

кирбейт?

а) 18 жаштан баштап

б) жетилүү аттестатын алгандан кийин

в) 16 жашка чейин

г) өндүрүштө иштөөнү каалоочулардын баары кирет


139. Кыргыз Республикасындагы калктын канча процентин эмгек курагындагылар

түзөт?

а) 32,8 %

б) 40 %

в) 58,6 %

г) 50,5 %


140. Кыргызстандын кайсы облусунда кыргыздардын саны көп?

а) Баткен облусунда

б) Ысык-Көл облусунда

в) Ош облусунда

г) Нарын облусунда

141. Миграция процессине катышкан адам

а) эколог

б) демограф

в) мигрант

г) консултант


142. Кыргыз Республикасы 1996-жылы Канадалык «Камеко»

корпорациясы менен биргелешип курган ишканасы

а) «Макмал» алтын комбинаты

б) «Кумтөр» алтын комбинаты

в) «Жер-Үй» алтын комбинаты

г) «Солтон-Сары» алтын комбинаты


143. Айыл чарба сырьёсун иштетүүчү өнөр жайдын тобуна

кирүүчү тармак

а) курулуш материалдар өнөр жайы

б) жеңил өнөр жайы

в) электроэнергетика

г)тоо-кен өнөр жайы


144. Техникалык өсүмдүктөрдү иштетүүчү өнөр жай тармагын атагыла?

а) пахтадан кездеме токуу

б) кондитердик

в) эт өнөр жайы

г) тери иштетүү

145. Кыргыз Республикасынын кайсы дарыясында эң көп сандагы гидроэлектростанциялар курулган?

а) Сары-Жаз дарыясында

б) Талас дарыясында

в) Чүй дарыясында

г) Нарын дарыясында


146. Нарын облусундагы Ат-Башы ГЭСи кайсы дарыяда курулган?

а) Нарын

б) Чүй

в) Ат-Башы

г) Тар

147. Көмүр казып алуунун эң эски борбору?

а) Сүлүктү

б) Таш-Көмүр

в) Кажы-Сай

г) Көк-Жаңгак

148. Кыргыз Республикасына жаратылыш газы ташылып келинүүчү ыӊгайлуу, экологиялык жактан таза транспорттун түрү

а) темир жол транспорту

б) автомобиль транспорту

в) куур транспорту

г) аба транспорту


149. Кыргыз Республикасы кайсы түстүү металлды өндүрүү

боюнча КМШда алдыңкы орунда турат?

а) сурьма кендерин

б) темир кендерин

в) калай кендерин

г) жез кендерин


150. Кыргыз Республикасында айыл чарбасына пайдаланылуучу

жерлердин кайсынысы басымдуулук кылат?

а) айдоо жерлер

б) жайыттар

в) чабындылар

г) кайрак жерлер

151. Республиканын бийик тоолуу шалбаа жайыттары кайсы мезгилде пайдаланылат?

а) жаз мезгилинде

б) кыш мезгилинде

в) жай мезгилинде

г) күз мезгилинде

152. Кайсы облуста калкы байыртан бери дыйканчылык менен

кесиптенип келишкен?

а) Чүй облусунда

б) Нарын облусунда

в) Талас облусунда









г) Ош облусунда

153. Кыргыз Республикасынын мал чарбасынын негизги

тармагы.

а) жылкы чарбасы

б) топоз чарбасы

в) кой чарбасы


154. Жеңил өнөр жайынын эң маанилүү тармагы:

а) текстиль өнөр жайы

б) жибек өнөр жайы

в) тор өнөр жайы

г) булгаары бут кийим өнөр жайы


155. Жеңил ѳнѳр жайынын курамына кирген тармакты атагыла

а) мал чарбачылык

б) тор өнөр жайы

в) дыйканчылык

г) дан иштетүү


156. Республикабызда биринчи кант заводу кайсы шаарда

курулган?

а) Токмок

б) Кант

в) Кара-Балта

г) Бишкек


157. Кыргыз Республикасында жүк жана жүргүнчүлөрдү ташууда кайсы транспорттун түрүнүн мааниси чоӊ?

а) темир жол транспортунун

б) автомобиль транспортунун

в) куур транспорту

г) аба транспортунун

158. Кыргыз Республикасында кайсы транспорттун түрү өнүккөн эмес?

а) аба

б) автомобиль

в) темир жол

г) деңиз

159. Бишкек–Ош автомагистраль жолу кайсы ашуу аркылуу өтөт?

а) Долон

б) Өтмөк

в) Төө –Ашуу

г) Кара-Кыя

160. Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык биримдигине

толук укуктуу мүчѳсү болуп кирген жыл

а) 2016-жылы 12-декабрь

б) 2014-жылы 13-май

в) 2015-жылдын 12-август

г) 2013-жылы 13-апрель


161. Кыргыз Республикасы унду импорттогон негизги өлкө.

а) Өзбекстан

б) Тажикстан

в) Казакстан

г) Россия

162. Кыргыз Республикасынын жаратылыш шарты рекреациялык ресурстарга өзгөчө бай аймак

а) Ысык-Көл облусу

б) Баткен облусу

в) Нарын Облусу

г) Ош облусу


163. Бишкек шаары түндүктөгү кайсы өрөөндө орун алган?

а) Талас өрөөнүндө

б) Чүй өрөөнүндө

в) Фергана өрөөнүндө

г) Кочкор өрөөнүндө

через город ОШ

164. Чүй облусу республиканын кайсы бөлүгүндө орун алган?

а) түндүк-батыш бөлүгүндө

б) түндүк бөлүгүндө

в) чыгыш бөлүгүндө

г) түштүк –батыш бөлүгүндө

165. Чүй облусу түштүк-батыш бөлүгүнөн кайсы облус менен чектешкен?

а) Талас облусу

б) Жалал-Абад облусу

в) Ысык-Көл облусу

г) Нарын облусу


166. Талас облусунун аянты канчага барабар?

а) 45,2 миң. км.2

б) 13,4 миң.км2

в) 43,1 миң.км2

г) 11,4 миң.км2



167. Талас облусу Республиканын кайсы бөлүгүндө орун алган?

а) түндүк-батыш бөлүгүндө

б) түштүк-чыгыш бөлүгүндө

в) батыш бөлүгүндө

г) чыгыш бөлүгүндө


168. Талас облусунда экспортко жөнөтүлүүчү дыйканчылыкта

өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүгү

а) картошка

б) буудай

в) мөмө -жемиш

г) төө буурчак


169. Ысык-Көл облусу Кыргыз Республикасынын кайсы

бөлүгүндө орун алган

а) түндүк-чыгыш бөлүгүндө

б) чыгыш бөлүгүндө

в) батыш бөлүгүндө

г) түндүк-батыш бөлүгүндө


170. Ысык-Көлдүн тереңдиги канча?

а) 600м

б) 668м

в) 548м

г) 712 м

171. Кыргыз Республикасындагы «Ала-Арча» улуттук паркы кайсы тоо кыркасында орун алган?

а) Талас Ала-Тоосунда

б) Күнгөй Ала-Тоосунда

в) Кыргыз Ала-Тоосунда

д) Иле Ала-Тоосунда

172. Киров суу сактагычы кайсы дарыяга курулган

а)Чүй

б) Талас

в) Нарын

г) Түп

173. Кыргызстандын кайсы шаарларында троллейбус линиялары бар?

а) Бишкек, Ош, Токмок

б) Бишкек, Ош, Нарын

в) Бишкек, Нарын, Сүлүктү

г) Бишкек, Жалал-Абад, Талас


174. Бишкек шаарында кайсы жылы биринчи жолу самолет конгон?


а) 15.09.1998 ж.

б) 10.10.2000 ж.

в) 14.03.1890 ж.

г) 20.08.1922 ж.


175. Төө ашуу тоннели аркылуу кайсы автомобиль жолу өтөт?


а) Бишкек-Ош б) Каракол-Бишкек в) Бишкек-Торугарт г) Ош-Хорог


176. Ош облусунда өстүрүлгөн өсүмдүктөрдүн кайсынысын субтропикалык өсүмдүк десек болот?

а) алма

б) өрүк

в) алмурут

г) инжир


177. Ички Тянь-Шандагы суу агып чыкпаган көлдү атагыла

а) Чатыр-Көл

б) Соӊ-Көл

в) Сары-Челек

г) Беш-Таш


178. Республиканын кайсы облустарында райондордун саны көп?

а) Нарын, Ош

б) Талас, Жалал-Абад

в) Баткен,Ош

г) Жалал-Абад, Чүй


179. Кыргызстандагы мал чарбачылыгынын ичинен эчки чарбачылыгы кайсы облуста өнүккөн?

а) Нарын

б) Талас

в) Баткен

г) Жалал-Абад


180. « Ала-Арча» улуттук паркы кайсы тоо кыркасында?

а) Кыргыз Ала-Тоосунда

б) Жетим -Тоо,

в) Нарын-Тоо

г) Борколдой-Тоо














Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!