СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Максат жана максатка умтулуучулук

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Максат жана максатка умтулуучулук»

МАКСАТ ЖАНА МАКСАТКА

УМТУЛУУЧУЛУК


Сабактын максаты:

• Максат коюунун маанисин түшүнүшѳт;

• Тексттерди окуп, анын мазмунун түшүнѳ алат;

• Окуучулар ѳз ойлорун эркин айтууга үйрѳнүшѳт.

Сабактын жабдылышы:

Текст боюнча тартылган түстүү сүрѳттѳр, эки ватман, эки маркер (кызыл, кѳк),

темага байланыштуу таркатмалар ж.б.

Сабактын ыкмасы: Башкарып окутуу

Сабактын жүрүшү:

Мугалим:

Элибизде: «Таланттуу бала талпынган куштай, кумары канбас асманга учпай»

деген нускалуу кеп бар. Бул сага тиешелүү жаш жеткинчек. Дайыма талпынып, куш

сыяктуу чексиз бийиктикке, асманга, илимдин туу чокусуна, талбас эмгекке умтулуп

турсаң, тилеген максатыңа жетүүгѳ аракет кылсаң жараткан ѳзү сага жар болот.

Ар бир адам келечекке максат коюп жашайт. Кѳздѳгѳн максатыңа жетүүгѳ

ашыгат. Максатсыз эч бир инсан болбосо керек. Сен дагы алдыга жакшы максат кой.

Элибизде: «Жаштын тилегин берет», «Жакшы ниет жарым ырыс» дейт эмеспи. Сен

курдуу балдардын алдыга койгон максаттарын окуп кѳрчү. Балким, сенде мындай

максаттар четтеп саналаар.

Менин максаттарым

1-окуучу

Мен эл керегине жараган ѳмүр сакчысы болсом деп максат кылам. Ак халатчан

ѳмүр сакчылары адамдардын жашоосуна ѳмүр улайт эмеспи. Алар мээримдүү, кийген

халаттарындай кѳңүлдѳрү да таптаза аруу инсандар. Талбай билим алып, ушул

кесипке тезирээк эле жетсем экен.

2-окуучу

Окуткан эжейимдей мугалим болууну дайыма самап келем. Эжейдин сабакка

кирүүсүн чыдамсыздык менен күтѳбүз. Ал мээримдүү жана боорукер. Бар билимин

окуучуларына арнаган, мээрими чексиз мугалим болуу менин эң улуу максатым.

Тилегим кабыл болсо экен.

3-окуучу

Менин максатым эл керегине жараган, адептүү, аруу дилдүү жѳнѳкѳй адам

болуу, жана керектүү бир кесипке ээ болуу. Алдыга койгон максатка жетүү үчүн

талбас эмгек, жогорку билим керек эмеспи. Ошондуктан илим сересине чыгууну да

тилек кылам.

Улуу максат

Мектепти бүтүп жогорку окуу жайына тапшырып, билим алып, бир кесиптин

ээси болсом деп самоочумун. Бирок үйдѳ жалгыз уул болгондугумдан мени окууга

жѳнѳтпѳшү айдан ачык дайын болчу.

Ошентсе да ал максатымдан жазбай келечектен үмүтүм зор эле.

Окууну бүтүп, шаарга келип, шаар турмушу менен тааныштым, жүрѳк ѳйүткѳн

бир кѳрүнүшкѳ туш болдум. Ал кароосуз калып кѳчѳдѳ түнѳгѳн жаш балдардын

турмушу эле. Буларга жардам берейин десем анча каражат менде жок болчу. Бирок,

дагы бир улуу максат кѳѳдѳнүмдү уялады. Ал максат ушул балдарга жардам берүү эле.

Нуска сѳздѳр

Жаңы билим менен босогону аттасаң,

Жаркыраган келечек күтүп алат.

Билим менен куралданбаган адам бийиктикке жетпейт.

Бакытка жетем деген аракетиң,

Бараандуу эмгек менен айгинеленсин.

Ак кѳңүлдүүлүк менен аруулук, жана эмгекчилдик менен жѳнѳкѳйлүк улуулукка

жетелейт.

Үйгө тапшырмалар:

1.«Менин максатым» деген темада дилбаян жазгыла.

2. Максат, максатка умтулуучулук жѳнүндѳ класстер түзгүлѳ.



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!