СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мекеним Кыргызстан

Нажмите, чтобы узнать подробности

Мекеним Кыргызстан

Просмотр содержимого документа
«Мекеним Кыргызстан»

Мекеним -Кыргызстан! (Тарбиялык саат)



Просмотр содержимого документа

«Мекеним -Кыргызстан! (Тарбиялык саат)»

МЕКЕНИМ – КЫРГЫЗСТАН!







Сабактын максаты: Ата мекенди сүйүүгө жана Ата журту менен сыймыктанууга тарбиялоо. Улут аралык достук биримдик, тынчтык – мекенибиздин өнүгүшүнүн негизги шарты экендигин кенже окуучулардын аң-сезимине жеткирүү.



Сабактын жабдылышы: Кыргызстандын картасы, герб, ГИМН жазылган сүрөттүү, обондуу видео фильм, Мекендин жаратылышын чагылдырган сүрөттөр, Кыргызстанда жашаган түрдүү улуттардын музыкасы жазылган кассета. А. Токтомушевдин «Булбул» аттуу жомогу (текст жана мультфильми).



Сабактагы негизги иш-аракеттер:



1. Мекенибиздин жаратылышы, Мамлекетибиздин символдору, элибиздин улут аралык достугу, ынтымагы, түрдүү улуттардын маданияты, үрп-адаты тууралуу окуучулар менен ой бөлүшүү.



2. Мекен тууралуу ыр ырдоо, макалдардын маанисин чечмелөө, жомоктун негизги идеясын айтып берүү.



Сабактын негизги идеясы: Мекенди сүйүү, билим жана тарбия, ынтымак, улут аралык достук, окуудагы ийгилик, чың ден соолук — Кыргызстандын гүлдөп өсүшүнө кошкон салым экендигин окуучуларга түшүндүрүү.



Сабактын жүрүшү



Сабактын этаптары



Мугалимдин ишмердүүлүгү



Окуучулардын ишмердүүлүгү



1. Уюштуруу:



Сабакка балдардын көңүлүн, буруп, жакшы маанай тартуулоо.



Көңүлдөрү ачык, кунт коюп отурушат.



2. Кыргызстандын Гимни.





Видеодон коюп берет.



Орундарынан туруп, оң колун жүрөгүнүн тушуна коюп, видео менен чогуу ырдашат.



3. Бүгүнкү сабактын максаты:



Балдар! Биз бүгүн «Мекеним — Кыргызстан» деген темада тарбиялык саат өтөбүз.



Мекенди сүйүү, анын жаратылышы, символдору, улут аралык достук, окуудагы ийгилик, тартип, тарбия туралуу ой бөлүшөбүз.





4.Видеодогу



сүрөттөрдү көрүү,



ыр угуу.





Мен сыймыктанам,



Атабыз Манас эр менен,



Ак калпактуу тоо менен,



Ажайып кооз жер менен,



Суйкайган сулуу кол менен,



Баа жеткис каада-салт менен,



Сыймыктанып келебиз,



Көп улуттуу эл менен.



Ырды угушат.



Мугалим менен окуучунун



иш-аракети



(суроо- жооп)



1. Гимнди ырдаганда эмне үчүн



колубузду жүрөгүбүздүн тушуна коёбуз?



2. Мен сыймыктанам деген ырдын мазмуну эмне жөнүндө экен?



3. Мекенибиздин жаратылышы, символдору, жөнүндө эмне айта аласыңар?



4. Мекен жөнүндө ыр, макал билесиңерби?



5. Республикабызда кайсы улуттагы элдер жашайт?



6. Кайсы улуттан досторуң бар?



(Жалпы тапшырма)



Окуучулар берилген суроолор боюнча ойлонот, оюн так, туура айтууга аракеттенет.



6. Улуттук кийим





(Жуп-жуп болуп бирге ойлонуп, оюңарды топтоп жооп берсеңер болот).



1. Кайсы улутка тиешелүү?



(Жуп-жуп болуп иштешет).



Окуучулар бири-биринин оюн угуп, бир жыйынтыкка келип айтып беришет.



7. Мугалим (окуучулардын оюна, жообуна кошулат) бышыктайт.



Туура, Балдар! Мамлекетибиздин өзүнө тиешелүү символдору, Кониституциясы, чек арасы, мамлекеттик тили бар. Мекенибиздин гүлдөп өсүшүүчүн, мамлекеттин символдорун ыйык сактап, силер жакшы билим-тарбияга ээ болуп, каада–салтты үйрөнүп, көп улуттуу эл менен достукта, ынтымакта жашап, өлкөбүздүн өнүгүшүнөөз салымыбызды кошуубуз абзел.



Окуучулар эстерине сактайт.



(ар дайым аткарууга аракеттенет).



8. Адрасул Токтомушев «Булбул» жомок



Келгиле, балдар! Ханга жардам беребиз.



1. Жомокто кимдер катышып жатат?



2. Бул жомоктун бүгүнкү сабакка кандай байланышы бар?



3. Жомок эмнеси менен жакты?





(Окуучулар жомокту угат, көрөт).



Жалпы суроого жооп беришет.







Бул жомоктун негизги максаты эмнеде?



3 топко бөлүнөт, ойлонот, ойлорун топтоп бир ойго келишет.



(топтон бирден окуучу чыгып жактайт).



9. Сабактын жыйынтыгы.



— Адам Мекенин сүйөт, булбул гүлзарын сүйөт — дегендей биз сыяктуу эле канаттуу куштар да өз мекенин сүйөт, сагынат. Жомоктун негизги идеясы мекенин сүйүп, куса болгонунда. Мекенди сүйүү бул — жакшы окуп, тартиптүү болуу. Бабалардан калган каада-салтты билүү, символдорду ыйык сезүү, эне тили менен сыймыктануу, чынчыл адептүү болуп, бардык улут менен ынтымакта жашоо.





10. «Мекеним- Кыргызстан» обондуу ыр



Баардыгын ордунан турууга өтүнөт.



Билсе кошулуп чогуу ырдашат.



11. Үйгө тапшырма



Мекен жөнүндө 1-2-куплет ыр


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!