СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Лекция 14. Окуучулардагы илимий көз карашты калыптандыруу жана акыл табиясы.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Көз караш дегенбиз адамдын чындыкка: социалдык чөйрөгө, табияттын кубулуштарына, адамдын бири-бири менен жана коом менен карым-катнашына карата мамилелерин көрсөткөн дүйнөгө болгон көз караштарынын системасы болуп эсептелет.

Жеке инсандын көз карашы менен коомдогу таптардын көз караштарын айырмалоо керек. Ал эми инсандын көз карашы анын ой-толгоолорунда, сезиминде, эркинде, ишмердүүлүгүндө байкалып, анын субөективдүү абалын көрсөтөт.

Илимий көз караш дегенбиз тарыхта такталган билимдердин тыянагына негизделип, элдин түрдүү ишмердүүлүктөрүнөн көрүнүп турган, адамдын коомго жана табиятка карата болгон материалисттик көз караштарынын системасы болуп эсептелет.

Просмотр содержимого документа
«Лекция 14. Окуучулардагы илимий көз карашты калыптандыруу жана акыл табиясы.»

Лекция №14

Окуучулардагы илимий көз карашты калыптандыруу жана акыл табиясы.

(2 саат)

Негизги суроолор

  1. Көз караш жөнүндө түшүнүк

  2. Көз караштын структурасынын негизги белгилери

  3. Илимий көз караштын калыптанышы

  4. Окуучулардын акылын өстүрүү

  5. Көз караш жана акыл ишмердүүлүгү

  6. Илимий көз караш жана атеизм.

1. Көз караш жөнүндө түшүнүк

Көз караш дегенбиз адамдын чындыкка: социалдык чөйрөгө, табияттын кубулуштарына, адамдын бири-бири менен жана коом менен карым-катнашына карата мамилелерин көрсөткөн дүйнөгө болгон көз караштарынын системасы болуп эсептелет.

Жеке инсандын көз карашы менен коомдогу таптардын көз караштарын айырмалоо керек. Ал эми инсандын көз карашы анын ой-толгоолорунда, сезиминде, эркинде, ишмердүүлүгүндө байкалып, анын субөективдүү абалын көрсөтөт.

Илимий көз караш дегенбиз тарыхта такталган билимдердин тыянагына негизделип, элдин түрдүү ишмердүүлүктөрүнөн көрүнүп турган, адамдын коомго жана табиятка карата болгон материалисттик көз караштарынын системасы болуп эсептелет.

2. Көз караштын структурасынын негизги белгилери

Билим, элес-булас тааныштык, түшүнүк көз караштын структуралык бөлүктөрүнүн баарынан мурда пайда болот. Алган билим чындыкты чагылдырса, дүйнөгө болгон көз караш да туура болот.Адамда көз караштык билимдин гана болушу аздык кылат, ал билимдин чындык экендигине адам шек келтирбей ишенүүсү зарыл. Ишеним - көз караштын экинчи структуралык бөлүгү. Ишенимдин мааниси өтө зор, анткени адамдардын ишмердүүлүгү ишенимге таянат.

Билим менен ишеним экөө бирдей боло бербейт. Мисалы биз идеализм эмне экенин билебиз, бирок бул көз караштын чындык экенине ишенбейбиз.

«Чындык» менен «ишеним» деле бирдей эмес. Адам жалган нерсени чын деп ишенүүсү мүмкүн (мисалы ырым-жырымга), тескерисинче чын нерсени жалган деп ишенбей коюусуда мүмкүн. Жалганды чын деп кабыл алганда сокур ишеним пайда болот. (Ырым, бакшы, бүбүгө ишенүү).

Дүйнөгө болгон көз караштын эки түрү бар: бири илимге каршы (идеалисттик), экинчиси илимий (материалисттик).

Идеализм менен метафизика илимге каршы көз караштын теоиялык негизин түзөт, материализм менен диалектика илимий көз караштын теориялык негизин түзөт. Илимий көз караш башка көз караштар менен келишпес күрөш жүргүзөт. Ал күрөштөгү позициясы - коргонуу эмес, дайыма чабуул коюу.

Илимий көз караш адептүүлүк норманын талаптарына ылайык ишке ашат. Аны менен тыгыз байланышта.

3. Илимий көз караштын калыптанышы

Илимий көз караштын калыптанышы илимий билимдердин негиздеринин эң башкы идеялары болгон: дүйнөнүн материалдуулугу, аны терең үйрөнүп таанып билүү мүмкүндүгү, айлана-чөйрөдөгү чындыкты адамдын өзгөртө алуу мүмкүнчүлүгүнүн мыйзам ченемдүүлүгү, коомдук кубулуштардын маңыз-маанисин жана себептерин билүү мүмкүндүгү, эксплуататордук коомдо эзилүүчүлөр менен эзүүчүлөрдүн кызыкчылыктарынын келишпес карама-каршылыгы өңдүү түшүнүктөрдү жаштардын кабыл алып, терең аңдап түшүнүүсүнө жараша болот.

Адамдын дүйнөгө болгон көз карашы кубулуштардын маңыз-маанисин-түшүндүрө билүү менен гана чектелбестен, анын практикалык ишмердүүлүгү менен күндөлүк эмгегинде да көрүнүп туруусуна жетишүү - тарбия процессинин негизги милдети болуп эсептелет.

В.А.Сухомлинскийдин мектебинде окуп жаткан учурунда ар бир окуучу табияттын күчүн өзүнө багындыра ала турган бир нече тапшырмаларды аткаруунун үстүнөн эмгектенишкен. Алсак, дан эгидеринин айрымдарынан бир жылда эки түшүм алышкан, атайын жер семирткичтерди пайдаланып айрым өсүмдүктөрдүн жетилүүсүн тездетишкен, селекция жолу менен буудайдын суукка чыдамдуу сортун чыгарышкан, бир нече чарчы метр эч нерсе өспөгөн топурагы бар жерди көк ала майданга айлантышкан, кызылчанын канттуулугун ашырышкан ж.б.у.с. көп иштерди аткарышкан. Мындай тажрыйбалар жараянында чындыкты дагы тереңирээк таанып билип, адам өзүн-өзү да жакшылап таанып, табигаттын сокур күчтөрүнүн колундагы оюнчук эмес экендигине ишене баштайт (62, 217).

Окуучулардын көз караштык ишенимдери алардын активдүү ишмердиги процессинде калыптануусу өтө маанилүү. Мындай учурда адам өтө зирек, көп билүүгө кунт койгон мүнөзгө ээ болот. Мындай адамдар табияттын кубулуштарындагы себеп-натыйжа байланыштарынын татаал айкалышууларын аңдап түшүнүүгө умтулат, күч эмгегин сүйүшөт, ага интеллектуалдык башталыштарды кийирүүгө далалаттанат. Алар бирге эмгектенгендерин бир да кубулушту калтырбай үйрөнсө болот деп ишендире алат. Бала чындыкты өз эмгеги менен ачып гана тим болбостон, ал чындыкты аңдап түшүнүп, кыйынчылыкты жеңип, жаңылыкты ачуунун рахатын башынан кечирсе гана сырткы дүйнөнү активдүү көрө алат. Ошондо гана ал үчүн чындык жакын, ал үчүн чындык кымбат болот. Ошондо гана ал эч качан чындыкты бурмалабайт жана башкалардын бурмалоосуна жол койбойт.

В.А.Сухомлинский: «Таанып билгенди далилдөө жана далилдегенди таанып билүү - так ушул эмгек менен ой толгоонун биримдигинде акыл тарбиясы менен көз караштын биримдиги турат» - деп жазат (62, 217).

Илимий көз карашты калыптандыруу үчүн тарбиячы балдардын жан дүйнөсүнө терең ойлонуу менен үңүлүп кирип, алардын ой-чабыттарына, сырткы дүйнөнү таанып билүүсүнө, эмгектеги ишмердүүлүктөрүнө кылдат педагогикалык жетекчилик кылуусу ылазим.

Тынымсыз окуп изденүү баланын көп кырдуу интеллектуалдык жашоо чөйрөсүнүн бир бөлүгү катары анын эрки менен акыл дараметинин оюнуна айланса, окуп изденүү ага ааламга көз чаптыра турган терезени ачып берсе, ааламдан бала көп кызыктарды, азгырууларды көрсө, өзүн толкундаткан суроолорго жоопту ал китептерден, табияттын өзүнөн жана айлана-чөйрөдөн издесе гана, өздөштүргөн билими анын дүйнөгө болгон илимий көз карашын калыптандыруучу факторго айланат. «Окуучудагы билимге болгон чаңкоо - деп жазат В.А.Сухомлинский, - жакшы уюштурулган окутуунун гана натыйжасы эмес. Илимий көз карашты калыптандыруу процессинин накта маңыз-мааниси (62, 217). Окуучу жаш кезинде көп нерсе жөнүндө кабардар болуп, аларды билип алары жалпыга маалым. Өзүн курчап турган сырткы дүйнөнүн жашыруун сырларына жана мыйзам ченемдүүлүктөрүнө карата окуучунун мамилесин мугалим кандай уюштура алса, окуучунун билимге карата жекече мамилеси так ошондой болот. Билимдин кайра өзгөртүп жаратуучу күчүн өз тажрыйбасында таанып билген бала билимге карата активдүү позицияда болот. Эмгек жараянында ал канчалык көп таанып билсе, эмгектин сезимди толкундаткан рахатын башынан ошончо терең кечирет, ал ошончолук көп билүүгө умтулат, ошончолук билимге болгон чаңкоону, зиректикти, билүүгө болгон кунттуулукту баштан көбүрөөк кечирет.

Табият жөнүндөгү илимдеринин негиздерин окуп үйрөнүүнүн жүрүшүндө балдар акырындык менен дүйнөгө болгон көз караштары таяна турган илимдеги негизги идеяларга түшүнүүсү акырындап тереңдей берет. Ал идеялар: айлана-чөйрөдө жандуу жансыз жаратылыштын эч качан тыныгууну билбеген, түбөлүктүү карым-катнашы болуп турат, табияттын күчү жансыздан жандууну-жашоонун булагын-органикалык заттарды жаратып турат, жандуу жаратылыш жансыздан органикалык заттарды түзүү үчүн биринчи материалды алат, заттардын алмашуусун пайда кылат. Адам өзү табияттын бир бөлүгү болуп туруп, анын татаал жараянын байкап, иликтеп үйрөнүп, таанып билүү менен чектелип калбастан тартынбай ага зордуктап киришип, жашоо кубулуштары күч алуусу үчүн ыңгайлуу шарт жаратып, организмдер үчүн чөйрө түзөт жана аны өзгөртөт.

Башталгыч класстарда окуучулар өсүмдүктөр жана топурак, жашоо жараяны, минералдык жана органикалык семирткичтер жашоо жараяндары үчүн шарт жаратуучу эмгектин ролу жөнүндөгү биринчи маалыматтарды талдап түшүнө башташат Мындай окумуштуулардын өмүр баянындагы урунттуу жерлерин сабакта окуучулардын аң-сезимине жеткизе, эмоционалдуу кылып баяндап берүүнүн мааниси да өтө зор. Элестүү, таасирдүү кылып илимдин өнүгүшүндөгү идеялардын күрөшүн окуучуларга баян этүү -диалектикалык-материалисттик идеялардын тууралыгын жана гумандуулугун окуучулардын аң-сезимине терең жеткизип, билимге, маданиятка карата алардын эмоционалдуу мамилесин пайда кылат. Улуу адамдардын өмүрү жана эмгектерине байланыштуу кечелер, конференциялар мектепте өткөрүлүп турушу керек.




4.Окуучулардын акылын өстүрүү

Н.Г.Чернышевскийдин ою боюнча адабият турмушта жашоонун окуу китеби болуп калууга тийиш. Ан үчүн жакшылыктын, намыс ариеттин жана чындыктын көркөм образда чагылдырган идеалы чыныгы сулуулуктун идеалы катары окуучулардын көңүлүн өзүнө буруп, алардагы аруу, ак, чырайлуу жана таза жашоого болгон умтулуусун козгоосу ылазим. Адабият сабагы балдардын жүрөгүндөгү жакшылыктын, намыскөйлүктүн, чындыктын, сулуулуктун идеалына таңыркоо сезимин козгоосу керек. Өз алдынча көркөм чыгармаларды окуу жана коомдук, адеп-ахлак, эстетикалык курч маселелердин үстүнөн ой жүгүртүү, элинин жана жеке өзүнүн келечегин ойлоо ар бир окуучунун талабына айланууга тийиш.

А.М.Горькийдин айтуусу боюнча адабият идеянын каны менен жаны. Адабиятты өздөштүрүүдө негизги маани субьективдүү факторго көркөм формада кооздолуп көрсөтүлгөн эстетикалык принциптер, социалдык жана нравалык идеялар ар бир окуучунун ички дүйнөсүндө ишениминде жана жүрүш-турушунда канчалык терең чагылдыргандыгында болуп эсептелет.'

«Эмоция катышпаган адабият сабагындагы акыл уйкуда болот» - деп жазат балдардын жан дүйнөсүнүн белдүү билерманы В.А.Сухомлинский (63).

Адабият мугалимдери биздин чыгаан ойчулдар, көркөм сөз чеберлери, акылман тек, кубары, бабаларыбыздын аң-сезимин, эң жогорку интеллектуалдык потенциалын камсыз кылган чебер тарбиячы даанышман энелердин балдарына, небере, чеберелерине жомок, табышмак, жаңылмач, апыртма, кошок, болмуш, жанытма, эпостордон үзүндү айтып берүүдөгү өтө ийкемдүү усулдук ыкмаларынын психологиялык-педагогикалык негизин үйрөнүүлөрү зарыл. Ал бийиктикке көтөрүлбөй туруп адабиятты турмуш тиричиликтин окуу китеби кылуу мүмкүн эмес. Ансыз адабият жаштардын дүйнөгө болгон көз карашын калыптандыруудагы эң сонун мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарып жиберет.

Математика — табиятты жана коомдук турмушту иликтеп үйрөнүп, илимге терең үнүлүп кирүүчү көз караштык предмет. Математикалык ой жүгүртүү сандардын, чоңдуктардын, геометриялык фигуралардын арасындагы сандык, мейкиндиктик жана функционалдык көз карандылыктарды гана түшүнүү эмес, чындыкка карата болгон өзүнчө бир башка мамиле, табияттын фактыларын жана кубулуштарын изилдөөнүн башкача усулу, кубулуштар арасындагы себеп-натыйжалык байланыштарды талдоонун өзүнчө ыкмалары десек болот. Математикалык ой жүгүртүүсү өспөгөн окуучу бүт сабактарын жакшы өздөштүрүп окуусу кыйын. Математикалык жөндөмдүүлүк - бул акылдын жаркын сапатынын көрүнүшү. Ал сапат ааламды таанып билүүдө жана эмгек ишмердүүлүгүндөгү чыгармачылыктын өркүндөшүн камсыз кылууда өтө чоң ролө ойнойт.

Мектептин жана мугалимдердин эл алдындагы, коом алдындагы эң жоопту милдети - ар бир окуучудагы математикалык шык жөндөмдү өстүрүү жөнүндө кам көрүү!

Математиканы жакшы билип, аны инсандагы асыл сапатты калыптандыруунун каражаты катары чебер пайдалана билген мугалим окуучуларын өз оюн илимий даана, так айта билүү маданиятына ээ кылып, айткан оюн ынанаарлык негиздеп, андан туура логикалык жыйынтык чыгарууга үйрөтөт. Математикалык ой жүгүртүү - бул сулуу, көркөм ойлоонун төркүнү. Математика сабагын талапка ылайык окута алсак, илимий көз караштын негизин түптөгөн болобуз. Окуучунун физика, химия, астрономия сабактарынан өздөштүргөн билиминин анын илимий көз карашын калыптанууга кандай таасир тийгизээрин окуучу материянын, заттардын, энергиянын, кыймылдын касиеттерин жана мыйзамдарын канчалык бекем үйрөнүп, материалдык дүйнөнүн биримдиги жөнүндөгү идеянын жана адамдын акыл күчүнүн чыгармачылык, кайра жаратуучулук жөндөмү жөнүндөгү идеялардын ашкерелениш деңгээлине жараша болот.

5. Көз караш жана акыл ишмердүүлүгү

Дүйнөгө болгон көз караш инсандын мүнөздөмөсүндөгү негизги нерсе. Көз карашы жок инсан болбойт. Дүйнөгө болгон көз караш инсандын жалпы багытын: анын жүрүш-турущун, ишмердүүлүгүн, ошону менен бирге адамдын бардык башка сапаттарын: адебин да, аң-сезимин да, эмгекке болгон мамилесин да аныктайт.

Дүйнөгө болгон терең көз карашы жок адам өз жашоосунун мааниси эмне экенине түшүнбөй, ой келди аракеттерди жасай берет.

Адамдагы башка билимдер - мыйзамдар, идеялар, принциптер, нормалар, эрежелер түрүндө дүйнөнү назарияттык таанып билүүнүн негизин түзөт. Бул билимдер инсандын жүрүш-турушунун пландарын жана перспективаларын аныктайт.

Аңдап түшүнүп жасаган иш аракеттеринин конкреттүү фактыларын жалпылоонун негизинде баланын аң-сезиминде анын мамилелеринин жана үйрөнгөн адаттарынын тажрыйбаларында бекемделген жалпы идея келип чыгат. Ошол учурда гана коомдук тажрыйбаны кабыл алып өздөштүрүүгө база түзүлөт. Ошол идеялар инсандын жүрүш-турушун аныктаган ишеним болуп эсептелет. Ошол ишенимге айланган идеялардын эстүүлүк менен эмоционалдык жаңырыгы баланын дилинен орун алып, мүмкүн болушунча өз тажрыйбасы менен же бала ишенип урматтаган улуулардын тажрыйбалары менен байланышта болуусу зарыл. Ошондо гана баланын аң-сезиминин түзүлүшүндө белгилүү өзгөрүү пайда болот. Ансыз ал идеялар баланын аң-сезиминде бейтарап билим, ооз көптүрмө сөз бойдон кала берет. Мындай кырдаалда ал идеялар менен баланын адеп-ахлактык тажрыйбалары катар жашай берет.

Идеяларды кыйкырыктуу декларациялар үчүн пайдаланса, адам адеп-ахлактык тажрыйбаларын турмуштун амалиятында жегекчиликке алат

6. Илимий көз караш жана атеизм

Динге ишениш, ишенбеш ар кимдин өз эрки. Жумуриятыбыздын конституциясында дин мамлекеттен, мектеп медреседен ажыратылган. Илимий көз караштын калыптанышы атеисттик тарбия менен тыгыз байланышта ишке ашат.

Атеисттик тарбия дегенди динсиз тарбия деп түшүнүү туура эмес. Дин элдин кылымдарды камтыган маданиятынын өзүнчө чагылдырышы. Ошондуктан: «Ар бир жеткинчек диндин тарыхын, социалдык тамырын иликтеп үйрөнүүгө тийиш».Адам барыдан мурда диндин тарыхын, социалдык тамырын, илимий негизин жакшы түшүнүп, дүйнөгө карата илимий көз карашта болуусу ылазим. Бара-бара илимий көз караш жалпы мүнөзгө ээ боло баштаганда атайын атеисттик тарбия жүргүзүүнүн зарылдыгы жоголо берет.


ПАЙДАЛАНЫЛГАН АДАБИЯТТАР

1. Б. Апыш, Д. Бабаев, Т. Жоробеков.Педагогика. Б.,2002

2. И.Ф. Харламов.Педагогика. М., Гордарика 2002

3.В А. Сластенин, И.Ф. Исаев, Е, Н, Шиянов. Педагогика. М., Академия 2006

4.Ситаров В. А. Дидактика. Академия М., 2002

Н. В. Бродская, А. А. Реан- Педагогика Питер. Санкт-Петербург.,

  1. Спрингер С, Дейч Г. Левый мозг, правый мозг, М., "Мир" 1983.

  2. Селевко Г.К. Современные оброзователөные технологии: Учебное посо-бие. М., 1998.

  3. Симаков Г.Н. Общественные функции киргизских народных развлече-ний в конце XIX, нач. XX вв. Л., 1984.

  4. Сухомлинский В.А. Избранные педагогические сочинения в. 3 т.т. М., "Педагогика" 1979- 1981, т 1.

9. Сухомлинский В.А. т 2

10.Сухомлинский В.А- т 3






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!