СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мектеп аралык "Жыл мугалими" сынагына берилүүчү педагогикалык суроолору

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Мектеп аралык "Жыл мугалими" сынагына берилүүчү педагогикалык суроолору

Просмотр содержимого документа
«Мектеп аралык "Жыл мугалими" сынагына берилүүчү педагогикалык суроолору»

№ 1

  1. КР жалпы билим берүүчү мектептер үчүн базистик окуу планындагы билим берүү чөйрөлөрү кайсылар?

  2. 2019- жыл КР президенти тарабынан кандай аталды?



№2

  1. Педагогикалык компетенттүулүк дегенди кандай түшүнөсүз?

  2. Малекеттик тил күнүнө быйыл канча жыл болду?





№3

  1. ОТЖП деген эмне, ага кимдер катышат жана демилгени ким көтөрүшү мүмкүн?

  2. Ч. Айтматовдун романдары. Романдарындагы каармандардан атап бериңиз.

№4

  1. Мектептик билим берүү канча баскычтан турат жана билим берүүнүн мамлекеттик стандарты дегенди кандай түшүнөсүз?

  2. Ички жана сырткы мигрант тууралуу эмнени билесиз? Классыңда канча мигрант бар?



№5

  1. Баалоонун кандай түрлөрүн билесиз?

  2. КР герби качан кабыл алынган, авторлору кимдер?





№6

  1. Баалоо деген эмне? Эмне үчүн окуучулардын билимин баалайбыз?

  2. 2008 –жыл кайсы жыл деп белгиленген?









№1

  1. . Тилдик – кыргыз тил, орус тил, чет тил . Социалдык – Кыргызстан тарыхы жана дүйнөлүк тарых, адам жана коом, адеп . Математика – математика .Табигый илимдер – мекен таануу, табият таануу, физика, астраномия, биология, химия, география . Технологиялык – эмгек, чийүү, информатика . Искусство – кыргыз адабияты, орус адабияты, көркөм өнөр сүрөт, музыка . Ден соолук маданияты – турмуш тиричилик коопсуздугунун негиздери, дене тарбия, аскерге чейинки даярдоо

  2. Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы



№2

  1. Педагогикалык компетенттүүлүк – жетишерлик бийик деңгээлде жүзөгө ашырылган педагогикалык эмгек, педагогикалык карым –катнаш, педагогдордун инсандык сапаттарынан улам окуучуларды окутуу жана тарбиялоодо мыкты жыйынтыктарга жетишкен кесиптик ишмердүүлүк.

  2. Малекеттик тилге 30 жыл болот.



№3

  1. ОТЖП - окутуп тарбиялоону жакшыртуу планы – бул мектептердин жергиликтүу коомчулуктун колдоосуна жана жардамдашуусуна ээ болуу аркылуу балдарды окутуудагы ийгиликтерге жетүүгө шарт түзүүчү пландаштыруу

  2. “Кыямат” (Базарбай, Бостон, Акбара, Авдий, Понтий Пилат) “Тоолор кулаганда”Арсен Саманчин, Жаабарс, Ерташ Курчал, Таштанафган), “Кылым карытар бир күн” (Эдигей, Казангап, Сабитжан ж.б.)



№4

  1. Мектептик билим берүү ( башталгыч класс, орто билим берүү, жалпы билим берүү). Билим берүүнүн мамлекеттик стандарты – мамлекет өзүнүн бардык атуулдарына милдеттүү түрдө камсыз кылуучу билим берүүнүн минималдуу, алгачкы, түпкү деңгээли. Бул деңгээлден төмөн түшүүгө болбойт, ошол деңгээл гана адамга өз алдынча билимин улантууга, өзүнүн билимин улантууга, өзүнүн турмуш жолун туура аныктап алууга мүмкүндүк берет.

  2. Ички мигрант – Кыргызстандын ичи, тышкы мигрант – чет өлкө



№5 1. Баалоонун түрлөрү. Диагноздоочу баалоо – адатта окуу жылынын башында же теманы алгач үйрөнүүдө биринчи сабакта жургүзүлөт. Формативдик баалоо (калыптандыруучу баалоо) – бул окуучунун окуусуна үзгүлтүксүз, максаттуу багытталган байкоо жүргузүү процесси. Башкача айтканда формалдуу эмес ( баа коюлбаган) баалоо болуп эсептелет. Суммативдик баалоо (жыйынтыктоочу баалоо) – теманы, бөлүмдү, чейректи аяктаган учурда ар түрдүү текшерүү иштеринин жыйынтыктары боюнча жүргүзүлөт

2.1994-ж 14-январь А. Абдраев, С. Дубанаев.



№6

  1. Баалоо – окуучулардын окуу жана таанып билүү ишмердигине байкоо жүргүзүү, ошондой эле билим берүу сапатын жакшыртуу максатында окуучу жөнүндө маалыматтарды баяндоо, жыйноо, катоо жана чечмелөө процесси. Эмне үчүн окуучулардын билимин баалайбыз? - окуучунун билим деңгээлин жана сапатын аныктоо; - окуучулардын окуу программасы боюнча ийгиликтерге ээ болгондугун билүү; - окуучуларга кайтарым байланыш түзүүгө шарт түзүү; - окутуунун оң натыйжалуулугун, окутуу усулдарынын канчалык деңгээлде жыйынтык бере тургандыгын баалоо; - чейректик, жылдык бааларды коюу; - окуучуларды окууга шыктандыруу.

  2. Ч. Айтматов жылы


































Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!