СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Математика жана экономиканын байланышы

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Математика жана экономиканын байланышы»

Математика жана экономиканын байланышы.


Нурматова Мехрибону Элдоровна

Ош Мамлекеттик университети

Математика жана информациялык технологиялар факультетинин ФМОМ(б)-1-21 тайпасынын студенти

[email protected]

Садыков Замир

Ош Мамлекеттик университети

Математика жана информациялык технологиялар факультетинин мугалими.

[email protected]



АННОТАЦИЯ


Бул макалада математика менен экономиканын бири-бири менен өз ара байланышы, алардын бири-бирине тийгизген таасири, бул илимдердин кесилишкен чекити жана математиканын экономикада активдүү колдонула баштаган учуру талкууланат .


АННОТАЦИЯ


В данной статье рассматривается взаимодействие математики и экономики между собой, их взаимное влияние друг на другу, исследование точки пересечения этих наук, и момента времени, в который математика стала активно применяться в экономике.


ABSTRACT


This article examines the interaction of mathematics and economics with each other, their mutual influence on each other, the study of the point of intersection of these sciences, and the point in time at which mathematics began to be actively used in economics.



Ачкыч сөздөр:


Математика, экономика, пайда, зыян,соода, экспорт, бюджет.


Ключевые слова:


Математика, экономика, выгода, потеря, торговля, экспорт, бюджет.


Key words:


Mathematics,Economy, profit, damage, trade, export, budget.


Бул макалада математика жана экономика илимдеринин байланыштарын алардын методдорун, өзгөчөлүктөрүн жана жалпылыктарын изилдейбиз.

Математика жана экономика өз алдынча милдеттери, предметтери жана объектилер, изилдөө методдору жана ыкмалары бар эки көз карандысыз илим тармагы экенин ар бир адам билет.

Математика - бул реалдуу дүйнөнүн сандык маанилерин жана мейкиндик формаларын изилдөөчү так илим.

Экономика - бул өндүрүш бөлүштүрүү, алмашуу жана керектөө чөйрөлөрүндөгү процесстерди изилдөөчү илим.

Математика дагы, экономика дагы түзүлүшү боюнча эң жогорку татаалдыктагы обстрактуу объектилерди изилдей тургандыгы белгилүү. Ошондой болсо дагы экономика математиканын дагы өнүгүшү үчүн жагымдуу шарт болуп саналат. Бирок азыркы учурда эң чоң ийгиликке дал ошол математика илими кеңири колдонулган жана колдонуп келе жаткан илимдер жетишип жаткандыгы белгилүү.[1]

1-мисал

1 кг жүзүмдүн баасы 150 сом. 1 кг 1-сорттогу мейиздин баасы 600 сом, ал эми 2-сорттогу мейиздин баасы 250 сом. Короодон 100 кг жүзүм экспорттолушу керек. Эгер 100 кг жүзүмдөн 80 кг мейиз алынып, анын 40% ти 2-сорттогу мейиз калган бөлүгү 1-сорттогу мейиз болсо анда 100 кг жүзүмдү кайсы жол менен экспорттошсо көбүрөөк пайда алышышат?


Чыгаруу:

  1. 100×150=15000

  2. 80×0,4=32

80-32=48

48 кг- 1- сорт, 32 кг- 2- сорт

48×600=28800

32×250= 8000

28800+8000=36800

Демек, 100 кг жүзүмдү кургатып сатсак көбүрөөк пайда табабыз.

2-мисал

Базарда түрдүү кир жуучу каражаттар бар. Алардын ичинен "Миф" порошогунун салмагын жараша баалары төмөнкүчө:

"400" г - 80 сом

"2" кг- 340 сом

"9" кг - 1550 сом

Чынара эже ай сайын 2000 сомго "400" г дык порошоктон сатып алат. Чынара эже үй бүлөлүк бюджетке пайда келтирип жатабыз же зыян келтирип жатабы?

Чыгаруу:

2000:80=25

Чынара эже 1 айда 25 даана "400" г дык порошок сатып алат.

25×400 г = 10000 г = 10 кг сатып алат

2000:340=5.8

Демек 2 кг дык порошоктон 5 даана сатып алса болот .

5×340=1700

2000-1700=300 сом акча калат.

5×2кг=10 кг болот

300 сом акча пайдага калат.

Ал эми 9 кг дык порошоктон 1 даана сатып алса 1550 сом коротот. 450 сом пайда калат .

Жогорудагы эсептөөлөрдөн келип чыгып айтсак Чынара эже үй бүлөлүк бюджетке зыян келтирип жатат.

3-маселе

Бектур, Гүлнүр жана Сайкал 1 айда 9214 сом пайда табышкан. Мында Бектур Гүлнүргө караганда 3019 сомго көп, ал эми Сайкал Гүлнүргө караганда 3309 сом аз пайда тапкан. Бектур канча пайда тапкан?


Чыгаруу:

Гүлнүр х- сом пайда тапкан дейли. Анда

Бектур - (х+3019) сом

Сайкал-(х-3309) сом пайда тапкандыктан:

х+х+3019+х-3309=9214

3х-290=9214

3х=9214+290

3х=9504

х=3168

3168+3019=6187

Бектур 6187 сом пайда тапкан.



Пайда- ишканалардын жана жеке ишкерлердин чарбалык ишинин финансылык жыйынтыгынын маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири. Ишкана продукциясын сатуудан түшкөн акча менен сатылган продукциянын толук өз наркынын ортосундагы айырмадан келип чыгат. Тактап айтканда продукция чыгарууга кеткен чыгымдарды жапкандан кийин калган акча каражаты.

Зыян- мүлктүн азайышы же укук бузуу болбогондо алынуучу кирешенин алынбай калышы менен көрсөтүлөт ( пайда жок ).

Соода-товар жүгүртүүнү, аны өндүрүү чөйрөсүнөн керектөө чөйрөсүнө жеткирүүнү камсыз кылуучу эл чарба тармагы.

Экспорт- бул экономикалык түшүнүк, ал товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү алар өндүрүлгөн өлкөнүн чегинен тышкары жакка экспорттоону билдирет. Алуучу мамлекет импортер, жөнөтүүчү мамлекет экспортер деп аталат.

Бюджет- белгилүү бир тараптын (үй-бүлө, бизнес, уюм, мамлекет ж.б.) белгилүү бир убакытка, көбүнчө бир жылга орнотулган чыгашалардын жана кирешелеринин схемасы. [2]

Экономикалык маселелерди чечүүнүн негизги жолу математикалык методдор болуп саналат. Бул биздин коомдо болуп жаткан социалдык- экономикалык процесстердин изилдөө жана талдоо үчүн эффективдүү метод.[3]

Жогоруда айтылгандардан биз математика жана экономика бири-бирине зор таасир тийгизген эки тыгыз өз ара илим деп тыянак чыгарууга болот. Азыркы учурда экономиканын бар экенин андагы математиканы колдонбостон элестетүү мүмкүн эмес. Бирок алардын алардын ийгиликтүү жана натыйжалуу иштеши үчүн чоң көлөмдөгү фундаменталдык билимдер талап кылынат, бирок ал дагы эле жетишсиз. Эгерде биз мектеп окуучулары менен математикадагы экономикалык маселелерди чыгаруу тууралуу көбүрөөк иштесек келечекте мыкты экономисттерди тарбиялап чыгарсак болот. Бирок алар менен иштөө үчүн эң алгач өзүбүз керектүү билимдерди алышыбыз шарт жана зарыл.




Колдонулган адабияттар:


1.Красс М.С. Математика для экономистов/ Красс М.С., Чупрынов Б.П. СПб.: Питер, 2011. 469 с.

2.“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9

3.Сизова С.А., Мурдугова В.Ю., Мелешко С.В. Линейное программирование как область математического программирования при решении экономических задач. 2013. С. 16-20.










Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!