СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Майсалбектин каты" ("Саманчынын жолу" повестинен) автору Чыңгыз Айтматов

Нажмите, чтобы узнать подробности

     Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" повести - жалпы адам баласынын согушка каршылыгын, жеке бир тагдыр аркылуу Жер бетинде жашаган жалпы аялдардын трагедиясын, өлүм менен өлбөстүктүн кармашын көрсөткөн чыгарма.

     Бир үй-бүлөдөн атанын жана үч уулдун согушка кетиши, алардын мекен коргоо үчүн баш тартпай барышы, а түгүл биринин өзү суранып жүрүп кан майданга аттанышы – дүйнөлүк окурмандарды таң калтырган жана фашизмге каргыш айттырган.

        Повесть жазуучунун чыгарманы ата-энесине арнаган эпиграф менен башталат. Анын тексти мындай: "Ата, мен сага эстелик тургуза албаймын. Сенин кай жерде көмүлгөнүңдү да билбейм. Мына ушул эмгегимди атам, Төрөкул Айтматов, сага арнаймын.

Апа, сен бизди өстүрүп, адам кылдың. Сенин узак өмүр сүрүүңдү тилеп, апам, Нагийма Айтматова, сага арнаймын".

    Майсалбектин каты - чыгарманын маанилүү бөлүктөрүнүн бири. Себеби мында согушка жөнөгөн Майсалбектин, ага типтеш турмуш кейипкерлеринин каты аркылуу жазуучу ата-энесине болгон ыраазычылыгын, сый-урматын бере алган. Ошол эле учурда Майсалбектин образына карата ар бир окурман тандаган жолуна жараша таасир алары талашсыз...

Просмотр содержимого документа
«"Майсалбектин каты" ("Саманчынын жолу" повестинен) автору Чыңгыз Айтматов»

Майсалбектин каты” ("Саманчынын жолу" повестинен)

Эшик алдындагы жоон түп кары алма ошол жылы калың гүлдөп, кайра күч алып жашаргандай сеңселип,шамал тийгенде, бутактарынан аппак күкүм себелеп жатты. Алма гүлдөгөн кезде аба да, көк кашка булактай тунукталып, эң бир таза болот эмеспи. Алыста жалтылдаган тоо мөңгүлөрү даана көрүнүп турду. Үшүнтүп отурганымда, көчөдөн почточу Темирчал кирип келди.

«Арыба, Толгонай», деп анча сөзгө да келе бербей, шашылып, өзүнчө эле алда эмнеге сумсая, күрсүлдөп жөтөлүп, суук тийип калыптыр, кургурдуку деп, сүйлөнүп жатып, сага кат бар беле дегендей, сумкасын аңтарып, кат берди. Анын бул камырабастыгына таарынып:

«Жана эле айтпайсыңбы, зарыктырбай! Кимден экен?» - десем, Майсалбектен көрүнөт деди. Сүйүнүп жүрөгүм аптыкканынан, демейде Майсалбектин каттары үч бурчтук болчу эле, бул жолу басма менен басылган төрт бурч, сырты калың атлес кагаз экенин да капарыма ала бербептирмин. Ушул учурда жарадар бутун сүйрөп балдакчан Бектурсун келип калды. Коңшубуз эле, эриккенде биздикине келип, кобурашып кете турган. Кат келген турбайбы, Майсалбектен го деп, өтө сабыр күтүп, кол алышты. «Колуң эмне калтырайт? Бери отуруп, окуп бере салчы» - дедим. Ошентсем кийиздин четине отуруп жатып, кокуй, бутум деп онтоп, иреңи кубарып, тердеп кетти өзү. Катты колу калтырап араң ачты да, окуй баштады, А, кайран балам, кайран кат...

"Апаке, ак сүтүңдөн айланайын апакем. Мен сенин кандай киши экениңди билбесем, бул катты жазбайт болчумун. Сенин акылмандыгыңа, кайратыңа, сенин күчүңө ишенип жазып отурам. Ошентсе да эмне деп түшүндүрүп, эмне деп айтууга сөз табалбай, алакандай ак баракты тиктеп отурган кезим.
Акыр түбү менин кылган ишимди туура деп табарсың, мен ага өзүмө ишенгендей ишенем. Ооба, апа, сөзсүз мени туура дээрсиң... Антсе да, түшүнсөң да, жүрөгүңдүн түпкүрүндө мага деген айтылбаган сурооң калар: "Балам кантип өз өмүрүңдү өзүң кыйдың? Адамга бир гана жолу берилчү бул жарык дүйнө менен кантип өзүң эле коштошуп кете бердиң? Мен сени эмнеге төрөп, эмнеге өстүрүп
чоңойттум?" Ооба, апа, энесиң, сенин бул сурооңо тарых кийин жооп берер. Ал эми менин айтаарым, согушту биз тилеп алган жокпуз, бул көптүн башына келген кыйын иш, бүткүл адам баласына балта урган зулум күч. Биз аны менен күрөшпөй коё албайбыз, аны үчүн кан төгүп, аны үчүн жан берип, аны кыйратып жок кылууга милдеттүүбүз. Антпесек биздин адам деген атыбыз өчөт. Мен согушта жүрүп эрдик көрсөтөйүн деп эч качан эңсеген эмес элем, мен өзүмдү эң бир жөнөкөй, эң бир асыл ишке — мугалимдикке даярдап жүргөм. Заманым ушул экен, балдарды тамга таанытып окутуунун ордуна, курал кармап жоокер болдум. Ал менин айыбым эмес.
Бир сааттан кийин мен мекеним тапшырган ишке барып, кайра кайтпаймын.
Душмандын талылуу жерине барып, аны кыйратып, өзүм да жок болом. Мекен үчүн, эл үчүн, жеңиш үчүн, дүйнөнүн бардык жакшылыгы үчүн...
Ыйлаба, апа, эч ким ыйлабасын... Кош, түбөлүккө кайыр кош!.. Кош, карааныңдан айланайын, Ала-Тоо!
Сенин мугалим уулуң — лейтенант Майсалбек Субанкулов".

Фронт. 9-март 1943-ж. түнкү саат - 12.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!