СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мектептеги баанын баланын жашоодогу орду

Нажмите, чтобы узнать подробности

Ата-энелерге мектептеги баанын ролу тууралуу маалымат беруу менен, жаман баанын ооруксунуусун татыктуу женууго баланы кантип уйротуу керектиги жонундо ата-энелер чогулушу болуп отту.

Просмотр содержимого документа
«Мектептеги баанын баланын жашоодогу орду»

Мектеп баасынын биринчи сабактары.

Тапшырмалар:

  1. Ата-энелерге мектептеги баанын баланын жашоосундагы мааниси жонундо маалымат беруу.

  2. Баланын билим алуудагы аракетин туура баалоого багыт беруу.

Чогулуштун формасы:

Ата-энелердин педагогикалык тренинги.

Педагргикалык тренингге даярдануу:

  1. Ата-энелерден анкета алуу.



1.

1. Мен билемин, мектептеги баа-бул…

2.Мен балама айтамын мектептеги баа - бул…

3.Мен балам мектепке жоногондо, мен андан суранамын…

4. Мен балам мектепке баратканда, андан талап кылам…

5.Менин балам мектепке жоногондо, мен ага каалайм…

6. Балам жакшы баа алса, анда …

7. Балам жаман баа алса,анда …



Ата-энелер учун анкета № 2.

Кээде колдонгон фразаларыныздарды белгилениз.

  • -Бугун канча алдын?

  • -Мен сендей кезимде дайым беш алчу элем, а сен?

  • -Азыр атан келсин! Эки алганынды билсеби!

  • -Азамат, эки менен уч менен дос болуп журо бер!

  • -Отур дагы кайрадан чыгар, мен анан текшерем.

  • -Сенден башкалар дагы жакшы баа алыштыбы?

  • -Сага канча жолу тушундуруш керек?

  • -Козумо корунбой жогол.

  • -Ушундай болушун билгем. Кимге окшоп калгансын?Что ты сегодня получил?

  • -Эчтеке эмес, капа болбо, бизде бааны ондоого убакыт бар.

  • -Сен абдан акылдуусун, мугалимин дагы бара-бара сенин акылдуу экенинди тушунот.

  • - Менин жардамым керек эмеспи, же оз алдынча дагы бир жолу аракет жасап коросунбу?

  • -Кел сен учун кыйын болгон мисалды кайрадан карап королу.

  • -Кел, китепти дагы бир жолу карап королучу. Китеп бизге коп нерсеге жардам берет.

  • -Билесинби, мен кичине кезимде да ушул темада кыйналгам, бирок, аракет кылып оздоштуруп алганмын.



  1. Окуучулардан чогулуштун негизи боюнча анкета алуу.



Окуучулар учун анкета

  • Эгерде мен жакшы баа алсам, анда….

  • Эгерде жаман баа алып калсам, анда…

  • Менин ата-энем айтат, мен жасай алам…………………………………

  • Менин ата-энем айтат, мен жасай албайм …………………………………………

  • Эгерде «Беш» алсам, анда ата-энем……………………………………..…

  • Уй тапшырмасына тушунбой калсам………………………………………

  • Эгерде ата-энеме жардам сурап кайрылсам, анда……………………..…

  • Ата-энем каалашат, мен…………………………………………………..…



  1. Ф. П. Решетниковдун «Дагы эки» картинасы боюнча окуучулардын жоопторуна анализ.

Картина боюнча суроолордун планы.

  • Сага сурот жактыбы, же жокпу?

  • Суроттогу бала кандай сезимде турат?

  • Оз уйундо ал кантип жашап жатат деп ойлойсунар?

  • Силердин оюнарча, ага жакын адамдары кандай мамиле жасашат?

  • Силердин ага жардам бергинер келеби?

  • Силердин турмушта да баланын абалына тушуп калган учурунар болобу

  • Бул окуя кантип аяктайт деп ойлойсунар?



4,Ата-энелер учун колдонмо.

Баланын алган баасына кандай мамиле жасоо керек?

  • Баланызды жаман баа алганы учун урушпаныз.Ал сизге жакшы болуп корунууну каалайт. Эгерде жакшы коруно албаса, бала жакшы корунуу учун жалган айтып, амал кыла баштайт.

  • Бала абдан эмгек кылса да ийгилиги конул жылытпаса баланы колдоп коюнуз. Ар дайым эн жогорку корсоткуч маанилуу эмес, эмгек менен болсо да, кыйынчылык менен болсо да билим алганы, бир нерсени билгени маанилуу экендигин тушундурунуз.

  • Сиздин жан дуйнонуздун тынчтыгы учун баланыздын чейректин аягында жакшы бааны жалынып-жалбарып суранып алуусуна мажбурлабаныз.

  • Жакшы баа алуу учун баланыздын кемсинуусуно, ынгайлануусуна жол бербениз.

  • Баланыз жакшы же жаман баа алып келсе, анын ийгилигине же жетишпистигине кумонунузду угуза айтпаныз.

  • Эгерде кумонунуз бар болсо – мектепке барып мугалим менен абалды талкууланыз.

  • Баланыздын койгойуно башка балдарды, мугалимди жана чондорду куноолобонуз.

  • Баланыздын жалкоолугун женген ар бир учурун колдоп-кубаттаныз.

  • Жакшы бааны майрам катары кабыл алыныз, белгилениз. Жакшы баа да, жаман баа да омур бою адамдын эсинде калат. Бала аны белгилоо учун жакшы баа алууга тырышсын, ал бала учун адатка айланат.

  • Озунуздун эмгектеги жетишкендигинизди балага жарыялап турунуз, ал сизди карап тузолот.

Чогулуштун журушу.

  1. Класс жетекчинин киришуу созу.

Урматтуу ата-энелер! Бугун сиздер менен биргеликте баланын жашоосундагы маанилуу ролду ойногон мектеп баасы жонундо соз кылуу учун жыйналып отурабыз. Албетте, мектептеги баа уй-було мучолору арасындагы чатак алма, жана баланы тарбиялоодогу баалуулуктун чен-олчому катары кызмат кылат.

Экинчи класска балдар мектеп адаттарына конгон, милдеттерди моюнга алган абалда келишет. Ал аны мектепте эмне кутоору жонундо так билет. Экинчи класстагы окуучунун жетишкендиги анын биринчи класстагы жетишкендигинен толук турдо коз каранды.

Ата-энелерди да баласынын жетишуусудогу коркунуч жана умут сезимдери курчайт. Озун озу баалоо адамдын озун канчалык терен билгендигин жана озун канчалык денгээлде сыйлаганынан кабар берет.

Баланын озун-озу баалоосунун жогору болушу анын окуудагы ийгилигинен жана жакындарынын жакшы мамилесинен коз каранды. Кенже мектеп курагы баладагы озун-озу баалоонун жонгорулуучу учуру. Экинчи класста озун-озу баалоо онуккон, бир олчомго коюлган, жетишкен, максаттуу . Ал эми биринчи класстын окуучуларынын озун-озу баалоосу ото жогору болот .



Экинчи класста копчулук окуучулардын озун-озу баалоосу окуу программасынын татаалдыгынан жана коп кырдуулугунан томондоп кетет. Бул абал учунчу кластта жайына келет. Бул абалды «Экинчи класттын феномени» деп атап коюшкан. Бул болсо экинчи класс окуучуларынын озун-озу сын коз менен кароосунан, сапатка карай багытталуусунан келип чыгат.

Бирок, балдардын озунун эмгегин баалоо мумкунчулугу али чектелген. Мына ушундан улам озуно озу ишенбоочулук, озун-озу томон баалоо келип чыгат.

Баалоо менен баа эки башка нерсе. Баа-бул баалоонун чен бирдиги, ал эми баалоо-баалоонун журушу .

Окуучуларды баалаганда анын жасаган ишинин сапатын, маанисин, жетишкендигин, кемчилигин атап отуу менен,баланын тырышчаактыгын белгилеп, сунуштарды беруу менен баалоо керек. Чондордун жардамысыз бала оз ишин баалоону жонгоро албайт.

В. А. Сухомлинский: «Баланын мектептеги турмушунун алгачкы кунунон тартып эле баа-деген идол пайда болот. Кээ бир бала учун-ал ак конул, ырайы жылуу, а башка бала учун- катаал, таш боор айтканынан кайтпаган. .. Бала баага канааттанып жашоого же идолду алдап, озуно кубаныч тартуулоо учун эмес баа учун окууга мажбур болот.».-деп айткан

Тилекке каршы, ата-энелер коп учурда бала менен баага карата мамиле тузуп калганы окунучтуу. Бала муну дароо сезет да, бул ал учун маанилуу болуп калат: « Мен ар дайым беш алам, ошол учун апам мени жакшы корот» дешет балдар.

Психолог Ш. А. Амонашвили баалардын социалдык портретине абдан так аныктама берген: Салтанаттуу беш, умуттондургон торт, кош конул уч, конул чогоргон эки жана жок кылуучу бир.

Балага алган баасына карап мамиле жасоо менен_(айрыкча баласы умутту актабай, начар баа алса) ата-эне баланын озун-озу баалоосунун томондошуно жана окууга болгон кызыгуусунун томондоосуно алып келет. Ата-энелер баа гана маанилуу эмес, баласынын оздоштуруусу, билими маанилуу экендигин билиши зарыл. Анан да баланын окуудагы ийгилиги коптогон факторлордон коз каранды. Бул фактордордун негизгиси-ата-энелердин баласынын мумкунчулугуно ишенуусу эмеспи.

  1. Педагогикалык тренинг.

Биринчи конугуу.

Урматтуу ата-энелер! «Баланыздын мектептеги баасы сиз учун эмне?» деген суроого жооп берип коюнуздар.

Доскада ата-энелердин ой-пикирлери комментарийсиз жазылат. Талкуу журот.

Экинчи конугуу

Ата-энелер оздорунун баага байланышкан балалык эскеруулору менен болушот. Азыркы кез менен салыштырышат.

Учунчу конугуу.

4-СЛАЙД

Ф.Рещетниковдун «Дагы эки» картинасын конул буруу менен карап корунуздор. 21-кылымдын негизниде картинадагы окуянын аягын суроттоп бериниздер.

Тортунчу конугуу.

Балдардын бул картинаны суроттоосун угунуздар озунуздордуку менен салыштырыныздар.

«Бала уйго башын жерге салып кирип келди. Анын ити аны абдан жакшы корчу, ал балага карай чуркады, баланын конулун которгусу келди. Бирок, бала итке конул бурбады, ал «Эмне учун, эмне учун дагы эки алдым» деп ойлонуп жаткан

Эжеси, кичинекей иниси жана апасы, эмне болгонун дароо тушунгондугу суротто так чагылдырылган. Апасы улутунуп, башын чайкады да, « Дагы жаман баа алып келген го» деп ойлоого жетишти. Бала башын салып экинин таасиринен чыга албай жатат. Ал кундолугунун жаман баалардан булгангандыгына абдан кайгырат.

Эжеси уй тапшырмасынан алагды болду, ит болсо эркелеп, уруу менен ээсинин коз жашын токтотууга аракет жасап жатат. .

Пальтосун дагы чечпестен бактысыз бала баарынын мандайында озунун кайгысына чомулуп турат.

Абсолюттук тынчтык окум суруудо, апасынын улутунган уну, баланын бышактоосу жана сааттын чыкылдаганы гана угулат.

Тез арада баары ордун келди, бала экиси жонундо унутту, эжеси уй тапшырмасын аткарууну улантты, кышкы кеч дайымкыдай журушун улантты.

Ой алмашуу.

Бешинчи конугуу.

Ата-энелерге топтордо мектептеги баага байланыштуу абалдарды талкуулоого убакыт берилет. Бул болсо уй-булодо ушундай учур кездешип калса, татыктуу чечууго жардам берет.

  • Бала уй тапшырмасын оз алдынча аткарууну каалабайт, сиз иштен келген учурду кутот.Сиз болсо жумуштан чарчап келдиниз, тамак жасап, мал кароо керек. Бул учурда эмне кыласыз?

  • Бала уй тапшырмасын аракеттенип аткарды, бирок, мугалим тапшырмага абдан жаман баа коюп койду.

  • Уй тапшырмасын аткаруу учурунда бала ар нерсеге алаксып, ката жазып, ал турсун толук аткарбай койду.

  • Бала уйго дагы жаман баа алып келди.

  • Бала жаман баа алып келди, бирок, кундолугун жашырып, сиздин конулунузду жайгаруу учун жакшы баа алдым деп алдады. Сиз мындай учурдун коп эле кайталанганын байкап калдыныз.

  • Бала аны мугалим туура эмес баалагандыгы тууралуу арызданды.





  1. Класс жетекчинин жыйынтыктоочу созу.

Урматтуу ата-энелер! Бул чогулушту жыйынтыктап жатып эмнеге токтолгум келет? «Экичилерде» да, «отличниктерде» да ийгиликсиздиктин ооруксунуусун азайтуу керек. Мектептеги баага байланышкан травматикалык абалды женип чыгуусуна комоктошуу керек. Аларды мактоо эн зарыл, бирок, катасын, так эместигин да корсотуу керек



Чогулушту жыйынтыктоо.



Чогулуштун аягында ата-энелер чогулуштун журушу боюнча ой-пикирлерин айтышат. Эмне алар учун жанылык болду, эмнени билишти, бул учун чогулушка муноздомо жазышат.



  • Мен билдим…

  • Мен учун жанылык болду …

  • Мен ынандым…

  • Мени ынандыра алган жок..…

  • Мен караманча каршымын…








Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!