СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кызыктуу фактылар

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кызыктуу фактылар»

Кызыктуу фактылар

Кызыктуу фактылар

Кытайда адам организми телефонго заряд катары колдонулушу мүмкүн. Күтүлгөндөй, келечекте смартфондор зарядды адамдын жүрөк согушунан толтуруп алат. Ал үчүн телефонго кичинекей электростанция орнотулмакчы.Ал телефонго энергияны өткөрүп турат. Мындай ыкма жаныбарларда колдонулду.

АКШда атактуу Marlboro тамекисинин “ковбою” өпкө оорусунан каза тапты. Актер жана модель Эрик Лоусон 73 жашта болчу. Анын көз жумушуна көп чылым чегүүдөн пайда болгон өпкө оорусу себеп болду. Эске салсам, Лоусон 1970-80-жылдары Marlboro бренди үчүн жарнамалык роликтерде ковбойдун образын жараткан. Белгилүү болгондой, актер 14 жашынан баштап тамеки тарта баштаган.

Америкада “акылдуу” капчык чыгарылды. Аны уурдап кетишсе, бул жөнүндө дароо кожоюнга белги берилет. Чоң эмес пластикалык карта капчыкка салынып, смартфонго туташтырылат. Эгер капчыктын ээси аны үйдө унутуп калса, байланышын жоготкон смартфон катуу үн чыгарып баштайт. Ошол сыяктуу эле, капчыкты уурдаган адам тараптан белги жаңырат. Анын үнү жада калса көчөдө 10 метр аралыкта угулат.

Канаданын 104 жаштагы тургуну сууда сүзүүдө 2 ирээт рекорд койду. Яринг Тиммерман февралда 105 жашка толгондуктан, бул жаш категория ичинде да ал эң мыкты жана жалгыз рекордчу сүзүүчү болот. Тиммерман карыя жумасына эки жолу бассейнге барып, машыгып турат.

Африканын 25 жашар тургуну Мандла Масеко космоско жолдомо утуп алды. Америкалык космостук академия тарабынан уюштурулган сынакка 1 миллиондон ашык адам катышкан. Талапкерлер өтө оор физикалык машыгууларда атаандашып, ондогон тестирлөөдөн өттү. Жеңүүчү Мандла Масеко – Африканын айылдарынын биринде турат. Эми минтип анын бала кезинен берки каалоосу орундалганы турат. Ал кара түстөгү африкандыктардан алгачкы болуп 2015- жылы космоско учат.

Дабакер укроп
Кадимки эле укроп уйкусуздукка жакшы жардамын тийгизет. Анда эфир майы бар болгондуктан организмдеги чыңалууну кетирип, жакшы уйкуга өбөлгө болот. Мындан тышкары ал тамакка болгон табитти ачып, көкүрө ктөгү какырыкты да алып чыгат.
Жатаар алдында укроптон чай демдеп, 1 стакан ичсеңиз катуу уйкуга чөмүлө сүз. Укроптун өзү жокто анын уругун да пайдалансаң ыз болот. 2 чай кашык урукту 2 стакан кайнак суу менен демдеңиз да, күнүнө 3 жолу жарым стакандан тамакка чейин жана 1 стакан уктаар алдында ичиңиз.

Суудан соң, сулаңыз… 
Бир күндүк чарчооңуздан кутулууга жылуу ваннадан өткөн керемет жок. Ал эми ага бир канча чөптүн түрүнө н салып жатсаңыз - мемиреген уйкуга жетеленип, түнүң үз бейпил болот.
Кечки тамактан бир сааттай убакыт өткөн соң 37-38 градус температурадагы сууну толтуруп, 50 граммдан жалбыз, ромашка, мелисса, календула, роза гүлүн же өзүң үзгө жыты жаккан башка бир чөптөн кошуп, сууда 20 мүнөт жатып эс алыңыз (андан ашыкча эмес). Мындан соң дароо жатууга камданың ыз.
Кебете-келбет кем болбосун
 Бөбөк балдар уйкусунун канбаганынан улам чалынып жыгылуу, денесин кокустатып алууга көп чалдыгышат.l 
 Өспүрү мдөр наристелер сыяктуу эле 8,5-9 сааттан кем уктабашы керек. Тилекке каршы, алар улуулардын жашоосу менен жашап, убагында эс алышпайт.l
 17-19 саат уктабаган айдоочу мас адамдан жаман. Жолдо баратып уктап кеткен айдоочу айынан көптөгө н автокырсыктар кездешет.l
 Уйкудан калган адам эртең мененкисин кебетеси жагымсыз тартып, өз жашынан улуу көрүнө т.l
Түндүн бейпили, күндүн куунагы жакшы
Уйку - денеңиз эс алатурган, көңү лүңү з тынч алатурган жай. 
Башкача айтканда, акысыз санаторий десек да болот. Эчкандай аракет кылбай, акча коротпой эле уйкунун кучагында жатканда өзүң үзгө, денсоолугуң узга көп пайдалуу нерсе аласыз. Тынч уктап, бейпил түн өткөргө н адамдын денсоолугу да жакшы, жашоосу да сергек болот. 

Акылкөрө ңгөң дү сакта
Эртең мененкисин уйкусу канбай туруп кеткен адамдын организми уйку-соо абалында кала берет. Мындай убакта кантамырың ыз жай согуп, ички органдарың ыз да ишке жакшы киришпей, тамакка табит тартпайт. Уйку канбаган убакта сырткы суукка жылуу кийинип чыгуу да таасир бербей, адам чыйрыга берет.
Уйкусуздук менен жабыркагандарга оору бат жугуп, сакайуу кыйындыкка турат, организм алсыз болот. Аз уктаган адам акыл калчоо жагынан да аксайт. Канадалык профессор Стенли Ковендин айтуусу боюнча, уктабай калган ар бир саатың аң-сезимиң ди 1%га төмөндө төт. Анын жүргүзгө н тажрыйбасы суткасына 3 саатка кем уктагандардын акыл көрөң гөсү 15%га төмөндө гөнүн көрсөткө н.

Уйкуну келтирбей кармап туруу үчүн…  Сагыз же кургатылган жер-жемиш чайнаганда жаак сөөктө рү иштеп, ал уйкуну келтирбө өгө жардам берет.l
 Кофе менен чайды уйкусуздук үчүн колдонууда абайлаңыз, өтө көп ичүү жүрөктү н согушун тездетип, артериалдык канбасымды көтөрү п жиберет.l
 Муздак аба, муздак сууга чайынуу денеңизди сергитет, уйкуңузду умачтай ачат.l
 Бирөөлө р менен жандуу сүйлөшү ү, үн чыгарып ырдоо да жабышкан көздөрү ңүздү ачат.l
Уйкуга эмнелер тоскоол?
Кофе, кызыл чай, кока-кола уйкуну бузат. Жакшы уйку үчүн жалбыз, валериана чөптөрү нөн демделген чай, же бир стакан жылуу сүт жутуңуз.
Жатаар алдында буркурата чегилген тамеки, алкоголь ичимдиктери тынч уйкуну жоготот. Түнкү ичилген коньяктан кийин болсо таңында ойгонуу,калыбың а келүү өтө кыйын.
Жатаар алдында күчтүү тамактанып алганда организм тамак сиңирү ү менен алектенип, уйку менен эсалдырууга күчү жетпей калат.
Жумшак төшөк, чоң жаздык денени жакшы эс алдырбайт, тынч уктоого тоскоолдук кылат. 
Уктоочу бөлмөдө гү турган иш столу, компьютер уктоого терс таасирин тийгизет.
Башжагың ызда турган сааттын "бетин" тескери буруп коюу оң натыйжа берет.
Уктабаган адам - дөөрү кчүл
Уйкудан дайыма жапа чегип жүргөн адам жөнүжок ачууланып, сөз көтөралбай, нерви чыңалуу абалында жүрөт. 1896-жылы эле америкалык доктурлар нерви жайында, денсоолугу чың адамдарга тажрыйба жүргүзү п, аларды 90 сааттык түнкү эс алуусунан ажыратышкан. Натыйжада: 2-3 күндүк уйкудан калган тигилер аң-сезимдү ү ойлонуу, көңү л буруу, маалымат кабыл алуудан калып, жашоого болгон сезимталдыгын, кубанычын жоготушкан. 5 күнгө чейин уктабагандары болсо соо абалында айтпачу сөздөрдү сүйлөп, дөөрү гөн абалга жетишкенде - доктурлар андан ары тажрыйбаны улантуудан чочулашып, дароо токтотушкан. 
Ал эми Чикагонун медициналык борборундагылар жүздөгө н жубайлардын ажырашуусун көзөмө лдөп, уйку сүйүү чүлөр оор, кайгы-капа бастырган ажырашууну оңой көтөрө рүн далилдешкен. Кыргызча айтканда, "санаасы жок - уйкучу" беле...
Чөп-жаздык 
Чөп чайын демдегенден, чөп суусун даярдагандан жалкоолонсоң уз, же шартыңыз болбосо, жыпар жыты уйкуга жетелеген чөптөрдө н жаздык даярдап алсаңыз болот. Бул шыпаагерчиликтин денсоолукка таптакыр зыяны жок жана жагымдуу.
Арча, ромашка, карагай тобурчактарын майдалап, жука чүпөрө ктөн тигилген баштыкчага салып баш жагыңызга коюңуз да, жыттап жатыңыз. Же болбосо жаздыктын өзүн чөптөр менен толуктап алсаңыз да болот. Жогорудагы чөптөрдү н баары эфир майын камтып, жыттаган сайын организмди эсалдырып, тынч уйкуну берет.
Чарчап жумуштан кайтканда 
Кээ бир адамдар иштен чарчап кайтканда бир аз жыргап, эс алып же уктап алып, анан үй тиричилигине киришүү нү жакшы көрүшө т. Бирок күндүзү иштеп, кийинки уйку денени жанчып, алсыздандырып коёт жана түнкү уйку бузулат. Жумуштан келген соң дароо бөлмөнү желдетип, үйгө кийүүчү кийимдериң изди которунуп кийиңиз. 
Колдоруң уз менен бир нече бошоңдотуучу кыймылдарды жасап, керилиңиз. Анан чалкаңдан жатып, булчуңдарың ызды бошотуңуз да, дем алуу тереңдигин күчөтпө й, көздөрү ңүздү жумуп,бир калыпта дем аласыз. Дем алуу кыймылынын ритмикасы жөн эле саноо жолу менен жүргүзү лөт. Мисалы, дем алуу-бир, эки; дем чыгаруу-бир, эки, үч. Ушундай дем алуунун натыйжасында 5-10 мүнөт өткөндө н кийин, нерв системасында тормоздоо жүрүп, адам өзүн уйкусуроо абалында сезет. Анан жүрөк кан тамыр, дем алуу, тамак сиңирү ү системаларынын активдүү лүгү басаңдап, вегетатив борборлорунда тормоздонуу процессинин башталгандыгы байкалат. Бул процедура 20-30 мүнөткө созулат. Ушундан кийин таза абага бир аз чыгып, анан үй тиричилигине кирише берсеңиз болот. Мындай дем алууну адамдарга байкоо жүргүзгө ндө, бардыгы тең өзүн жакшы сезип, сергектенип, эмгекке жөндөмдү үлүгү жогоруларын айтышкан.

Уйку качканда 
Жумуштан үйгө келдиңиз, бүгүн бир жакшы уктап алгыңыз келет, ал эми канча аракеттенсең из да уйку жок. Бир саат жатасыз, эки саат, үч саат, анан туруп уйкунун дарысын ичесиз, ушундан кийин уктадыңыз дейли, бирок эртең менен баш көтөрү лбөй денеңиз жанчылгандай оорлошуп калат. Ушундай абал бир нече жолу кайталангандан кийин, уйку качты дейбиз. Бирок ушул абал көп убактарда жөн эле бир жөнөкө й гигиеналык эрежени бузганга байланыштуу болушу дагы мүмкүн. Маселен, уктоочу бөлмө үп болуп, дем алууга кыйын же жамынып жаткан жууркан өтө жылуу болгондуктан да уйку качат. Болбосо жатарда кофе же кара чай ичсе да ушундай абалга алып келет.
Ошон үчүн уктаарда ушул өңдү ү уйкуга зыяны тийүүчү тамак-аштан алыс болуп, бөлмөнү желдетип алуу керек, чай же кофенин ордуна жылуу сүт, ромашканын кайнатмасы же бир чай кашык бал кошулган жылуу суу ичсеңиз, булар уйкуну тезирээк чакырат. 

 




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!