Предмети: Кыргыз тили 4-класс
Сабактын темасы: Кышкы оюндар
Жаңы лексика: Дөбө,колуна карматтык, дем алыш күн, муз аянты, айрымдары, тигине, башына кийгиздик.
Грамматикасы: Эмне кылып жатат? Эмне болуп жатат?
Сабактын максаты:
№ | Сабактын максаттары: | Күтүлүүчү натыйжа: |
1 | Билим берүүчүлүк: Жаңы сөздөрдүн маанисин түшүнүшөт, кышкы оюндар жөнүндө маалымат алышат.. | -эгерде окуучулар жаңы сөздөрдүн маанилерин түшүнүшсө; -кышкы оюндар жөнүндө маалымат алышса; |
2 | Ɵнүктүрүүчүлүк: Сурөт боюнча суроо түзүп, жооп бере алышат жана кан таламай оюнун үйрөнүшөт. | - өз алдынча сүйлөм түзүүгө көнүгүшсө; -эркин оюн айтууга машыгышса; -өз алдынча иштөө жөндөмдүүлүгүн өнүктүрө беришсе; -көнүгүүлөрдү аткара алышса; -текстти окуп, суроолорго жооп бере алышса; |
3 | Тарбия берүүчүлүк: Алган билимдерин турмушта колдоно алышат, таанып –билүүчүлүк көндүмү өнүгөт. | -бири-бирин угушса; -алган билимдерин турмушта колдоно алышса; -кышкы оюндарды баалай билишсе; |
Сабактын тиби: Окуучулардын машыгуусун өстүрүү сабагы
Сабактын жабдылышы: Кышкы оюндар чагылдырылган сүрөттөр ,видиолор, таратмалар, ар түрдүү кагаздар, маркерлер,
Колдонулган адабияттар: А.Р.Алыпсаттарова,Р.К Буйлякеева, З.К.Момункулова “Кыргыз тили жана окуу”. С.Рысбаев,Б.Абдухамидова, А,Батыркулова, Г.Бекбоева “Тарбия берүү- улуу иш”.
Сабактын этаптары Убакыт | Мугалимдин иш аракети | Окуучулардын иш аракети | НК | ПК | МКТ | Баалоо |
Уюштуруу 5 мүн | Окуучулардын тизмесин тактаймын. Жагымдуу маанай түзөмүн. “Макал айтуу” оюну. Макал айткан окуучуларга кол чабуу.Баалоонун түрлөрүн айтып кетемин. Бүгүн кайсы күн? экенин тактап, жазып алабыз. | Саламдашат. Мөөнөтчү окуучу жооп берет. Жагымдуу маанай түзүшөт. М: Иштеген тиштейт ж.б. Окуучулар суроолорго так жооп бергенге аракет кылышат. | | | | |
Үйгө берилген тапшырманы текшерүү 10мүн | Мурунку сабакта окуган текстти суроо-жооп иретиндле кайталашат. Айрым окуучулардын кышкы эмгне тууралуу айтып бергенин угамын. | Окуучулар жазып келген тапшырмаларыны текшертип, оозеки да айтып өтүшөт. | НК1 НК2 НК3 | ПК1 ПК2 | | Калыптандыруучу баалоо |
Окуучулардын билимин актуалдаштыруу 2 мүн | Сүрөттөрдүн жардамы менен жаңы теманы айтып өтөмүн, жеке өздөрүнө упайларды беремин. | Окуучулар суроолорго жооп беришет. Билгендерин айтып, ой бөлүшөт. М:Музда ойноп жүрушөт, лыжа тээп жатат ж.б”.Көк жылгаяк”- деген ырды коюп берүү. | НК1 НК2 | ПК1 ПК2 ПК3 | | Калыптандыруучу баалоо |
Жаңы тема жана сабактын максаты менен тааныштыруу Көнүгүү менен иштөө 10 мүн | Сабактын үч бирдиктүү максаттарын көрсөткүчтөрү менен тааныштырамын. Кышкы оюндар боюнча тех. каражаттын жардамы менен слайд көрсөтүлөт. 1-көнүгүү. Жаңы лексиканы кыймыл аракет, мимика, сүрөт аркылуу түшүндүрөмүн. 2-көнүгүү. “Кышкы оюндар” темасынын айланасында сүйлөшүп, кластер түзөмүн. 3-көнүгүү бюнча чүкөлөрдүн абалы кандай аталарын түшүндуруп беремин. Калгандарын улантышат. | Окуучулар тасманы көрүп, маалымат алышат. айтышат. Окуу китебинин 70-бетиндеги 1 -көнүгүүнү аткарууда сөздөрдү кайталашат, сүйлөм түзүшөт. М:Кыш мезгили.Күн суук. Кар жаап жатат. Бул чана , лыжа, кар киши. 2-көнүгүү боюнча кластерге жазышат, ойлоуну айтышат. Жаңы сөздөрдү эстешет. Берилген чакан текстти кезектешип толуктап (-ып жатат) окушат. 3-көнүгүүнү жакшылап өздөштүрүп алышат. Сүрөт боюнча суроолорго жооп беришет. | НК1 НК2 НК3 | ПК1 ПК2 ПК3 | | |
Жаңы материалды бышыктоо 10 мүн | 4-көнүгүү. Жаңы лексика менен тааныштырып, кайталатамын.Сөз айкаштарын түздүрөмүн. | Окуучулар сөздөрдү кайталашат. Оюндун шартын түшүнүшөт. Сүрөттөгү чүкөлөрдүн абалын айтышат.Мугалим алдын ала даярдаган чүкөлөрдү чачышат, кандай абалда тургандыгын айтышат. Чүкөлөрдү экиден атып ойношот”.Кан таламай “- деген оюнун көрсөтүү | НК1 НК2 НК3 | ПК1 ПК2 ПК3 | | Аныктагыч баалоо |
Артка кайрылуу Рефлекция 5 мүн | Бүгүн аябай кызыктуу сабак болду. Анда силер кандай оюндарды ойнойсуңар? же кандай улуттук оюндарды билесиңер? жазып калтыргыла. | Окуучулар кызыгуу менен таратмаларга жазып калтырышат. Ойлорун айтышат. “Ордо”, “Шахмат”.Улуттук оюндарды видиодон көрсөтүү | НК1НК2 НК3 | ПК1ПК2 ПК3 | | Калыптандыруучу |
Үйгө тапшырма берүү 2 мүн | Үйгө сүрөттөр боюнча ким эмне кылып жатканын жазып келесиңер. Этиштин учур чагында. | Жазып , белгилеп алышат. | | | | Калыптандыруучу баалоо |
Баалоо 1 мүн | Окуучулардын билими сабактын максатына ылайык, айтылган көрсөткүчтөрдүн негизинде бааланат. Саламатта баргыла | | | | | |