СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Мен таза болсом,сен таза болсоң,коом, да таза болот"

Нажмите, чтобы узнать подробности

Маалымат интернет булактарынан алынды

Просмотр содержимого документа
«"Мен таза болсом,сен таза болсоң,коом, да таза болот"»

«Мен ак болсом,сен ак болсоң, коом да таза болот»

«Мен ак болсом,сен ак болсоң, коом да таза болот»

И.Раззаковдун өмүр баяны.

  • Коомдук жана саясий белгилүү ишмер Исхак Раззаков Баткен областына караштуу Лейлек районунун Коросон айылында жашаган Берк уулу Раззак жана Сайып кызы Жамийланын үй-бүлөсүндө 1910-жылдын күз айларында жарык дүйнөгө келген.
  • Сүйүнүчтөрү койнуна батпаган жубайлар уулуна Исхак деген ысым ыйгарышып, жашоонун белгисиз тагдырын моюндарына илишип эл катар жупуну турмуштарын өткөрүшкөн.
  • Ал кездеги жашоонун оорчулугун, жон териси менен тарткан Раззак бүт мүмкүнчүлүгүн үй-бүлөсү , ымыркайы Исхакка арнаган. Бал тили чыгып, ата-энесинин кубанычы болгон үч жашар кезинде Исхак апасынан айрылган. Энесинин элеси эсинде калбаган Исхакты атасынын эжеси Гүлхан багып калат. 1918-жылдагы түшүмсүздүк, элдин жашоосун оорлотуп ачарчылык каптап эптеген турмуш кыйынчылыгы башталат. Мындай кыйынчылык Коросон айылынын жашоочуларынын башына да түшүп ар үй-бүлө жан багуунун айласын издеп туш тарапка чилдей тарашкан.
  • Жашоосу оорлогон Раззак апасы Сараны, эжеси Гүлхан, анын кызы Жаңылай, уулу Исхакты алып Ташкент областындагы Курама айлында жашаган таякеси Абдулла молдонукун көздөп жөнөгөн. Исхак Раззаков жазган күндөлүгүнө караганда баруучу жер өтө эле алыс эле. Алар Ходжентке жетип, Сырдарьядан өтүп, бөксө тоолорду ашып, Курама айлына жетишмек.
  • Ошентип кыйынчылыкка карабастан Раззактын чакан үй-бүлөсү жолго аттанган. Алар жол азабын тартып тилемчилик кылып эптеп Исфасар айылына жетишет. Жолдогу оорчулуктан атасы Раззак катуу ооруп калат. Ошол аймактагы кичине мечитке жайгашып, атасынын абалы жакшырганча күтүп калышат. Жабышкан оору, ажалга айланып Раззак 8 жашар уулун таштап, жарык дүйнө менен кош айтышат. Гүлхан кызын, апасын алып Хорасанга кайтат, ал эми Исхак Раззаков жолдон кошулган тилемчи менен Ходжентти көздөй беттеген. Тилемчи Гүлханга Исхакты таякеси Абдулла молдого жетирүүгө убадасын берген. Үч күн жол жүрүп, жолдогу жолуккан адамдардын кайрымдуулугунун аркасында Исхак Раззаков жана тилемчи Ходжентке жетишкен.
И.Раззаковдун эскерүүсү. Исхактын эскерүүсү боюнча алардын ал ахбалын начарлыгын сезишкен пахта заводунун жумушчулары байкап, алардын кайдан келе жатканын жана кайда бараарын сурашкан. Турмуштун оорчулугун жаштайынан көрүп ага бышыгып калган тири карак Исхак болгон окуяны толугу менен жумушчуларга такылдап баяндап берет. Жумушчулардын бирөөсү, Исхакты ээрчитип Ходженттеги жетим балдар үйүнө алып келет. Жетим балдар үйүнө кабыл алынгандан баштап Исхактын жашоосунда чоң өзгөрүүнүн башаты башталган. Жетим балдар үйүндө Исхак тың окуп, орус тилин өздөштүрөт. «Менин жашоомдо жаңы бегисиз дүйнө ачылды, мен ири кубанычтын даамын таттым»- деп эскерек Исхак Раззаков.

И.Раззаковдун эскерүүсү.

Исхактын эскерүүсү боюнча алардын ал ахбалын начарлыгын сезишкен пахта заводунун жумушчулары байкап, алардын кайдан келе жатканын жана кайда бараарын сурашкан. Турмуштун оорчулугун жаштайынан көрүп ага бышыгып калган тири карак Исхак болгон окуяны толугу менен жумушчуларга такылдап баяндап берет. Жумушчулардын бирөөсү, Исхакты ээрчитип Ходженттеги жетим балдар үйүнө алып келет. Жетим балдар үйүнө кабыл алынгандан баштап Исхактын жашоосунда чоң өзгөрүүнүн башаты башталган.

Жетим балдар үйүндө Исхак тың окуп, орус тилин өздөштүрөт. «Менин жашоомдо жаңы бегисиз дүйнө ачылды, мен ири кубанычтын даамын таттым»- деп эскерек Исхак Раззаков.

И.раззаковдун иш столу

И.раззаковдун иш столу

Жетим балдар үйүнөн жогору карай.

  • Ал күндөрүн. Жетим балдар үйүндөгү тарбиячылар Исхактын зээндүүлүгүн, билимге болгон зор ынтызарлыгын таасын байкашып аны Ташкенттеги жатак мектепке жөнөтүшүп, анда 1925-жылга чейин билим алган.Исхак
  • Андан кийин жөндөмдүү окуучуну Самарканд шаарындагы агартуу институна окуусун улантууга багыт беришет. Ал жерде тың окуу менен комсомолдук иш-чаралардын активдүү катышуучусуна айланат. Комсомолдук турмуш анын лидердик сапатын калыптандырган. 1927-жылы Ош кантонунун Бөксө-Исфара болуштугунун комсомол комитетинин активдүү уюштуруучусу болгон. Бош убактыларын текке кетирбей көп окуу менен дүйнөлүк классиктер А.Чеховдун, Л. Толстой ж.б. адабий чыгармалары менен таанышып ал тургай аларды которууга киришкен. 1931-жылы Раззаков институтту аяктап, ошол эле окуу жайынын кафедрасында мугалим болуп калган. Көп өтпөй, келечектеги лидердин ак жолу ачылып Москва шаарындагы Кржижанов атындагы Мамлекеттик пландоо институтуна жолдомо алат. 1936-жылы эң мыкты окуган Раззаков «Күйүүчү ресурстарды рационалдуу пайдалануу жөнүндө» деген дипломдук ишин эң жогорку деңгээлде коргоп, чыныгы билимге ээ экендигин далилдеген.
Жубайы:  Рауза Ибрагимова  кызы Элмира  небереси Берк менен 1978-жылы, москва

Жубайы: Рауза Ибрагимова кызы Элмира небереси Берк менен 1978-жылы, москва

И.Раззаков жетектеген кызматтар.

  • Москвадагы окуусун ийгиликтүү аяктагандан кийин ал Өзбекстанга жөнөтүлүп республиканын мамлекеттик пландоо комитетинин бир бөлүмүн жетектейт. Бир нече айдан кийин Фергана областынын мамлекетик пландоо комитетинин төрагасы болуп ишмердүүлүгүн уланткан.
  • Бир жылдан кийин Өзбекстан республикасынын мамлекеттик пландоо комитетинин төрагасынын орун басары андан кийин анын төрагасы болуп республикалык масштабдагы чоң кызматка которулган. Бул мезгилде өзүнүн ишмердүүлүгүн, билимин, жөндөмүн көрсөтүп республиканын экономикалык өсүшүнө ири салымын кошкон.
  • Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Раззаков Өзбек республикасынын эл агартуу комиссары, ошол эле мезгилде Өзбек ССРинин Эл комиссарлар Советинин төрагасынын орун басарлык кызматын да аткарган. 1944-жылы Өзбекстандын БК КП(б) пропаганда жана агитация иштери боюнча секретарь болуп иштеген. Баш аягы Өзбекстандагы 10 жылдык ишмердүүлүгү анын коомдук жана мамлекеттик ишмер катары калптандырып чыныгы лидердик сапатын айкындады.
  • 1945-жылы 4-ноябрда КПСС БКнын Саясий бюросунун чечими менен Совет өкмөтү Исхак Раззаковду- Кыргызстандын Министрлер Советинин төрагалык кызматына жөнөткөн. Ал ошол мезгилде 35 жашта болгону менен мамлекеттик масштабдагы табылгыс ишмер, эл чарбасын өнүктүрүүдөгү чоң тажрыйбага ээ болгон жетекчи, чыныгы элдик уул эле. Согуштан кийинки эл чарбасынын абалы оор эле. Исхак Раззаков болгон күчүн, билимин, таланттын республикабыздын экономикалык өнүгүп-өсүшүнө жумшады. Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин иши Раззаковдун жөндөмдүүлүгү жана иштин көзүн билген уюштуруучулугунун аркасында илгерилеп республикада атаандашсыз лидер экендиги айкындалды.
  • Согуштан кийин, эл чарбасын кайра калыбына келтирүүчү беш жылдык план кабыл алынды. Алдыдагы милдеттерди аткаруу багытында иштөөгө бардык эл жапа тырмак киришти. Ал кезде патриоттук ащ-сезим калк ичинде күчтүү болуучу. Мына ушундай олуттуу иштин башында Исхак Раззаков турган. Раззаков күнү түнү тыным албастан иштеп бардык маселелерди пландаштырып республиканын чар тарабындагы жүргүзүлүп жаткан иштерге өзү барып көз салып турган. Элдин кайратман эмгеги, республиканын жетекчиси Раззаковдун кайратмандыгы өз жемишин берди.
  • Бүлгүнгө учураган эл чарбасы бутуна туруп ал гана турсун эң ири машина куруу тармагы өзүп чыкты. М.В.Фрунзе атындагы айыл чарба машиналарын куруучу ири завод, текстиль, трикотаж, бут кийим фабрикалары ишке берилген.
  • Исхак Раззаковдун жетекчиликтеги ишмердүүлүгү жогору бааланып 1950-жылы Кыргызстан КП БК биринчи секретарлыгына көтөрүлүп, 1961-жылга чейин республиканын партиялык уюмун жетектеп турду.
Министрлер Советинен төрагалыкка жол. 1936-жылдан баштап мамлекеттик жана партиялык кызматтарды аркалаган: 1939—1940 — Өзбек ССРнин Элдик Комиссарлар Кеңешинин алдындагы Мамлекеттик пландын төрагасы. 1940—1944 — Өзбек ССРнин Элдик Комиссарлар Кеңешинин төрагасынын орун басары. 1941—1944 — Өзбек ССРнин Агартуу элдик комиссариаты. 1944—1945 — Өзбек ССРнин большевиктер БК Компартиянын катчысы. 1945—1950 —Кыргыз ССРнин Министрлер Кеңешинин төрагасы. 1950—1961 — Кыргыз ССРнин БК КПнын биринчи катчысы. 1961—1962 —СССРдин Мамлекеттик экономикалык кеңештин мүчөсү. 1962—1965 — СССРдин МК(Министрлер Кеңеши)нин алдындагы Мамлекеттик илимий-экономикалык бөлүмдүн башчысы. 1965—Жетим баладан Министрлер Советинин төрагалык кызматына чейинки жол

Министрлер Советинен төрагалыкка жол.

  • 1936-жылдан баштап мамлекеттик жана партиялык кызматтарды аркалаган:
  • 1939—1940 — Өзбек ССРнин Элдик Комиссарлар Кеңешинин алдындагы Мамлекеттик пландын төрагасы.
  • 1940—1944 — Өзбек ССРнин Элдик Комиссарлар Кеңешинин төрагасынын орун басары.
  • 1941—1944 — Өзбек ССРнин Агартуу элдик комиссариаты.
  • 1944—1945 — Өзбек ССРнин большевиктер БК Компартиянын катчысы.
  • 1945—1950 —Кыргыз ССРнин Министрлер Кеңешинин төрагасы.
  • 1950—1961 — Кыргыз ССРнин БК КПнын биринчи катчысы.
  • 1961—1962 —СССРдин Мамлекеттик экономикалык кеңештин мүчөсү.
  • 1962—1965 — СССРдин МК(Министрлер Кеңеши)нин алдындагы Мамлекеттик илимий-экономикалык бөлүмдүн башчысы.
  • 1965—Жетим баладан Министрлер Советинин төрагалык кызматына чейинки жол
Элмира Раззакова.  «Атам,жок дегенде  Өзбекстандын бир айылында жашасам болмок»-деп калган эле дейт эскерүүлөрүндө.

Элмира Раззакова. «Атам,жок дегенде Өзбекстандын бир айылында жашасам болмок»-деп калган эле дейт эскерүүлөрүндө.

1979-жылы И.Раззаков дүйнөдөн кайтты. 1961-жылы эле ал үй-бүлөсү менен Москвага көчүрүлгөн. Исхак Раззаков 1965-жылга чейин СССРдин экономикалык кеңешинин тамак-аш бөлүмүнүн башчысы, 1965-67-жылдары СССРдин мампланынын бөлүм башсысы болуп иштеп, ден-соолугуна байланыштуу 57 жаш курагында персоналдык маанидеги пенсияга чыккан. Өмүрүнүн акырында Москвада жашаган 18 жыл ичинде Кыргызстанга бир ирет, аз гана убакытка келип, керемет кыргыз жергесинин абасынан жутуп , сагынычын таратып, бирок жүрөгүндөгү кусалыгынан арылалбай кеткен. 1979-жылы кыргыз элинин улуу уулу Исхак Раззаков дүйнөдөн кайтып Москвадагы Кунцев мүрзөсүнө коюлган.

1979-жылы И.Раззаков дүйнөдөн кайтты.

  • 1961-жылы эле ал үй-бүлөсү менен Москвага көчүрүлгөн. Исхак Раззаков 1965-жылга чейин СССРдин экономикалык кеңешинин тамак-аш бөлүмүнүн башчысы, 1965-67-жылдары СССРдин мампланынын бөлүм башсысы болуп иштеп, ден-соолугуна байланыштуу 57 жаш курагында персоналдык маанидеги пенсияга чыккан. Өмүрүнүн акырында Москвада жашаган 18 жыл ичинде Кыргызстанга бир ирет, аз гана убакытка келип, керемет кыргыз жергесинин абасынан жутуп , сагынычын таратып, бирок жүрөгүндөгү кусалыгынан арылалбай кеткен. 1979-жылы кыргыз элинин улуу уулу Исхак Раззаков дүйнөдөн кайтып Москвадагы Кунцев мүрзөсүнө коюлган.
Улуу инсан коюлган Кунцев көрүстөнү.

Улуу инсан коюлган Кунцев көрүстөнү.

Замандаштарынын эскерүүлөрүнөн. Социалисттик эмгектин баатыры Керимбүбү Шопокова минтип эскертет:Керимбубу Бир күнү үйдүн морун тазалап, карала-торала иштеп жатсак, Исхак Раззаков баштаган чоңдор үйгө чейин кирип келсе болобу. Мен майланган, көөлөнгөн капкара колумду катып турсам, Исхак Раззаков: - Колуңузду бериңиз, сиздин иштерман колуңуздан артык кол барбы, – деп кол алышса, өзүнүн колу да көөлөнүп калды, – дейт. Кандай гана жөнөкөйлүк! Мындай адамдардын элеси эл ичинде эч убакта унутулбас. Өзгөчө, бүгүнкү турмушубузда тамшануу менен эскертет экенсиң, ов!

Замандаштарынын эскерүүлөрүнөн.

  • Социалисттик эмгектин баатыры Керимбүбү Шопокова минтип эскертет:Керимбубу
  • Бир күнү үйдүн морун тазалап, карала-торала иштеп жатсак, Исхак Раззаков баштаган чоңдор үйгө чейин кирип келсе болобу. Мен майланган, көөлөнгөн капкара колумду катып турсам, Исхак Раззаков:
  • - Колуңузду бериңиз, сиздин иштерман колуңуздан артык кол барбы, – деп кол алышса, өзүнүн колу да көөлөнүп калды, – дейт.
  • Кандай гана жөнөкөйлүк! Мындай адамдардын элеси эл ичинде эч убакта унутулбас. Өзгөчө, бүгүнкү турмушубузда тамшануу менен эскертет экенсиң, ов!
«Бай жашоого болот,бирок өрнөктүү жашоо кыйын»

«Бай жашоого болот,бирок өрнөктүү жашоо кыйын»

«Мен эмне иштеп, эмне бүтүрдүм?Ким үчүн эмгек кылдым?Эл калыс». Исхак Раззаковдун өмүрү муундан-муунга өрнөк жана сыймык. Анын өлбөс-өчпөс жаркын элесине түбөлүк таазим кылабыз. Исхак Раззаковдун ишмердүүлүгүнөн таалим алып анын ар бир айткан сөздөрүнө маанисинин төркүнүн түшүнө алсак, келечегибиздин жакшырышына өбөлгө болот деп ойлойм.

«Мен эмне иштеп, эмне бүтүрдүм?Ким үчүн эмгек кылдым?Эл калыс».

  • Исхак Раззаковдун өмүрү муундан-муунга өрнөк жана сыймык. Анын өлбөс-өчпөс жаркын элесине түбөлүк таазим кылабыз. Исхак Раззаковдун ишмердүүлүгүнөн таалим алып анын ар бир айткан сөздөрүнө маанисинин төркүнүн түшүнө алсак, келечегибиздин жакшырышына өбөлгө болот деп ойлойм.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!