СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Махмуд кашгари презентация

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Махмуд кашгари презентация»

§10. Махмуд Кашгари Барскани жана анын «Диваны» Кыргызстан тарыхы 7-класс

§10. Махмуд Кашгари Барскани жана анын «Диваны»

Кыргызстан тарыхы

7-класс

Сабакка колдонулган медиа материалдар

Сабакка колдонулган медиа материалдар

Сабактын максаттары Билим берүүчүлүк: Окуучулар Махмуд Кашгари Барсканинин өмүр баяны жана чыгармасы «Дивани лугату т-түрк» боюнча толук маалыматтарды алышат. Чыгармачыл топтордо иштешет. Өнүктүрүүчүлүк: Түшүнүгүн, өз оюн эркин айтуу менен окуучулар бири-бири менен аңгемелешүү аркылуу ой-жүгүртүүсү, элестетүүсү, кыялдануусу, кабыл алуусу калыптанат. Тарбиялык: Махмуд Кашгари Барсканинин мурастарын баалоого, анын калтырган «Диванын» көздүн карегиндей сактоого, андагы Кыргызстан жөнүндөгү баалуу маалыматтарын терең урматтоо менен мамиле жасоого тарбиялынашат.

Сабактын максаттары

  • Билим берүүчүлүк: Окуучулар Махмуд Кашгари Барсканинин өмүр баяны жана чыгармасы «Дивани лугату т-түрк» боюнча толук маалыматтарды алышат. Чыгармачыл топтордо иштешет.
  • Өнүктүрүүчүлүк: Түшүнүгүн, өз оюн эркин айтуу менен окуучулар бири-бири менен аңгемелешүү аркылуу ой-жүгүртүүсү, элестетүүсү, кыялдануусу, кабыл алуусу калыптанат.
  • Тарбиялык: Махмуд Кашгари Барсканинин мурастарын баалоого, анын калтырган «Диванын» көздүн карегиндей сактоого, андагы Кыргызстан жөнүндөгү баалуу маалыматтарын терең урматтоо менен мамиле жасоого тарбиялынашат.
Сабактын планы Карахандар бийлеген чөлкөмдөрдөгү маданий очоктор Барскан шаары тууралуу маалыматтар Махмуд Кашгари Барсканинин санжыралык теги Махмуд Кашгаринин Ысык-Көлдөгү балалык чагы Махмуд Кашгари Барсканинин жер кезүүсү 2017-ж. Кыргызстанда Махмуд Кашгари Барсканинин «Диванынын» 940 жылдык мааракесин белгилөө

Сабактын планы

  • Карахандар бийлеген чөлкөмдөрдөгү маданий очоктор
  • Барскан шаары тууралуу маалыматтар
  • Махмуд Кашгари Барсканинин санжыралык теги
  • Махмуд Кашгаринин Ысык-Көлдөгү балалык чагы
  • Махмуд Кашгари Барсканинин жер кезүүсү
  • 2017-ж. Кыргызстанда Махмуд Кашгари Барсканинин «Диванынын» 940 жылдык мааракесин белгилөө
Карахандар бийлеген чөлкөмдөгү маданий очоктор Карахандар мезгилиндеги шаарлар: Кашкар Баласагын Бухара Шаш (Ташкент) Тараз Испижаб(Чымкент) Ош Өзгөн Хотан Барскан Атбаш Кочкор-Башы

Карахандар бийлеген чөлкөмдөгү маданий очоктор

Карахандар мезгилиндеги шаарлар:

  • Кашкар
  • Баласагын
  • Бухара
  • Шаш (Ташкент)
  • Тараз
  • Испижаб(Чымкент)
  • Ош
  • Өзгөн
  • Хотан
  • Барскан
  • Атбаш
  • Кочкор-Башы
Барскан шаары Ысык-Көл («Барскандын көлү» БАРСКАН «Барскан-көлдүн жээгиндеги көркөм курулган бай шаар». «Ааламдын чектери» («Худуд ал-аалам») Барскан шаары Карахандардын Ысык-Көл аймагында жайгашкан. Башында дубандык бек турган. Барскан беги өзүнүн тыйынын да чектирген. Барскан беги Баласагында, кийинчерээк Кашкарда отурган Чыгыш Карахандар каганынын бийлигин тааныган.

Барскан шаары

Ысык-Көл

(«Барскандын көлү»

БАРСКАН

«Барскан-көлдүн жээгиндеги көркөм курулган бай шаар».

«Ааламдын чектери» («Худуд ал-аалам»)

Барскан шаары Карахандардын Ысык-Көл аймагында жайгашкан. Башында дубандык бек турган. Барскан беги өзүнүн тыйынын да чектирген. Барскан беги Баласагында, кийинчерээк Кашкарда отурган Чыгыш Карахандар каганынын бийлигин тааныган.

Махмуд Кашгари Барскани Махмуддун атасы-Хусейн Чоң атасы-Мухаммед Махмуд Кашгари өз эмгегинде өзү тектүү жерден чыккандыгын, так айтканда Карахандар кагандыгын негиздеп, мамлекетти бийлеп келген бабалардын урпагы экендигин белгилейт. «Бул китептин автору Махмуд айтат: ушул эле жагдайдан улам биздин эмир бабаларыбызды (огуздар) «хэмир» дешчү деген саптар жолугат. Махмуд ибн Хусейн ибн Мухаммед

Махмуд Кашгари Барскани

Махмуддун атасы-Хусейн

Чоң атасы-Мухаммед

Махмуд Кашгари өз эмгегинде өзү тектүү жерден чыккандыгын, так айтканда Карахандар кагандыгын негиздеп, мамлекетти бийлеп келген бабалардын урпагы экендигин белгилейт. «Бул китептин автору Махмуд айтат: ушул эле жагдайдан улам биздин эмир бабаларыбызды (огуздар) «хэмир» дешчү деген саптар жолугат.

Махмуд ибн Хусейн ибн Мухаммед

« Мен өзүм алардын (карахандык түрктөрдүн) тили өткүр чеченинен, айтаары ачык жетигинен, көөдөнү таза тетигинен, ак сөөк тектүүсүнөн, найзасы таамай эптүүсүнөн болуум менен бирге, түрк, түркмөн-огуз, чигил, йагма, кыргыздардын калааларын жана талааларын изилдейм, аалардын тилдерин жана накыл сөздөрүн зээнге туттум»,-деп Махмуд Кашгари өз эмгегинде белгилейт.

« Мен өзүм алардын (карахандык түрктөрдүн) тили өткүр чеченинен, айтаары ачык жетигинен, көөдөнү таза тетигинен, ак сөөк тектүүсүнөн, найзасы таамай эптүүсүнөн болуум менен бирге, түрк, түркмөн-огуз, чигил, йагма, кыргыздардын калааларын жана талааларын изилдейм, аалардын тилдерин жана накыл сөздөрүн зээнге туттум»,-деп Махмуд Кашгари өз эмгегинде белгилейт.

Омелян Прицак-украин чыгыш таануучусу, академик Махмуд Кашгари Барсканинин санжыралык тегин украин чыгыш таануучусу, академик Омелян Присак Карахандар сулалесине таандык экендигин аныктаган. 992-ж. Баласагындан чыгып, Саманийлердин Бухара шаарын басып алган Аруун (Харуун) ибн Сулайман ибн Сатук Буура каган Махмуд Кашгаринин өз бабасы эле- деп Омелян Прицак далилдеген.

Омелян Прицак-украин чыгыш таануучусу, академик

Махмуд Кашгари Барсканинин санжыралык тегин украин чыгыш таануучусу, академик Омелян Присак Карахандар сулалесине таандык экендигин аныктаган.

992-ж. Баласагындан чыгып, Саманийлердин Бухара шаарын басып алган Аруун (Харуун) ибн Сулайман ибн Сатук Буура каган Махмуд Кашгаринин өз бабасы эле- деп Омелян Прицак далилдеген.

Махмуд Кашгаринин санжыралык теги Махмуд Кашгаринин атасы Хусейн ибн Мухаммед Ысык-Көлдү башкарган деп Омелян Прицак далилдөөдө. О. Прицактын жоромолунда Махмуд Кашгари Барскани Ысык-Көлдөгү Барскан шаарында 1029-1038-жж. туулган. 993-1024-жж. чыгарылган карахандар тыйыны Биздин күнгө чейин келип жеткен барскандык тыйындар бар. Алар 1048-1054-жж. чегилген. Бул доордо Ысык-Көлдү бийлеген «Шамс ад-Давла Арслан-элик» («Дөөлөт Күнү Арслан-Мамлекет башкаруучу») деген титулга ээ болгон тыйындар табылган. « Диванда» Барскан шаары тууралуу маалыматтардын биринде: «Махмуддун атасы-ушул шаардан болот»,-деген маалымат бар.

Махмуд Кашгаринин санжыралык теги

Махмуд Кашгаринин атасы Хусейн ибн Мухаммед Ысык-Көлдү башкарган деп Омелян Прицак далилдөөдө. О. Прицактын жоромолунда Махмуд Кашгари Барскани Ысык-Көлдөгү Барскан шаарында 1029-1038-жж. туулган.

993-1024-жж. чыгарылган карахандар тыйыны

Биздин күнгө чейин келип жеткен барскандык тыйындар бар. Алар 1048-1054-жж. чегилген. Бул доордо Ысык-Көлдү бийлеген «Шамс ад-Давла Арслан-элик» («Дөөлөт Күнү Арслан-Мамлекет башкаруучу») деген титулга ээ болгон тыйындар табылган. « Диванда» Барскан шаары тууралуу маалыматтардын биринде: «Махмуддун атасы-ушул шаардан болот»,-деген маалымат бар.

Бедел-Арт ашуусу Ысык-Көл Махмуд Кашгари Ысык-Көл аймагы тууралуу, Барскандын калкынын салты, тилдик айырмачылыгы, чарбасы, ашуу-белдери, уруулары тууралуу кеңири түшүнүк берген. «Бедел-Арт-Уч(шаары) менен Барскандын ортосундагы бир ашуунун аты. Өтө опурталдуу ашуу» -деген маалымат Махмуд Кашгаринин эмгегинде бар. «Арт» («ашуу») сөзү борбордук азиялык элдердин ичинен кыргыз тилинде кеңири сакталган. Маселен» Кочкор менен Жумгалдын ортосунда Кыз-Арт деген бел бар.

Бедел-Арт ашуусу

Ысык-Көл

Махмуд Кашгари Ысык-Көл аймагы тууралуу, Барскандын калкынын салты, тилдик айырмачылыгы, чарбасы, ашуу-белдери, уруулары тууралуу кеңири түшүнүк берген.

«Бедел-Арт-Уч(шаары) менен Барскандын ортосундагы бир ашуунун аты. Өтө опурталдуу ашуу» -деген маалымат Махмуд Кашгаринин эмгегинде бар.

«Арт» («ашуу») сөзү борбордук азиялык элдердин ичинен кыргыз тилинде кеңири сакталган. Маселен» Кочкор менен Жумгалдын ортосунда Кыз-Арт деген бел бар.

Балдар Ысык-Көлдө ( Азыркы сүрөт) Ысык-Көлдөгү балалык чагы Балдардын оюну «мөңүз-мөңүз» («мүйүз-мүйүз») деп аталган. Балдар көл жээгиндеги нымдуу кумду сандарынын ортосуна үйүп алышып, тизелеп отурушат. Анан колдору менен кумду урушат. Ошол маалда оюн башчысы балдарга: «Мөңүз-мөңүз» («мүйүз-мүйүз») деп айтат. Калгандары «Эмне мүйүз?»-деп сурашат. Оюн башчысы мүйүздүү жаныбарларды атап баштайт. Оюндагылар аны кайталап турушат. Балдарды жаңылтуу үчүн оюн башычысы айбанаттардын арасына мүйүзү болбогон төө, эшек ж.б. деп атап баштайт. Оюнда жыдып калган баланы кармап, сууга ыргытышат же түртүп жиберишет. Бул оюн Махмуддун балалык чагы Ысык-Көл жээгинде өткөнүнөн кабар берет.

Балдар Ысык-Көлдө

( Азыркы сүрөт)

Ысык-Көлдөгү балалык чагы

Балдардын оюну «мөңүз-мөңүз» («мүйүз-мүйүз») деп аталган. Балдар көл жээгиндеги нымдуу кумду сандарынын ортосуна үйүп алышып, тизелеп отурушат. Анан колдору менен кумду урушат. Ошол маалда оюн башчысы балдарга: «Мөңүз-мөңүз» («мүйүз-мүйүз») деп айтат. Калгандары «Эмне мүйүз?»-деп сурашат. Оюн башчысы мүйүздүү жаныбарларды атап баштайт. Оюндагылар аны кайталап турушат. Балдарды жаңылтуу үчүн оюн башычысы айбанаттардын арасына мүйүзү болбогон төө, эшек ж.б. деп атап баштайт. Оюнда жыдып калган баланы кармап, сууга ыргытышат же түртүп жиберишет.

Бул оюн Махмуддун балалык чагы Ысык-Көл жээгинде өткөнүнөн кабар берет.

Махмуддун теги Араб тарыхчысы Ибн ал-Асир мындай баяндайт: « Андан соң Буура-хан бийлик тизгинин Хусейн Чагры-тегинге деген ысымдуу улуу баласына өткөрүп берди. Аны өзүнүн калайык алдында жарыялаган мураскору кылып койду». Мухаммед Буура хан улуу баласы Хусейн Чагры-тегинге улуу кагандык тактыны берерин айткан. Бул жыл 1057-1058-жж. туура келет.

Махмуддун теги

Араб тарыхчысы Ибн ал-Асир мындай баяндайт: « Андан соң Буура-хан бийлик тизгинин Хусейн Чагры-тегинге деген ысымдуу улуу баласына өткөрүп берди. Аны өзүнүн калайык алдында жарыялаган мураскору кылып койду».

Мухаммед Буура хан улуу баласы Хусейн Чагры-тегинге улуу кагандык тактыны берерин айткан. Бул жыл 1057-1058-жж. туура келет.

Буура-хандын ууктурулуп өлтүрүлүшү Тарыхчы Ибн ал-Асир мындай маалымат берет: «ал эми Буура-хандын дагы бир аялы бар эле. Анысынан да хан уул көрүп, ал али кичине эле. Бул окуя аялын кыжырдантты да, ал аны (Буура-ханды) ууктуруп салууну чечти…» Бул козголоң маалында Буура-хан, анын үй-бүлөсүнүн бир нече мүчөлөрү өлтүрүлгөн. Тарыхчы Өмүркул Караев бул козголоңду 1056-157-жж. болгон деп жазган. Махмуд Кашгаринин атасы Хусейн ушул козголоңдо өлтүрүлгөн. Ибн ал-Асир «Диванда» Махмуд Кашгари : «Сыгун-Самур-бул жайдын аты. Бул жерде Буура-ханга уу ичирилген»-деп белгилейт. Ө. Караев

Буура-хандын ууктурулуп өлтүрүлүшү

Тарыхчы Ибн ал-Асир мындай маалымат берет: «ал эми Буура-хандын дагы бир аялы бар эле. Анысынан да хан уул көрүп, ал али кичине эле. Бул окуя аялын кыжырдантты да, ал аны (Буура-ханды) ууктуруп салууну чечти…»

Бул козголоң маалында Буура-хан, анын үй-бүлөсүнүн бир нече мүчөлөрү өлтүрүлгөн. Тарыхчы Өмүркул Караев бул козголоңду 1056-157-жж. болгон деп жазган. Махмуд Кашгаринин атасы Хусейн ушул козголоңдо өлтүрүлгөн.

Ибн ал-Асир

«Диванда» Махмуд Кашгари : «Сыгун-Самур-бул жайдын аты. Бул жерде Буура-ханга уу ичирилген»-деп белгилейт.

Ө. Караев

Махмуд Кашгаринин жер кезүүсү Махмуд Кашгари Барсканы кыдырган жерлер-Ысык-Көл, Чүй, Борбордук, Батыш жана Чыгыш Теңир-Тоо, Тарим, Хорасан, Фергана, Мавераннахр, Ат-Башы, Барскан, Баласагын, Кашкар, Бухара, Нишапур, Багдад, батышта-Итил (Волга) бою, Түндүк Кавказ, чыгышта-Кем (Эне-Сай), Өтүкен (Түндүк Монголия) сыяктуу аймактарда болгон. Махмуд Кашгари Барскани М. Кашгари өзү барбаган, бирок тарыхты болгон өлкөлөр-Жабарка (Жапон өлкөсү), Син менен Масын (Түндүк менен Түштүк Кытай), Индия, Русь, Мажар өлкөлөрүн өз картасына түшүргөн.

Махмуд Кашгаринин жер кезүүсү

Махмуд Кашгари Барсканы кыдырган жерлер-Ысык-Көл, Чүй, Борбордук, Батыш жана Чыгыш Теңир-Тоо, Тарим, Хорасан, Фергана, Мавераннахр, Ат-Башы, Барскан, Баласагын, Кашкар, Бухара, Нишапур, Багдад, батышта-Итил (Волга) бою, Түндүк Кавказ, чыгышта-Кем (Эне-Сай), Өтүкен (Түндүк Монголия) сыяктуу аймактарда болгон.

Махмуд Кашгари Барскани

М. Кашгари өзү барбаган, бирок тарыхты болгон өлкөлөр-Жабарка (Жапон өлкөсү), Син менен Масын (Түндүк менен Түштүк Кытай), Индия, Русь, Мажар өлкөлөрүн өз картасына түшүргөн.

Махмуд Кашгари Барсканинин дүйнөлүк картасы М. Кашгариинин дүйнөлүк картасы М. Кашгариинин дүйнөлүк картасынын чечмелениши

Махмуд Кашгари Барсканинин дүйнөлүк картасы

М. Кашгариинин дүйнөлүк картасы

М. Кашгариинин дүйнөлүк картасынын чечмелениши

Махмуд Кашгари дүйнөнүн түстүү картасын чийген. Картанын жогору жагында чыгыш, түп жагында батыш, оң жагында-түштүк, сол жагында-түндүк тарап көрсөтүлгөн. Бул каартанын ортосунда Ысык-Көл жана Теңир-Тоо кыркасы көрсөтүлгөн. Барскан (Ысык-Көл)

Махмуд Кашгари дүйнөнүн түстүү картасын чийген. Картанын жогору жагында чыгыш, түп жагында батыш, оң жагында-түштүк, сол жагында-түндүк тарап көрсөтүлгөн. Бул каартанын ортосунда Ысык-Көл жана Теңир-Тоо кыркасы көрсөтүлгөн.

Барскан

(Ысык-Көл)

«Дивандын» жаралыш мезгили жөнүндө сөз Махмуд Кашгаринин эмгеги «Дивану лугат т-түрк» («Түрк элдеринин сөз жыйнагы») 1072-ж. 25-январда башталып, 1077-ж. жазылып бүткөн. Бул эмгекти Багдаддагы Аббасийлик халиф Абу-л-Касым ал Муктади би-Амриллага багыштоого ниеттенген. Эмгек кириш сөздөн жана 8 бөлүмдөн турат. Эмгекте ар кыл географиялык, этнографиялык, диалектологиялык, фольклордук маалыматтар бар. « Лухтий-кытайлык кызыл жибек» «Буга-Индиядан алынып келинген дары-дармектин аты» Кытайдагы жибек жасоо «Диван» энциклопедиялык чыгарма.

«Дивандын» жаралыш мезгили жөнүндө сөз

Махмуд Кашгаринин эмгеги «Дивану лугат т-түрк» («Түрк элдеринин сөз жыйнагы») 1072-ж. 25-январда башталып, 1077-ж. жазылып бүткөн. Бул эмгекти Багдаддагы Аббасийлик халиф Абу-л-Касым ал Муктади би-Амриллага багыштоого ниеттенген. Эмгек кириш сөздөн жана 8 бөлүмдөн турат. Эмгекте ар кыл географиялык, этнографиялык, диалектологиялык, фольклордук маалыматтар бар.

« Лухтий-кытайлык кызыл жибек»

«Буга-Индиядан алынып келинген дары-дармектин аты»

Кытайдагы жибек жасоо

«Диван» энциклопедиялык чыгарма.

Мухаммед ибн Абу Бекр ас-Сави ад-Дымашкы « Дивандын» жалгыз көчурмөсү бар. Аны Иранда туулган Мухаммед ибн Бекр ас-Сави Дымашкы 1266-ж. 1-августта көчүрүп бүткөн. Аны али Эмири, Килисли Муаллим Рифат ж. б. 1915-1917-жылдары илим чөйрөсүнө тааныштырган. Бул көчүрмө Стамбул шаарындагы «Миллийет» («Улуттук») китепканасында сакталуу. «Дивандын» кыргызча, түркчө, өзбекче, уйгурча, англисче, орусча котормолору бар. «Дивану лугати т-түрк»

Мухаммед ибн Абу Бекр ас-Сави ад-Дымашкы

« Дивандын» жалгыз көчурмөсү бар. Аны Иранда туулган Мухаммед ибн Бекр ас-Сави Дымашкы 1266-ж. 1-августта көчүрүп бүткөн. Аны али Эмири, Килисли Муаллим Рифат ж. б. 1915-1917-жылдары илим чөйрөсүнө тааныштырган. Бул көчүрмө Стамбул шаарындагы «Миллийет» («Улуттук») китепканасында сакталуу. «Дивандын» кыргызча, түркчө, өзбекче, уйгурча, англисче, орусча котормолору бар.

«Дивану лугати т-түрк»

Т. Чоротегин Махмуд Кашгари Барсканинин эстелиги

Т. Чоротегин

Махмуд Кашгари Барсканинин эстелиги

Махмуд Кашгаринин башка илимий эмгеги «Китабу жавахири н-нахв фи лугати т-түрк» («Түрк тилдери тууралуу синтаксисттин көөхарлары (маңыздары)» деген чыгармасы да араб тилинде жазылган, бирок бул китеп азырынча табылган жок. Бул китеп жөнүндө Махмуд Кашгаринин «Диванында» эскерилген.

Махмуд Кашгаринин башка илимий эмгеги

«Китабу жавахири н-нахв фи лугати т-түрк» («Түрк тилдери тууралуу синтаксисттин көөхарлары (маңыздары)» деген чыгармасы да араб тилинде жазылган, бирок бул китеп азырынча табылган жок. Бул китеп жөнүндө Махмуд Кашгаринин «Диванында» эскерилген.

Махмуд Кашгаринин күмбөзү Махмуд Кашгари Барсканинин эстелиги. Ашхабад. Айрым Шинжаң—уйгурстандык окумуштуулар Кашкардын жанындагы Опол кыштагындагы күмбөздү Махмуд Кашгариге таандык деп жарыялашкан. Бирок бул маалымат илимий негизге туура келбейт. 2017-ж. Кыргызстанда Махмуд Кашгари Барсканинин «Диванынын» 1077-ж. жазылып буткөндүгүнүн 940-жылдык мааракеси расмий белгиленген.

Махмуд Кашгаринин күмбөзү

Махмуд Кашгари Барсканинин эстелиги. Ашхабад.

Айрым Шинжаң—уйгурстандык окумуштуулар Кашкардын жанындагы Опол кыштагындагы күмбөздү Махмуд Кашгариге таандык деп жарыялашкан. Бирок бул маалымат илимий негизге туура келбейт.

2017-ж. Кыргызстанда Махмуд Кашгари Барсканинин «Диванынын» 1077-ж. жазылып буткөндүгүнүн 940-жылдык мааракеси расмий белгиленген.

Тема боюнча суроолор: Карахандар доорундагы илимий жана маданий чордондор катары кайсы шаарды атайбыз? Барскан шаары кайсы чөлкөмдүн чордону болгон? Анын ордун Кыргызстандын картасынан көрсөтүп бергиле. Украин чыгыш таануучусу Омелян Прицактын жоромолуна караганда, Махмуд Кашгари Барскани качан туулган? Анын атасы Хусейн менен Карахандар сулалелесинин кайсы өкүлү окшоштурулууда? Махмуд Кашгари Барскани кайсы элдерди жана жерлерди кыдырган? Ал өз эмгегин качан жаза баштаган жана качан аяктаган? «Дивану лугату т-түрктүн» жалпы түзүлүшү, анда камтылган маалыматтар туууралуу айтып бергиле. Анда дүйнөнүн чордону катары кайсы жер көрсөтүлгөн? «Дивандын» канча нускасы биздин күндөргө келип жеткен? Аны ким көчүргөн? Бул нуска кайсы шаардагы китепканада сакталуу? Махмд Кашгари Барсканинин «Диванынын» жазылып бүткөндүгүнүн 940 жылдык мааракеси тууралуу айтып бергиле.

Тема боюнча суроолор:

  • Карахандар доорундагы илимий жана маданий чордондор катары кайсы шаарды атайбыз?
  • Барскан шаары кайсы чөлкөмдүн чордону болгон? Анын ордун Кыргызстандын картасынан көрсөтүп бергиле.
  • Украин чыгыш таануучусу Омелян Прицактын жоромолуна караганда, Махмуд Кашгари Барскани качан туулган?
  • Анын атасы Хусейн менен Карахандар сулалелесинин кайсы өкүлү окшоштурулууда?
  • Махмуд Кашгари Барскани кайсы элдерди жана жерлерди кыдырган? Ал өз эмгегин качан жаза баштаган жана качан аяктаган?
  • «Дивану лугату т-түрктүн» жалпы түзүлүшү, анда камтылган маалыматтар туууралуу айтып бергиле. Анда дүйнөнүн чордону катары кайсы жер көрсөтүлгөн?
  • «Дивандын» канча нускасы биздин күндөргө келип жеткен? Аны ким көчүргөн? Бул нуска кайсы шаардагы китепканада сакталуу?
  • Махмд Кашгари Барсканинин «Диванынын» жазылып бүткөндүгүнүн 940 жылдык мааракеси тууралуу айтып бергиле.
Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат

Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!