СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Математика сабагына коюлуучу негизги талаптар. студент-практиканттардын сабактарына анализ жана баа.

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Болочок мугалимди даярдоодо педагогикалык практика чоң мааниге ээ. Үйрөтүүчү практикада айрыкча стажордук педагогикалык практиканын процессинде студенттерди биринчи эле кадамдан баштап, алардын эффективдүү сабак өтүүсүн үйрөтүү.

Просмотр содержимого документа
«Математика сабагына коюлуучу негизги талаптар. студент-практиканттардын сабактарына анализ жана баа.»

МАТЕМАТИКА САБАГЫНА КОЮЛУУЧУ НЕГИЗГИ ТАЛАПТАР.

  1. Сабактын максатын так аныктоо жана аны сабактын ар бир этабында колдонууга жетишүү.

  2. Жаңы материалды түшүндүрүү- балдарга жеткиликтүү, илимий, так, ачык жана көрсөтмөлүүлүктүн негизинде өтүү керек.

  3. Мисалдар даяр түрүндө берилбеши керек. Балдар мугалимдин жардамы менен аңгемелешүүнүн негизинде практикалык жана өз алдынча жумуштарды аткарууда керектүү жыйынтыкка келүүсү керек.

  4. Мисалдар аракеттин түрүнө карата ар кандай болушу керек.

  5. Окуучуларга суроолорду жана мисалдарды сунуштап жатканда математикалык терминдерди туура (грамотно) колдонуу керек.

  6. Мисал маселелерди доскага чыгаруу комментарий менен жүрөт.

  7. Ар бир составдуу маселени чыгаруу этап менен жүргүзүлүү керек. Маселени талкулоонун бир ыкмасын колдонуу керек: синтетикалык (берилгенден суроого) же аналитикалык (суроодон берилгенге).

  8. Доскада кетирилген ката бүтүн класстын катышуусу менен оңдолот.

  9. Сабакка бүт класстын көңүлүн бурдуруу керек. Жеке, фронталдык,(жалпы) группалык (топтук) иштерди айкалыштыруу керек.

  10. Сабакка алектенүүнүн элементтери болгон дидактикалык оюндар, ыр түрүндөгү мисалдар, математикалык ребустар, сыйкырдуу квадрат.ж.б.у.с. кошуу керек.

СТУДЕНТ-ПРАКТИКАНТТАРДЫН САБАКТАРЫНА АНАЛИЗ ЖАНА БАА.

Болочок мугалимди даярдоодо педагогикалык практика чоң мааниге ээ. Үйрөтүүчү практикада айрыкча стажордук педагогикалык практиканын процессинде студенттерди биринчи эле кадамдан баштап, алардын эффективдүү сабак өтүүсүн үйрөтүү. Кээде сабактын эффективдүүлүгү деп барынан мурда оригиналдуу, башкача түзүмдөгү, жаңы ыкмаларды түшүнүшөт. Албетте сабактын башкача түзүлүшү, методикалык ыкмалардын жаңылыгы-сапатты эффективдүү жогорулатууга алып келе турган негизги факторлор.

Бирок алар максат эмес каражат б.э. жана суроо алардын канчалык деңгээлде максаттуу багытталгандыгында, конкретүү, алагды болбой иштелгендигинде болуп жатат. Практика көрсөткөндөй бир класска колдонулган ийгиликтүү методикалык ыкма башка класста өзүн актабай калышы мүмкүн, ошондуктан методиканын тандалуусу окуу даярдыгынан, алардын өз алдынча иштей алуусунан ж.б. көз каранды. Ошондой эле мугалимдин жумушу- чыгармачыл жумуш. Ошндуктан берилген окуу-мисалдарды бир эле, ошол эле методикалык ыкма менен чыгарылсын деген туура эмес. Ыкмалардын тандалуусу мугалимдин жеке сапаттарын, билимине, тажырыйбасына да байланыштуу. Балдарды жакшы билген тажырыйбалуу мугалимге, ар бир конкретүү окуя, сабак үчүн кандай ыкманы колдонууну чечүү оңой болот.

Сабактын негизи бул-анын жыйынтыгы: мугалим балдарга эмне берди, материалды өздөштүрүүдө аларда кандай жылыш болду. Демек сабактын эффективдүүлүгүн баалоодо, анын жыйынтыгынан келип чыккыдай төмөндөгүдөй суроолорду берүү керек.

-балдар теоретикалык материалды түшүндүбү;

-алар эрежелерди колдонууну үйрөнүштүбү;

-сабактын темасы боюнча көндүмдөргө калыптаныштыбы;

-сабактын темасынан келип чыгуучу тарбиялык жумуш аткарылдыбы;

Мына ошентип, сабактын эффективдүүлүгү бул- анын жыйынтыктуулугу. Ушул көз караш менен сабактын анализин жүргүзүү керек.

С А Б А К Т Ы Н А Н А Л И З И.

Сабактын талкуусунда ага адистик, терең, бышыкталган, аныкталган анализ бериш үчүн, ага катышуу менен бирге, алгач сабактын ар бир этабындагы окуу процессинин, бир кыйла маанилүү жактарын белгилөө керек. Ушуга байланыштуу эскертүүлөрдү сабактын этаптары боюнча берсе жакшы болот. Бул так, максатка багытталган, үйрөтүүчү сабактын талкуусун берет.

САБАКТЫН БАШТАЛЫШЫ. Сабак бизге белгилүү болгондой класста жумушчу кырдаал түзүлгөндө уюштуруу моментинен башталат. Андан кийин мугалим (студент-практикант) теманы жарыялап, максатын айтып, сабактын талабын коёт:

-бул сабакта эмне окулат?

-кандай максатта, максаты эмне?

-балдар эмнени үйрөнүш керек?

-сабакта кандай конкреттүү мисалдар иштелиши керек?

-бул сабактан алган билимдер, билгичтиктер, көндүмдөр кайсы жерде колдонулат?

ЖАҢЫ МАТЕРИАЛДЫН МУРДА ӨТҮЛГӨНДӨР МЕНЕН БАЙЛАНЫШЫ.

Ар кандай эле окуу предметиндеги программа сабакта ар түрдүү фактылар жана кубулуштар окутулбастан, ошол илимдин негизи окутулушун талап кылат. Ошон үчүн окутулуп жаткан материалды өзүнчө бөлбөстөн системанын бир бөлүгү катары окутуу керек. Сабакта жаңы тема мурдакы өтүлгөн материал менен кандайча байланыштырып өтүлгөнүнө байкоо жүргүзүү керек. Мисалы: «10го чейинки сандарды кошу жана кемитүү» деген темага сандарды салыштырууга, 1ди кошу, 1ди кемитүү деген темага таянып өтпөсөк болбойт.

ЖАҢЫ ТЕМАНЫ ТҮШҮНДҮРҮҮ.

Сабакты анализдөө менен, чындыгында эле өтүлгөн материал түшүнүктүү болдубу; студент-практикант окуучулардын ойлоосунун өсүшүн багыттап, өзгөртө алдыбы, мисалдарды иштөөдө өз алдынча ойлонуп иштей алышабы; Формуланы, эрежени колдонуп чыгара алышабы. Балдар жаңы материалды түшүнгөнүн студент-практикант аныктай алдыбы. Буларга эмненин жардамы менен жетишти.(жаңы терминдердин так аныктамасы, көрсөтмө куралдарды жана техникалык аражаттарды колдонуу). Эгерде окуучулар материалды түшүнбөй калса, анда студенттин катасы кайсы, анын себебин аныктап, бул катаны кантип оңдоо керектигин ойлонуусу керек.

МАТЕРИАЛДЫН ӨЗДӨШТҮРҮЛҮШҮН ТЕКШЕРҮҮ.

Студент-практикант материалды айтып, түшүндүрүп жатып, балдар кандай түшүнгөндүгүн иликтебейт. Эгерде материалдын өздөштүрлүшү текшерилсе, ал кандай жол менен, кайсы метод менен текшерилгендиги аныкталат: өтүлгөндөрдү кайра сурадыбы; текшерүүчү суроолор берилдиби;ойлонууга мажбурладыбы, мурда өтүлгөндөр менен байланыштырдыбы ж.б.у.с.

САБАКТЫ БЫШЫКТОО.

Көбүнчө сабактын негизги бөлүгүн көнүгүүлөр түзөт. Бул жерде төмөндөгүлөрдү эске алуу керек: бул жумуш кандай уюштурулду? Тапшырмалардын, мисалдардын мазмуну жана мүнөздөмөсү кандай, алардын татаалдык даражасы кандай, маселерди чыгарууда окуучулардын өз алдынчалуулугу кандай, көнүгүүлөрдүн максатына жеттиби-программадагы каралган көндүмдөр окуучуларда калыптандыбы?

Ошондой эле сабакта мисалдар кандай удаалаштыкта сунуш кылынгандыгына көңүл буру керек.

ҮЙ ТАПШЫРМАСЫ.

Үй тапшырмасы бул- окуучулар класстан аткарган жумуштун уландысы. Сабакка катышуу менен бирге төмөндөгүлөрдү белгилөө керек: Үйгө берилген тапшырма класста аткарылган мисалдарга мүнөзү боюнча дал келеби; мисалдардын татаалдык даражасы кандай; Үйгө берилген тапшырмалар түрү боюнча ар кандайбы; окуучулар эмнени, кантип аткаруу керектигин түшүнүштүбү? Үй тапшырмасынын мүнөзү боюнча ар кандай болушу шарт. Тапшырмада класста иштелген мисалдарга окшош мисалдар гана берилбестен, мурдагы эски программаны кайталоо да болуш керек.

САБАКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРУУ.

Бул этапта- сабактан жыйынтык чыктыбы?- деп аныктоо керек. Жумуштун жыйынтыгы кандай болду; коюлган тапшырмалар аткарылдыбы; бул темада дагы эмненин үстүнөн иштөө керек?

Методисттин сабакка катышуусу максатка багытталган болушу керек, сабакка катышуунун ойлонулган, негизделген планы жана так коюлган максаттары болуш керек. Сабакка катышуунун алдында студент-практиканттын планы менен таанышуу керек, анын календарлык планы менен, бул теманын материалын билүү үчүн окуп үйрөнгөн методикалык адабияттар менен таанышуу керек.

Сабакка катышуу менен бирге жалпы педагогикалык талаптардын сакталышына гана көңүл бурбастан сабак максатына жетип жаткандыгына да көңүл буруу керек. Максатка жетүүгө тоскоол болгон катачылыктарды гана белгилебестен, аны чечүүнүн жолдорун, жакшы жактарын да көрсөтүү керек. Эгерде сабак же анын бир бөлүгү эффективдүү болсо , анда ал окутуунун кайсы методдору жана ыкмалары экендигин айтып, же тескерисинче сабакта эмнегедир болбой калса, анда эмнеге ушундай болду? Ийгиликке жетүүгө эмне тоскоол болгонун түшүндүрүү керек.

Сабакты методикалык талкулоонун астында анын бардык жактарын дагы бир жолу караш керек. Студент-практиканттын кемчилигин гана айтпастан, ага адистик кеңеш да берүү керек. Жумушту кантип уюштуруш керек болчу? Сабак жогорку эффективдүү болсун үчүн кандай кандай уюштуруу керек болчу деп сунуш-насаатын айтуу керек.

С А Б А К Т Ы Б А А Л О О.

Студент –практиканттын сабагы 4 балдуу система боюнча бааланат.

«ЭҢ ЖАКШЫ»-деген баа төмөндөгүдөй сабакка коюлат:

-ага коюлган окуу-тарбиялык талаптар толугу менен аткарылса;

-жумуштун оптималдуу методдору менен ыкмалары колдонулса;

-теорияны бардык окуучулар өздөштүрүп жана аларды колдонууга үйрөнсө;

-тема боюнча аларда көндүмдөр жана билгичтикткр калыптанса;

-окуучулардын өз алдынча иштөөсү максималдуу активдештирилсе;

-мурдагы өтүлгөн материал кайталанса;

-сабактын бөлүктөрүнүн ченемдүүлүгү, өлчөмү сакталса;

-үй тапшырма өз убагында берилсе;

-керектүү жана мүмкүн болгон көргөзмө куралдар жана техникалык каражаттар колдонулса;

-баалар объективдүү коюлса жана ынанымдуу комментарийленсе;

-студент-практикант бир да факт түрүндө усулдук жана психологиялык каталарды кетирбесе;

-жогорку, жалпы жана педагогикалык сүйлөө маданиятына ээ болсо коюлат.

Эң жакшы сабак бул- жаркын, жандуу, оригиналдуу (өзгөчөлөнгөн), эмоционалдуу, окуучуларды бейкапар калтырбаган сабак болуу керек.

«ЖАКШЫ» деген баа төмөндөгүдөй сабакка коюлат.

-сабактын окуу-тарбиялык талаптары толугу менен чечилсе;

-бардык окуучулар теорияны өздөштүрсө жана аларды колдонууга үйрөнсө б.а. тема боюнча алардын билгичтиктери жана көндүмдөрү калыптанса;

-мурда өтүлгөн материал кайталанса;

- окуучуларды өз алдынчалыкка активдештирсе;

-студент-практикант мааниге ээ болбогон фактылуу жана усулдук каталарды кетирсе;

-сабактын бөлүктөрүнүн өлчөмү жеткиликсиз сакталса (суроо созулуп кетсе, сабактын жыйынтыгы так чыгарылбаса, баалар жарыяланып (ишендирилип) , түшүндүрүп коюлбаса;

Жакшы сабак бул- эң жакшы сабакка коюлган бардык негизги талаптарга жооп берет, бирок студент-практикант жумушундагы тактыктын жетишсиздигинен айырмаланат. Уюштуруу мүнөзүндөгү азыраак кемчилиги бар сабак.

Жакшы сабак бул- кызыктуу, жандуу, окуучуларды бейкапар калтырбайт.

«КАНААТТАНДЫРАРЛЫК» деген баа төмөндөгүдөй сабакка коюлат.

-негизги окуу –тарбиялык маселелер, талаптар аткарылган, максатына жеткен;

-окуучулар жаңы материалды түшүндү жана керектүү көндүм билгичтиктерди өздөштүрдү,

-сабактын негизги бөлүктөрүнүн өлчөмү сакталды;

-баалар негизинен туура, жарыялоо менен коюлду;

-көрсөтмө куралдар жана техникалык каражаттар колдонулду;

-мурдагы материал кайталанды;

-студент-практикант фактылуу, усулдук каталарды одоно эмес кетирди;

-натыйжада сабактын эффективдүүлүгү төмөндөдү;

-жыйынтык чыгарылган жок;

«Канааттандырарлык сабак» бул- негизинен эффективдүү, жалпысынан оң жыйынтык берген сабак. Бул сабакты өтүүдө студент предметти жакшы эле билет жана окуу-тарбиялык жумуштарды туура уюштура билет. Ошону менен бирге студент бир нече педагогикалык талаптардын бузулуусуна жол берет, сабактагы жумушка так мүнөздүүлүк жетишбейт.

«КАНААТТАНДЫРАЛЫК ЭМЕС» деген баа төмөндөгүдөй учурда коюлат.

-сабакка коюлган окуу-тарбиялык талаптар чечилбегенде (окуучулар материалды түшүнбөдү, тема боюнча билгичтиктерди, көндүмдөрдү өздөштүрө алдбады,студент-практикант фактылуу, методикалык усулдук одоно каталарды кетиргенде;

-мурда өтүлгөн материалды кайталабаганда;

-класстын жумушу активдештирилбесе;

-сабактын бөлүктөрүнүн өлчөмү бузулганда;

-сабактын жыйынтыгына тескери таасир эткен башка каталар болгондо коюлат.

«Канааттандырарлык эмес» деген баа- сабакка себепсиз келбегендиги үчүн жана алдын ала эскертип айтпагандыгы үчүн, конспектиси жок болсо же конспект канааттандыралык болбосо коюлат.

«Канааттандырарлык эмес» сабак бул- көрүнүп тургандай студенттин өзүнүн предметин начар билгендигинен жана ал сабакты өтүүнүн методикасын жакшы билбегендигинен улам окуу-тарбиялык жумуш ийгиликтүү болбой калат же практиканттын өзүнүн милдетине кош көңүл мамилеси болуп саналат.

Сабак – студент өзүнө коллежден алган бүт билимдерди жана көндүмдөрдү камтыйт. Ошондуктан студент-практиканттын сабагына болгон анализ бул- предметтердин өтүлүшүндөгү билимдерге жана көндүмдөргө, жеке методикага, педагогикага жана психологияга, өтүлгөн теманы материалды сабакта колдоно билишине анализ; студенттин сабагына анализ. Ошондой эле баалоо бул –мектепке даярдалып жаткан мугалимдин аттестациясы деген көз карашта алса болот.

Мына ошондуктан ар бир сабакты баалоодо бардык билимдердин, көндүмдөрдүн комплекси эске алынат, студенттин эрудициясы (дилгирлиги), анын педагогикалык жана жалпы маданияты, сүйлөө речи эске алынат.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!